You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстандагы билим берүү: Байсаловдун сыны жана мугалимдердин реакциясы
Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Номад ТВ" телеканалына берген маегинде Кыргызстан мектептериндеги билимдин сапаты, мугалимдердин кесиптик даярдыгы боюнча бир катар кескин сын-пикирлерди айтты. Анын билдирүүсү коомчулукта, өзгөчө агартуучулар арасында кеңири талкуу жаратты. Айрым мугалимдер жогорку кызматтагы аткаминердин мындай мазмундагы эмоционалдуу баамы алардын кадыр-баркына доо кетиргенин белгилеп, андан кечирим суроону талап кылышууда. Ошол эле мезгилде, агартуу тармагында чындап эле чечилбей келген көйгөйлөр арбын экенин айтып, сындын айрым өңүттөрү орчундуу экенин моюндагандар да жок эмес.
"Кечээ мен министр Кендирбаева менен сүйлөштүм. Талап койдум. Баалоо жүргүзөсүзбү? Кандай баалоо жүргүзөсүз? Кантип жүргүзөсүз? Эң алсыз звено кандай болот? деген маселени койдум. 15-20 пайыз мугалимди аныктагыла. Аларды жумуштан кетиргиле. Ооба, мугалимдер жетишсиз. Бирок биз адамдарды көчөдөн деле тандап алабыз. Мисалы, ошол эле мурдагы журналисттерди. Абдан жакшы айлык акы сунуштайбыз. Мугалимдер 50-60 миң сомго жумушка келишет",- деди Байсалов.
Ошондой эле Байсалов мектептердин материалдык абалы тууралуу да сөз кылып, билим берүү тармагындагы аракеттер көп жылдар бою көбүнчө мектеп салуу менен гана чектелип келгенин белгиледи.
"Билесизби, мен жумушумдун алгачкы айында мектептерди кыдырдым. Директорлор "чатырыбыздан суу агып жатат, бул жерге кошумча имарат болсо... деген сөздөрдү айтты. Мага баары бир дедим. Мага демектен сарайда окугула. Сиз мугалимсиз, ал окуучу. Мени силердин ортоңордо эмне болуп жатканы кызыктырат. Силердин имаратыңар, кирпичтериңер же башка нерселериңер кызыктырбайт дедим",- деди ал.
Сынга - сын
Социалдык тармактарда талкуу күчөп, анын маеги көпчүлүк мугалимдерди наарызы кылды. Айрым педагогдор кесиптик көйгөйлөр бар экенин моюнга алышканы менен, жогорку кызматтагы жетекчи реалдуу шарттарды эске албай, агартуучулардын кадыр-баркын ашере тебелеп-тепсеп жатат дешүүдө.
№61 мектептин мугалими Мира Орозалиеванын айтымында, негизги көйгөй мугалимдер эмес, системада.
"Эмне, талаада, көчөдө жүрүптүрбү журналисттер мугалим болуп иштеп келели деп. Мугалимдердин жетишсиздигинен, айласыздан практиканттар иштеп жатат мектептерде. Мугалимдерге шек келтирип сүйлөгөнү, билими төмөн адамдын айтканы деп эсептейм. Мугалимдерди тебелеп-тепсеп, кетириш керек дейт. Ансыз деле мугалим жок жүрөбүз. Пенсионерлер иштеп жатабыз керек болсо. Мектептерге барып көрбөйбү окуу кандай жүрүп жатыптыр. Журналисттер эмне химияны, биологияны бере алабы, жолдош Эдил Байсалов? Сизге ушул суроону бергим келет",- деди ал.
Бишкектеги А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектебинин мугалими Бүбүзакия Женалиева да кесиптештеринин нааразычылыгын бөлүштү. Анын айтымында, мугалимдер азыр билим берүү системасында STEM багытындагы жаңы стандарттар, мектептердин 12 жылдык программага өтүшү сыяктуу эң оор, өткөөл мезгилди баштан кечирип жатат.
Ошондой эле класстардагы окуучулардын көптүгү да окутуунун сапатына түздөн-түз таасир этүүдө.
"Эдил Байсалов мырзанын жалпы айткан сөздөрүн мугалимдер уккандан кийин аябай кызуу талкуу болду. Бул эмне дегендик? Мугалимдерге мотивация берүүнүн ордуна таптакыр алардын компетенттүүлүгү жок дегени мени эле эмес, башка мугалимдерди дагы аябай капа кылды. Эдил Байсалов адамдык факторду эске албай айтып жатат. Мектептин ички ашканасын билбей туруп, жалпылап, сыртынан айтып жатканы биз үчүн өкүнүчтүү. Азыркы учурда мектепке жаш мугалимдер келип, айлыктын аздыгын, балдардын көптүгүн, талаптын жогору экенин көрүп туруп бир ай, керек болсо жарым ай иштеп кетип калып жатат. Ошондуктан бул айтылгандарды биз, мугалимдер жакшы кабыл алган жокпуз",- деди ал.
Ал ортодо Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан Адил Какенов аттуу жаш педагог Байсаловдун сөздөрүнө видео аркылуу жооп берип, анын мугалимдерден кечирим суроосун талап кылды. Ал вице-премьерге чакырык таштап, анын өз сунушун практикада көрсөтүүгө үндөдү:
"Менин артымдагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети. Дал ушул корпус – мугалимдерди даярдаган корпус. Ушул жерде мен кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча төрт жыл убактымды коротуп окугам. Сиз эрте билдирүү жасаганыңызда анда мен бул жакта окубайт болчумун. Эки жума көчөдө жүрүп, бир курска кирмекмин да мугалимдикти окуп, окуучуларга сабак бере бермекмин. Же сизге мындай сунуш. Ысык-Көлдгө келиңиз. Кайсыл тармакка кызыгасыз? Англис тили, физика же орус тилиби? Ошол тармак боюнча мугалимдер эки жума окуталы. Андан кийин алыскы аймактарга барып тогуз ай иштеңиз. Андан соң сиз берген сабактан окуучулар кандай жыйынтыкка жетти көрөлү. Эгер жакшы жыйынтыкка жетсе, ушул системаны киргизели. А бирок сиз андай кыла албайсыз. Ошондуктан Кыргызстандын мугалимдеринен кечирим сурашыңызды жалпы агартуучулар талап кылабыз",- деди ал.
Жаш мугалимдин кайрылуусунан кийин Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу позициясын түшүндүрүп, анын айткандары туура эмес чечмеленип жатканын кошумчалады.
"Мен мугалимдердин беделине шек келтиргенден таптакыр алысмын. Туура түшүнүп, жакшы уккан кишиге - бул менин мугалимдерди коргогон билдирүүм. Бул - улуттун келечеги. Мугалим болуп айлык алып жүргөндөрдүн баарын тең эле мугалим деп айтууга болбойт. Сиз мектепте иштесеңиз аны жакшы билесиз. Андай көйгөй бар. Чала сабат мугалимдер бар. Өздөрү математиканы түшүнбөгөн математиктер бар. Физика, химия, биология, англис тили боюнча беш-алты сөз билип сабак берип жаткандар жок эмес",- деди Байсалов.
Кыргызстан билим берүү тармагындагы жолун алигече таба элек
Адистердин баамында, Кыргызстандын билим берүү тармагы терең реформага муктаж, анын ичинде мугалимдердин даярдыгы менен деңгээлин жогорулатуу боюнча көйгөйлөр да аз эмес.
Педагог-эксперт Мырза Каримовдун айтымында, учурдагы талаштын өзөгү мугалимдердин реакциясы же вице-премьердин катуу, эмоция менен айтылган сынында эмес.
Кыргызстан билим берүү саясатынын багытын али так аныктай элек жана бул багытта таяна турган илимий изилдөөлөрдүн жоктугунда.
"Билим берүү тармагы бүгүн бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө кризиске кабылып жатат. Биз таптакыр башка заманда жашап калдык, бирок Кыргызстан билим берүү тармагындагы жолун алигече таба элек. Биздин жетекчилер, саясатчылар, чечим чыгаруудан мурун илим изилдөөгө, анализге таянып. анан чечим кабыл алышы керек. Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер илимий анализге таянып кабыл алынбайт. Андай терең изилдөөлөр жок",- деди эксперт.
Санарип дооруна өтүү шартында билим берүү инфраструктурасы заман талабына шайкеш болмоюнча, сапатты жогорулатуу боюнча сөздөр куру убада боюнча каларын кошумчалады.
"Жасалма интеллект деп жатабыз. Керектүү техника болбосо, аны менен мугалим камсыздалбаса, анда билим берүүнү жакшыртам деген туура эмес. Алардын материалдык-техникалык базасына көңүл буруу керек. Мектепте интернет, акылдуу такталар болбосо, мугалимдин методикасын өстүрбөсөк, анда бул тармакты жакшырта албайбыз. Биздин эң чоң кемчилик, болочок мугалимдерди даярдоо. Мурун жападан жалгыз педагогикалык институт бар эле, учурда анын да статусун өзгөртүп, ар түрдүү факультеттерди ачып салышты. Борбор Азияда жападан жалгыз Ош педагогикалык университети калды. Бирок педагогика илимдерин изилдеп, анализ кылган окуу жай жок"- деди Каримов.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда, өлкөдө 2400гө жакын мектеп болсо, аларда 93 миңден ашуун мугалим эмгектенет. 87 миңден ашуун агартуучу мамлекеттик мектептерде иштейт.
Жыл башынан бери билим берүү кызматкерлеринин орточо айлыгы 25 миң 764 сомду түзгөн. Министрлер кабинети 2026-жылы мугалимдердин маянасын эки баскыч менен жогорулатуу планы бар экенин билдирүүдө.
Соңку ирет мугалимдердин айлык акысы 2022-жылдын январында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50%дан 80%га чейин көтөрүлгөн.