АКШдагы кырсык: Чыңгыз туулган күнүндө каза болду

АКШда автокырсыктан каза тапкан Чыңгыз 21 жашта болгон

Сүрөттүн булагы, Чыңгыздын үй-бүлөлүк архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШда автокырсыктан каза тапкан Чыңгыз 21 жашта болгон

Апта башында АКШнын Индиана штатында кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, андан эки адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү болду.

Би-Би-Си кырсыктан каза тапкан жана жабыркаган жарандардын жакындарына байланышып, окуянын чоо-жайын тактады.

Кырсык болгон жерде каза тапкан 21 жаштагы Чыңгыз бөлөсү Мафтуна менен АКШга эки жарым жыл мурда барган. Мафтунанын айтымында, ал күнү Чыңгыздын туулган күнү болгон.

"Ал күнү Чыңгыздын туулган күнү болчу. Ал достору менен шаардын четиндеги үйдө майрамдап жатышкан. Түндө эки дос баласы болуп унаа менен дүкөнгө - шаарга чыгышат. Балдар катуу ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калышкан. Мамыны катуу сүзүшкөн окшойт, чоң өрт чыккан”, - деди Мафтуна.

тим

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Чикагодогу консулдук жардам көрсөтөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Чикагодогу консулдук кырсыктан каза тапкан жарандардын жана жабыркаган жарандын жакындары менен тыгыз байланышта жана аларга консулдук, юридикалык жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл болгон жол-жоболорду, анын ичинде каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү процедуралары уюштурулуп жатканы айтылат.

"Чыңгыз абдан ак көңүл, жароокер адам эле. Аны тааныган ар бир адам муну айта алат. Ал 5 маал намаз окучу. Аны ушунчалык жакшы адам болгонунан "периштедей" деп калчубуз. Эч жаман ою жок эле. Балким ал бир аз жаманыраак адам болгондо, бул дүйнөдө көбүрөөк жашайт беле…",-деди Мафтуна.

"Кантип бир дагы дубам баламды куткара алган жок?"

Чыңгыз үйүндө жалгыз бала, үч эжесинен кийинки эрке уул болчу. Бөлөсүнүн айтымында, анын максаттары чоң, Америкага да кыялынын артынан барган эле.

"Бакыт издеп, "Америка кыялынын" артынан кууп келип, иним ушул жерден ажал табат деп эч ойлогон эмесмин. Үй-бүлөдө үч кыздан кийинки жалгыз уул - Чыңгыз эле. Азыр эми ата-энеси Кыргызстанда, жалгыз баласынын сөөгүн күтүп отурушат. Аларга да абдан кыйын болуп жаткан учур. Экөө тең намаз окуган кишилер. Апасы "5 маал намаз окуп, дубамда ушул баламды сактай көр деп суранчу элем, кантип бир дагы дубам, намазым баламды куткарып калган жок" деп ыйлап жатат",-деп кейиди Мафтуна.

Социалдык тармактарда Чыңгыздын сөөгүн алып келүү үчүн каражат чогултуу аяктады. Учурда ооруканада оор абалда жаткан Кайратка медициналык жардам көрсөтүү үчүн акча топтолуп жатат.

Чыңгыз үй-бүлөдөгү жалгыз уул. Сүрөттө ал эжеси Мафтуна менен

Сүрөттүн булагы, Чыңгыздын үй-бүлөлүк архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыңгыз үй-бүлөдөгү жалгыз уул. Сүрөттө ал бөлөсү Мафтуна менен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чыңгыздын бөлөсүнүн айтуусунда, 80% күйүк алган Кайраттын апасы кырсык болгон күндүн эртеси Америкага учуп барган.

Өзүн Кайраттын аяш атасымын деп тааныштырган Адилет Ажыкеев Би-Би-Сиге оор абалда жаткан жигитке эки операция жасалып бүткөнүн, дагы он операция алдыда жасаларын айтып берди.

"Ясиндин, Чыңгыздын ата-энеси, бир туугандары, жакындарына терең көңүл айтам. Үчүнчү жигитибиз - Кайрат, 80% күйүк менен Индианаполистин ооруканасында жатат. Мен Кайраттын аяш атасы болом. Буйруса, Кайраттын 2 операциясы ийгиликтүү өттү. Дагы 10 операциясын колдоо үчүн Gofund аркылуу каражат топтоо иш-чараларын көрүп жатабыз",-деди Кайраттын аяш атасы Адилет Ажыкеев.

Кырсыктан каза болгон дагы бир кыргызстандык Ясиндин сөөгү Америкада жерге берилет.

АКШда жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктар буга чейин да катталып келген. Мындай учурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги сөөктү мекенине кайтаруу процедураларын жана консулдук маселелерин көзөмөлгө аларын билдирет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, АКШда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны отуз миңден ашуун.

Расмий мекемелердин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанга чет өлкөдөн 320дан ашуун жарандын сөөгү жеткирилген. Алардын 225и Орусияда, 10у АКШда, калганы башка өлкөлөрдө каза тапкан.