Өз алдынча жүрүп кеткен он вагон, каза тапкан бир киши. Кырсыкка ким жооптуу?

Манас шаары

23-ноябрь күнү Манас шаарында цемент ташуучу 10 вагон тормоздук башмактан чыгып, өз алдынча жүрүп кеткен. Вагондор көчөлөрдүн кесилишине жеткенде үч унааны сүзгөн. Натыйжада он адам түрдүү жаракат алып, бир адам каза болгон. Би-Би-Си окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Кызына кышка көмүр алып берем деген тилеги ишке ашпай, бир үй-бүлөнүн атасын күтүүсүз ажал алып кетти.

Сузак айылынын 75 жаштагы тургуну Хасанбай Хайтпаев, ал түшүп бара жаткан унааны вагон сүзүп, алган жараатынан улам эки күн реанимацияда жатып кайтыш болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя 23-ноябрда болсо дагы, Хайтпаевдердин үй-бүлөсүнө бир айдын ичинде кырсыкка себеп болгон тараптардан эч ким байланышкан эмес.

Саидахон Хайтпаева, Сузак айылынын тургуну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саидахон Хайтпаева, Сузак айылынын тургуну

"Кышка силерге көмүр алып берем, жазда курулушту баштайбыз деп ниет кылып жаткан эле атам. Мындай болуп кетерин билген жок да. Жаңы үй салып, ошол үйдөн неберемди үйлөнтөм деп жаткан эле. Ошол маалда, атам тирүү кезинде жардам беришсе болмок. Эч ким ооруканага кабар алганы келген жок. Станциядан да, вагонду иштеткендерден да эч ким келген жок. Эч ким бизден кабар алган жок", - деди Хайтпаева.

Он адам жаракат алган

23-ноябрь күнү Манас шаарында цемент ташуучу 10 вагон тормоздук башмактан чыгып, өз алдынча жүрүп кеткен. Вагондор көчөлөрдүн кесилишине жеткенде үч унааны сүзгөн. Натыйжада он адам түрдүү жаракат алып, бир адам каза болгон. Маалыматты Би-Би-Сиге Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

"Аталган маалымат Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 311-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза, ал эми вагондорго карата соттук- автотехникалык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев Би-Би-Сиге тастыктагандай, 23-ноябрда алты адам ар кандай жаракаттар менен түшкөн. Би-Би-Си жараат алган дагы бир жаран менен сүйлөштү, бирок ал окуя тууралуу ачык айтып берүүнү каалаган жок. Анын айтымында, жаракат алган бир нече адам Сузак районунун ооруканасында дарыланган, алардын арасында тогуз жашар бала да болгон.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубеков өз алдынча жүрүп кеткен вагондор компанияга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубеков

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубеков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Вагондор качып кеткен өздүк жол (собственный путь) бар, ал станциянын ичинен эмес, жеке кирме жолдон качкан. Вагондор бизге тиешелүү эмес. Аларды "карго вагондор" деп коюшат, цемент жүктөлүп келген вагондор. Алар биздин жеке менчик вагондор эмес. "Сельхозхимия" деген ишкана бар, алардын өздөрүнүн темир жолдору бар. Ал жолдун бизге эч кандай тиешеси жок, ал — жеке менчик. Биз ал жерге чейин жеткирип беребиз, андан аркы жоопкерчилик алардын мойнунда", - деди Турдубеков.

Орозбек Турдубеков бул кырсыкка ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт деп айтууда.

"Биз ошондо вагондорду токтотуп калуу боюнча чараларды көргөнбүз. Жоготуулар көбөйүп кетпеши үчүн алдынан тепловоз менен чыгып, баарын токтотконбуз. Колубуздан келгендин баарын кылдык: тез жардам чакырдык, кырсык болгон жерге бардык. Ооруканага барып, баарын кабыл алдырып, маалымат алганбыз. Эми жардам көрсөтпөдү деген боюнча тергөө аныктайт: ким күнөөлүү, ким күнөөсүз. Тергөөдөн кийин мыйзамдуу чаралар көрүлөт. Эгерде жоопкерчилик темир жолдо десе, биз компенсациясын төлөп берип, жоопкерчиликти алабыз" , - деди Турдубеков.

Би-Би-Си жетекчи каза болгон Хасанбай Хайтпаевдин жакындарына байланыштыңыз беле деп сураганыбызда Турдубеков мындай деп жооп берди:

"Жок, жакындары менен кайсы критерий боюнча байланышышым керек? Тергөө аныкталмайынча эч кандай жардам көрсөтө албайбыз. Бирок вагондор өздүк жолдон качканын, темир жолдун ага тиешеси жоктугун түшүндүрүп, жеке өзүм байланышкам."

Бирок каза болгон Хасанбай карыянын уулу Жавлонбек Хайтпаев алардан эч ким кабар албаганын айтууда:

"Атам реанимацияга түшүп калган. Он киши жабыр тартып, арасынан эң оор абалда менин атам болгон. Ошол маалда келип жардам бере турган адам болгон жок. Өзүбүз адамдардан акча чогултуп, эптеп ооруканадан чыгарып кеттик. Бир ай болду, темир жолдон бизге эч ким маалымат берген жок".

Вагондор кимге таандык экени белгисиз...

Өз алдынча жүрүп кеткен вагондорго ким жооптуу деген суроонун артынан Би-Би-Си жогоруда сөз болгон Жалал-Абад "Сельхозхимиянын" жетекчиси Бакытбек Маматов менен байланышты.

"Ал вагондор бизден чыккан эмес. Биздин ишкананын аймагынан сырткары болуп жатат. Кандай болуп кетип калганы белгисиз. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Кимдин күнөөсү жана кимдин вагондору экени азырынча белгисиз".

Ошентип, Манас шаарында бир ай мурун бошонуп, өзү жылып кеткен он вагон кайдан чыккан, жабыркагандарга жана каза болгон Хасанбай Хайтпаевдин өлүмүнө ким жооп берет деген суроого жооп табыла элек. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалган.