Жети жашар кызды өлтүргөн зөөкүрдүн соту

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Нарын районунун Орто-Нура айылында киши колдуу болгон жети жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалган 64 жаштагы зөөкүр 12 жылга эркинен ажыратылды. Жабырланган тарап нааразы болуп, сот чечимин талашып, кийинки инстанцияга арыз жазды.

"Халил Шаршеков Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү, 3,7,8,14-пункттары менен күнөлүү деп табылып, анын негизинде 12 (он эки) жылга эркиндигинен ажыратылсын, мүлкү конфискацияланбасын”, - деп райондук соттун чечиминде жазылып турат.

Мындан улам маркум кыздын агасы Жеңиш Алаев сотто иш ар тараптуу каралган жок деген пикирди айтууда.

"Нарын райондук соту ишти бир жактуу карап, тиркелген материалдарга тиешелүү баа берген жок. Иш ар тараптуу изилденбей, айыпталуучу Халил Шаршековго өтө эле жеңил жаза чегерилип калды деп эсептейм".

Учурунда бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы да айтылган.

Окуя болгондон кийин эле облустун ички иштер башкармалыгы шектүү катары ошол эле айылдын 64 жаштагы тургунун кармаган. Кыздын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Шектүү күнөөсүн дароо эле мойнуна алган.

Ошол эле күнү Шаршековдун үй-бүлөсү айылдан дароо көчүп кетишкен. Айыл тургундарынын айтымында, анын туугандары айылга анда-санда келип турат.

"Атып салса деле аздык кылмак?"

Айыпкерге карата чечим чыкканга чейин бир нече ирет соттук отурум өткөн. Жабырлануучу тарап соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү суранган. Бирок иштин жыйынтыгы алар күткөндөй болгон эмес.

"Тергөөгө дагы катыштык. Экспертизанын жыйынтыгын да көрдүк. Баарын ошол киши кылган. Сотто ал күнөөсүн толук мойнуна алды. Тоок уурдаганга деле 10 жыл, телефон уурдаганга деле 10 жыл берип коюп жатышат. Он бир жыл төрт ай деп берип койгонуна, мыйзамга нааразымын. Мыйзамда алтымыш жаштан жогорку адамдар өмүр бою абакка кесилбейт экен. Эмне мындай мыкаачыларды бапестейбизби? Мыйзам карапайым эл үчүн иштеши керек да", – деди каза болгон кыздын агасы Жеңиш.

Күтүлбөгөн жерден мончоктой кызынынан ажырап калган ата-эненин абалын айтпасак дагы белгилүү. Алардын тынчын алгыбыз келбей соттук отурумдарга катышып, окуяга тыкыр көз салып турган туугандары менен маектешкенибиздин себеби дагы ушул.

Сот мындай чечимди мыйзамга ылайык жана кылмышкердин жашына байланыштуу кабыл алганы менен түшүндүрдү:

"Мындай кылмыш жасаган кишиге атып салса деле аздык кылмак. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө өмүр бою эркинен ажыратуу аялдарга, 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасагандарга, ал эми кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге дайындалбайт деген берене бар. Ошондой эле 67-берененин 5-бөлүмүнүн талабына ылайык, эркиндигинен ажыратууга соттолгон 55 жаштан ашкан эркектердин жана элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү ушул кодексте өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү беренесинде каралган эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт деп көрсөтүлгөн. Мына ушундан улам сот аргасыздан 12 жыл берүүгө мажбур болду",- деди облустук соттун басма сөз катчысы Барктабас Белеков.

"Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова көз көрүнө мыкаачылык болуп турса дагы сот жеңил жаза кабыл алып жаткан учур көбөйүп жатканына көңүл бурууда:

"Бул чечимди туура эмес деп эсептейм. Себеби бул оор кылмыш. Кыз балага зомбулук көрсөтүп анан өлтүрүп таштап жатпайбы. Ошол кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратышы керек болчу. Ал эми соттун түшүндүрмөсүн айта кетсем, жети жашар кыз алсыз болгону үчүн анын жашына карабай эле эркинен толугу менен ажыратышы керек болчу. Себеби мыкаачылык менен кызды өлтүрүлүп жатпайбы".

"Буга чейин Сокулук районунда эки балага мыкаачылык көрсөтүлгөн окуяда кылмышкерди пробацияга чыгарып жиберишти. Албетте, ушундай жеңил жаза берип жатса, кылмыш кылгандар токтобойт да".

Окуя бир эле үй-бүлөгө эмес, бүтүндөй бир айылга чоң сокку болду. Андан кийин кыштакта арак сатуу токтотулуп, жаш балдар жакындарынын коштоосу менен жүрүп калганы айтылды.

Ал эми башталгыч класстын окуучулары унаа менен мектептен үйгө жеткирилип жатат.

"Бир айылда туруп ушинтип коркуп жашайбызбы? Биздин эркектер кайдасыңар? Коркпой жашашыбыз керек эле деп жыйындарда аялдар көп айтышат", - дейт айыл тургуну.

Азыр зордукталган кыздын сөөгү табылган ээн үй жамандыктын, трагедиянын кара тагы болуп көбүнүн жүрөгүнүн үшүн алган жер болуп калды.