Ондогон жылдар бою куугунтуктан кутулбаган кытай диссиденти

Гордон Корера, Би-Би-Синин коопсуздук маселелер боюнча кабарчысы

Тяньаньмэнь аянтындагы каршылык акциялар убагында. Бээжин, 1989-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тяньаньмэнь аянтындагы каршылык акциялар убагында. Бээжин, 1989-жыл

Мындан отуз жыл мурда кытайлык диссиденттерди "Сары куш" деп аталган жашыруун операциянын жардамы менен өлкөдөн жашыруун чыгарып кетишкен. Бирок алардын бири Би-би-Сиге айтып бергендей, Бээжин аны дале артынан калбай аңдып жүрөт.

1992-жылдын июнь айы: Түштүк Кытай деңизинде түн ортосу болчу жана Кытайдын патрулдук кемеси коммунисттик материктен ошол кездеги Британиянын Гонконг колониясына бараткан кайыкка жакындап калган.

Чек арачылар экипаж менен сүйлөшүүгө отурушканда, палубанын астындагы жашыруун бөлмөгө чогулган бир топ адамдар алардын үнүн угушту.

Андан бир нече мүнөт мурун патрулдук кайык көрүнгөндө, жашыруун жүргүнчүлөргө шашылыш буйрук берилген эле.

"Мага жашын деп айтышты", — деп эскерет алардын бири Ян Сионг. "Тынч отур, дабыш чыгарба!»

Жашынгандардын көбү Гонконгдон жумуш табуу үчүн бараткан экономикалык мигранттар болчу, бирок Яндын жөнү башка эле.

Ал саясий диссидент болгон жана колго түшүп калса, олуттуу көйгөйлөргө туш болмок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ян "Сары куш"деп аталган жашыруун операциянын алкагында Кытайдан жашыруун чыгарылып кеткен.

Акыры патруль кеткенде таң эрте Ян биринчи жолу Гонконгго келди.

Жакшы тамактангандан кийин, ал тергөө изоляторуна жеткирилди. Ага бул анын өзүнүн коопсуздугу үчүн маанилүү деп айтышкан. Көрсө, көчөдө басуу да кооптуу болуп калган экен.

Камакта болуу Ян үчүн жаңылык болгон жок. Ал буга чейин 1989-жылы Тяньаньмэнь аянтындагы каршылык акцияларына катышкандыгы үчүн Кытай түрмөсүндө 19 ай отурган . Студенттер демократия жана эркиндик талап кылышты, бирок коммунисттик партия аларды талкалоого танктарды жөнөттү.

1989-жылдын июнь айынын аягында Кытай өкмөтү ушул каршылык акциялардын учурунда 200 жайкын тургун жана коопсуздук күчтөрүнүн ондогон кызматкери каза болгонун билдирген. Башка эсептөөлөр боюнча, курмандыктар саны жүздөн миңге чейин барат.

Эркиндикке чыккандан кийин, Ян Түштүк Кытайга жөнөп кетти. Ал жерде тыңчы тууралуу киного окшогон окуялар болду. Аны бир телефон кабинасынан экинчисине жөнөтүп, акыры аны чакыра турган адамдар менен байланыштырышты.

Ал бул кооптуу сапарга чыккан жалгыз диссидент эмес эле.

"Көлөкөлөрдүн согушу: Кытай жана Батыш" аттуу маегинде Чаохуа Ван өзүнүн кантип качканын эстейт.

Тяньаньмэнь аянтындагы нааразылык акцияларынан кийин эң көп изделген 21 адамдын тизмесинде болгонуна карабастан, ал камактан качып, бир нече ай бою кичинекей бөлмөдө жашынып отуруп, акыры «Сары куштун» жардамы менен качып кеткен.

"Мен бир адамдан экинчисине өткөн посылка сыяктуу элем",- дейт ал.

"Мен бир нече жыл бою "Сары куштун" атын да билчү эмесмин".

"Сары куш" классикалык тыңчылык операциясындай угулушу мүмкүн жана көпчүлүк бул идеяны чалгындоо кызматы — МИ-6 же ЦРУ ойлоп тапкан деп ойлойт. Бирок бул ишти алар кылган жок.

Чындыгында, бул куугунтуктан качып жүргөндөргө жардам берүүнү каалаган Гонконгдун жарандарына таандык жеке ишкана болгон. Алардын арасында Триада кылмыш уюмуна окшоп уюшкан жергиликтүү кино жана оюн-зоок индустриясы болгон.

Тяньанмень аянтындагы каршылык акциясын армиянын күчү менен басышкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тяньанмень аянтындагы каршылык акциясын армиянын күчү менен басышкан

Ошол кезде Гонконгдо чалгындоо кызматкери болуп иштеген Найджел Инкстер: "аларга [триадалардын] иштеген кытай полициясы көп болчу", — дейт. Бул аларга Пекиндеги жашыруун жерлерден адамдарды алып чыгып, чек арадан алып өтүүгө мүмкүндүк берди.

Гонконгго келген адамдар андан ары кайда барууну чечиши керек болгондо гана Улуу Британия менен АКШ ишке киришкен.

Ян ага документтерди даярдаганга жардам берген "англис мырзасын" эстейт.

"Англияга эмес, Америкага барсаң жакшы болмок",- деди ал киши ага. Бир нече күндөн кийин Ян Лос-Анжелесте болду. Чаохуа Ванг дагы АКШга барган.

Эмне үчүн Англия эмес?

Мурдагы чиновиктердин айтымында, Улуу Британия Тяньаньмэнь аянтында болгон демонстранттарды кабыл алгысы келген эмес, анткени ал 1997-жылы Гонконгду өткөрүп берүүнүн алдында Кытайдын кычыгына тийгиси келген жок.

Келишимге Улуу Британия 1984-жылы кол койгон, бирок беш жылдан кийин Тяньаньмэнь аянтындагы окуялар Гонконгдун келечеги жөнүндө татаал суроолорду койду.

1992-жылы Ян колонияга келгенден бир нече жума өткөндөн кийин, Гонконгдун колониялык акыркы губернатору, мурдагы консервативдик партиянын министри Крис Паттен болду.

1996: Крис Паттен (солдо) Гонконгдун акыркы колониалдык губернатору

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1996: Крис Паттен (солдо) Гонконгдун акыркы колониалдык губернатору

Паттен бийликти өткөрүп бергенден кийин дагы жакшы үмүт менен демократияны орнотууга аракет көрүп, Гонконгдун институттарын демократиялык багытта реформалоо боюнча сунуштарын жарыялаган.

Реформаларга Кытайдын жетекчилиги гана эмес, Лондондо Пекинден айбыккандар да каршы болушкан.

Мурдагы губернатор, азыр лорд Паттен: "Менин негизги милдетим Гонконгдогу адамдарга эркиндикте жана гүлдөп-өнүгүүдө жашоону улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берүү жана 1997-жылдан кийин ишке ашыруу эле" дейт. Анын айтымында, ал «Сары Куш» жөнүндө да билген, бирок катышкан эмес.

Диссиденттерди Улуу Британияга киргизбөө жана Паттендин реформаларына ачуулануу - 1990-жылдардан бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болуп келаткан олуттуу маселени козгойт: Батыш адам укуктары жана демократия сыяктуу баалуулуктарга келгенде Кытайдын ачуусуна тийбеши үчүн дагы эмне кылышы керек эле?

"Сары куш" 1997-жылдын июль айындагы жамгырлуу түндө Гонконг Кытайдын эгемендүү аймагына айланганда аяктады. Бир нече жыл бою Паттен жарыялаган эркиндиктер сакталып турду. Бирок акыркы он жылдын ичинде Кытай – Си Цзиньпиндин тушунда авторитардык бурулуш жасап, Гонконгду чөгөлөтүүгө күчүн салууда.

1997-жыл. Канзаада Чарльз менен Кытайдын президенти Цзян Цзэминь Гонконгдун өткөрүлүп берилишин белгилешүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1997-жыл. Канзаада Чарльз менен Кытайдын президенти Цзян Цзэминь Гонконгдун өткөрүлүп берилген учурун белгилешүүдө.

Ян АКШнын жарандыгын алып, үлгүлүү америкалык турмушта жашады. Ал АКШ армиясына өтүп, Иракта аскер капелланы катары кызмат кылды.

Ал Кытайдын Коммунисттик партиясынын колу анын жаңы үйүндө жете албайт деп ойлогон, бирок бул жаңылыш ой болуп чыкты.

2021-жылы ал мамлекеттик кызматка талапкерлигин коюуну чечти. Ал Нью-Йорктун 1-Конгресс округундагы демократиялык тандоого талапкер болуп ат салышты.

Янг үгүт өнөктүгү учурунда айрым таң калыштуу көрүнүштөрдү байкай баштады. Сырдуу машиналар аны кууп жетип, сыртта жашынып калышат. Шайлоо алдындагы иш-чараларда эл алдында сүйлөөгө тоскоол болушту.

Ян АКШнын армиясында капеллан болуп кызмат өтөдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ян АКШнын армиясында аскердик капеллан болуп кызмат өтөдү

Ал ФБРдин кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин гана эмнеге ушундай болуп жатканын билди. АКШдан келген жеке детектив Кытайдан келген адам ага кайрылып, Янга байкоо жүргүзүүнү суранганын айтты. Тяньаньмэнь аянтындагы мурдагы демонстрант АКШ Конгрессине баратканы Кытайга жакпаган иш эле.

ФБРдин агенти Джейсон Мориц: "ал биздин жеке детективибизге бул адамдын талапкерлигин жараксыз кылуу керектигин айтты",- дейт.

ФБР дагы окуяга байкоо салып турду, анткени Кытайдан келген адам детективден Янга компромат топтооону суранган. Эмне болсо да табуу керек деген. Эгер ал вариант да иштебей калса, аны сабап, атүгүл автокырсык уюштуруу жөнундө сөз болот.

"Алар менин өнөктүгүмдү жаманатты кылып, жок кылгысы келди",- деп түшүндүрөт Ян.

Ян 2022-жылы Нью-Йорктогу Конгресске талапкерлигин коюп, саясий жарышка түштү.

ФБР жеке детективге көрсөтмө берген адам Кытайдын мамлекеттик коопсуздук министрлигинин атынан иштеген деп эсептейт. Бул адамга айып тагылган, бирок АКШдан тышкары болгондуктан камакка алынган эмес.

Ал 2022-жылы Нью-Йорктун конгрессине ат салышып көрдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал 2022-жылы Нью-Йорктун конгрессине ат салышып көрдү

Кытай саясий кийлигишүү боюнча айыптоолорду ырааттуу четке кагып келет. Бирок ал башка өлкөлөрдөгү диссиденттердин сары изине чөп салып аңдыган бир эле учур эмес.

Улуу Британияда жана АКШда "чет өлкөдөгү полиция бекеттери" жана Кытайга кайтып кел же оозду жаап отур дегендей кысым көрсөтүүлөр бар экени жөнүндө кабарлар чыккан.

Яндын тарыхы көрсөткөндөй, Кытай бийлиги өлкө ичинде күчтүү көзөмөлгө ээ болгон сайын, ал чет өлкөлөрдө да таасирин кеңейтүүгө умтулууда. Бул барган сайын тыңчылык, аңдуу жана адам укуктары маселеси боюнча талаш-талкууларга жем таштоодо.

Ошол эле учурда, Яндын Батыш өкмөттөрүнө Кытай менен мамиле түзүүдөгү кеңеши жөнөкөй. "Алар этият болушу керек",-дейт. (МА)