Француз шаарчасындагы мэр менен көзү ачыктын жаңжалы
Крис Бокман, Би-Би-Си Дүйнөлүк жаңылыктар кызматы, Агде

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги Агде шаары өзүнүн кумдуу, кооз пляждары жана жылуу аба ырайы менен белгилүү болчу, бирок ал жапайы секс кечелерин өткөрүү жагынан да атагы чыккан.
Шаарда Европадагы эң чоң свингер жамааты жашайт. Он миңдеген түгөйлөр шериктештерин алмаштыруу үчүн жыл сайын Европанын булуң-бурчунан бул шаарга барышат.
Бирок азыр шаар бүт аны жаманатты кылган жаңжалга күбө болууда, Франциянын калган бөлүгү болсо, мындай жамааттык көңүл ачууну жактырбай турат.
Муну жергиликтүү экстрасенске жана шаардын мэри Жиль д'Эттореге, мурдагы жашыруун кызматтын офицери жана полиция кызматкерине гана тиешелүү окуя десе болот.
Соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан, учурда экөө тең камакта отурат. Көзү ачык София Мартинеске акчаны короткону үчүн күнөө тагылды, ал эми мэр салык төлөөчүлөрдүн ири суммадагы акчасын ага сарптаганы үчүн коррупцияга айыпталууда.
Мартинес айым өлгөндөр менен сүйлөшө алган адам катары таанымал болчу. Д'Этторе мырзанын адвокатынын айтымында, мэр аны каза болгон атасы менен байланыштырууну өтүнгөн, ал эми көзү ачык анын талабын оңой аткарган. Сеанс өтүп жатканда, анын үнү күтүлбөгөн жерден өзгөрүп, мэрдин атасынын үнүндөй чыга баштаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыркы төрт жыл ичинде ал мэрди көзмө-көз жана телефон аркылуу укмуштуудай вентрилогист жөндөмү менен башкарган деп айтылып жүрөт.
Ага өлгөндөрдүн, анын ичинде периштелердин «үнүндөй» угулган миңдеген сырдуу чалуулар келип түшкөн, алардын айрымдары мэрди төлгөчүгө жардам берүүгө үндөгөн.
Коррупциянын башаты ушул жерде турат.
Мэр сырдуу үндөрдүн талабына көнүп, Мартинес айым менен анын үй-бүлөсүнө Полинезияга жана Таиландга барып эс алууга мамлекеттик каражаттардын эсебинен төлөп берген деп шектелүүдө.
"Үндөр" экстрасенстин үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсүн шаардык кеңешке жумушка алып, үйүн оңдоого мэрди көндүргөн деп болжолдонууда. Мэр менен байланышы бар жергиликтүү ишкерлер аны менен келечектеги келишимдерин жоготуп алуудан коркуп, бул ишти бекер жасашкан.
Жаңылыктардын чордонунда калган мэрдин адвокаты Жан Марк Дарригейд бир түндө өз шефинен кийинки эле атактуу адам болуп калды.

Сүрөттүн булагы, CHECK
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул дегеле адам ишенбей турган окуя", - дейт ал мага жакын жердеги Монпельедеги кеңсесинде. «Анткени саясатта мэр жана экс-депутат болгон абдан акылдуу адам бар дейли. Ошондой эркектин башын бир аял айландырып алып жатпайбы".
«Ал аял ага келип, мен сенин маркум атаң менен сүйлөшөм деп айткан. Ал анын психикалык алсыз жерин таап, аны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Ал алданып калганын түшүнгөнгө чейин көп убакыт өтүп кетти», - деп кошумчалайт Дарригейд.
Бирок Мартинес айымдын адвокаты Люк Абраткевич окуя боюнча таптакыр башкача пикирди карманат.
"Ал мэрдин ишенимине кирип, ошондон пайдаланганын мойнуна алды, бирок бул манипуляция эмес, анткени ал кылган иштерине баа берип турган жана башка кардарлар, анын ичинде дарыгерлер менен архитекторлор анын мистикалык күчү бар экенин айтышкан",- дейт ал.
"Ал алардын жашоосу жөнүндө эч ким билбеген маалыматтарды ачып берди."
Адвокаттар муну четке кагышат, бирок жергиликтүү тургундар мунун баары буга чейин деле шаарда ансыз да көп болгон секске байланыштуу экенин айтышууда.
Мэрияга жакын жердеги күн чайыттай тийген кафенин кардары Жан-Макс: «Мага мэр жагат, ал мага жакшылык кылган. Алданып калды окшойт. Балким, ал аны сүйүп калгандыр», -деди.
Дагы бир жергиликтүү тургун күлүп, мындай деп кошумчалады: «Мен үчүн секс – жаңжалдын өзөгү. Акча болгон жерде секс болбой койбойт".
"Экөөсү бирдей күнөөлүү".

Ашынган оңчулдар акыркы жылдары Франциянын бул бөлүгүндө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Мэрдин эң катуу сынчыларынын бири - Марин Ле Пендин "Рассемблемент" улуттук партиясынын тез өсүп келе жаткан жергиликтүү саясатчысы Фабьен Варезано. Ал мэрди кызматтан кетүүгө чакырды.
«Мэр берешен боло алат, ар кандай аялдарды сүйө алат, бул анын жеке жашоосу. Ал эми салык төлөөчүлөрдүн акчасын колдонуу, бул башка кеп», - дейт ал.
"Ал биздин шаарды шерменде кылды".
Сот күбөлөрдү мүмкүн болуучу бурмалоодон сактоо үчүн мэрди да, төлгөчүнү да камакта калтырды. Мартинес айым болсо, камактагы аялдар аны сыйкырчылыкка айыптап, кол салгандан кийин, жалгыз камерага которулду. (МА)
Крис Бокман "Сиз фуа-грас кабарчысы болосузбу? Франциянын түштүк-батышындагы дагы бир жай жаңылык күнү" китебинин автору.








