"Чет элдик таасирдин ачыктыгы". Грузия парламенти катуу каршылыкка карабай, талаштуу мыйзамды кабыл алды

Талаштуу мыйзамдын талкуусу массалык каршылык акциялар менен коштолду

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талаштуу мыйзамдын талкуусу массалык каршылык акциялар менен коштолду

Грузин парламенти массалык каршылыкка карабай, "чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Грузин парламенти "чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү жана акыркы окууда кабыл алды. Ага каршы көп миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өттү жана Грузия бийлигинин дарегине Батыш өнөктөштөрүнөн катуу сындар айтылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, жылдык кирешенин 20% ашыгын чет өлкөдөн алган бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлар "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеген уюм" катары каттоодон өтүшү керек.

Алар жылдык каржылык декларацияны толтурушу керек, ал эми каттоодон качууга аракет кылгандар же декларация тапшырбагандар 25 миң лари (болжол менен 9,5 миң доллар) айып пул төлөйт.

Парламентте талкуу жүрүп жатканда, Тбилисинин борборунда митингчилер полиция менен кагылышты, массалык нааразылык акциянын ондогон катышуучулары кармалды.

Шейшемби күнү парламенттин өзүндө кайрадан сары деңгээл деп аталган режим ишке кирди. Басма сөз жана интернет ЖМКлардын журналисттери (алардын көбү жаңы мыйзам менен түздөн-түз байланышта болот) жыйынга кире алышпады.

Ушул эле чектөө мыйзам долбоорун биринчи жана экинчи окууда кароо учурунда да колдонулган эле.

Шейшембиде Руставели проспектисиндеги парламент имаратынын алдына митингчилер кайрадан чогулду. Каршылык акциясына активдүү катышкан студенттер парламент имаратына жөө жүрүш жасашты.

Дүйшөмбүдөн баштап айрым мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардын студенттик кыймылдары аудиторияга кирбейт жана мыйзам долбоорун жокко чыгарууну талап кылып, лекцияларга катышуудан баш тартышмакчы. Профессордук-окутуучулук курамдын бир бөлүгү студенттер менен тилектеш экенин билдирди.

Каршы болуп жаткандар мындай мыйзамды кабыл алуу сөз эркиндигине жана жарандык коомго гана эмес, жарым жыл мурда эле Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын алган Грузиянын евроинтеграциясына да кесепети тиет дешет.

"Европага - макул. Россиянын мыйзамына - жок" - акыркы айда уланып жаткан акциялардын башкы урааны ушундай болду.

Экинчи аракет

Мыйзам долбоору 14-майдагы пленардык жыйында үчүнчү окууда карала турганын парламенттеги башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү алдын ала билдиришкен. Алар бул Грузиядагы жаатташууну токтотот жана өкмөттүк эмес секторду каржылоонун ачыктыгын камсыздайт деген жүйөнү бетке кармашууда.

Бийлик мыйзам долбоорун кабыл алууга ашыгып жатканын парламенттин юридикалык маселелер боюнча комитетинин отуруму да кашкайта көрсөттү. Депутаттар мыйзам долбоорун бир мүнөткө жетпеген убакытта жактырып колдоп беришти.

Оппозициячыл депутат Хатия Деканоидзенин айтымында, жыйынга оппозициячылар гана эмес, парламенттик көпчүлүктүн өкүлдөрү да кире алган жок.

"Жолугушуу бир мүнөт жети секундда аяктады. Бул ойго келбеген, уят, легитимсиз сессия болду", - деди ал.

Парламенттин алдындагы каршылык акциянын катышуучулары. 13-май, 2024-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламенттин алдындагы каршылык акциянын катышуучулары. 13-май, 2024-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оппозициянын пикиринде, мыйзам долбоору Орусиянын "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамдарынын көчүрмөсү, ошондуктан аны кабыл алуу россиялык сценарийге айланып кетиши мүмкүн — бийликти сындаган көз карандысыз уюмдар менен ЖМКлардын ишин жаманатты кылып, токтотуп салуу коркунучу бар.

Мыйзамга каршы болгондор андан сөз эркиндигине жана Грузиянын жарандык секторуна гана эмес, өлкөнүн Евробиримдиктеги келечектеги мүчөлүгүнө да коркунуч катары көрүп жатат.

Алардын айтымында, Грузия Орусия мыйзамын көчүрүп алганы долбоор парламентте каралып жатканда, андан кийин укук коргоочулар демонстранттарга күч колдонгон учурда түшүнүктүү болду.

ЖМКнын объективине түшкөн кадрларда демонстранттарды полицейлер катуу кармаганы жана ур-токмокко алганы көрүнөт.

Грузиянын элдик жактоочусунун айтымында, 13-майда парламентте кармалгандардын дээрлик бардыгына полиция зомбулук көрсөтүп, кээ биринин денесинен жаракат келтирген.

Өткөн аптада Тбилисинин көчөлөрүндө белгисиз адамдар тарабынан мыйзам долбоорунун бир нече каршылаштары кол салууга жана ур-токмокко алынган.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандардын кээ бирине белгисиз адамдан коркутуу-үркүтүүлөр болгон.

"Европанын борбору"

Каршылык акциянын катышуучуларынын арасында жаштар көп

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каршылык акциянын катышуучуларынын арасында жаштар көп

Полиция демонстранттарга каршы күч колдонуп жатканда, Вашингтондо жана Европанын борборлорунан кабатыр жана катуу реакция болууда.

Үчүнчү окуу европалык саясатчылардын жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы, АКШнын санкциялык саясат маселелери боюнча координатору Жеймс О ' Брайендин Грузияга болгон сапарынын учурунда өттү.

Бир күн мурда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе башкаруучу партиянын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзин Иванишвили О ' Брайен менен жолугушуудан баш тартканын кабарлады.

Премьер-министрдин айтымында, бул мындай биринчи окуя эмес жана өткөн айларда Иванишвили башка чет элдик дипломаттар менен саясатчылар менен да жолугушууга барбай койду.

"Бидзина Иванишвилинин позициясы, ал шантаж астында бир дагы жолугушуу өткөрө албайт. Бул анын так позициясы. Опуза жана де-факто санкциялар аяктагандан кийин, албетте, кандайдыр бир жолугушуу болушу мүмкүн", — деди Кобахидзе.

Ошол эле учурда грузин премьери бийлик президенттик вето алкагында европалык өнөктөштөр менен мыйзам долбоору боюнча талкууга ачык экенин айтат. Парламенттеги көпчүлүк болгон бийликчил партиянын депутаттары Зурабишвилинин ветосун оңой эле жеңип чыгып, былтыр массалык нааразылык акцияларынан улам кайра чакыртып алынган мыйзам долбоорун ишке киргизе алат деп күтүлүүдө.

Бийликтеги партия импичмент жарыялоого аракет кылган Саломе Зурабишвили мыйзам долбооруна вето коерун билдирди.

Буга чейин Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили 13-14-майда Европанын бир катар өлкөлөрүнүн парламенттик комитеттеринин башчыларынын жолугушуу өтүнүчүн четке какканын айткан. Анын айтымында, "радикалдык оппозиция "мындай сапарды "радикалдуу аракеттерге" дем берүү катары баалашы мүмкүн.

Бийлик акциялар учурундагы зордук-зомбулук пландары жана ээнбаштык тууралуу айтып жатканда, көптөгөн европалык саясатчылар Грузиянын евробиримдиктеги келечеги үчүн акция өткөргөн демонстранттарга тилектештигин билдиришти.

"Кайра-кайра, кайрадан: Тбилиси - Европанын борбору! Мен эркиндик жана демократия үчүн тынч жыйынга чыгып жаткан грузин эли менен сыймыктанам", — деп Германиянын Бундестагынын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Рот Грузияга сапары алдында соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал 11-майда Тбилисиде өткөн "Европа маршына" - мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы миңдеген адам катышкан кезектеги акцияга ушундай пикирин калтырды. (КС)