Сот үч медиа долбоорду экстремисттик деп тапты. Журналисттер эмнеге кабатыр?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.
Чечимдин толук мазмунун жарыялана элек. Үч долбоордун жетекчилиги сот отуруму жөнүндө кабары болбогонун жана өкүмдүн үстүнөн даттанарын билдиришти. Ал ортодо медиа коомчулук журналисттик иликтөөлөр менен алектенген басылмалардын материалдарын пайдалануу да опурталдуу болуп калганына тынчсызданышууда.
Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылганын 27-октябрь күнү кечке маал "Регион" телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Ал медиа долбоорлордун материалдарын жайылтуу же кайра жарыялоо үчүн Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралганын белгиледи.
Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты шейшемби күнү тастыктап, кыска билдирүү таратты. Маалыматта аты аталган үч медиа долбоор менен катар иликтөөчү журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин да экстремисттик деп табуу боюнча Октябрь райондук прокуратурасынын өтүнүчү канааттандырылганы айтылат.
"Temirov Live, Kloop.kg ("Клооп Медиа" коомдук фонду) жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды, ошондой эле Т.Б.М. жана Т.Р.Р. аттуу жарандардын ишмердүүлүгү да экстремисттик деп таанылды. Интернеттеги Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлоруна тиешелүү баракчалардын жана ресурстардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Чечимдин аткарылышы Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланышты жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү", – деп жазылган маалыматта.
Соттун расмий билдирүүсүндө бул чечим кандай ишке ашырылары тууралуу так маалымат камтылган эмес.
Прокуратура да, сот да азырынча эки журналисттин кандай аракети жана Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" долбоорлоруна тиешелүү кайсы материалдар экстремисттик деп эсептелип жатканы жөнүндө түшүндүрмө бере элек.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Клооп" басылмасынын жана "Темиров Live" долбоорлорунун жетекчилери алардын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылганын башкалар сыяктуу эле коомдук сайттар аркылуу укканын жарыялашты.
"Клооп" адегенде окурмандарына кайрылып, эми басылманын материалдарына лайк басуу, пикир жазуу же бөлүшүү коркунучтуу болуп калганын, мунун баары экстремисттик уюмдарды колдоо катары эсептелип калышы ыктымал экенин жазды.
Басылмага азырынча кайсы материал экстремисттик деп табылганы белгисиз.
"Өлкөнүн репутациясына да, ошондой эле бул ишке тиешеси жок көптөгөн адамдын кылмышкер катары көрсөтүлүшүнө да алып келет. Биз ишибизди улантабыз, анткени бийликтин мындай аракеттери биздин ишибиздин маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт. Белгилеп кетким келет, бул жараян негизинен сырттан, биздин катышуубуз жок өттү, ал эми соттун чечими тууралуу маалыматты биз бүгүн гана алдык", — деди "Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин фейсбукта жарыяланган билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, social media
Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунун түптөөчүлөрүнүн бири Болот Темиров "алар лайк басуу менен репост кылууну мыйзамсыз кылышты… Ошондуктан жөн эле окуңуздар…", - деп билдирди.
Медиа эксперттер эмнеге кабатыр?
"Медиа полиси институту" уюмунун юристи Акмат Алагушев коомчулукта бүдөмүк пикирлерди жаратпай, чечимдин толук мазмуну тез арада жарыяланышы керектигин белгилейт:
"Жарандык-процессуалдык кодексте өзгөчө өндүрүш деген норма бар. Өзгөчө өндүрүш – бул тездетилген эреже. Прокуратурадан арыз түшкөндө беш күн аралыгында ал каралат. Мына ушундай тартипте бул иш бир жактуу гана каралган. Сотко экинчи тарап катышкан эмес. Адилетсиз сот болуп жатат. Эми чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, алар болсо аны коомчулукка жарыялашы керек. Себеби биз кайсы материал экстремисттик деп табылганын билишибиз керек. Бул иш апелляциялык тартипте шаардык сотто, облустук сотто каралбайт. Эми кассациялык тартипте Жогорку Сотто гана каралышы мүмкүн".
Иликтөөчү журналисттердин ишмердиги экстремисттик деп табылганын медиа коомчулуктун өкүлдөрү тынчсыздануу менен кабыл алып жатышат.

Сүрөттүн булагы, facebook
"Чекит медиа" долбоорунун жетекчиси Асел Сооронбаева иликтөөчү журналисттер менен бийликтин ортосунда тиреш жүрүп жаткандай сезим пайда болгонун белгилеп, соңку чечим журналисттердин иши өтө опурталдуу болуп баратканын дагы бир ирет тастыктаганын айтат:
"Чекит медиа" талапкерлерди талдаган материалдарды жасай баштаган. Аны биринчи, экинчи, үчүнчү бөлүмүн жарыялаганбыз. Ошондо "Клооптун", Болот Темировдун материалдарынан пайдаланганбыз. Бул дагы катализатор болуп кеттиби деп нес болуп калдык. Балким ага чейин эле алардын ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча чечим кабыл алынгандыр. Бирок биздин материалдар чыккандан кийин ушундай окуя болуп кетти. Албетте, өздөрүнүн курч иликтөөлөрү буга таасирин тийгизсе керек. Азыр алардын материалдарын жайылткан адамдар да жоопкерчиликке тартылат деп жатышпайбы. Бул сөз эркиндигине доо кетирет. Болотту да, "Клоопту" да билебиз. Булар эл аралык иликтөө долбоорлору менен бирге ачык булактарга таянып, курч иликтөөлөрдү жасашат. Белгилүү себептерден улам Кыргызстанда андай иликтөөлөрдү жасаган кишилер жок. Эми иликтөө жасамак турсун, иликтөө жасаган кесиптештердин маалыматын пайдаланган, тараткан да опурталдуу болуп калды".
Журналист Кайыргүл Урумканова болсо медиага ар тараптан цензура күчөп, мыйзам аркылуу чектөөлөр кирип жатканын белгилейт.
"Ушундай темп менен кете берсек, эч ким сүйлөбөй, пикирин билдирбей калат. Анда маалыматтык коопсуздук көйгөйү жаралат. Маалыматтык коопсуздукту ким камсыздайт? Блогерлер эмес, ошол эле журналисттер камсыздайт. Эгер журналисттер сүйлөй албай калса, бийлик ким менен иштейт?", - деп суроо салат медиа эксперт.
"Фергана" эл аралык маалымат агенттигинин директору Даниил Кислов болсо Кыргызстанда башкача ойлонгон адамдар жана уюмдар куугунтукталып жатат деген пикирин Би-Би-Сиге билдирди.
"Өлкөдөгү үч көз карандысыз жана кесипкөй медиага расмий түрдө тыюу салуу чечимин Кыргызстанда авторитаризмге карай сүрөгөн дагы бир кадам катары баалоого болот", - деди Кислов.
Бийликтин позициясы
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги начарлаганы жана медиа кызматкерлерине кысым күчөгөнү тууралуу мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.
Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров "Клооптун" жабылганы боюнча "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине комментарий берип жатып, басылманын иликтөөлөрү бир жактуу, каралоо максатында жасалып жатканын айткан:
"Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса, сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте, андайларды колдобойбуз".
Жапаров 2024-жылдын сентябрь айында "Кабар" агенттигине курган дагы бир маегинде Temirov Live долбоорунда мурда-кийин иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген.
Анда президент: "Ал эми "11 журналист" дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген.
Үч долбоордун таржымалы
"Клооп" басылмасы 2008-жылы ачылган. Бул аралыкта иликтөө жанрында ондогон материалды чыгарган. Айрымдары эл аралык сыйлыктарга татыган.
2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Kloop Media" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган.
Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы себеп болгон. Арызда басылма бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын төмөндөтүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы жазылган.
Ошентип, "Клооптун" сайты Кыргызстанда бөгөттөлгөн. Басылма коомдук сайттарда ишмердигин улантып жатат.
Быйыл 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Клооптун" мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Басылманын эки эсепчиси беш жылга соттолуп, үч жылдык пробация менен бошотулган.
Эл аралык укук коргоо уюмдары басылмага кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырып келишет.
Temirov Live жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорун журналист жубайлар Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы негиздеген.
2024-жылы январда Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунда иштеген, кызматташкан 11 журналист жана активист кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Азыр Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы алты жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.
Болот Темиров кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деген кине менен 2022-жылы өлкөдөн күч менен чыгарылган. Ал чет өлкөдө журналисттик иликтөөлөрүн жасап келет.
Медиа кызматкерлеринин укугун коргогон адвокаттардын айтымында, Кыргызстанда бир нече медиа долбоордун жана журналисттердин ишмердиги бир учурда экстремисттик деп табылган учурлар дээрлик болгон эмес. Бирок маалымат каражаттарынын ишмердигине түрдүү себептер менен чектөө коюлган учурлар катталган.
2017-жылы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишине тыюу салынган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун телеканалда жарыяланган билдирүүсү экстремисттик деп табылганы себеп болгон.
Быйыл май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.
Freedom House (FH) эл аралык уюму быйыл Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырган.












