"Комментарий үчүн Цукерберг жооп берсин". ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кызуу талкууда

Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Cөз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатат. Документ 2025-жылдын 9-апрелинде Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Жумушчу топтун өкүлдөрү бул бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган, жалпыга орток вариант экенин, эл өкүлдөрү аны эч өзгөртүүсүз кабыл алып беришсе дешет.

Алар бул долбоор журналисттердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга дурус шарт түзөт деп жатышат. Буга чейин мыйзам долбоору медиа коомчулуктун купулуна толбой, утур-утур оңдолуп, дээрлик эки жарым жылда жазылды.

Коомдук талкуу жана сын. Медианын күчү менен артка кайтарылган долбоор

Кыргызстанда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам 1992-жылы кабыл алынып, ага тогуз жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

2022-жылы 28-сентябрда Президенттин администрациясы "ЖМК жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.

Медиа талдоочулар, юристтер көз карандысыз ЖМК өкүлдөрү документте медианын ишмердүүлүгүн кескин чектеген нормалар, карама-каршылыктар бар экенин белгилешкен.

Маселен, "Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, адамдардын өз оюн эркин билдирүү укугун кескин чектеген олуттуу тобокелчиликтер бар экенин билдирген.

"Медиа полиси институту" уюмунун юристи Нурбек Сыдыков болсо ошондогу мыйзам долбоору толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын айтып чыккан.

Ага карбай долбоордун авторлору маңызы анча өзгөрбөгөн варианттарды улам-улам сунуштап, мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

2024-жылы март айында медиа коомчулуктун өтүнүчү менен президент мыйзам долбоорун артка чакыртып алган.

Жаңы мыйзам долбоору

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлгөн. Ага депутаттар, медиа эксперттер, журналисттер жана мамлекеттик органдардын юристтери кирген. Журналист, "Говори ТВ" долбоорунун жетекчиси Кайыргүл Урумканованын айтымында, жумушчу топ төрт жарым ай тынымсыз иштеп, мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын парламенттин кароосуна киргизди:

"Өз ишибизди токтотуп, жума сайын чогулуп, ушул мыйзам долбоорунун үстүнөн иштедик. Айрым чектөөлөрдү алдырып салганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени Маданият министрлиги Президенттик администрациянын таламын талашып, өзүнүн жүйөлөрүн келтирген соң алардын сунуштарына макул болдук. Алар да биздин сунуштарга макул болду. Ошентип, компромисстик долбоорду иштеп чыктык".

Мурдагы долбоордо редакция мамлекеттик органдардан кайсы бир темада комментарий алууну кааласа, милдеттүү түрдө айыл өкмөттөн тарта облустук администрацияларга чейин аккредитациядан өтүшү керек экени жазылган.

Макулдашылган долбоордо бул норма алынды.

Кайыргүл Урумканова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайыргүл Урумканова

Интернет платформаларына ЖМК катары мурдагы долбоордо жазылгандай милдеттүү эмес, ыктыярдуу түрдө Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү сунушталды. Бул бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга жол ачары белгиленүүдө.

Мыйзам долбоорунун мурдагы версияларында Юстиция министрлиги эле эмес, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен да каттоодон өтүшү керек деген талап коюлган.

"Бул абдан маанилүү пункт. Эгер сайттар өз каалоосу менен каттоодон өткүсү келсе, өтөт, өткүсү келбесе жөн гана иштей берет. Бул эмне үчүн маанилүү? Юстиция министрлиги каттоонун жол-жобосу оңой эле деп айтып жатат. Бирок бийлик өзүнө жакпаган сайттарды, журналисттерди каттоого албай, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонго мүмкүнчүлүк түзүлүп калбасын деген пикирлерди эске алдык",- дейт жумушчу топтун мүчөсү, журналист Семетей Аманбеков.

Ошол эле маалда каттоодон өткөн ЖМКларга бир катар артыкчылыктар да берилген. Маселен, алар мамлекеттик органдарга кат жөнөтсө, кыска жооптуу үч күндүн ичинде ала алышат. Каттоодон өтпөгөн редакцияларга жооп жалпы эреже менен, жарандардын маалымат алуу укугу жөнүндө мыйзамдын негизинде 14 күндүн аралыгында берилет.

Мыйзамга ылайык, тиешелүү жактар ЖМКларга мамлекеттик, коммерциялык сыр камтылган учурларда гана маалымат бербей койгонго укуктуу.

Бирок өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же аскердик абал киргизилсе, тиешелүү органдар кандай гана ЖМК болбосун маалыматты ыкчам берүүгө милдеттүү.

Долбоордо өлкө аймагында телеканал негиздегенде уставдык капиталдын чет өлкөлүк үлүшү 50% ашпоосу керек экени жазылды.

Маалымат министрлиги мындай чектөө маалымат коопсуздугун сактоо үчүн зарыл чара экенин билдирүүдө.

14-апрелде өткөн парламенттик угуу учурунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев:

"Ошондой эле мыйзам долбоорунда кызмат адамдарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол берилбей турганы жөнүндө ченемдерди белгилөө менен цензурага тыюу салуу каралган. Бул биздин Конституцияда да бар. Ушундай эле чектөө жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучуларына да тиешелүү. Алар редакциялык саясатка кийлигише албайт. Бул чаралар ЖМКлардын көз карандысыздыгын, сөз эркиндигин камсыздоого багытталган", – деди.

Марат Тагаев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Тагаев

Колдонуудагы мыйзамда жалпыгыга маалымдоо каражаттары соттун чечими менен кайсы учурда жоюлушу керек экенини так аныкталган эмес.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда редакция кандай учурда жана кандай тартипте жоопкерчиликке тартылары даана көрсөтүлдү.

  • Бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасаган билдирүүлөрдү жайылтууга;
  • Дискриминацияга, кастыкка же зордук-зомбулукка тукурган;
  • Улуттук, расалык жана диний касташууну күчөткөн;
  • Террористик ишти жүзөгө ашырууга үндөгөн же актаган;
  • Порнографияны пропагандалаган, зомбулукту жана мыкаачылыкты актаган;
  • Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды иштеп чыгуунун, даярдоонун жана пайдалануунун ыкмалары, сатып алуу жерлери жөнүндө маалыматтарды пропагандалоо жана жайылтууга тыюу салынат.

"Бул чектөөлөр бузулган учурда жалпыга маалымдоо каражаттары соттун чечими менен жоюлары белгиленген. Мыйзам долбооруна ылайык, ЖМКлар кандай учурда жоопкерчиликке тартыларын так түшүнө алышат. Маселен, бир жылда эки жолу жазуу түрүндө эскертүү берилсе жана ал аткарылбаса, кийинкисинде анын ишмердүүлүгү сот аркылуу токтотулат",- деди Марат Тагаев.

Мыйзам долбоорунда редакция, редактор же журналист кайсы учурда жоопкерчиликке тартылбай турганы да так аныкталды:

  • Маалымат расмий документтерден жана билдирүүлөрдөн алынса;
  • Маалымат мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;
  • Эл алдында сүйлөнгөн сөз сөзмө-сөз берилсе;
  • Түз эфир учурунда айтылса;
  • Башка маалымат каражаттарынан алынып, бурмалоосуз берилсе жоопкерчиликке тартылбайт.

"Медиада ой-пикирдин плюрализми жок болуп баратат"

Балбак

Сүрөттүн булагы, Facebook

Мыйзам долбоору 9-апрелде Жогорку Кеңеште талкууланган жана биринчи окуудан өткөн. Айрым депутаттар документке бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан. Маселен, депутат Балбак Түлөбаев ЖМКлар коомдук баракчаларында жазылган комментарийлер үчүн жооп бериши керек экенин айткан. Ал экинчи окууда өз сунушун берерин кошумчалаган. Бирок медиа талдоочулар бул туура эмес сунуш экенин билдиришүүдө.

"Депутаттар комментарийлерге журналисттер жана сайттар жооп берсин деп жатышат. Биз комментарийлерди коюп, өзүбүздүн ишибизге жооп берип алалычы. Комментарий үчүн Марк Цукерберг жооп берсин. Болбосо Кыргызстанда социалдык тармактарды өчүрүп ташташсын. Биз кантип соцтармактарда комментарийлерди өчүрүп коебуз?! Бул мүмкүн эмес. Себеби комментарийлерди алып салсаң алгоритмдер иштебей калат, сен жазган маалымат жайылбай калат. Анткени соцтүйүндөрдүн алгоритми ушундай иштейт. Эгер жайылбаса, анда маалыматты ким окуйт?" – дейт Кайыргүл Урумканова.

Кайыргүл Урумканова журналисттердин ишин чектеген мыйзамдар ансыз да көп экенин, соңку мезгилде бардык тараптардын пикирин камтуу менен иштөө мүмкүн болбой баратканын белгиледи:

"Биз ой-пикирдин ар түрдүүлүгү деген нерсени көрсөтө албай калдык. Ар тараптуу пикир жок. Эч ким сүйлөгүсү келбей жатат. Экинчи, үчүнчү тараптын пикирин алганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Анткени элдин баары коркуп, спикер болгондон баш тартып жатышат".

2021-жылы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Анда кимдир бирөө кайсы бир басылмада фейк маалымат жарыялаганын айтып даттанса, ал медиа соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү жазылган. Бул норма фейктерге каршы эмес, ЖМКларга каршы иштеп жатканы айтылып келет.

Быйыл 31-январда президент Садыр Жапаров интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койгон. Анда "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылары белгиленген.

Ал ортодо парламент быйыл 10-апрелде интернетте фейк аккаунттар аркылуу жалган маалымат тартатууну ооздуктоо үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берди. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.

Журналисттер бул мыйзамдар фейктер менен ботторго эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтышууда.