Талкууга түшкөн Суу кодекси жана Кумтөрдөгү мөңгү маселеси

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Суу кодексинин мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Жыйындын жүрүшүндө мөңгүлөрдү коргоо үчүн киргизилген айрым чектөөлөрдөн "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүнүн алып салынышы депутаттардын нааразылыгын жаратты.

Мыйзам долбоорунун талкуу жараткан бөлүгү 58-берене болду. Анда мөңгүлөрдүн эришин тездетип, анын абалына жана суулардын сапатына терс таасир эткен иштерге, ошондой эле муз даярдоого тыюу салынат деп жазылган.

Депутат Гүлкан Молдобекова ушул эле берененин соңуна "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кошпогондо" деген сүйлөмдү киргизүү сунушун берди.

Бул сунуш боюнча депутат Балбак Түлөбаев мөңгүлөрдү коргоо үчүн киргизилген чектөөлөрдөн "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүн алып салуунун себебине кызыкты:

"Кумтөр бизге өтө электе, эски кодексте канадалык компанияга "Давыдов" менен "Лысыйды" талкалай бергиле деп уруксат бербедик беле? Азыр "Кумтөр" ишканасы бизге өттү. Экологияны, мөңгүлөрдү сактайбыз деп жатабыз. "Давыдов" менен "Лысыйды" да сакташ керек дебедик беле?".

Демилгечилердин айтымында, бул берене эски кодексте кандай болсо, ошол бойдон өзгөртүүсүз жазылган, болгону жаңы редакцияда "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрү камтылбай калган.

Эгер Суу кодексине "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кошпогондо" деген сүйлөм кирбей калса, ал "Кумтөрдүн" ишине терс таасирин тийгизип коет, дейт демилгечилер.

Суу кодексине талаш-тартыш жараткан өзгөртүүлөр соңку ирет 2017-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда киргизилген.

Анын аппараты бул өзгөртүүлөр тоо-кен өнөр жайынын мөңгүлөргө тийгизген таасирин жөнгө салып, "Кумтөр" ишканасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат деп түшүндүргөн.

Тагыраагы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришине алып келүүчү иш-аракеттерге тыюу салынып, бирок анын "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүнө тиешеси болгон эмес.

Ошол кездеги бийлик "Давыдов" менен "Лысый" мөңгүлөрү алтын кенде иштегендердин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын жүйөө келтирген.

Жарандык активисттер өз кезегинде бул мыйзам күчүнө кирсе, Кыргызстандагы мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп каршы чыккан.

"Өзүнчө мыйзам керек"

Гляциолог Рыскул Усубалиевдин айтымында, жалпысынан алганда Суу кодексинин мазмуну начар эмес. Бирок мөңгү тууралуу маселелер үстүртөн жана жалпылап гана камтылып калган.

"Мөңгүлөр тууралуу Суу кодексинин 62-беренесинде кыскача гана айтылган. 2017-жылы депутаттардын жардамы менен мөңгүлөргө байланыштуу өзүнчө мыйзам долбоорун даярдап чыкканбыз. Бирок ошол кездеги президент ал мыйзам долбооруна вето койгон. Анын себебин инвесторлор келбей коет деп түшүндүргөн. Азыр болсо жыл сайын суу көйгөйү курчуп жатат, ошондуктан мөңгүлөр тууралуу өзүнчө мыйзам кабыл алынса, абдан туура болмок",- деди Усубалиев.

Ошондой эле ал "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүнө байланыштуу талаштуу маселе тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Бул мөңгүлөрдө мурда эле өндүрүш иштери жүргүзүлгөндүктөн, жаңы чектөөлөр алардын абалын олуттуу өзгөртпөйт. Башка мөңгүлөрдүн жанында да тоо-кен иштеткен объектилер көп. Андан көрө ошолорду сактоо керек. Аларды көзөмөлдөгөн эч ким деле жок. Ушундай жагдайды эске алганда, мөңгүлөрдү коргоого арналган өзүнчө мыйзамды иштеп чыгуу өтө зарыл".

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков мөңгүлөр экосистеманын ажырагыс бөлүгү экенин жана алардын эриши дүйнө жүзү боюнча күчөп жатканын белгиледи. Мындай шартта мөңгүлөрдү сактап калуу аракеттери өзгөчө мааниге ээ.

Анын айтымында, Кумтөр кенин "Центерра Голд" компаниясы иштетип жаткан учурда туура эмес ыкмалар колдонулуп, мөңгүлөргө олуттуу зыян келтирилген.

Азыр болсо экологиялык маселелерге көбүрөөк көңүл бурулуп, табиятты коргоого байланыштуу иш-чаралар жакшырды:

"Центерра Голд" жердин үстүңкү катмарын алып жатканда мөңгүлөрдү кошуп бир эле жерге төгүп салган. Анын көлөмү бир миллиард тоннага чейин жеткен. Казылган топурактын арасында цинк, коргошун сыяктуу оор металлдар болгон. Алар мөңгүнү эритип, кийин үйүлгөн калдык жылып, бир топ коркунуч жаралган. Учурда кандай болуп жатат? Мен деле барып көрүп жатам. Азыр мурдагыдай мөңгү менен топуракты аралаштырбай өзүнчө алып, башка жайга жайгаштырып жатышат. Ал мөңгүлөр эрисе дагы таза бойдон Кумтөрдүн суусуна кошулуп кете берет".

2021-жылдын май айында "Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, кыргыз бийлиги аны иштетип келген "Центерра" компаниясын экологиялык жана экономикалык мыйзам бузууларга айыптап, миллиондогон суммага доо койгон. Андагы эң негизги доо дагы мөңгүлөргө байланыштуу эле.

"Центерра" өз кезегинде эл аралык сотторго кайрыла баштаган. Андан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталып, "Кумтөр" ишканасы 2022-жылы толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөн.

Мөңгүлөрдүн абалы

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында соңку 50-70 жыл аралыгында мөңгүлөр 1262 чакырымга азайып кеткен.

Тагыраагы жалпы аянттын 16 пайызы кыскарган. 2013-2016-жылдардагы тактоолорго ылайык, өлкөдө 6683 чакырымды ээлеген 9957 мөңгү катталган.

Адистердин айтымында, анын улам кыскарып жатышы табигый көрүнүш. Бирок мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатканына антропогендик факторлор себеп болууда.

2022-жылы Кыргызстандын жана Италиянын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясы бир добуштан кабыл алынган.

Ага 110 мамлекет биргелешип автор болгон. Анын негизинде 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана COP жыйындарында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров дагы глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калганын айткан.