Трамп: Газаны ээлеп алып, аны Жакынкы Чыгыштагы гүлдөгөн аймак кылууга даярбыз

Газада урандыга айланган үйдө отурган аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газада урандыга айланган үйдө отурган аял

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Вашингтондо биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ Газа тилкесин ээлеп алууга жана ал жерде экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экенин айтты.

"АКШ Газа секторун көзөмөлгө алып, аймактагы жарылбай калган бомбаларды жана башка курал-жарактарды жок кылууга, кыйраган имараттарды тазалоого жооптуу болобуз. Экономиканы өнүктүрөбүз жана аймактын тургундары үчүн эсепсиз жумуш орундарын түзөбүз, турак-жайларды курабыз".

Трамп Газа тилкесин "сүрдүрө турган аймак" деп атады.

АКШ президенти кечээ Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху менен жолугушту. Сүйлөшүүгө чейин Трамп газалыктарды Жакынкы Чыгыштагы бир же бир нече мамлекеттер тарабынан сунушталган жаңы аймактарга көчүүнү сунуштады.

Палестиналыктар Египет менен Иорданияга көчүп барса болот дейт. Анын айтымында, бул "бир же бир нече территория" болушу мүмкүн.

"Алар Газада жашап жатат, анткени башка аргасы жок. Аларда эмне бар? Болгону урандылардын чоң-чоң үймөгү эле бар", - деди Трамп.

Ошондой эле ал басма сөз жыйынында АКШ Газа тилкесине "узак мөөнөткө ээлик кылса", бул "миңдеген жумуш ордун" түзөт.

"Мен АКШнын Газага узак мөөнөткө ээлик кылуусунун көп пайдасын көрүп турам. Эгер андай болсо, бул ошол аймакка жана балким бүткүл Жакынкы Чыгышка стабилдүүлүк алып келет деп эсептейм", - деди Трамп.

"Бул идея баарына жагат", - деп кошумчалады ал.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын билдирүүсүнө комментарий берип жатып бул идея "көңүл бурууга татыктуу" деп айтты.

"Трамп Газанын башкача келечегин көрө алат. Бул тарыхты өзгөртө турган окуя болмок деп ойлойм", - дейт Нетаньяху.

Анын билдиришинче, сөз болуп жаткан анклавдын аймагы мындан ары Израилге коркунуч туудурбай калмак.

Нетаньяху АКШга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Трампты "Израилдин Ак үйдөгү эң жакын досу" деп атады.

Трамп менен Нетаньяхунун сөзүнөн кийинки басма сөз жыйынындагы маанайды журналисттер таң калыштуу деп сүрөттөп жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA/Bloomberg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Нетаньяхунун сөзүнөн кийинки басма сөз жыйынындагы маанайды журналисттер таң калыштуу деп сүрөттөп жатышат

"Жакынкы Чыгыштын Ривьерасы"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пол Адамс, Би-Би-Синин дипломатия иштери боюнча кабарчысы

Дональд Трамптын Газа боюнча сунуштарына баары таң калууда.

Ал Газаны алабыз, имараттарды бузуп, жарылбай калган снаряддардан тазалайбыз, жумуш орундарын түзүп, аймактын элине турак жай курабыз деп жатат. Бирок кеп ким жөнүндө болуп жатканы белгисиз.

Газа тилкесиндеги палестиналыктарды - эки миллиондой кишини Иорданияга, Египетке жана башка аймактарга көчүрүү сунушу да айтылды.

Ал ошондой эле Газаны "Жакынкы Чыгыштын Ривьерасына" айландыруу жөнүндө сөз кылды.

Бул өтө оор маселе. Трамп кайсы эл аралык нормалардын алдында иш-аракет кылууну көздөп жатканын ачык айткан жок.

Трамп менен Нетаньяхунун сөзүнөн кийинки басма сөз жыйынындагы маанайды журналисттер таң калыштуу деп сүрөттөп жатышат. АКШ президенти мындай чуулуу сунуштарды көтөрөт деп жыйынга катышкан журналисттер күтпөсө керек.

Газа боюнча позициясы үчүн шайлоодо Жо Байденге добуш берүүдөн карманган АКШдагы көптөгөн шайлоочу азыр Трамптын сөзүнөн кийин кооптонуп турганын айтат.

АКШдагы Демократиялык партиянын өкүлдөрү Трамптын Газа тилкесин көзөмөлгө алуу сунушуна кескин жооп кайтарды:

"Токтогула, бул эмнеси? АКШ Газаны басып алабы? Бизге мындан ары согуштар болбойт деп убада беришкен. Менин эсебим боюнча, биз буга чейин Гренландияны, Канаданы, Панама каналын басып алганбыз, эми Газаны басып алабызбы?", - деди калифорниялык конгрессмен Эрик Суолуэлл.

Нетаньяху менен Трамптын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, AFP

Трамп айткандай газалыктар аймактан чыгып кетсе, бул "чөлкөмдөгү башаламандык жана чыңалууга алып келет" деп ХАМАС өкүлдөрү билдирүүдө.

CNN байланышка чыккан араб өлкөлөрүнүн жогорку даражадагы расмийлери Трамптын комментарийлерине таң калганын билдиришти.

Бир чиновник муну "түшүнүү жана кабыл алуу кыйын" деди. Экинчи дипломат болсо "Трамптын сөздөрү Газадагы ок атышпоо келишимине доо кетирет" дейт.

"Мындай сунуш палестиналыктарга, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы жашоого жана элдин кадыр-баркына оор кедергисин тийгизет", - деген ал.