Кыргызстан: АКШнын колдоосу менен ишке ашкан долбоорлор токтотулду

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио чет өлкөгө каржылык жардам берүүнү токтотуу жөнүндө буйрук бергени тастыкталды. Бул тууралуу расмий маалымат 26-январда Мамдепартаменттин сайтына жарыяланды. Маалыматта бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын чет өлкөгө жардам берүүнү 90 күнгө токтотуу жөнүндө жарлыгынын негизинде кабыл алынганы айтылат. Трамптын бул жарлыгы Кыргызстанда АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен аткарылып жаткан өнүгүү программаларына да таасирин тийгизди.

Бишкекте жаштарга билим берүү максатында уюштурулган долбоорлордун биринин координатору 27-январь күнү тренингдин катышуучуларына Telegram аркылуу билдирүү жолдоп, программа убактылуу токтогонун кабарлады. Бул долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен ишке ашып жаткан. Окуу өткөн жылдын ноябрь айында башталган жана алты айга негизделген болчу.

"Саламатсыздарбы? Бизде чукул кабар бар. Бизден көз каранды болбогон жагдайдан улам программабыздын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганын билдирүүгө аргасызбыз. Бул АКШ өкмөтүнүн бардык долбоорлорду каржылоого убактылуу тыныгуу киргизген чечимине байланыштуу. Ошондуктан бардык сабактар убактылуу токтотулду. Мындай тыным 30 күндөн 90 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Биз бул кабар сизге ыңгайсыздык жаратканын түшүнөбүз жана туура кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Жаңы маалымат пайда болору менен сиздерге дароо кабарлайбыз", – деп жазылган билдирүүдө.

Медиа эксперт, окутуучу Тынымгүл Эшиева

Сүрөттүн булагы, facebook.com/tynymgul.eshieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медиа эксперт, окутуучу Тынымгүл Эшиева

Медиа эксперт, окутуучу Тынымгүл Эшиева өзү катышып жаткан долбоорлор убактылуу кийинкиге жылдырылганы тууралуу 27-январда кат алганын тастыктады.

"Интерньюстун айрым программаларына катышып жаткам. Бүгүн мен да кат алдым. Катта АКШ өкмөтүнүн ресурсунун негизинде каржыланган программалар азырынча ишке ашырылбай турганы, программалар убактылуу токтотулганы гана жазылган, башка маалымат жок. Мен Интерньюстун колдоосу менен уюштурулган медиасынчылардын курамындамын. Биз ал жерде түрдүү материалдарды жазабыз. Январдын аягына чейин бул долбоор колдоого алынат. Бирок февралда материал даярдашыбыз керекпи же жокпу, бизге айтыша элек. Бул уюмдун алкагында февраль жана мартка белгилеген иштерим эмне болору азырынча белгисиз".

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда ишке ашып жаткан программаларды каржылоо убактылуу токтотулганы боюнча комментарий бере албай турганын, тиешелүү маалымат азырынча Мамлекеттик департамент аркылуу гана таратылып жатканын кабарлады.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) да бул боюнча коомчулукка расмий билдирүү тарата элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Би-Би-Синин кыргыз кызматына кабарлагандай, 27-январга карата USAID долбоорлорду каржылоону токтоткону боюнча министрликке расмий билдирүү жөнөткөн эмес.

АКШ Мамлекеттик катчысы Марко Рубио

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Мамлекеттик катчысы Марко Рубио

Мамдепартамент: чет өлкөлөр үчүн бөлүнгөн ар бир доллардын натыйжалуулугу текшерилет

Мамдепартаменттин расмий өкүлү Тэмми Брюстун кабарлаганына караганда, акыркы үч айда чет өлкөгө көрсөтүлүп жаткан каржылоонун натыйжалуулугу жана АКШнын кызыкчылыгына төп келер же келбеси кайра баштан каралып чыгат.

"Биз Американын улуттук кызыкчылыктарына көңүл бурушубуз керек. Мамлекеттик департамент жана USAID салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын башкаруучу катары өз ролуна өтө олуттуу мамиле жасайт. Мамлекеттик катчы Марко Рубио белгилегендей, биз сарптаган ар бир доллар, каржылаган ар бир программа жана ишке ашырган ар бир саясат Американын коопсуздугун камсыздайбы, Американын күчтүү болушуна жардам береби, Американын жыргалчылыгын арттырабы деген үч жөнөкөй суроого жооп бериши керек", - деп айтылат Тэмми Брюстун билдирүүсүндө.

Кыргызстан үчүн быйыл канча каражат каралган?

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстан үчүн 2025-жылга жалпысынан 39,6 миллион доллар суралган.

Анын ичинен негизги сумманы – 24,3 миллион долларды Европа, Евразия жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жаткан. Каражатты экономиканы өнүктүрүүгө, билим берүү жана социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга, демократияны бекемдөөгө, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого жумшоо пландалган.

Глобалдык саламаттык сактоо программасы аркылуу 12 миллион доллар бөлүнмөк. Анын ичинен 6 миллион доллар кургак учук менен күрөшүүгө, 6 миллион доллар инфекциялык оорулардын алдын алууга багытталган.

Документтерде калган каражат маңзатка каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыздоо, террорчулукка каршы күрөшүү жана коопсуздук, эл аралык аскердик билим берүү программаларынын алкагында каржыланары айтылган.

Статистика

Сүрөттүн булагы, foreignassistance.gov/screenshot

Каржылоо эми толук токтойбу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Саясатчы Равшан Жээнбеков 90 күндүк текшерүү аяктагандан кийин да АКШнын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көрсөтүп жаткан каржылык колдоосу ошол ыргакта уланат деген пикирде:

"Биз үчүн АКШнын эң маанилүү жардамы – жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жарандык коомго колдоо көрсөткөнү. Эгер 90 күндөн кийин да ушул жардам токтобой улана берсе, бул биз үчүн маанилүү. Трамптын командасы жарандык коомду, көз карандысыз ЖМКларды колдоону токтотот деп ойлобойм. Ушул тапта кошмо штаттары үчүн Борбор Азия өтө маанилүү региондордун бири деп эсептелет. Себеби биз Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашканбыз. Бул жерде АКШнын кызыкчылыгы ачык көрүнүп турат. Алар тескерисинче мамилени жакшыртып, жардамды көбөйткөнгө аракет кылат деп ойлойм".

Кошмо штаттары 2021-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстанга 1 миллиард 400 миллион долларга жакын каражат бөлгөн. Жардамдын негизги бөлүгү АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу келген.

USAID эл аралык уюмдар жана Кыргызстандагы мамлекеттик органдар аркылуу экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик башкаруу жаатында ар түрдүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн колдоп келет.

Былтыр АКШ Кыргызстанга жалпысынан 38,4 миллион доллар бөлгөн. Бул 2001-жылдан кийинки эле эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. (AA)