“Кемпир-Абаддын” бүтпөгөн чыры: президент Өзгөндүн элине өзү барды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушуу жабык өтүп, ага кирген активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Social media
Өзгөнгө президент менен жолугушууга келген эл көп болгондуктан көбү акимиаттагы жыйындар залына батпай, сыртта калышты. Андыктан чогулгандар президенттие сыртка чыгуусун талап кылышты.
Бирок президент аларды улам бир топ кылып өзүнчө кабыл алып жатты.
" Президент ордунан отуруп сүйлөдү. Ал картографтардын айтканы менен иш кылып жатабыз деди. Биз жерлерди кайтарып алдык деп мактанып атышат. Кайдан? Кемпира-Абадды берип коюптур да. Суунун астындагы жер ансыз деле өзбектердики дешет. Жергиликтүү эл чуулдап, талашып-тартышып, нааразы болушту. Дежур чалдары сөз бербей, сүйлөтпөй уруш чыгып кетти",- деди президент менен жолугушууга кирип чыккан Кызыл-Октябрь айылнын тургуну Адылбек Бостобаев.
Өзгөн шаарында өтүп жаткан жыйынга Жогорку Кеңештеги ар бир фракцияларынан экиден депутат да катышты. Парламенттеги оппозициялык фракция, "Кемпир-Абад" боюнча бийликти сындап келген "Бүтүн Кыргызстандан" Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев дагы Өзгөндөгү эл менен жолугушууга келди.
“Кемпир-Абад маселеси боюнча депутаттар менен жолугушуу уюуштурулат деген. Бирок ушундай чоң маселе боюнча жыйынды Өзгөн акимиатынын кичинекей залына уюуштуруптур. Бул жерде батпаган эл канча? Жыйынды стадиондо уюуштурушса болмок экен деп наараазы болуп атышат. Алардын үнүн угайын деген эч ким жок. Жыйынга кире албай канчасы турат. Чөнтөн телефондорун алып калып, жыйынга киргизип жатышат”, -деди учурда жеринде жүргөн активист Бек Үмүралиев.
Буга чейин Бишкекке өзбек премьер-министри Абдулла Арипов келип, анда эки тараптуу кыргыз-өзбек чек арасы боюнча атайы протоколго кол коюлган. Жергиликтүү эл Өзгөндөгү “Кемпир-Абад” суу сактагычы өзбек тарапка берилип кетет деген тынчсыздануу менен 29-сентябрда митингге чыгышкан эле.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн аптада Жогорку Кеңеште "Кемпир-Абад" суу сактагычы жөнүндө маселени көтөрүп, Өзгөндө нааразылык өсүп жатканын айткан.
"Азыр аябагандай катуу ызы-чуу. Кечээ областтык телевидениеден берди деп атат, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча, "Кемпир-Абад" кетиптир деген ызы-чуу аябай катуу кетип баратат. Беш айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушмайынча бул маселени токтотуп турсаңыздар деп айтылды эле. Макул болгон, өзү да отурган, президенти да отурган. Бирок жең ичинен барып кол коюп бергендиги, аны теледен айтып жибергендиги өлкөдө аябай катуу ызы-чуу чыгарып жиберди",- деди депутат.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал тапта өлкөдөгү көчө оппозициясы дагы кыргыз бийлигинин “Кемпир-Абад” боюнча жабык саясатын сындап жатат.
“Кечээ күнү Өзбекстандын премьер-министри келип биздин бийлик “Кемпир-Абад” боюнча 36-протоколго эки тараптуу кол коюшту. Бул эмне дегенди түшүндүрөт. Бул – Кемпир-Абад боюнча жер маселеси бүтүп жатат дегенди билдирет. Бирок тилекке каршы бийлик ал протоколду азыркы күнгө чейин жашырып, кармап отурат. Ачык айтпай атат”, - дет. Бириккен оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков.
Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы жакында эле Ташкентте болуп, тараптар тактала элек чек ара тилкелердин чийинин сызуу долбоору менен таанышып, такташып келишти.
Бирок талаштуу аймактар кантип чечилгени жатат дале белгисиз.
2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Өзбекстан менен талаштуу жерлердин 85% такталганы кабарланган.
Учурда тараптар калган 15% тактап жатышат, анын 10% боюнча олуттуу деле талаш жок, бирок калган 5% боюнча тараптар мунаса табыша элек болчу.
Учурда кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу эң таалылуу тогуз тилке бар.
Өзгөндөгү советтер союзу маалында салынган Кемпир-Абад суу сактагычы алардын бири.
Былтыр президент Садыр Жапаров Ташкентке расмий иш-сапары менен барганда, чек ара талаштарга эми биротоло чекит коюлат деп күтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Official
Жапаровду улай эле Өзбекстанга УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы барып, бирок андан бери чек ара боюнча тактоо иштери созулуп кетип бара жаткандай. Былтыр тараптар бул суу сактагычты бирдиктүү колдонуп, суунун 86% Өзбекстан тарапка кое берилип, калганы Кыргызстанга берилет деп макулдашкан.
Ташиев эки тараптуу келишүүдө кыргыз тарап көбүрөөк утушка жетишкенин, бул жерде сууну көлөмү эмес, ошол суу сактагычтагы суунун деңгээлин 900 метрден ашырбай кармап туруу маанилүүрөк деген жүйөө келтирген эле.
“910 деген чек бар экен, андан онду эле түшүрсө Кыргызстанга караштуу Өзгөн, Төрт-Күл, Куршаб, Кызыл-Октябрь айыл өкмөттөрүнө көп эле гектар айдоо жер бошойт экен. Андан тышкары, өзбектер бир миң гектар жер беришет экен. Бирок жергиликтүү эл буга каршы чыгып атат”, -дейт куршабдык аксакалдардын бири Кеңешбек Кантөрөев.
Кемпир-Абад суу сактагычынын курулуш иштери 1969-жылы башталып, 1983-жылы гидро түйүндөр толугу менен бүткөн. Гидро объект Өзбекстандын суранычы менен Кыргызстандын аймагында курулуп, ал үчүн атайы шарттар да киргизилген.
“Бул Усубалиевден кезинде болгон иштер. Бул суу сактагыч Союз маалында курулган, аны куруу үчүн Өзбекстанга Кыргызстан жер бере турган болгондо атайы шарттар да коюлган. Мисалы ал курула туран аймак канча аймакты ээлесе, өзбек тарап ошончо жер бермек. Суу сактагыч 5 миң гектардан ашыгыраак аймакты ээлеп, Өзбекстан кенемте кылып 4 миң гектардай жерди берген. Буга кошумча Ноокатта Ленинское деген жерде канал да куруп беришмек. Бирок аны куруп бере албай калышкан. Дагы 1 миң гектардай жерди бериши керек эле, ал да берилбей, ошондуктан долбоор Өзбекстанга биротоло өттү деп толук жазылбай калган”, - деп эскерет Куршабдык Кеңешбек Кантөрөев.
Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик алгандан кийин суу сактагычтын плотинасынын көпчүлүк бөлүгү өзбек тарапта, бир бөлүгү кыргыз тарапта калып, эми аны бөлүү маселе жаратууда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барганда суу сактагычка жакын жерден өзбек тарапка 50 гектар берип, жер алмашууга ынап келгени чек арадагы кыргыз тургандарын катуу нааразы кылган.
Былтыр мөөнөтсүз митингиге чыккан эл менен жолугушуп жатып Камчыбек Ташиев ал макулдашууга билбей барып алганын, жер берилбесин убадалаган.“Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы биз үчүн эң жогорку талап. “Кемпир-Абадды” бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. “Кемпир-Абадды” азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ал тапта Өзбекстанда коомчулукка Кыргызстан менен чек арадагы талаштуу аймактар боюнча мунасалар табылып, сүйлөшүүлөр соңку стадияга келип калганы ачыкталууда.
Өзгөндөгү эл менен жолугушууга президентти Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы коштоп барышты.












