Трамп Газадагы ок атышууну токтотууда чечкиндүү роль ойноду, бирок...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жереми Боуен
- Role, Эл аралык редактор
Доналд Трамптын Израил менен Египетке болгон ыкчам иш сапары өзү каалаган жеңиш айлампасын камсыз кылды.
Трамптын Иерусалимде жана Шарм эл-Шейхте сүйлөгөн сөзүнө назар салып отургандар анын өз бийлигинен машырканып жатканын байкап турушту. Аны Израилдин парламентинде кол чаап коштошсо, Египетте болсо көптөгөн өлкө башчылары келгени ага жага берди.
Залда отурган тажрыйбалуу дипломаттардын бири айткандай, ал жердеги дүйнөлүк лидерлерди Трамп өзүнүн тасма тартуу аянтчасындагы массовкадай эле көрүп турган.
Шармдагы өз сөзүндө Трамп негизинен тарыхый бурулуш жаратканын айтып жеткиргиси келди.
"Өмүр бою мен келишимдерди түзүп эле келатам. Эң мыкты келишимдер өзүнөн-өзү болуп калат... Бул жерде да ошондой болду. Балким, бул эң пайдалуу келишим болуп калышы ыктымал", — деди ал.
Байкоочулар да анын сөзүнөн иш аягына чыгып калды деген ойдо калышы мүмкүн. Бирок иш бүтө элек.
Трамп ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу келишимин өзүнө энчилеп алса болот. Эч кандай шек жок. Катар, Түркия жана Египет өз рычагдарын колдонуп, Хамасты көндүрдү.
Бул биргелешкен аракет болгону менен Трамп чечүүчү ролду ойноду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняхудан келишимдин шарттарын кабыл алууну талап кылбаса бул келишимге кол коюлмак эмес. Буга чейин аталган шарттарды Нетаняху четке кагып келген эле.
Бул келишим эмнени камптып, эмнени камтыбасын түшүнүүгө өбөлгө түзөт.
Келишим ок атышууну токтотуу жана туткундарды камактагылар менен алмашуу үчүн түзүлгөн. Ал тынчтык келишими эмес же ал тургай тынчтык процессинин башталышы дагы эмес.
Трамптын 20-пункттан турган планынын кийинки баскычына ылайык, Газадагы кырдаал боюнча макулдашуу түзүү талап кылынат. Анда Газа демилитаризацияланып (куралсыздандырылып), коопсуздукту сактоо жана палестиналыктарды да өз ичине камтыган комитет аркылуу башкаруу каралган.
Аталган комитет Трамп төрагалык кылган Тынчтык Кеңешине баш иет. Аны ишке ашыруу үчүн бир топ иштер майда деталдарына чейин иштелип чыгышы кажет.
Газа келишими Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуунун жол картасы эмес. Тынчтык бүгүнкү күнгө чейинки эң башкы жана кол жеткис максат бойдон калууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нетаняху Трампты Израилдин Ак үйдөгү "эң мыкты досу" деп атады
Мындай карай келгенде, чынында эле тынчтык келишимин түзүүгө керектелген саясий эрктин эч кандай далилдери жок. Көпчүлүк согуштар чарчаган тараптардын кандайдыр бир макулдашуу түзүүсү менен аяктайт. Газадагы согуш да алардын бирине айланды. Эгерде Трамп айткандай болсо, анда согуш чын эле бүттү.
Согушту токтотуунун башка жолу — жеңишти толугу менен колго алып, андан аркы жолду жеңген тараптын аныктоосу. 1945-жылдагы фашисттик Германиянын кыңк этпей багынып берүүсү буга эң мыкты мисал боло алат.
9-сентябрга чейин, Нетаняху Катарга каршы ракеталык сокку уруу буйругун берген кезде, ал Израилдин душманын бардык тарабынан курчап жок кылууну көздөп турган болчу. Ал Газанын келечегин Израил жөнгө саларын көздөгөн.
Аталган ракеталык сокку Трампты ачууланткан.
Катар АКШнын аймактагы башкы өнөктөштөрүнүн бири жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын эң ири аскердик базасы жайгашкан өлкө. Ошондой эле ал жерде анын уулдары кирешелүү бизнес менен алектенип келишкен. Нетаняху Катарды эмес, Хамастын жетекчилигин бутага алгысы келгенин айтып актанганын Трамп этибарга алган эмес.
Трамп үчүн АКШнын кызыкчылыгы Израилдикине караганда башкы орунда турат. Ал Жо Байден сыяктуу эмес. Байден Израилди колдоонун негизги шарты катары Американын аймактагы аброюна зыян тийип жатканын кабыл алууга даяр болчу.
Трамп Вашингтонго кайтып келди. Дипломаттардын айтымында, америкалыктар бардык деталдарды бир иретке келтирип алуу маанилүү экенин түшүнүп турушат, бирок ал тез эле ишке ашып кетпейт. Маселе, балким, аларда жетиштүү убакыттын жоктугундадыр.
Ок атышууну токтотуу келишими ар дайым баштапкы баскычтарда бузулуп кетет. Келишим сакталган учурлар көбүнчө касташкан тараптардын катаал макулдашууларына негизделет. Мындай учурда алардын келишимди кармануудан башка эң жакшы варианты болбойт.
Бул жерде коркунуч Газа келишиминде андай негиздемелер жоктугунда. Туткундар, камактагылар жана кармалгандар үйлөрүнө кайткандан кийин 24 саат өтүп-өтпөй израилдиктер менен палестиналыктар, ар кандай себептер менен, кубанычын бөлүшүп, жеңилдеп калса да, ок атышууну токтотуу режиминде жаракалар пайда болууда.
Бүгүнкү күнгө чейин Хамас түрмөдө кармаган учурда өлтүрүлгөн 28 туткундун жетисинин гана сөөгүн өткөрүп берген. Муну Израилдин Газадагы жардыруусунан пайда болгон урандылардын арасында алардын мүрзөсүн табуу кыйын болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.
Израилдин сабыры түгөнүп баратат.
Туткундардын сөөгүнүн калдыктарын кайтарып беришпесе, алардын тагдыры Израилде барган сайын олуттуу маселеге айланышы ыктымал.
Биринчи жооп катары Израил билдиргендей, Хамас өз милдеттенмелерин аткарбаса, анда ал Газага жеткирилген гуманитардык жардамды эки эсе кыскартат жана Газа менен Египеттин ортосундагы Рафах өткөрмө бекетин кайра ачпайт.
Израилдин каржы министри Бецалел Смотрич коомдук желеде "туткундарды аскердик басым гана кайтарып келет" деп жазды. Ал экстремист-ультраулутчул катары таанымал жана Газа келишимине каршы болуп келген.
Израилдин Аскердик коргоо күчтөрү (АКК) азырга чейин Газа тилкесинин 53% ээлеп турушат. Шейшембиде алардын аскерлери палестиналыктарды өлтүрүшкөн. Алардын айтымында, палестиналыктар Израилдин аскердик күчтөрүнө жакындап келаткан болчу. Газадагы Палестинанын жарандык коргонуу күчтөрүнөн Би-Би-Сиге билдиришкендей, эки окуяда жети киши өлтүрүлгөн.
АКК ок атышууну токтотуу келишимине чейинки эрежелер менен иш алып барып жаткан болушу ыктымал. Алар өз аскерлерине турган жерлеринен элестүү эки сызыкка көз салууга буйрук берүүдө. Эгерде палестиналыктар биринчи элестүү сызыктан өтүп кетишсе, анда эскертүүчү ок атылат. Эгерде экинчи элестүү сызыкты басып өтсө, анда АКК атып өлтүрүшөт.
Бул системадагы эң чоң көйгөй — палестиналыктар сызыктардын кайда жайгашканын билишпегени. Бул аскердик курал менен элди көзөмөлдөө.
Ал эми Хамас болсо өз бийлигин кайра бекемдеп жатат.
Анын куралданган жана беткапчан жоокерлери көчөлөрдө пайда боло баштады. Хамас атаандашкан куралчан топторго кол салган. Алардын айрымдары АККнын коргоосунда болчу. Тарап кеткен видеодон Хамас көзү таңылган жана тизелеп отурган эркек кишилерди израилдиктер менен кызматташууга айыптап өлтүрүп жатканы көрүүгө болот.
Көчөдөгү өлүм жазаларын чагылдырган үрөй учуруучу видеолор аларга каршы чыгууну каалаган башка палестиналыктарга сабак болуусун көздөйт. Ал эми сырткы дүйнөгө алар Хамас Израилдин кысымына туруштук бере аларын жеткиргиси келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Газа шаары бозала урандыга айланды
Трамптын Газа боюнча планынын 15-пунктунда АКШ "убактылуу Эл аралык турукташтыруу күчүн түзүп, тез арада Газада ишке киргизүү боюнча араб жана эл аралык өнөктөштөр менен иштээри" айтылат. Эгерде ок атышууну токтотуу келишими бекем сакталбаса, аталган күчтү мобилизациялап ишке киргизүүгө мүмкүн болбойт. Көмөк көрсөтө турган өлкөлөр Хамасты куралсыздандыруу үчүн өз аскердик күчтөрүн жөнөтүшпөйт.
Хамас оор аскердик куралдардын айрымдарынан баш тарта аларын, бирок толугу менен курал таштоого ниети жок экенинин четин чыгарган. Алар Израилге каршы туруучу ислам идеологиясын карманышат жана эгерде куралы жок болсо, палестиналык душмандары өч алганы келерин билишет. Нетаняху эгерде башка эч ким муну кылбаса, анда Израил баштаган ишин аягына чыгарат деп опузалаган. Хамастын куралдары "оңой жол менен болобу же кыйын жол менен болобу" жоголушу керек деп билдирген ал.
Трамп өзүнүн Газа келишими ушул турушта арабдар менен еврейлердин ортосундагы Иордан дарыясы менен Жер ортолук деңизинин ортосундагы жер боюнча бир нече муунга созулган жаңжалга чекит коет деп жар салган. Ошондой эле, аталган келишим Жакынкы Чыгыштагы жалпы тынчтыкка да жол ачат деп билдирген.
Эгер ал тынчтыкты орнотуу иши аткарылды деп ишенсе, анда ал өзүн-өзү алдап жаткан болот. Жөн гана аракет кылып көрүү үчүн бул маселеге туруктуу көңүл буруу, оор дипломатиялык иш жана бул күрөштө оор курмандыктар менен мунасалардын убакты-сааты келип жеткени боюнча тараптардын чечими керектелет. Тынчтыкты орнотуу үчүн башка кыялдарды бир чекеге коюп туруу зарыл.
АКШнын мурдагы президенттери дагы Жакынкы Чыгышта тынчтык орното аларына ишенип келишкен. Президент канчалык күчтүү болбосун, айтып койосо эле тынчтык орноп кала тургандай эмес экенин Трамп түшүнүп жетет.









