You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Батыш жээкте күчөгөн зомбулук
Оккупацияланган Батыш жээктеги палестиндердин айылдарына жана фермаларына жасалган израилдик келгиндердин чабуулдарынын саны көбөйүүдө. Октябрь айында 260тан ашык кол салуу болгон жана быйылкы зайтун түшүмүн алуу өзгөчө зомбулук менен коштолду. Бул Бириккен Улуттар Уюму жыйырма жыл мурун мониторинг жүргүзө баштагандан берки зомбулук эң көп катталган ай болуп калды. БУУнун маалыматы боюнча, Газадагы согуш башталгандан бери Батыш жээкте өлтүрүлгөн 1000 палестиндин 20-30дайы израилдик келгиндердин колунан каза болгон. Ошол эле мезгилде палестиндер 19 израилдик жаранды өлтүрүшкөн. Люси Уильямсон Батыш жээктен кененирек баяндайт.