“Көмүскөдөгү пандемия”

Ушу күндөрү дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн бири үйдөн чыкпай, карантинде отурууга мажбур. Муну менен үй-бүлө ичинде зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн өтө оор жагдай түзүлдү.

Кыргызстанда соңку бир айда жакындарынан ыдык көрүп милицияга кайрылгандар саны 62 пайызга өстү. Бирок чынында зордук-зомбулукка кабылгандар мындан эселеп көп экени айтылууда.

“Адамдык ордум жок эле”

Аты-жөнүн атагысы келбеген келин үйүндө зомбулукка кабылган аялдардын бири:

“Күйөөм мектепте окуган эмес, малчы болчу. Ал жерде адамдык ордум жок эле. Кайын агаларымдын баарынын балдарын чогултуп, милдеттүү түрдө он-он беш кишинин нанын жаап, кирин жуучумун. Ата-энем ажырашып кеткен, таенемдин колунда чоңойгом. Бирок ал да каза болуп калган. Андан кийин туугандар мектепте окубаган менден он жаш улуу малчы кишиге турмушка берип коюшкан ”.

Келиндин күйөөсү аны ур-токмокко алып, ал аз келгенсип кайын энеси да моралдык басым жасаган. Акыры аны үйдөн кууп чыгышып, келин карантинге чейин Бишкектеги зомбулукка кабылгандар үчүн уюштурулган социалдык үйлөрдүн бирине баш калкалаганга үлгүргөн.

“Мен карантиндегидей эле жашагам ал жерде, бара турчу жерим жок. Мындайда зомбулукка кабылган аялдар өлүп эле калат болуш керек”.

Өзгөчө абал жарыялангандан кийин Бишкек шаарында эле үй-бүлөлүк зомбулук күчөп кеткени айтылууда.

Былтыр 24-марттан 24-апрелге чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды”, -дейт Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Деген менен зомбулукка кабылган аялдар менен иштеген кризистик борборлорго иш алып барууга азырынча уруксат бериле элек.

Бишкекте андай кризстук уюмдар саналуу гана. Учурда алардын көбү аялдарга аралыктан гана колдоо көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгү жетип жатат.

“102 чалыңыз”

“Бизге чалышканда 102ге чалып милицияны жиберип атабыз. Мына бир мисал, 1,5 жаштагы баласы менен келин күйөөм мас деп чалды. Ал мас кишиге баламды кантип таштайм дейт. Алып кеткилечи дейт. Биз эми аны кайда алып кетебиз? Бизге да сыртка чыкканга уруксаат жок, машинебизге да уруксаат беришпеди. Милиция келип жардам берип, туугандарына чыгарып кетишти”, -деди “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Би-Би-Сиге.

Ал карантин маалында эркектер арасында “сеп” этип алмай көбөйүп, мас кезинде аялдарына кол салган эркектер болуп жатканын айтты. Алардын айрымдары гана ачыкка чыкпаса, көбү көмүскөдө кала берүүдө, үй-бүлө ичиндеги зомбулуктун чыныгы масштабын элестетүү да кыйын дейт, эксперт.

Жыл башынан бери өлкөдө бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Январда Кочкордо 37 жаштагы келин, Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумду. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. Мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды.

Социалдык обочолонуу шартында үй-бүлө ичиндеги зомбулук бир гана Кыргызстанга мүнөздүү эмес. БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш дагы дүйнодө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун өсүп жатканына көңүл буруга чакырууда. Ал эми аялдар укугу менен иштеген эл аралык уюмдар бул көрүнүштү “көмүскөдөгү пандемия” деп атап жатышат.