Франция: Бриджит Макрон аял экенин АКШ сотунда далилдөөгө даяр
Францияда президент Эммануэль Макрондун үй-бүлөсү биринчи айым Бриджит Макрон аял экенин сүрөт жана илимий негиздер менен далилдөөгө даяр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президенттин адвокаты Макрондор америкалык оңчул активист Кэндис Оуэнстин "Бриджит эркек болуп төрөлгөн" деп жалган маалымат таратканы үчүн ага каршы сотко даттанып жатышканын айтты.
Оуэнстин жактоочулары бул доо арызды четке кагуу боюнча сотко өтүнүч келтиришти.
Би-би-синин Fame Under Fire подкастында Макрондордун бул иш боюнча адвокаты Том Клэр биринчи айым анын дарегине айтылган мындай айыптоолорго "өтө капаланганын" жана бул сөздөр президентти "алагды" кылып жатканын айтты.
"Бул окуя аны ишинен алагды кылды дебейм. Бирок үй-бүлө менен карьераны эриш аркак алып келе жаткан адамдын үй-бүлөсүнө асылганда, ал ким болбосун, президенттин болсо да кыжырына тиет. Мындай нерсе ар кимдин башына келиши мүмкүн"- деди ал.

Клэр сотко илимий негиздеги эксперттик корутундулар келтирилет деди. Бирок жактоочу ал далилдерди толук ачыктаган жок. Адвокат президенттик түгөй "жалган айтылган айыптоолорду" ашкерелегенге даяр деди.
Daily Wire басылмасынын мурдагы баяндамачысы Оуэнстин коомдук сайттарда миллиондогон катталуучулары бар. Активист бир нече жолу Бриджит Макрон эркек деп айтканы бар.
2024-жылы Оуэнс өзүнүн "кесиптик беделин" сайып да болсо, бул айыптоолорго жооп бере аларын айткан.

Сүрөттүн булагы, Candace Owens
Бриджиттин жынысына байланыштуу билдирүүлөр 2021-жылы француз блогерлери Руа жана Наташей Рейдин YouTube баракчасындагы видеосунан кийин маргиналдуу интернет баракчаларда жайыла баштаган.
Макрондор Францияда ал блогерлерге каршы сотко кайрылып, 2024-жылы биринчи инстанцияда утуп алышкан. Бирок быйыл сот аппелляциялык тартипте сөз эркиндигине болгон кам саноолорду эске алып, ал өкүмдү жокко чыгарган. Бирок Макрондор ал чечимге да каршы доо арыз жазышкан.
Оуэнске каршы доо арызды АКШдагы сотко Макрондор быйыл июлда беришкен.












