"Өкүм чыккандан кийин ыйладык". Журналисттер бийликти Александр менен Жоомартты бошотууга үндөшөт

Жоомарт Дуулатов 23, ал эми Александр Александров 28 жашта

Сүрөттүн булагы, Клооп

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров

Медиа коомчулук "Клооптун" мурдагы эки операторуна чыккан өкүмдү айыптоодо. Алар муну иликтөөчү журналистиканын үнүн басуу аракети катары сыпатташат. 17-сентябрда райондук сот Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга абакка кескен. Алар жапырт башаламандыкка чакырык жасоого айыпталып жатат.

Санек жана Жома

Санек жана Жома. Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду мурдагы кесиптештери эркелетип, дал ушунтип аташат.

"Кечээ Санек менен Жомага өкүм чыккандан кийин бозгунда жүргөн балдар байланышка чыгып, отуруп алып ыйладык. Эмне кыларыбызды билбей… (ыйлайт). Бир жагынан өзүбүздү күнөөлүү сезип кеттик. Алардын ордунда биз деле болуп калышыбыз мүмкүн эле. Себеби "Клоопто" иштегендердин баарын эле туш келди кармашпадыбы".

Өкүм чыккандан кийинки сезимдери менен бөлүшкөн "Клооп" басылмасынын башкы редакторунун мурдагы орун басары Айдай Токоева Александр менен да, Жоомарт менен да иштешкен. Экөөнү тең жакшы тааныйт. Би-Би-Сиге алар тууралуу маек куруп жатканда үнү каргылданып, улам улам ыйлап жатты.

"Экөө тең жаш: Саша 28де, Жоомарт 23тө. Саша экөөбүз "Клоопко" удаалаш жумушка орношуп, көп иштешип калдык. Көп сүйлөбөгөн, токтоо, адамгерчиликтүү, ишин так аткарган, дайыма жардамга кол сунган бала. Өзүнүн иштөө стили бар. Бою узун эмеспи, Сашаны "дрон" деп койчубуз. Штативин өйдө көтөрүп туруп тарканда видеолору дрондон тарткандай эле болчу. Ошондуктан марштарга, митингдерге, эл көп чогулган жерлерге Сашаны жиберчүбүз. Баскетболду жакшы көргөн, чиркөөгө туруктуу барып, бейчеки баспаган, келинчегин абдан сыйлаган бала. Жоомарт болсо биздин катарыбызга 19 жашында кошулган. Башында жаш деп чочудук. Бирок тарткан видеолору жакшы, анын үстүнө ачык-айрым, шайыр, жылуулук тартуулаган бала экен. Ошондуктан биздин командага ушундай позитивдүү балдар керек деп кабыл алганбыз. Кечке иштеп, чарчап-чаалыгып турганда тамашага салып, бийлеп маанайыбызды көтөрүп турчу", - деди Айдай Токоева.

17-сентябрь, 2025. Бишкектеги Биринчи май райондук соту

Сүрөттүн булагы, Клооп

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 17-сентябрь, 2025. Бишкектеги Биринчи май райондук соту

17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Клооптун" мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги абакка беш жылга кести. Редакциянын эки эсепчиси да беш жылга соттолуп, бирок жаза үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылды. Мамлекеттик айыптоочу операторлорду сегиз жылга, эсепчилерди эки жылга эркинен ажыратууну сураган.

Аларга "Жапырт башаламандык жасоого чакырык жасоо" беренеси боюнча айып тагылып жаткан.

Соттолуучулар акыркы сөзүндө айыптоолорду четке кагышып, башында кысым алдында, адвокатсыз көрсөтмө беришкенин, мунун менен үй камагына чыгууга үмүт артышканын билдиришти.

"Клооп" басылмасынын негиздөөлөрүнүн бири Ринат Тухватшин муну адамкерчиликке жатпаган, маңызсыз жана логикага сыйбаган өкүм деп атады:

"Биз иш менен таанышып, анда "Клооптун" бир дагы материалына шилтеме жок экенине күбө болдук. Актыда Болот Темировдун беш видеосу тууралуу кеп болот. Буга биздин кызматкерлердин, айыпталып жаткан балдардын кенедей дагы тиешеси жок. Бул материалдар эч качан "Клоопко" чыккан эмес. Алардын башкача версиясы да жарыяланган эмес. Ошентсе да аларга ушундай өкүм чыкты, реалдуу жаза алышты".

"Темировдун видеолору үчүн соттоп жатышат"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Клооп" басылмасынын маалыматына караганда, кылмыш ишин козгоого "Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт", "Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда", "Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?", "Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупция", "Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду ким алды?" деген беш видео себеп болгон. Бул видеолор "Темиров Лайв" каналына таандык.

Быйыл май айында "Клооптун" кызматкерлери жапырт кармалганда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "клоопчуларды" иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап келгенин, жалган иликтөөлөрдү жасашканын жана буюртма менен иштешкени аныкталганын" жазган.

УКМК да "Клоопту" мыйзамсыз иш алып барды деп айыптаган.

"2024-жылдын февраль айында соттун чечими менен "Клооп Медиа" коомдук фонду жоюлуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ага карабастан, мурдагы "Клооп Медианын" өкүлдөрү маалыматтык иш-аракеттерди жүргүзүп, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тууралуу бурмаланган маалыматтар менен терс багыттагы материалдарды жарыялашкан", - деп айтылган мекеменин майдын соңундагы билдирүүсүндө.

Редакция да, Темиров да айтылгандарды четке каккан.

"Балдарды Болот Темировдун видеолору үчүн соттоп жатышат. Булардын ага такыр тиешеси жок. Болот Темировду материалдарында деле "Эркиндикти эч ким бербейт, эркиндик үчүн күрөшүү керек" деген сөз бар экен. Ошону жапырт башаламандыкка чакыруу катары эсептеп жатышат. Конституция боюнча деле ар бир жарандын өз эркиндиги үчүн күрөшүүгө укугу бар. Апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылабыз. Сот иштебесе да, биз сот адилеттиги деген идеага кайрылабыз", – деди редакциянын адвокаттарынын бири, юрист Нурбек Токтакунов.

Журналисттер союзу эмне дейт?

Бул арада Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Александр менен Жоомартка карата чыккан өкүмдү айыптап, кыргыз бийлигин журналисттерди токтоосуз бошотууга үндөдү. Уюм муну бийликтин эң жогорку эшелонундагы коррупция тууралуу кабарлаган медианын үнүн басуу аракети катары баалды.

"Журналисттер" коомдук бирикемесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков да кесиптештерин кубаттайт. Ал бирикме бийликке кайрылып, өкүмдү жокко чыгарууга чакырарын билдирди.

"Тилекке каршы, бул биринчи учур эмес. Биздин өлкөдө журналисттик кесипти аркалоо өтө коркунучтуу болуп баратат. Эгер соңку статистиканы карасак, кылмыштуу топтун өкүлдөрү, чиновниктер, анан журналисттер көбүрөөк жоопко тартылып жатат окшойт. Мурда журналисттер эле соттолчу эле, эми операторлорду да жазалай башташты. Алар эми коркуп, жалаң эле той-топурду тартып калышат окшойт. Биз кесиптештерибиз менен биргелешип, сот органдарына, тиешелүү башка бийлик бутактарына кайрылып, өкүмдү жокко чыгарууну сураналы деп жатабыз. Өкүмдү өтө оор жана негизсиз деп эсептейбиз", - деди Дүйшөнбеков.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташевдин пикири болсо башкалардыкынан алда канча айырмаланат:

"Жаңылыкты мен дагы окуп калдым. Бир жагынан, кесиптештердин жоопко тартылып жатканы өкүнүчтүү. Ошол эле маалда алар жапырт башаламандыкка айыпталып жатпайбы. Кээде журналисттер да кимдир бирөөлөрдүн айдактоосу менен мамлекетке бүлүк салган иштерге катышып калганы да өкүндүрөт".

Би-Би-Синин "сиз эки оператор элди жапырт башаламандыкка чакырык жасоого аралашкан деп ойлойсузбу" деген суроосуна Илязбек Балтабашев: "Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин Кыргыз Респуликасынын мыйзамдары менен иш алып барабыз, мыйзамдарга таянабыз, ошолорго ишенебиз да", – деп жооп берди.

Юрист Нурбек Токтакунов тынымсыз сот адилетсиздиги болсо берсе, эл арасында чыңалуу күчөп, нааразылык курчуй берерин, бул бийликке терс кесепетин тийгизерин эске салат:

"Сиздер азыр 450 миң сом маяна төлөп берели деп жаткан судьялар бүтүндөй өлкө боюнча чыңалууну күчөтүп жатат деп бийликке сигнал берип эле келем. Эл арасында наарызылык күчөй берсе, эмне болорун тарых эбак эле тастыктап койгон. "Клоопко" эмне үчүн асылып калышканын такыр түшүнбөйм. Азыркы бийлик коррупция менен күрөшкүсү келсе, дал ушул редакциядан ачык маалыматтар менен кантип иштөө керектигин үйрөнүшү керек".

"Клооп" басылмасы 2008-жылы ачылган. Бул аралыкта иликтөө жанрында ондогон материалдарды чыгарган. Айрымдары эл аралык сыйлыктарга татыган.

2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Kloop Media" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган.

Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы себеп болгон. Арызда басылма бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын төмөндөтүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы жазылган.

Ошентип, "Клооптун" сайты Кыргызстанда бөгөттөлгөн. Басылма социалдык тармактарда ишмердигин улантып жатат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары басылмага кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырып келишет.

Май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.