You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Арманыбызды ким угат?": Орусияда мигранттардын балдары туш болгон тоскоолдуктар
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер кабарчысы
Орусияда чет элдик мигранттардын балдарынын 87 пайызы мамлекеттик мектептерде билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Бул өлкөнүн билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызматы окуу үчүн арыз тапшырган балдардын үчтөн биринин гана документи толук жана туура болгонун билдирди. Орусияда жүргөн мигранттардын айрымдары балдары себепсиз тесттен кулатылып, документтери толук болсо да кабыл алынбай жатканына даттанышса, кээ бирлери балдарын Кыргызстанга окууга жөнөтүү үчүн даярдык көрө баштаганын айтты.
"Стресске кабылдым"
Бир нече жылдан бери Москвада иштеп жүргөн Нурсулуу 2-класстагы уулун мамлекеттик мектептерге киргизе албай койгонун, аргасы кетип, айына 25 миң төлөп, жеке мектепке бергенин айтат:
"Москвада баламды мектепке кабыл албай койгондон кийин Кыргызстанга кетирели деген чечимге келгенбиз. Ал гана эмес 4-сентябрга 28 миң сомго билет алгам. Аэропортко барып, каттоодон өтөрдө уулу ыйлап, кетпей койду. Айла жок, баламды кучактап алып кайтып келдим. Билетим күйүп кетти. Жаңы эле жеке мектепке бердим. Эки уулум 9-классты бүтүп, күбөлүк алышкандан кийин окушкан жок. Аларды кантип окутмак элем. Ипотекабыздан кутулуп алсак, анан Кыргызстанда окуусун улантышар. Биздин арманыбызды ким угат?! Ата-энелер Кыргызстандын парламентине кат жазалы деп жатышат, андан деле майнап чыгарына көзүм жетпейт".
Москвадагы дагы бир мигрант Айнагүл уулун Кыргызстандагы мектептердин бирине онлайн каттатып койгон экен. Сабакка качан келет деп улам сурап жатышканын, бирок Орусиядагы мектептердин бирине кирип калабы деген үмүтү өчө электигин айтат.
"10-сентябрда дагы бир жолу текст тапшырып өтпөй калдык. Ошондон бери ыйлап, стресс болуп, эч нерсе кыла албай калдым. Тесттин суроолору оңой эле сыяктуу. Бирок бала суроолорго кыска жооп бербей, "сайрашы" керек экен. Булар 1-класска барат, бала да, кыска-кыска эле сүйлөп коюшат. Он баллдык система болсо, тогуз балл алган өтөт, сегиз балл алдыңбы – өтпөй калат экенсиң. Болбосо баламдын тили орусча чыккан, кыргызча сүйлөбөйт. Дүйшөмбү күнү кайра арыз жазабыз. Дагы бир аракет кылып көрөлү, болбосо Кыргызстанга жөнөтөбүз да. Бирок кийинки тест үч айдан кийин болот экен, кантип баламды үч ай үйдө кармап отурам", – деп кейиди Айнагүл.
"Мыйзамды жумшарткыла деп талап кое албайбыз"
Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Осмонбековдун айтымында, мигранттардын балдары мектепке барардан мурун каттоого алынып, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, медициналык кароодон өтүп, ата-энеси Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документти топтошу керек. Эгерде бир эле документ туура эмес болуп калса, портал оңдоп кайра жөнөтүү зарыл экени тууралуу билдирүү жөнөтпөйт. Ошондуктан ата-энелер ката кайсы жерден кетип жатканын билбей, балдардын көбү көбү мектепке кабыл алынбай калган:
"Бул маселенин дагы бир өңүтү бар: чет элден – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Азербайжан келген балдар айым мектептерде жалпы окуучулардын 50% ашыгын түзөт экен. Бул көрсөткүчтү 30% чейин төмөндөтүү керек деген жазылбаган эрежелер болуп жатат.
Орусияда мектеп жашындагы чет элдик балдарды орус тилинен тест тапшырууга милдеттендирген мыйзам быйыл 1-апрелден тарта күчүнө кирген.
Бул өлкөнүн Билим жана илим тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы апрель-август аралыгында чет элдик 23 616 баладан арыз түшкөнүн, алардын үчтөн биринде – 8 223үндө гана документтер толук болгонун кабарлады.
Федералдык кызматтын 10-сентябрда жарыялаган маалыматына караганда, жалпысынан алты миңге чукул бала гана орус тил сынагына катышып, 50% гана тестти ийгиликтүү тапшырган.
"Бул федералдык мыйзам. Элчилик, диаспора сунуш гана берет, бирок мыйзамды өзгөрткүлө деп Орусияга талап кое албайбыз. Мекендештерге маалыматтык, укуктук гана жардам беребиз. Кыргыз диаспорасында билим комитети бар. Анын алкагында, орусча билбеген кыргыз балдарга ар чейрек сайын бекер орус тил курсу өтүп турат. Мындан тышкары мектепке даярдаган "Здравствуй, школа" деген долбоорубуз бар. Элчилик бизге имарат бөлүп берген, мугалимдерди биз табабыз", – дейт Кубанычбек Осмонбеков.
Буга чейин Кыргызстандын Агартуу министрлиги мигрант балдар туш болгон тоскоолдуктарга тынчсызданып, Орусиянын Агартуу министрлигине расмий кайрылганын кабарлаган. Министрлик катта Кыргызстанда орус тилине расмий макам берилгенин, көптөгөн мектептерде эне тил катары окутуларын жүйө келтирип, кыргызстандык мигранттардын балдарын тил сынагынан бошотууну өтүнгөн.
"Бала тил билбегени үчүн күнөөлүү эмес"
Быйыл август айынын аягында Орусиянын курамындагы Татарстандын башчысы Рустам Минниханов өкмөт жыйынында орус тилин билбеген балдарды мектепке кабыл албоо чечимин "акылга сыйбаган иш" деп атаган:
"Кантип баланы мектепке киргизбей коесуңар?! Анда ал кайда болушу керек? Эмне, тил билбегени үчүн күнөөлүүбү? Үйрөнөт. Ар бир бала үч-төрт айдын ичинде тилди үйрөнүп кетет. Эч нерсе эмес. Такыр эле акылга сыйбаган нерселер. Абдан этият мамиле кылыш керек. Ал бала, ал күнөөлүү эмес".
Мындан мурдараак Мамдуманын бир нече депутаты мектептерде мигранттардын балдарын контрактык негизде гана окутууну демилгелешкен.
Бирок укук коргоочулар бул Орусиянын Баш мыйзамына каршы келерин, Конституция бардык балдарга, анын ичинде чет элдиктерге орто мектептерде бекер окууга кепилдик берерин эскертишкен.
Бул арада сентябрда Мамдумада эмгек мигранттарына үй-бүлөсүн, анын ичинде балдарын Орусияга алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталганы да белгилүү болду.
2024-жылы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" адам өмүрүн алган куралдуу чабуулду тажик тектүү жарандар жасаганы аныкталып, бир нече шектүү кармалган. Мындан соң мигранттарга каршы маанай күчөп, эрежелер катаалдашкан.