Кызамык жуктургандар көбөйдү: алдын алуу жана дарыгердин сунушу

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кызамык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын дарыгерлери соңку эки жылда кызамык оорусу кайрадан күч алды деп жатат. Адистердин маалыматына караганда, бул жугуштуу инфекция быйыл эле эки наристенин өмүрүн алды. Дарыгерлер эмдөө бул илдеттин алдын алчу эң негизги фактор экенин айтып келишет.

Эмдөө борбору пландуу эмдөөнүн көрсөткүчү 90 пайыздан ашып (96 пайыздан тарта эң жакшы көрсөткүч деп саналат), ал эми кошумча эмдөө боюнча көрсөткүч аймактарга карата ар башка экенин белгиледи. Мисалы Жалал-Абадда соңку мезгилде эмдөө алгандардын саны өсүп, 88 пайызга чейин жеткен. Чүй облусу боюнча алганда 92 пайыз. Бирок ошого карабай айрым райондордо начар көрсөткүчтөр да бар. Бишкекте кызамыкка каршы эмдөө алгандар 69 пайызга жетти. Борбор кошумча эмдөө аркылуу кеминде 910 миң баланы торуган тобокелди азайттык деп жатат.

Нуржамал он күндөн ашык убакыттан бери эки баласын карап ооруканада жатат. Алгач тун уулу, андан соң кенжеси кызамык менен ооруп калган.

Айтымында, 5-6 күнгө чейин дене табы 40 градуска чейин жетип, эки баласы тең абдан оор көтөргөн.

"Улуу балам оюн залына барып келгенден кийин эле ооруп калды. Кусуп, ичи өттү. Сасык тумоо жуктуруп алды окшойт деп үйдө дарылап жаттым. Жергиликтүү үй-бүлөлүк медициналык борборуна алып барсам тамагы кызарып калыптыр деп дары жазып берди. Бешинчи күн дегенде денеси исиркектеп баштады. Ошондо ооруканага кайрылдык. Ал балам жатып жакшы болуп калганда экинчи балам ооруп калды",- деди ал.

Нуржамалдын тун уулу беш, экинчи уулу эки жашта. Балдар кызамыкка каршы эмделген эмес.

"Чынын айтканда эмдеткенге өзүм деле кызыкдар эмес болчумун. Эмдөөгө деле көп ишене бербейм. Азыркы дары-дармектин сапатына ишенүү кыйын",- деди ал.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева соңку учурда кызамык жуктуруп кайрылгандардын саны өсүп жатканын айтат.

Анын айтымында, жыл жаңыргандан тартып кызамыктан эки бала чарчап калган. Алардын бири бир жашка чыга элек бөбөк болсо, экинчиси сегиз жашта болчу. Экөө тең оор абалда келип түшкөн.

"Балдарды ооруканага кеч алып келишти. Бир жашка чыга элек баланын өнөкөт оорусу болгон. Мындай учурда оору бат күчөп, тез эле өөрчүп кетет. Экинчи бала баардык үй-бүлө мүчөлөрү менен жаткан. Кызамык атасына, карындашына дагы жуккан. Эки бала тең эмделген эмес",- деди Нургүл Молдалиева.

"Үч эсе көп болду"

Кызамык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Статистикалык маалыматтарды карасак, 2023-жылга салыштырмалуу 2024- жылы кызамык менен Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткан бейтаптардын саны үч эсеге көп болгон. Тагыраагы жыл ичинде жети миңге чукул киши дарыланып чыккан.

Аталган ооруканада учурда 429 бейтап дарыланып жатса, алардын 223ү кызамык менен ооругандар.

"Мындайча айтканда дарыланып жаткандардын 52 пайызын кызамык менен ооругандар түзүп жатат. Күнүгө 200дөн ашуун бейтап кайрылса, алардын 30дан ашууну кызамык менен келгендер. 223 бейтаптын он сегизи гана чоң кишилер, калганы балдар. Алардын 90 пайызга жакыны эмделген эмес",- деди дарыгер.

Эгер жалпы республикалык көрсөткүчтү карай турган болсок, 2023-жылы кызамык жуктурган 7 миң 46 учур катталган. Былтыр бул сан эки эсеге өсүп, вирусту жуктургандар 14 миңден ашкан. Быйыл жыл башынан тартып республика боюнча 1681 учур аныкталган.

"2020, 2021 жана 2022-жылдары бирин-серин гана ооругандар болбосо көрсөткүч кыйла төмөн эле. 2023-жылдын январынан татып күч ала баштады. Кызамыкка 80 пайыз жети жашка чейинки балдар кабылат",- деди Республикалык иммунопрофилактика борбордун эпидемиологу Гүлзада Даданова

Кыргызстан боюнча мурдагы жылы кызамыктан тогуз бала, былтыр беш бала чарчап калган. Быйыл жыл башында эле эки бала чарчап калды.

Алгачкы белгилери

Кызамык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кызамыктын алгачкы биринчи белгилери сасык тумоого окшош болгондуктан көп ата-эне маани бербейт жана ооруканага кеч алып келет дейт дарыгерлер.

Эпидемиологдордун айтымында, вирус адамдын организмине кирип, алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки инкубация мезгили 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Анан кийин катаралдык мезгил деп аталып, ал учурда сасык тумоого окшош белгилери чыга баштайт.

Дене табы көтөрүлүп, көзүнөн жаш куюлуп, чылпактайт. Мурдунан суу куюлат. Айрым учурда үнү каргылданып, жөтөл менен коштолот.

"Ата-энелер болсо өзү билген дарыларын берип отура берип убакыттан уттуруп коет. Качан гана өтүшүп кетип өпкөсү кагынып, дем алуу органдары сезгенип калганда кеч кайрылышат",- деди инфекциялык оорукананы дарыгери Молдалиева.

Расмий маалыматтарга ылайык, кызамык жуктурган балдардын 30 пайыз оору өтүшүп кеткенде доктурга келет. Дарыгерлердин айтымында, бул вирустун эң жаман жери өнөкөт ооруларды тез козгойт. Эгер өтүшүп кетсе, өпкөнүн, мээнин сезгенүүсүнө, кулактын укпай калуусуна, көздүн көрбөй калуусуна алып келет.

"Эң көп пневмония оорусун козгойт. Анча-мынча иммунитети алсыз балдар оору менен күрөшө албай калат",- деди эпидемиолог Гүлзада Даданова.

Кызамык - бул өтө жугуштуу оору. Ал киши жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшүүдө аба аркылуу жугат. Жабык имаратта вирус эки саатка чейин кармалат.

"Эгер бир эле бала ооруп калса, максималдуу 18 балга чейин жуктуруп коет. Кызамык менен ооруган киши менен түз байланыш болбосо дагы ал кирип чыккан бөлмөгө же имаратка кирип жуктуруп алуу мүмкүн. Айрыкча бир жашка чейинки жана эмдөөдөн өтпөгөн балдар үчүң тобокелдиги жогору",- деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун дарыгери Даданова.

Эмдөө канчалык маанилүү?

Эмдөө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Медициналык тил менен айтканда кызамыкты эмдөө аркылуу жөнгө салынуучу инфекция деп атап коюшат. Дарыгерлер болсо соңку жылдары кызамыктын өсүп жатканынын негизги себебин жарандардын эмдөөдөн баш тартып жатканы менен байланыштырат.

"Ар кандай себептерге байланыштуу ата-энелер балдарын эмдөөдөн өткөрбөй жатат. Эмдөөнү жөн гана бизнес дегендер жок эмес. Ал ден соолукка зыян алып келет жана баланы оорулуу кылып салат деген мифтерге ишенишет. Диний көз караш менен дагы балдарын эмдетпей койгондор көп болуп жатат. Бир гана кызамыктын эмес, төрөлгөндөн тартып бардык вакцинадан баш тарткандар бар",- деди эпидемиолог.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, вакцина сатып алууга Кыргызстан республикалык бюджеттен жылда каражат бөлөт.

Ал каражатка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун квалификациясынан өткөн вакцина гана сатылып алынат. Уюм алардын сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугун кепилдик берет.

"Андан тышкары өзүбүздө эпидемиологиялык көзөмөл деген бар. Ал канча киши эмделди? Канчасы оор көтөрдү деп мониторинг жүргүзүп турат. Эмделгенден кийин сөзсүз дене табы көтөрүлүп, ийне сайган жери ооруп, бала ыйлап түйшөлөт. Айрым ата-энелер болсо вакцинадан кийин балам ооруп калды деп кийинкилерин сайдырбай коет. Бирок бул күтүлгөн эле реакция да",- деди эпидемиолог Даданова.

Дарыгерлердин айтымында, эмдөө аркылуу көптөгөн жугуштуу оорулардан алдын алса болот. Эмделген адам такыр эле оорубайт деп айтууга дагы болбойт. Бирок аларды жеңил көтөрөт.

"Маселен, быйыл эмделген балдардын арасынан кызамык менен 3 пайызы гана ооруду. Алардын ичинен бир доза алгандар эки пайызды түзсө, эки дозаны тең алгандар бир гана пайыз болду. Ошондо эмделген 100 баланын бирөө гана ооруп калышы ыктымал. Эгер ата-эне туура түшүнүп балдарын эмдетсе бул ооруну токтотсок болот",- деди ал.

Маалыматка караганда кызамыкка каршы бала бир жашка чыкканда жана эки жашында эмделет.

Дарыгерлердин айтымында, учурда инфекциянын негизги булагы Бишкек шаары болуп жатат. Жыл башынан бери аныкталган 1681 учурдун 1067си Бишкекте катталган.

Иммунизацияга республикалык бюджеттен жылына 140 млн. сом акча бөлүнөт, донорлордон 260 млн. сомдун тегерегинде каражат каралат.