Коррупцияга каршы күрөш: Атасына баласы жооп берген заман кайра келатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда мамлекеттик бийлик коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү күчөтүп, паракорлуктун тамырын жулуш үчүн мыйзамдык жаңы демилге менен чыгууда. УКМК коомдук талкууга койгон мыйзам долбооруна ылайык, эми коррупциялык кылмыштар үчүн кусуп берип кутулууга болбойт. Ошондой эле жакын тууганы коррупцияга аралашкан адамдар мамлекеттик же муниципалдык кызматка өмүр бою алынбайт.
"Мамлекеттик аппарат тазаланыш керек"
УКМК коомдук талкууга жарыялаган мыйзам долбоорунда коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн өзү же жакын тууганы күнөөлүү деп табылган адамга анын соттуулугу жоюлганына да карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барышына милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу каралууда.
Мындан сырткары, коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды айып пул салып кое берип жибербей, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө эркинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо сунушталууда.
“Коррупциялык кылмыштар үчүн жаза катары айып пул дайындоо тууралуу белгилөөчү нерсе, күнөөлүү кызмат адамдарынын кээ бири гана реалдуу түрдө эркиндигинен ажыратылса, көбүнчөсүнө айып пул гана салынат, ал эми алар тарабынан мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга келтирилген зыяндарды пайда болгон кесепеттер менен кээде салыштырууга болбойт”,-деп айтылат мыйзам долбооруна тиркелген негиздемеде.
“Мамлекеттик аппаратты саясий жана жогорку мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген коррупциялашкан кызматкерлерден олуттуу тазалоону ишке ашыруу зарыл”.
Жакын туугандары кылмышка аралашкан же соттолгон адамдарга азыр коргоо органдарына кызматка алууда гана бөгөт коюлат.
Улуттук коопсуздук комитетинин мындай сунушу өлкөдө коррупцияга каршы күрөш катуу болуп жатса да, мамлекеттик кызматкерлер арасында паракорлук тыйылбай, кайра күчөп жаткан учурда көтөрүлгөн маселе экенин айта кетиш керек. Чоң суммада акча алып жаткан жеринен мамлекеттик кызматкерлер кармалган учурлар жаңылыктардын түрмөгүндө ушунча көп, кээде күнүгө болуп жаткандай таасир калтырат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
УКМК кармаган колу туткак уурулардын арасында судьялар, прокурорлор, акимдер, министрлер да бар.
“Азыркы учурда саясий жетекчилик коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы аёосуз күрөшкө багыт алды. Бул багытта оң жыйынтыктарга жетишилген, маанилүү жана жарандар тааныган көрүнүштөр орун алды. Бирок коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калууда”,-деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Садыр Жапаров бийликке келген үч жылдан бери коррупцияга каршы күрөш анын саясатынын эң башкы багыттарынын бири болуп келатат. Кыңыр иш кырк жылда дегендей, көп жыл мурда көз жаздым болгон коррупциялык иштер четинен козголуп, чубалып чыгып, миллиондоп, миллиарддап кускан учурлар болду. Бирок элдин ырыскысын жегендер жегенин кусуп берип, кутулуп кетип жатканы дагы кашкайган чындык. Ошондуктан тойгончо жеп алалы, билинбей калат, билинсе төлөп берип кутулуп кетебиз деген дагы ойго азгырылып, кызмат абалынан кыянат пайдаланып кетип жаткандар болууда. Коррупцияга каршы мындай мамиле жумшак чара катары ансыз деле өлкөдө сынга алынып келатат.
“УКМК кустурманы- экономикалык амнистияны массалык түрдө колдонуп жатат”,-деп убагында укук адиси Таттыбү Эргешбаева сынга алган эле.
Камчыбек Ташиев өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын жарыя кылганда, “кустурма доору” бүттү деп баса белгилеген.
“Экинчи этабында коррупция, уюшкан кылмыш топтор менен күрөштү күчөтөбүз, мыйзамдын күчүн толук пайдаланабыз. Мисалы буга чейин мамлекеттин 100 миң сом акчасын жеп койсо "мейли эми, сен 500 миң же 1 миллион төлө" деп мамлекеттин бюджетине төлөтүп, соттон айып пул салдыртып, жеңил жаза менен кутултуп келгенбиз. Азыр эми андай болбойт. Мисалы коррупционер колго түшө турган болсо анын мал-мүлкү, бүтүн тапкан-ташыганы конфискацияланат. Экинчиден, мыйзам чегинде каралган жаза мөөнөтүн алат. Беш жылбы, он жылбы, 15 жылбы, ошол жаза мөөнөтүн алып түрмөгө кетет. Биздин түрмөгө түшкөн адам чыкпайт",-деп билдирген УКМК төрагасы бир жыл мурда.
"Коом тазаланыш керек"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Ал эми жакын тууганың коррупцияга же оор кылмышка кириптер болсо, анын азабын кошо тартасың деген талап кыргыз коомунда жаңы эмес. Совет доорунда так ушундай болчу, - дейт коммунисттердин убагында облус, райондорду башкарган белгилүү коомдук ишмер Кемел Ашыралиев.
"Абдан катуу текшерчү, жакын тууганың соттолсо партияга да, мамлекеттик кызматка жолотчу эмес. Керек болсо таякелериңе чейин сурап тактачу”.
“Мен 100% колдойм, Ташиевдики туура. Ансыз коом тазаланбайт, ансыз өлкө тазаланбайт. Кудасы болобу, ага-инисиби, ойлонуш керек, жаманатты кылбайын, зыяным тийип калбасын деп. Мисалы, мен мамлекеттик чоң кызматтарда жүрдүм, эч кимден бир тыйын алган эмесмин. Мына 84 жашка келип, Нива минип жүргөн мурдагы жетекчилерден жалгыз менмин. Бирок тынч уктайм, эл алдында жүзүм жарык”,-дейт Кемел Ашыралиев.
“Биз ак эмгек менен жашаганга көнүшүбүз керек. Эмне үчүн соттор заңгыраган кымбат үйдө, кымбат машина менен жүрүшү керек. Ошол эле убакта талаада мал багып, тоңуп шишигендерди эмнеге ойлобойбуз”.
Коррупцияга чырмалган жакын тууганы бар адамдарды мамлекеттик кызматка такыр жолотпоо Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров түптөгөн “Ата-Журт” партиясынын 2021-жылдагы шайлоо өнөктүгүндөгү башкы ураандардан болгонун айта кетишибиз керек. Демек, бул азыркы бийлик шайлоодо берген убадасын унутуп калбай, ырааттуу жол менен баратканын көрсөтөт.
“Карма ууруну карма деп, ууру жүрөт» дегендей, депутаттардын арасында коррупция боюнча айыпталгандар толтура болсо, мыйзам долбоордун кабыл алынуусу дегеле мүмкүн эмес эле. Тилекке каршы, буга чейинки жогорку бийликтер тарабынан андай демилге болбоду. Эт менен челдин ортосунда» болгон бийлик эгелери ойлоп да коюшпаган",-дейт аналитик Мирлан Дүйшөнбаев.
«Бүгүн коррупциянын накта душманына айланган Камчыбек Ташиев маселени көтөрдү. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, элге, өлкөгө керектүү мыйзам болот. Коррупцияны алдын алып, потенциалдуу коррупционерлерди чындап ойлонткон, чочулаткан, кооптонткон мыйзам болмокчу. Коррупция менен күрөшүүдө сезилерлик натыйжаларды берет. Эгерде мамлекеттик кызмат адамы, же жакын тууганы коррупцияга айыпталып, соттолсо, андан ары ага мамлекеттик кызматтардын эшиги өмүр бою жабылышы керек. Өнүккөн, цивилдүү өлкөлөрдүн баарында ушундай».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Аша чаап кетпейли"
Ошентип бир караганда коомчулук ууруларга жазаны күчөтүүнү колдоп жатканын көрүүдөбүз. Бирок адам укуктарына келгенде, Конституция эле эмес, эл аралык эң негизги документтерди тааныган өлкө катары өзү таза жүргөн адам арам ишке малынган жакын тууганы үчүн жазаланганы «аша чапкандык» болуп кетпейби деген суроо бар. Би-Би-Си бул суроону белгилүү укук адиси Таттыбүбү Эргешбаевага жолдоду.
"Коррупция үчүн соттолгондордун туугандарын дисквалификация кылуу ар ким өзүнүн иш-аракетине жооп берет деген индивидуалдуу жоопкерчилик принцибин бузат. Мындай жобо адамдар өздөрүнүн жакындарынын жосундарына жооп берген прецедентти түзөт, бул сот акыйкаттыгынын негиздерине каршы келет. Андан сырткары, кызматка барууга өмүр бою тыюу салуу күнөөсүздүк презумциясына туура келбейт деп каралышы мүмкүн ",-деп жооп кайтарды укук адиси.
"Мыйзам долбоору туугандык белгиси менен дискриминация катары каралышы мүмкүн болгон чектөөлөрдү киргизип, жарандарды мамлекеттик кызматка барууда бирдей мүмкүнчүлүктөн ажыратат. Бул бардыгы мыйзам алдында бирдей деген принципти бузат. Коррупцияга каршы көрүлгөн чаралар мыйзам бузган адамдардын туугандарын жазалоого эмес, алардын өздөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталышы керек",-дейт Т. Эргешбаева.
Коррупцияга же ошондой оор кылмышка аралашкан адамдарды атайын тизмеге алып, мамлекеттик аппаратты тазалоо демократиялык өлкөлөрдүн мисалында "люстрация" деген ат белгилүү. Бирок андай адамдардын балдары, кыздары, келиндери кара тизмеге алынган учурлар жок. Бул репрессиялык режим менен башкарылган мамлекеттерде гана болгон, дейт "Бир дүйнө-Кыргызстан" (Мурдагы "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюму) коомдук бирикмесинин жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
"Коррупцияга каршы дүйнөлүк мыйзам бар, принциптер бар. Анын ичинде беш принциби бар ачык сот болмоюнча, репрессивдүү иштен алыс болушубуз керек. Балта чаап албайлы балдарыбыздын тагдырына. Бул бийлик жакшы иштерди да жасап атат, ошондуктан жакшы тажрыйбаны алалы дүйнөдөн".
“Бул күнөөсү жок адамдарга репрессивдүү чара болуп калат. Атасы баласына, баласы атасына жооп бербейт деген мыйзам бар да”.
Укук коргоочулар эскертип жаткан маанилүү жагы, кыргыз сотторунун өзүндө коррупция чоң, ошого жараша адилеттиктин деңгээли да төмөн. Укук коргоо органдарында “бөрк ал десе, баш алган” ээнбаштык тыйыла элек.
Адамды ак жеринен каралап, эл душманы кылып койгон сталиндик репрессиянын азабын канча адам тартты. Азыр деле ак жеринен кызматтык кыянаттыкка, паракорлукка айыпталып, соттолуп кетип, кайра акталып чыгып аткан мисалдар көп.
Кыргыз соттору бирөөнүн тукуругу менен бейкүнөө адамдарды күнөөлүү деп соттоп жибербейт деп эч ким азыр кепил боло албайт. Ошондуктан атасы үчүн баласын, баласы үчүн атасын жазалоодон мурда жети өлчөп бир кескен чечим керек дешет укук коргоочулар.












