Өлүм жазасын жарым кылым абакта күткөн жапон жараны 88 жашында акталды
Гэвин Батлер, Шаймаа Халил
Би-Би-Си, Сингапур & Токио

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талап-тоноочулук жана киши өлтүрүүгө айыпталып, өлүм жазасына кесилген жапониялык Ивао Хакамада 88 жашында акталып чыкты.
Хакамада 46 жыл бою өлүм жазасын күтүп абакта жашады. Мындан 10 жыл мурун эркиндикке чыкканы менен андан бери акыйкат чечимди күтүп келди.
Өткөн аптада Сидзуоки аймактык соту Хакамадага карата тергөө көрсөткөн далилдер атайын токулган деген тыянак чыгарып, аны толугу менен актады.
Ивао Хакамадага 1968-жылы бүтүндөй бир үй-бүлөнү – өзүнүн жетекчисин эки баласы жана жубайы менен бирге өлтүргөн деген айып тагылып, өлүм жазасына өкүм кылынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок 2014-жылы ага карата өкүм чыгарууга негиз болгон далилдер атайын жасалган деген шектенүүдөн улам Хакамаданын иши кайра карала баштаган.
56 жыл мурун болгон бул үрөй учурган окуя кезинде жапон коомчулугун дүрбөлөңгө салган. Сот процессинин кайра карала башташы дагы бир жолу коомчулукта резонанс жаратты.
Ошентип Хакамаданын иши Жапониянын тарыхындагы эң узак жана коомчулуктун көңүлүн бурган соттук иштердин бири болуп калды.
26-сентябрь күнү сот имаратынын алдына чогулган 500гө жакын адам Хакамада акталганда "банзайлап" (кыргызча ураалап) кыйкырып жатышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок ал күнү Хакамада отурумга катыша алган жок. Себеби ал жарым кылым абакта, көбүнчө жалгыз камерада жана тынымсыз өлүм коркунучу астында кармалгандыктан, психикалык абалы начарлап кеткен. Мындан улам сот аны отурумдарга катышуудан бошоткон.
Хакамада өзүнө коюлган айыптар жаңы жагдайлар боюнча карала баштаган 2014-жылы абактан бошотулган. Ошондон бери ал өз үйүндө эжеси Хидеконун камкордугунда, соттук иштердин аягына чыгышын күтүп келген.
Ивао Хакамаданын эжеси Хидеко Хакамада 91 жашта. Өткөн жылы соттук териштирүү кайрадан жанданганда инисине карата адилеттүү чечим чыгарына аз калганын айтып, "жеңилдеп калдым" деген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канга боелгон жасалма далилдер
Мурдагы профессионал боксчу Ивао Хакамада 1966-жылы жапон ашканасынын салттуу пастасы болгон мисо өндүрүүчү компаниянын кызматкери болгон. Ишкана Токионун батышындагы Сидзуоке шаарында болчу.
Күндөрдүн биринде Хакамаданын иш берүүчүсүнүн үйү өрттөнүп, куткаруучулар бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгүн алып чыгышкан.
Соттук-медициналык экспертиза каза болгон төрт адам өрт чыкканга чейин мыкаачылык менен бычакталганын аныктаган.
Полиция Хакамадага үй-бүлөнү өлтүрүп, үйүн өрттөп, 200 000 миң йен накталай акчаны уурдап кеткен деген айып таккан.
Шектүү алгач бул окуяга тиешеси жок экенин айтып, күнөөнү мойнуна алган эмес. Бирок күн сайын 12 саат бою ур-токмокко алынып, сурак берүүдөн тажаганда күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1968-жылы ал киши өлтүрүү, тоноо жана мүлктү жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына өкүм кылынган.
Айыптоочу тарап ага каршы негизги далил катары мисо пастасы салынган идиштен табылган кандын тактары бар кийимдерди көрсөткөн.
Тергөөчүлөр кийим Хакамадага таандык экенин айтышкан. Бирок айыпталуучунун адвокаттары кийимдеги ДНК Хакамаданын ДНКсына дал келбейт деп көп жылдар бою айтып келишкен.
Жактоочулар кийимдер атайын канга боёлуп, далилдер ойдон чыгарылган деген деталдарды көп жыл бою көрсөтүшкөн.
Бирок бул аргументтердин баарына 2014-жылы судья Хироаки Мураяма соттук ишке төрагалык кылып турганда гана көңүл бурулган.
Ал мисо идишинен табылган кийимдер Хакамадага таандык экенинен күмөн санап, ишти кайра кароого буйрук берген.
"Айыпталуучуну мындан ары камакта кармоо адилетсиз. Анткени анын күнөөсүз экени жетиштүү түрдө айкын болуп калды", – деген ошол кезде судья Хироаки Мураяма.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Деген менен соттук иштер былтыр гана жанданып, бир жылдан кийин сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, өзүнүн актоо чечимин жарыялады.
Хакамаданы акталганын жарыялап жатып судья 60 жыл мурунку иш боюнча далилдер чындап эле прокурорлор тарабынан ойдон чыгарылганын моюнга алып, Жапониянын бүткүл сот жана укук системасын уяткарды.
Өлүм жазасына кесилген адамдардын ишин кайра кароо Жапонияда сейрек кездешет. Хакамаданын иши экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки жапон тарыхындагы бешинчи учур.
АКШ менен Жапония G7 өлкөлөрүнүн ичинен дагы эле өлүм жазасын колдонушат.
Жапонияда АКШдан айырмаланып өлүм жазасы негизинен дарга асуу жолу менен ишке ашат. Камактагыларга өкүмдүн аткарылышы тууралуу бир нече саат калганда маалымат берилет. (SA)












