Сөз эркиндиги: "ЖМК жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорунда эмнелер өзгөрдү?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

ЖМК

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists – CPJ) жакында эле Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда сөз эркиндигинин үлгүсү катары бааланып келген Кыргызстан авторитаризмге багыт алып бара жатат деп айтылды. Ал ортодо медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып келген "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан парламенттин кароосуна жиберилди.

Баяндамада Temirov Live медиасынын кызматкерлери Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун эркинен ажыратылышы боюнча айтылган.

Мындан тышкары жогорку кызматтагы адамдардын коррупциялык иштерин иликтеп келген Kloop медиа платформасын жабуу чечими жана "Чет элдик өкүл" мыйзамынын кабыл алынышы да мисал келтирилген.

Журналисттерди коргоо комитети Кыргызстандагы мындай көрүнүштөрдү өлкөнүн демократиялык принциптерден алыстап бара жаткандыгынын көрсөткүчү катары сыпаттаган.

Баяндамада Тажикстандагы кырдаал дагы баса белгиленип, сегиз журналисттин камакка алынганы тууралуу маалымат берилди.

Жабык өткөн сот иштеринен кийин алардын көпчүлүгү экстремизм айыбы менен 7 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылганы айтылды.

CPJ жергиликтүү журналисттердин маалыматына таянып, Тажикстанда сөз эркиндигинин абалы соңку 30 жыл ичиндеги эң төмөнкү деңгээлге жеткенин жазды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда дагы сөз эркиндигинин абалы акыркы мезгилде олуттуу төмөндөп кеткенин медиа серепчи Марат Токоев белгиледи.

Ал бул маселеде жалгыз гана журналисттер эмес, эксперттер дагы сын көз карашын ачык айтуудан чочулап калганын айтат.

"Өзүңөр көрүп жаткандай, акыркы убакта канчалаган журналисттер сот жообуна тартылды. Оюн ачык айткан жарандарга да катуу чаралар көрүлүп жатат. Азыр кишилер оюн билдирүүдөн коркуп калышты. Бирок казандын капкагын жылчыксыз жаап койсо, ичиндеги суу катуу кайнаганда эмне болорун жакшы билебиз. Кырдаалды күч менен убактылуу гана кармап туруу мүмкүн. Бирок бул өтө оор", – деди Токоев.

2024-жылдын 16-январында ИИМ Бишкекте эки медиа уюмунун редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир кызматкерди кармап кеткен.

Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектелип кармалган.

Бул окуядан кийин БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюм журналисттердин камакка алынышын айыптап, аларды бошотууга чакырып келген.

Андан тышкары Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө дагы ушундай пикирлер айтылган.

Алар кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого үндөгөн.

Сентябрдын соңунда өткөн сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу он бир журналисттин ар бирин алты жылга эркинен ажыратууну суранган. Бул дагы эл аралык уюмдардын, эксперттердин сынына кабылган.

Октябрда Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан.

Temirov Live медиасынын журналисти Айке Бейшекеева менен долбоордун мурдагы кызматкери Актилек Капаровго үч жылдан пробациялык жаза берген.

Temirov Live жана "Айт айт десе" медиасынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана ушул эле долбоордун мурдагы кызматкерлери Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков толугу менен акталган.

Мыйзамдын жаңы долбоору

Кыргызстандык медиалар

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Ошентип эки жылдан ашык убакыттан бери коомдо кайчы пикир жаратып, кызуу талкууга алынган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан парламенттин кароосуна жиберилди.

Президенттик администрация иштеп чыккан долбоордун мурдагы варианты медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып, парламентте үч окуудан өткөнү калганда президент кайра чакыртып алган эле.

Былтыркы жылдын жай айларында мыйзамдын жаңыланган долбоору коомдук талкууга коюлуп, иштеп чыккан жумушчу топ аны "компромисттик вариант" деп атаган.

Маданият жана маалымат министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратованын айтымында, долбоор ЖМКнын жана журналисттердин укуктарын кеңейтти.

Ошол эле учурда мамлекеттик маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бир катар шарттар коюлду.

Калмуратова мыйзам долбоорунун негизги өзгөртүүлөрүнө токтолуп, анын маанилүү учурларын белгиледи:

• Мурдагы долбоордо интернет сайттар шарттуу түрдө каттоодон өтүшү керек деген талап бар эле. Азыркы долбоордо бул ыктыярдуу болуп өзгөртүлдү. Бирок каттоодон өтпөгөн агенттиктер ЖМКлар үчүн берилген айрым укуктарды пайдалана албайт.

• Каттоодон өткөн ЖМКлар мамлекеттик органдардан маалыматты мурдагыдай 14 күн аралыгында эмес, 3 күндүн ичинде алууга укуктуу болот. Эгерде орган маалымат берүүдөн баш тартса, себептерин негиздеп, кат жибериши шарт.

• Буга чейинки вариантта журналисттер сөзсүз бир редакцияда иштеп, ар бир мамлекеттик органдан каттоодон өтүшү керек деген ченем бар болчу. Эркин журналисттер каттоодон өтө албайт, журналист деген макамды ала албайт деп жазылган. Жаңыланган долбоордон мындай талап алынып салды.

• Алгачкы долбоордо маалымат агенттиктери Санариптик өнүктүрүү министрлигинен шарттуу түрдө каттоодон өтүшү керек деп жазылган. Азыркы долбоорго ылайык, бардык каттоо Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

• Жаңы долбоорго ылайык, Маданият жана маалымат министрлигине ЖМК мыйзам бузган учурларда чара көрүү укугу берилди. Эгерде ЖМКлар мыйзамдагы талаптарды бузса, мнистрлик тарабынан эскертүү берилет. Эскертүү берилгенден кийин 12 айдын ичинде бул талап бузулса же эскертүү аткарылбаса, сот органдары тарабынан ЖМКнын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн.

Ошондой эле Калмуратова коомдук кызыкчылык жана ушул сыяктуу бир катар жаңы түшүнүктөр киргизилгенин айтты.

Коомдук кызыкчылык мамлекеттик, муниципалдык кызмат, саясат, укук коргоо, ден соолук, билим берүү, экология, маданият сыяктуу темаларды камтыйт жана ЖМК өкүлдөрү бул маселеге байланыштуу маалымат алууга укугу бар.

Калмуратов билдиргендей, долбоордун эски вариантында журналисттердин жоопкерчилигине байланыштуу беренелер үстүртөн жазылып калган жана бул коомдо бир топ нааразы пикир жараткан.

Жаңы долбоорго ылайык, редактор жана журналист төмөнкүдөй учурларда туура эмес маалымат үчүн жоопкерчиликке тартылбайт:

• Маалымат расмий документтерден жана билдирүүлөрдөн алынган болсо;

• Мамлекеттик же коомдук органдардын басма сөз кызматтары тарабынан берилген болсо;

• Эл алдында айтылган сөз өзгөртүүсүз берилсе;

• Жарандардын түз эфирде айтылган сөздөрү;

• Башка жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан материалдар сөзмө-сөз берилсе;

"Ар бир чечим боюнча макулдашып чыктык"

Журналист

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Журналисттердин коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков мыйзам долбоорунун алгачкы вариантынын бир катар беренелерин сындап, аны абсурд деп атады. Ал мыйзам долбоорунун жаңы версиясы бир топ жакшырганын белгиледи.

"Ар бир берене, ар бир чечим боюнча макулдашып чыктык. Редакцияларга жүктөлгөн милдеттер мурдагы вариантка салыштырмалуу кайсы бир деңгээлде жеңилдеди. Ашыкча талаптар алынып, кооптуулук жарата турган ченемдер өзгөртүлдү. Негизинен бул вариант жакшы эле иштелип чыкты деп айтууга болот", - деди Нурдин Дүйшөнбеков.

Ошондой эле ал журналисттердин иши бир гана мыйзамдан көз каранды эместигин айтты.

"Жалган маалыматтан коргоо" жөнүндөгү мыйзам дагы бар. Ал мыйзам өтө эле бир тараптуу болуп, журналисттердин ишине терс таасир этүүдө. Дагы ушул сыяктуу ЖМКнын ишине таасир берүүчү мыйзамдар бар", - деп кошумчалады ал.

Дүйшөнбеков ушундай жагдайлардан улам Кыргызстан сөз эркиндигине байланыштуу эл аралык көрсөткүчтөрдө төмөндөгөнүн баса белгиледи.

"Сөз эркиндиги бар жана болуп келген"

Өлкө бийлиги болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана боло берерин ар дайым айтып келет.

2024-жылдын соңунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштап жатып бул маселеге токтолгон эле.

"Кыргызстанда эмне журналисттердин эркиндиги жокпу? Кайсы журналист эмнени кааласа жазса болот. Бирок соңку жылдары аларга талап коюп жатабыз. Жалган маалымат жана мамлекеттин бейпилдигине бүлүк салгандарды жазага тартышыбыз керек. Ошондо гана мамлекетибизде тынчтык болот. Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Бирок өлкөгө бүлүк салбашы керек",- деген эле Ташиев.

Анда көп өтпөй үчүнчү элдик курулай учурунда президент Жапаров дагы ушул эле нерсени айткан. Жакында эле "Кабар" агенттигине берген маегинде президент Кыргызстанда адам укуктары сакталып жатканын жана сөз эркиндиги да бар экенин дагы бир ирет кайталады.

"Мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп келишет. Алардын көз жаздымынан байкалбай өтүп бараткандары болсо, журналисттер, укук коргоочулар далилдери менен айтып чыгышсын. Коррупция менен күрөшкөнгө жардам беришсин. Буга эч кандай чектөө жок. Тескерисинче бизге жардам болот. Жарандарыбыз жүйөөлүү сын-пикирлери менен каалаганын сындай берсин. Болгону жалган жалаа, ушак-айың же далили жок эле бирөөлөрдү каралоого жол бербейли деген эле кеп. Калп эле сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолорго жамынып алып, тымызын элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка чакырык жасагандарды токтотушубуз керек",- деген Жапаров.

Маданият жана маалымат министринин орун басары Марат Тагаев болсо сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчүнүн төмөндөөсү боюнча мындай деди:

"Сөз эркиндиги боюнча индексте Кыргызстан артка кетти деген көрсөткүч өлкөдөгү реалдуулукту билбеген уюмдардын тыштан болгон көз карашы. Кыргызстанда сөз эркиндиги ушунчалык эркин, керек болсо деградацияга учурап, элди кошо деградация кылууда. Кыргызстанда азыр сапаттуу журналистиканы калыбына келтирүү, улуттук прессаны жаратуу деген маселе олуттуу болуп турат. Болбосо коомдук пикир, талкуулар көчө деңгээлинен көтөрүлбөй, эл болуп уюбай эле ирип кетебиз. Сын болуш керек. Бирок сын салмактуу, анализденген болуусу шарт".