You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
2025: Дүйнө жаңы жылды кантип тосуп алды?
Би-Би-Си Кыргыз кызматы окурмандарын жаңы жылы менен куттуктайт. 2024-жылы бизди окуган, көргөн жана уккан катталуучуларыбыздын баарына ыраазычылык айтабыз.
Жаңы 2025-жылды планетадагы эл кантип тосуп алганын сиздерге сунуштайбыз.
Испанияда жаңы жылда түн ортосунда сааттын же коңгуроонун ар бир соккусу угулган сайын жергиликтүүлөр жүзүмдү бирден жеп турушат. Бул салтка айланган.
Даниянын жашоочуларынын кызыктуу салты бар. Алар жыл бою эски идиш-аяктарды, туткасы түшүп калган чөйчөктөрдү, жараксыз идиштерди чогултуп, жаңы жылда кошунасынын эшигине барып сындырат, ага эч ким кыжырданбайт.
Латын Америка өлкөлөрүндө жаңы жылды ачык, жаркыраган түстөгү ич кийимдер менен тосуу салтка айланган. Сары ич кийим кийгенге келерки жылы байлык келет, кызыл кийгендерге сүйүү келет деп ишенишет.
Филиппиндиктер бул майрамда темир тыйын сыяктуу тегерек буюмдарды алып жүрүшөт. Мисалы, тоголок буюмдарды кийимине тагып алышат, тоголок жүзүм жешет.