Таш доорунан калган тарыхый эстеликтерди талкалаган варварлар

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Жаңы жолду тарыхый эстеликтерди жарып өтүп салып жатышат

Сүрөттүн булагы, Aida Abukanova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жолду тарыхый эстеликтерди жарып өтүп салып жатышат

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Тоң районунда археологиялык эстеликтерди талкалап жаткан жол куруучуларга кылмыш ишин козгоо жөнүндө талап менен Ички иштер министрлигине кайрылды. Боз-Бармак жана Кара-Шаар деп аталган байыркы доордон калган баалуу мүрзөлөрдүн талкаланып жатканын археолог Аида Абыканова жазып, мамлекеттик көзөмөл органдарга кабарлаган эле.

Боз-Бармак

Сүрөттүн булагы, Aida Abykanova

Адистин айтымында, жол куруу иштери археологиялык экспертиза жок жүргүзүлүп жатат, бул ишке Маданият министрлигинин тийиштүү уруксаты болушу керек эле.

“Балыкчыдан чыкканда Боз-Бармак деген тоолуу массив бар. Ал жерде байыркы таш дооруна таандык Саламат-Булак жана Боз-Бармак деген эстеликтер бар. Жети могильник бар, Сак доорунан баштап Хун дооруна чейинки. Бир мүрзөнү кесип салышыптыр. Менин картам боюнча төрт-беш курганды талкалаптыр. Алар жок болуптур. Ошондой эле ар кай жерди чукулап, карьер кылып атышыптыр. Карьер кылганда дагы экспертиза керек болчу. Кара-Шаардын маңдайында чоң мүрзө бар. Сак дооруна таандык, республикалык тизмеде турат. Ошол жерде жаңы карьер баштап атышыптыр. Айыл өкмөтүнө кирип сурасам, карьерди бизден сураган жок дешти”.

Транспорт министрлиги өз кезегинде Тоң районунда жол куруу убагында археологиялык эстеликтер бузулуп жатканы жөнүндө маалыматты четке какты. Министрликтин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов жол куруу жана долборлоо иштеринде археологиялык экспертиза маселеси сөзсүз түрдө эске алынат деди:

“Экологиялык, археологиялык экспертизалардын баарын өтүшөт. Долборлоо убагында баары каралат, баары көзөмөлгө алынат деди. Азыр мүрзөлөргө эч кандай тийбептир. Аларды айлантып салабыз деп жатышат”.

Боз-Бармак

Сүрөттүн булагы, Aida Abykanova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белгиленген жерде археологиялык эстелик бар, ага варварлардын колу жете элек

Жол куруп жаткан ишканалардын башчыларынан баштап мамлекеттик жол курулуш тармагын караган жетекчилерге чейин археологиялык эстеликтер эмне экенин жакшы түшүнбөйт окшойт. Алардын бири археолог менен сүйлөшкөндө элүү жылдан кийин мүрзөнү талкалап жол салса болот деп жооп берген экен. Демек, ал тарыхый маданий мааниси бар археологиялык эстеликтер менен кадимки мүрзөнүн айрмасын билбейт, ошол себептүү кабагым-кашым дебей аларды талкалаганга буйрук берип жаткандай.

Эми жол куруучулар археологиялык эстеликтерди талкалап жибердиби же жокпу, аны Маданият министрлигинин эксперттик комиссиясы барып текшерсе туура болмок. Болбосо, ИИМ алдын ала иликтөө иштерин жүргүзүп, эгер чын эле варварчылык болсо, анда кылмыш ишин козгошу керек. Бирок укук коргоо органдары кандай чара көрүп жатканы азыр белгилүү эмес.

Археолог Аида алардын күнөөнү катардагы жумушчуларга шылтап, жеңил-желпи жаза менен куткарып же ишти жаап койгон адаты бар экенин айтууда. Мисалы, Кара-Суу районунда жол салуу учурунда петроглифтерди жок кылып жиберишкен, бирок ал үчүн жетекчилерден эч ким жоопко тартылган жок, жолдо иштеп жаткан трактористке штраф салып кутулуп кетишкен.

Кара-Шаар көрүстөнүнүн картасы

Сүрөттүн булагы, Aida Abykanova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Шаар көрүстөнүнүн картасы