"Свет өчүп жатат". Президентке суроо узаткан аксакалдын үйүнө энергетиктер барды

- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Author, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Кыргызстандын президентине энергетикадагы абал жөнүндө тайманбай суроо узаткан карыя ким экени сиз үчүн кызыктуубу? Би-Би-Си Базаркул Маматкуловдун дарегин таап, күтүүсүз конокко барды.
Бишкектин четиндеги Достук айылынын кууш көчөлөрүнүн бири. Дарбазаны каккылаганда алгач боз дөбөт үрүп, андан соң сыртка Базаркул Маматкулов чыкты.
Үтүк маселесин козгогону бекеринен эмес окшойт. Жетимиш жети жаштагы аксакал кудум кечээ президентке жолуккандай эле үйүндө да чыкыйып, галстугун тагынып жүрөт экен. Электр кубатына кирген чектөө аны жүдөтүп жаткандай.
"Электр чайнегин иштетип, анан үтүктү сайсам өчүп калып жатат. Улам сыртка чыгып, электр эсептегичтин кнопкасын басып, күйгүзүп жатам. Көйнөк бырыш. Мурда беш мүнөттө эле үтүктөп алчумун, азыр жарым саат убакытты алып жатат", – деди Базаркул Маматкулов.
Аксакалдын байбичесинин көзү өтүп кеткен экен. Ал үйүндө жалгыз турат. Электр кубатына чектөө кирип жатканын эске алып, эки тонна көмүр алып койгон. Ал көмүрдүн табына жылынып жаткан маалда Би-Би-Си аксакалдан президент менен жолугууга кандай шартта өткөнүн сурады.
"Мен ушул конушта жаштарга кеп-кеңешимди айтып жүргөн активист аксакалдардын биримин. Расмий жыйындарга катышып жүрөм. Алгач президент менен жолугушуу аянтта болот дешкен. Бирок өзүбүз жакта эле болду. Автобус менен алып барышты. Текшерип киргизишти. Албетте, бул туура. Коопсуздук маселеси эске алынышы керек. Кыйкырайын деген деле оюм жок болчу, президенттен алыс туруп калыптырмын. Укпай калбасын деп үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөгөнгө туура келди. Маселени айттым. Өлкө башчынын жообун уктум. Ынанымдуу эле жооп берди. Түшүнүп, туура кабыл алдык. Бир аз күтө тургула деп жатпайбы. Түшүнөбүз. Аракет көрүп жатышат. Көйгөйлөрүбүздү айтып, андан соң батабызды бердик", – деди Базаркул Маматкулов.
"Приборлорду кезек менен сайыңыз"
Би-Би-Си Базаркул ата менен коштошуп кетип баратканда анын үйүнө энергетиктер да "конокко" келишти. Алар министрликтен атайын тапшырма түшкөнүн, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн келишкенин билдиришти.
"Чектөө эртең менен анан кечкисин гана кирген. Ошол маалда аристонуңузду, үтүгүңүздү өчүрүп, чайнекти иштетсеңиз, свет өчпөйт. Кезек менен колдонуш керек. Биздики деле өчүп жатат", – деди өзүн аймактын энергетиги катары тааныштырган Максат аттуу жигит.
"Свети жок, илгерки 19-кылымда отурмаксыз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда Бишкектин түндүк-батышындагы "Алтай" шаарчасынын курулушун баштоо аземине катышып, эл менен жолукту. Ал жолугушууга Достук айылынын тургуну Базаркул Маматкулов да барып, президентке электр кубатына кирген чектөө көйгөй жаратып жатканын айткан:
"Шымымды үтүктөйүн десем эле, свет өчүп калат. Бул эмне? Акылдуу эсептегичти орнотуп коюп, балекет болду. Садыр Нургожоевич, свет өчүп жатат".
Президент аксакалдын суроосуна кеңири жооп кайтарган.
"Эгер беш жылда ушул иштердин баарын жасабаганда, сиз азыр свети жок, илгерки 19-кылымда отурмаксыз. Анткени 50-60-жылдары курулган Токтогул ГЭСинен баштап, Күрпсай жана башкалар ремонт болгон эмес. Элүү жыл 24 саат бою иштеп турган. Мен келгенде "катастрофалык" абал болгон. Төрт жылдын ичинде баарын жаңыладык. Жаңы 28 ГЭСти ишке киргиздик. 2020-жылдагыдай унчукпай отура берсем, эч нерсе курбасам, завод-фабрика, мектеп салбасам, свет жетмек. Мурда 14 млрд кВт-саат электр энергиясы талап кылынып келсе, азыр 20 млрд кВт-саатка жетти. Алты млрд. кВт-саат кошулду. Биз тартыштыкты кууп жетпей жатабыз. 2028-жылдары биз кризистен чыгабыз, – деп жооп берген Садыр Жапаров.
Аксакалдын суроосу, президенттин жообу талкуу алынууда. Мамлекет башчысы эл менен ушундай жандуу баарлашууну көбүрөөк өткөрүп турушу керек деген пикирлер айтылууда.
Адатта президент коомдо болуп жаткан маселелер боюнча пикирин "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттиги аркылуу же өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу гана билдирет. Ошондой эле жыл сайын бир жолу курултайда элдин суроолоруна жооп берет. Өлкөдөгү ЖМКларга жылды жыйынтыктоочу салттуу маалымат жыйындарын өткөрбөйт.
Кыргызстанда 1-ноябрдан бери электр кубатына чектөө кирген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин 6-ноябрда энергияны үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да жайылтылган.
Андан соң, 13-ноябрда Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коомдук тамактануу жайлары да кечки саат ондон кийин ишин токтотуп, электр кубатын үнөмдөшү керектигин айткан.
Буга улай жер-жерлерде коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларында рейд жүрүп, Ош шаарында кечки ондон кийин иштеп жаткан кафе-ресторандардын электр энергиясы бир айга өчүрүлгөн.
Бул элдин нааразылыгын жараткан соң президент тынч иштеп жаткан коомдук тамактануу жайларынын ишине тоскоолдук жаратпоону эскерткен.
Электр кубатына киргизилген чектөөнүн фонунда бийлик өлкөдөгү майнинг фермалар да ишин токтотконун жарыялаган.
Бул тармактагы кризис азыркы бийлик менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышуусун жараткан. Энергетика системасындагы алешемдиктер үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатышат.








