Ысык-Көлдө пляжга эмес, ээнбаштыкка тосмо керек
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Уланбек Далиев
Президенттин жарлыгынан кийин Ысык-Көлдөгү пляждарды курчаган тосмолордун алынышы коомчулукта эки ача пикир жаратты. Айрымдар көл жалпы элдин менчиги экенин айтып, бул көрүнүштү кубатташса, эс алуучулардын коопсуздугун ойлонгондор бул жагдай туризм тармагына сокку болот деп жатышат.
Тургундардын каалаган пляжга ээн-эркин кирүүсүнө жол ачкан жарлыкка президент былтыр эле кол койгон. Бирок андагы документте эшиги жок тосмолор алынсын деп белгиленген. Быйыл жарлыкка өзгөртүү киргизилип, тосмолордун бардык түрүн алуу тапшырмасы коюлду.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Уланбек Далиев облус боюнча жээктердеги тосмолор 80 пайыз алынып бүткөнүн Би-Би-Сиге билдирди:
“Учурда балдар эс ала турган лагерлердин тосмолору гана калды. Балдардын коопсуздугу үчүн бул маселе каралып жатат. Эгер калтыргыла десе албайбыз. Башкаларын менчигинин түрүнө карабастан алып жатабыз. Көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл алып жатышат, бирок арасында каршы пикир айткандар жок эмес. Мамлекет башчынын жарлыгы аткарылышы керек”.

Сүрөттүн булагы, Уланбек Далиев
"Жапайы мамиле"
Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган бирден бир артыкчылык – бул Ысык-Көлдүн таза суусу. Бирок эл көп барган айырым пансионаттарда тазалык маселеси жолго коюлбай, эс алуучуларды иренжиткен көрүнүштөр болуп келген. Эми бардык пляждардын тосмосу алынгандан кийин ого бетер жаман болот дегендер да бар:
"Бул эми жеке менчикке карата жапайы мамиле да. Мен бир жолу пляжы ачык пансионатта эс алгам. Бирок ал пляж эмес эле, таза жери жок башаламан жай болчу. Көл болсо даараткана жыттанат. Негизи ачык пансионаттардын жок эле дегенде дааратканасы дагы жок. Ысык-Көлдү жугунду төкчү жайга айландыруунун эмне кереги бар? Андан көрө бийлик ачык жердеги пляждарга шарт түзбөйбү, ага ким тоскоол болуп жатыптыр? Жеке менчикти сыйламайын бир дагы мамлекет өнүгө албайт. Калгандары жөн эле популизим?”, - деди журналист Бермет Букашева.

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө мыйзамда көл суусу бүткөн жерден баштап, 100 метрге чейинки пляж аймактары жалпы пайдалануудагы жай экени так жазылган.
Бирок пансионат ээлери мыйзамды сактабай баарын тосуп алды деп мурунтан эле жергиликтүү эл нааразылык билдирип келишкен. Президенттин жарлыгынын кабыл алынышы дагы ушуга барып такалат.
“Биздин Чоң-Сары-Ой айылында отуздан ашык пансионат бар. Жакшы пляждарды, ташы жок тайыз жерлердин баарын жеке пансионаттар сатып алышкан. Эмне үчүн жакшы жерлерге алар гана ээлик кылышы керек?Алар пляж жлпы колдонулсун деген норманы бузуп, андан пайда көрүп жатышпайбы. Бул мыйзамга да каршы келет. Бизнеске терс таасирин тийгизет деген пикирди ошолор айтып жатышы мүмкүн. Тосмолорду алган туура эле болду, таштанды сыяктуу айрым маселелерди жергиликтүү бийлик менен чечсе болот. Балким, жээкте жата турган орндуктарды же зонтторду эс алуучуларга ижарага берип, акча табышса болот”, - дейт жергиликтүү тургун Нургүл Эсенаманова.
"Так максат болбосо ушундай болот"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстан туризмдин өлкөсү делип, ал кирешелүү тармак экени айтылганы менен чечилбеген көйгөйлөр дагы эле көп дешет адистер.
Учурда пансионат ээлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы карама-каршы пикир ушунун башаты дейт туризм боюнча эксперттер:
“Ысык-Көлдү пайдалануунун так максаты жок. Туризм багыты боюнча башында эч нерсе пландалган эмес,- дейт Күлчоро Кадыралиев. - Так функциясы жок, ар тараптуу болгондуктан ушундай көрүнүштөр келип чыгууда. Эгер башынан туризмге гана багытталсын дегенде тосмолорду алуу туура эмес болмок. Экинчиден эл менен мунун баары сүйлөшүлгөн эмес. Башында түшүндүрүү керек болчу, инвестиция тартылып жатат, түшкөн кирешенин үлүшү жергиликтүү казынага түшүп, инфраструктураны жакшыртууга жумшалат деп айтуу керек эле. Бул туризмге терс таасирин тийгизет. Анткени туризмдин өнүгүшүндөгү эң башкы фактор бул коопсуздук менен туруктуулук. Ошондуктан мындан ары бизге коопсуз туризмди каалаган адамдар аз келиши мүмкүн”.

Сүрөттүн булагы, social media
"Кооптонууга негиз жок"
Би-Би-Си Кыргыз кызматы Ысык-Көл районунда жайгашкан бир-нече пансионаттарга байланышып, учурдагы жагдай боюнча пикирин сурап кайрылды. Ишкерлер ачык жооп берүүгө макул болбогону менен болуп жаткан окуялар туризмге тоскоолдук алып келерин жашырышкан жок.
Ал эми Туризм департаменти кооптонууга негиз жок экенин айтууда. Мекеме пляждардын ачык болушу дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келе жаткан көрүнүш деген пикирде.
“Тосмолор алынды, пляждарга киргенге болот деп койсо эле баары, 7 млн. эл барбайт да. Жергиликтүүлөр тууралуу сөз болуп жатат. Анан жергиликтүү эл кыргыз элине келген мейманга жогорку маданияттуулугун көрсөтүшү керек. Биз эми илгертен мейманды кандай тосконбуз, ошондой деңгээлде өзүбүздү-өзүбүз алып жүрүүбүз керек да. Бул эң башкы милдет. Ошондуктан ойлойм, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турса эч кандай кооптоону боюнча маселелелер жаралбайт”, - деди Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан үчүн эң потенциалдуу туристтер — Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары экени айтылып келет. Өткөн жылы өлкөгө 6 миллион чет элдик турист келгенин Туризм департаменти расмий кабарлаган. Бул тармактан өлкө казынасына 951 млн. сом киреше түшкөн.
Өкмөт 2022-жылы "Туризмди өнүктүрүү фондун" түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп бекиткен. Туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет делген бул фонддун жетекчиси жакында эле коррупцияга шектелип кармалды.












