You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сириядан кайткандарды коомго кошуу жоопкерчилиги
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Учурда Сирияда болжол менен дагы 340 кыргызстандык бар экени айтылууда. Аларды кайтарып келүү аракети уланат. Соңку ирет 22-октябрда Сириядан 21 аял жана алтымыштан ашуун бала алынып келинди. Эми аларды радикалдуу, экстремисттик идеялардан арылтып, коомго кошуу маселеси кандай болот деген башкы суроо турат.
Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден кыргыз жарандарын алып келүү иши 2022-жылдын июль айында башталган. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. “Айкөл” программасынын негизинде Тышкы иштер министрлиги өнөктөш мамлекеттер менен бир катар дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
“Бул чоң иш болду. Эки жыл ичиндеги сүйлөшүүлөр өз жыйынтыктарын берип жатат. Сирия, күрт, Америка, Кувейт тараптар, ар бири өздөрүнүн салымын кошушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Сириянын түндүк-чыгышындагы кыргыз жарандарын топтоп, Сириядагы Американын авиабазасы бар, ошол жактан ар бир жаранды карап, идентификация кылып, биздин жарандыкка таандыктарын аныктап, анан алып келдик”,- деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бакыт Кадыров.
Лагердеги жарандарынын көбүнүн документи жок болгондуктан, аларды табуу, чогултуу бир топ түйшүктү жараткан. Сирия дагы өз аймагындагы чет мамлекеттин жарандарын чыгарууга кызыкдар. Ошол себептен, алар чет элдик жарандарды таап, чогултууга көмөктөшүп келишет.
Кайтып келгендерди коомго аралаштыруу
Кайтып келгендер эки айдай реабилитациялоо процессинде болушат. Бул убакыт аралыгында психолог менен иштешип, билим берилип, дин аалымдары тарабынан лекциялар өткөрүлүп, ден соолуктарын чыңдоо иштери жүрөт.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги пансионаттагы жашоо режими тууралуу азырынча комментарий берүүдөн карманууда.
Ирак, Сириядан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоону Кыргызстан иш жүзүндө үйрөнгөн. Башында алар менен иштешкен айрым психологдор чыдай албай кетип калгандары айтылды. Себеби сүйлөшүү, иш алып баруу аябагандай эле оор болгон. Бул жаатта коңшу өлкөлөр дагы өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Эгерде бала апасы менен чогуу келсе, анда реабилитациялоо ийгиликтүү болорун эксперт Ильхом Умарахунов билдирди.
“Кайтып келгендердин мындан аркы реинтеграция жана коомго аралашуусу үчүн колдон келген мүмкүнчүлүктү түзүп берүү керек. Бул жерде жергиликтүү тургундардын ролу абдан чоң. Аларды жемелебей, туура кабыл алып, колдоп кетсе. Реабилитациялоо борборунан чыккандан кийин аларды жумушка орноштуруу, кадимки жашоого аралаштыруу сыяктуу маселелердин үстүндө иштөө жумуштары турат”.
Жарандарды кайтарууда логистикалык мүмкүнчүлүк Америка өкмөтү тарабынан түзүлгөн. Эми аларды реабилитациялоодо БУУнун Балдар фонду (UNICEF) колдоо көрсөтөрүн билдирди:
“Реабилитация боюнча UNICEF чоң көмөк көргөзөт. Реабилитациялоо убактылуу борбордо эле өтүп жатты да. Андан кийин жер-жердеги үйлөрүнө кеткенден кийин балдар, аялдарга жеринен билим алуусуна колдоо жүргүзүп жатабыз. Мисалы, балдарды мектепке киргизүү. Балдар көп учурда окуудан артта калган болушат. Атайын мугалимдерди окутуп, балдарды коомчулукка көндүрүү иштерине чоң жардам берип жатабыз. Социалдык кызматкерлерди дайыма колдойбуз. Аларга окутууларды өткөрүп, кайтып келген айымдарга, балдарга кантип туура колдоо көргөзүү боюнча тренингдер өтөт”,- ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча менеджери Наргиза Субаналиева.
Кайра калыбына келтирүү учурунда дин жаатында түшүндүрүү иштери сөзсүз жүргүзүлөт.
Бул үчүн Дин башкармалыгы тарабынан атайын аалымдар барып, лекция, суроо-жооп өткөзүшөт. Буга чейинки кайтып келгендерге барып, лекция өткөн Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали Гупуров төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Алардын биздин айткандарды кабыл алуусу жакшы. Эч кандай радикалдуу, терс көз карашта эмес. Эми убакыт керек. Бир барганда эле дароо байкалбайт негизи. Бирок андай нерседен алыс десек дагы болот. Кандай күн болсо дагы булар майданда жүрдү да. Кан көрүштү, ар түрдүү адамдарды көрүштү. Оош-кыйыш тагдырлар болду”.
Дин аалымдарына көбүнесе үй-бүлө, жараткан, нике, ынтымакты сактоо, эркек менен аялдын ортосундагы укуктук маселелер боюнча суроолор берилет.
Коңшу Казакстан өкмөтү өз жарандарын реабилитациялоо учурунда алар такыр сынчыл ой-жүгүртүүдөн алыс экенин, ишенчээк болгондуктан түрдүү чакырыктарга ишене берерин байкашкан.
Балдар үчүн ата-эне жооптуу
Коомчулукта Сириядан келгендерге көз карашы бир кылка эмес. Айрымдар аларды террор катары кабыл алып, өлкөгө келүүсүнө каршы чыккан пикирлерди жазышууда. Кайра артка кайтаруу керек дегендер дагы жок эмес.
“Коомчулукка биз туура маалыматты жеткиришибиз керек. ЮНИСЕФ мандатына ылайык, айтып кетет элек, бул балдар – эң биринчиден курмандык болуп калышкан. Себеби, Сирияда азыркы убакта болуп жаткан жашоону балдар тандаган жок. Ошол эле аялдар деле тандаган жок. Көпчүлүк учурда жолдошторун ээрчип, башка бирөөгө алданып, кетип калган учурлар көп байкалды. Бул балдарды, аялдарды коомчулукка интеграция кылуу абдан маанилүү. Көпчүлүк учурда туура эмес маалымат кетип, аларды террорист же ар кандай аттар менен атап жаткан учурлар жок эмес. Коомчулук арасында туура эмес сөз чыккан учулар кездешет. Ар бир бала коомчулукка интеграция болуш керек. Бул ар бир жарандын жоопкерчилиги”,- деди UNICEF уюмунун балдарды коргоо боюнча менеджери Наргиза Субаналиева.
Жыл башынан бери 237 жаран кайтарылды. Алардын баары тең аялдар жана балдар.
Сириядан кайтып келген кыргызстандыктар көбүнесе ал жакка алданып барып калышкандарын айтып келишет. Айрымдары жолдошуна ишеним артып кеткендер. Кыргызстандагы жакындарына ачык айтпай, үй-бүлөсүн калтырып, жашыруун кеткендер дагы бар. Жакындарын артынан издеп, ошол боюнча Сириядан чыга албай калгандар дагы бар.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кыргыз жаранынын чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салынат. Бул үчүн үй-мүлкү конфискацияга алынып, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Башкы прокуратура Сирияга кеткен 100дөн ашуун жаранга кылмыш ишин козгогон. Анын ичинен 41 жаран жоопко тартылганын расмий билдирген.