Франция Палестина мамлекетин таануу чечимин кабыл алганын билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франция президенти Эммануэль Макрон сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Палестинаны расмий түрдө тааный турганын жарыялады.
"Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча тарыхый милдетиме таянып, Франциянын Палестина мамлекетин таануу чечимин кабыл алдым. Бул тууралуу быйыл сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында расмий жарыя кылам", — деп жазды Макрон "Х" социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Ал билдирүүгө Палестина автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббаска жолдогон катын да кошуп тиркеди.
"Тез арада ок атышууну токтотуу, барымтадагылардын баарын бошотуу жана Газа элине массалык гуманитардык жардам көрсөтүү зарыл. Ошондой эле ХАМАСты куралсыздандыруу, аймактагы коопсуздукту камсыздоо жана Газаны калыбына келтирүү маанилүү", - деп кошумчалады Макрон.

Сүрөттүн булагы, x.com/EmmanuelMacron
Палестинанын расмий өкүлдөрү Макрондун чечимин кубаттады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул кадамды 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС уюштурган кол салуудан кийин "террор үчүн сыйлык" деп сыпаттады.
"Мындай шарттарда Палестина мамлекети Израил менен тынчтыкта жанаша жашоо үчүн эмес, аны жок кылуу үчүн плацдармга айланат. Палестиналыктар Израил менен катар эмес, анын ордуна өз мамлекет курууну көздөп жатат", - деп билдирди Нетаньяху.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Макрондун чечимин абсурд деп атады.
Учурда БУУга мүчө 193 мамлекеттин 140тан ашууну Палестинаны мамлекет катары тааныган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алардын арасында Орусия менен Кытай, ошондой эле Евробиримдиктин бир нече өлкөлөрү, анын ичинде Испания жана Польша бар. АКШ менен Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары тааный элек.
Британиянын премьер-министри Кейр Стармер жума күнү Франция жана Германиянын лидерлери менен чукул сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "Газадагы кан төгүүнү токтотуп, элге зарыл болгон азык-түлүк жана жардам жеткирүүнү камсыз кылуу" маселесин талкуулай турганын айтты.
"Биз гуманитардык апааттын күбөсү болуудабыз",- деди Стармер.
Ал кошумчалагандай, мамлекеттүүлүк - "палестин элинин ажырагыс укугу", ок атышууну токтотуу болсо "Палестина мамлекетин таанууга карай жол ачат".
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жума түнү Вашингтон Франциянын Палестина мамлекетин таануу планына каршы экенин билдирди.
"Бул опурталдуу чечим ХАМАСтын пропагандасына гана кызмат кылат жана тынчтык жараянын бузат. Бул 7-октябрдагы курмандыктардын бетине чапкан шапалак",- деп жазды Рубио "Х" социалдык тармагында.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Палестина мамлекетин тааный турганы тууралуу билдирүүсү бейшемби күнү кечинде негизги тележаңылыктар аяктаган соң жарыяланганы көпчүлүк франциялыктар үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн.
Бирок сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин таануу тууралуу чечими күтүлбөгөн жаңылык болгон жок.
Өткөн жылдын апрель айында Макрон Палестина мамлекеттүүлүгү боюнча июнда өтө турган саммитте бул чечимди жарыялашы мүмкүн экенин айткан болчу, бирок саммит кийинкиге жылып калган.
Эми сентябрь айы так дата катары айтылган соң, Франциядагы саясатчылардын пикири экиге бөлүндү.
Солчул партиялар бул кадамды негизинен кубатташты. "Экологдор" партиясынын лидери Марин Тонделье муну "чоң кадам" деп атап, "кеч болсо да жакшы" деди.
Солчул радикалдардын лидери Жан-Люк Меланшон бул чечимди "моралдык жеңиш" катары баалады.
Социалисттер тараптан Оливье Фор бул кадам санкциялар менен коштолушу керек экенин айтып, Европа Израилдин "үстөмдүккө негизделген жана миссиячыл өкмөтүнө" басым кылууга тийиш экенин белгиледи.
Борбордук саясий лидерлер жана оңчул-республикалык партиядагы саясатчылардын көбү өкмөттүн курамында болгондуктан, бул маселе боюнча пикирин билдиришкен жок. Бирок ашынган оңчулдар өздөрүнүн каршы пикирин ачык айтышты.
"Улуттук биримдик" партиясынын лидери Марин Ле Пендин айтымында, Палестинаны мамлекет катары таануу - "ХАМАС башкарган, демек, террордук мамлекетти таануу" дегенге барабар. Ал бул чечимди "саясий жана моралдык ката" деп атады.












