Ошто жанынан кечкен аялды сактап калышты

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирүүгө камынган аялды куткаруучулар убагында барып, сактап калышканын билдирүүдө.
Окуя Ош шаарында Джим көчөсү №1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдө болду. Бул жерге ӨКМдин төрт кызматкери барып, аялды алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Милициянын маалыматына караганда, 35 жаштагы келин үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам өз жанын кыюну ойлогон. Көрсө, ал күйөөсү менен ажырашып, анын кенже баласын сот атасына калтырыптыр. Анын бул күйөөсүнөн алты баласы бар экен.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Бул Бишкекте жаш жигит сегиз кабат үйдөн секирип жанын кыйган окуядан эки күндөн кийин эле болуп жатат. Анда куткаруучулар барып, беш саат бою сүйлөшсө да жигит болбой, боюн таштап жиберип каза болду. Ага кесипкөй жардам бере алышпады деп куткаруучуларды, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин социалдык медиада аябай сынга алып жатышкан эле.

Сүрөттүн булагы, Cosial media
Министрликтин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы - подполковник Ырыспек Жолдошбаев Бишкекте жанын кыюуга барган адамды сактап калууга мүмкүн болбогондугун түшүндүргөн эле.
"Бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит чечкиндүү түрдө өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон".
Социалдык тармактагы талкууга катышкандар беш саат ичинде эң жок дегенде бала секире турган жерге батуттарды эмнеге коюшкан жок деген суроо салышкан.
"Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары, ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак",-дейт Ырыспек Жолдошпаев.
Трагедиялуу окуя болгон жерде алты куткаруучу, психологдор, өз жанын кыйган жигиттин жакындары да болгон, бирок эч кимиси жардам бере алышпады, анын өзү дагы айткан акылга такыр көнбөй койгон. (КС)








