Крым көпүрөсүн жардыруу: Путин Украинаны “террорчулукка” айыптады
Аойф Уолш, Би-Би-Си жаңылыктары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус президенти Владимир Путин 8-октябрда болгон Крым көпүрөсүндөгү жардырууну “террордук акт” деп атап, Украинаны айыптады. Путин Украинанын чалгындоо күчтөрү Орусиянын жарандык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгүн жок кылууну максат кылганын айтты.
Мындай билдирүүнү ал Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушууда жасады.
Расмий маалымат боюнча, көпүрөдөгү жардыруудан үч киши каза болгон. Маркумдар көпүрөдө жарылган жүк ташуучу унаанын жанында жүргөн унаанын ичинде болушкан.
"Бул Орусиянын маанилүү жарандык инфраструктурасын жок кылууга багытталган террордук акт экени шексиз [...] Анын уюштуруучулары, аткаруучулары жана пайда көрүүчүлөрү - Украинанын коопсуздук кызматтары", - деди Путин.
Бастрыкиндин айтымында, көпүрөгө кол салууга даярдык көрүүгө Орусиянын жана айрым чет мамлекеттердин жарандары көмөктөшкөн.

Бастрыкиндин айтымында, тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, жарылган жүк ташуучу унаа Болгария, Грузия, Армения, Түндүк Осетия жана Краснодар аркылуу өткөн.
Ал көпүрөнүн бөлүгүн жараксыз абалга алып келген окуяны иликтөөнү тапшырды.
Украин бийлиги Крым көпүрөсүнө чабуул жасаганын расмий тастыктай элек.
Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михайло Подоляк Путиндин айыптоолорун четке какты. Ал "бул жерде бир гана террористтик мамлекет бар" деп, анын ким экенин "бүт дүйнө билет" деп белгилеген.
"Путин Украинаны террорчулукта айыптап жатабы? Бул Орусия үчүн да өтө уятсыз көрүнөт", - деди ал.
8-октябрда президент Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда окуя тууралуу: "Бүгүн мамлекетибиздин аймагында жаман күн болгон жок, негизинен күн ачык болду" деген комментарий калтырды.
“Тилекке каршы Крымда күн бүркөлүп турду. Ошондой болсо да жылуу болду", - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус бийлиги жардыруудан бир нече саат өткөндөн кийин көпүрөнүн жол бөлүгүн жарым-жартылай ачты, бирок көп көп унаа өтө албайт. Көпүрөнүн темир жол бөлүгү дагы ачылды - ишембиде ал жерден өткөн мунай танкерлери өрттөнгөн.
Европадагы эң узун (19 км) көпүрө Украинада согушуп жаткан орус аскерлери үчүн маанилүү камсыздоо жолу болуп саналат.
Крым көпүрөсү аркылуу Орусиядан Украинанын түштүгүндөгү согуш талаасына аскердик техника, ок-дарылар жана аскерлер жеткирилет.
Путин аны 2018-жылы, Орусия Крымды аннексиялаганына төрт жыл толгондон кийин ачкан.
Пол Адамс, дипломатиялык кабарчынын анализи

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо жарылган жүк ташуучу унаа көпүрөдөн батышты көздөй өтүп баратканын көрүүгө болот. Ал орусиялык Краснодар шаарынан келе жаткан.
Жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп жатканда артынан жана капталынан чоң от шары атылып чыккан.
Жүк ташуучу унаада бомба болгон деген теория орус чөйрөсүндө ылдамдык менен тарай баштаганы шек жаратты. Анда Кремль коркунучтуураак ыктымалдан көрө террордук актыны артык көрөрү айтылган: бул Украина тарабынан жасалган тайманбас саботаж актысы.
“Мен өз убагында чоң унааларга орнотулган көптөгөн колдон жасалган жарылуучу заттарды көрдүм. Бул аларга окшобойт”, - деди Британия армиясынын жардыргыч заттар боюнча мурдагы адиси.
Анын айтымында, бир кыйла жүйөлүү түшүндүрмө - бул көпүрөнүн астындагы чоң жарылуу: ал кандайдыр бир жашыруун деңиз аскердик дрон аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
“Көпүрөлөр көбүнчө ылдый карай жүктөргө жана шамалдан белгилүү өлчөмдөгү каптал жүктөргө туруштук берүү үчүн иштелип чыккан, - деди ал. - Көбүнчөсү алар жогоруга көтөрүлгөн жүктөргө туруштук берүү үчүн иштелип чыккан эмес. Менимче, бул факт украиналык чабуулда пайдаланылды".
Кээ бир байкоочулар башка коопсуздук камераларынын видеолорунун биринде жарылууга бир секунд калганда көпүрөнүн таяныч точкаларынын биринин жанында кичинекей кайыктын толкунуна окшош нерсе пайда болгонун белгилешти. (ЕВ)








