Чекист саламаттыкты сактоо министри болду. Тармакка кандай өзгөрүү керек?

Эркин Чечейбаев, Эдил Байсалов жана Каныбек Досмамбетов.

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров 46 жаштагы Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кылып дайындады. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жооптуу кызматтарды аркалап, Жалал-Абад облустук башкармалыгын да жетектеген. Атайын кызматтын өкүлүн саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоо бул тармак үчүн сейрек көрүнүш. Бул дайындоо медицина кызматкерлери арасында кызуу талкууланууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына бир күн мурда дайындалган министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды.

"Эдил Байсалов Каныбек Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы Президент Садыр Жапаровдун жогорку талаптарына жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы этабында Кыргызстан элинин өсүп жаткан үмүтүнө ылайык саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди" деп белгиледи Министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык соңку алмашуу медицина кызматкерлери арасында кызуу талкууланууда. Бул тармактагы эксперт Бермет Барыктабасованын пикиринде, чечим дарыгерлерди таңкалтырган.

"Кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин мага дароо чала башташты. Кесиптеш-медиктер, албетте, таң калып жатышат. Алар "медиктерге кириштиби", "камай башташабы" деп кооптонушууда. Бирок мен, мисалы, бул кырдаалга оң эле карап жатам. Биринчиден, министрлерди дайындоо биздин компетенциябызга кирбейт. Бул чечимди Министрлер кабинети эмес, бул президентке жакын турган Президенттик администрациянын эң жогорку түзүмдөрү кабыл алды деп ойлойм. Эми алар бул чечимди кабыл алгандан кийин, бизде болгону кантип иштешибиз жана саламаттык сактоону кантип жакшыртышыбыз керектигин ойлонуу гана калды. Саламаттыкты сактоо тармагында эбегейсиз көп көйгөйлөр топтолуп калганы түшүнүктүү. Эгерде адамда компетенция, эрк-күч жана эң негизгиси – туура, катаал чечимдерди кабыл алуу үчүн саясий колдоо болбосо, эч нерсе өзгөрбөйт. Бизде баары жетер-жерине жетип калды, көйгөйлөр ушунчалык кооптуу болгондуктан, аларды "жай" чечүү мүмкүн эмес. Тартипти орнотуу зарыл".

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жаңы жетекчи буга чейинки министрлерден айырмаланып, тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалганын мындайча түшүндүрдү:

"Ал кыска аралыкта облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды. Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды".

Каныбек Досмамбетов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Досмамбетов

Эми Досмамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилиши керек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Атайын кызматтын генералы, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков чекисттин саламаттыкты сактоо тармагына башчы болушун убактылуу аргасыз чара деп эсептейт.

"Медицина тармагын башкара турган адамдын чекисттердин катарынан келиши коомчулукта түрдүү ойлорду жаратууда. Коомчулукта коопсуздук жагында иштеген адам канчалык деңгээлде профессионалдуу түрдө медициналык тармагын башкарып, уюштуруп, координациялап, анын ийне - жибине чейинки проблемаларды түшүнүп, алы бара алабы деген күмөндүү ойлор пайда болуп жатат. Негизинен, бул азырынча убактылуу чечим болушу мүмкүн. Убактылуу менеджер катары коюлуп, кийинчерээк башка жакка которулушу ыктымал. Учурда медицина тармагынан туруктуу, таза, коррупциялык иштерге малынбаган адистин табылбай жаткандыгы ачыктан - ачык билинип калды. Эгер андай адис бар болгондо, медицина тармагынан эле коймок", - дейт Артур Медетбеков.

Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу жана системаны реформалоо максатында бир топ жылдан бери аракеттерди көрүп келет. Бирок, ага карабастан, өлкөдө медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы эскиргени, кадрлардын жетишсиздиги жана айлык акынын төмөндүгү сыяктуу көптөгөн олуттуу көйгөйлөр бар. Бермет Барктабасованын пикиринде, жаңы жетекчинин башкы максаты – тармактагы башаламандыкты жоюу болушу керек.

"Министрликте аткара турган иштер өтө көп: лабораториялар, медициналык жабдуулар, хирургиялык стационарлар, илимий борборлор. Мен үчүн бул - тартипти орнотуп, жыйынтыктарга жетишүүгө боло турган абдан кызыктуу учур. Азыр баары башаламандыкта, натыйжасыз жетекчилер эч нерсе жасабай жатышат, ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги аларды жумуштан кетирүүнү талап кылууга аргасыз болууда. Балким, жаңы адамды көзөмөлдү күчөтүү, сектордун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ашыкча, эскирген нерселерди алып салуу максатында коюшкандыр. Биз, албетте, колдойбуз жана жардам беребиз. Финансылык агымдарды көзөмөлгө алуу, стандарттарды киргизүү, кадрларды колдоо жана айлык- акыларды көтөрүү керек. Кадрлар баарын чечет, жана бул жерде сиздин медик, финансист же аскер адамы экениңиз маанилүү эмес – эң негизгиси, бул чаралар көрүлүшү керек", - дейт Бермет Барктабасова.

Кызматынан бошотулган Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри болуп быйыл 3-февралда дайындалган. Ага чейин тармакты Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген.