You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Беларуска кетет". Вагнерчилер орто жолдон артка тартты
«Вагнер» менчик аскер компаниясынын кожоюну Евгений Пригожин жума күнү Москваны көздөй "адилеттик жүрүшүн" баштап, жолдо Ростов шаарына көзөмөл орнотуп, ишемби күнү Россиянын борборуна 200 км калган жерден жалданма согушкерлердин колоннасын артка буруп, аларды талаа лагерлерине кайтара турганын билдирди.
«Сутка ичинде биз Москвага 200 км жетпей токтодук. Бул арада биз өзүбүздүн жоокерлерибиздин бирөөсүнүн да канын төкпөдүк. Азыр кан төгүлүшү мүмкүн учур келип калды. Ошондуктан бир жагынан орус каны төгүлөрүнө бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен биз колоннаны артка буруп, планга ылайык, талаа лагерлерине кетебиз",-деди Пригожин, бирок аудиокабарда эмне болгон план экенин түшүндүрбөй.
Пригожиндин кабары Александр Лукашенконун басма сөз кызматынын "Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү беларус лидери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин колоннаны токтотууга макул болду деген билдирүүсүнөн кийин чыкты. Пригожин өзү бул жөнүндө айткан жок.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр эртең менен эле Пригожиндин аракетин "Россияга чыккынчылык" деп атап каарын төккөн Россия президенти Владимир Путин менен макулдашылган.
«Сүйлөшүүлөр бир күн кечке созулду. Натыйжада Россиянын аймагында кандуу булоон чыгаргандын кереги жок деген келишимге келишти. Евгений Пригожин Беларустун президенти Александр Лукашенконун «Вагнер» компаниясынын куралдуу адамдарынын Россиянын аймагындагы жүрүшүн токтотуу жана чыңалууну деэскалациялоонун кийинки кадамдары жөнүндө сунушун кабыл алды»,-деп айтылат «Белта» Беларус мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлаган билдирүүдө.
«Азыркы тапта кырдаалды жөндөөнүн абсолюттуу пайдалуу жана жарактуу варианты колдо бар, анда «Вагнер» менчик компаниясынын жоокерлерине коопсуздук кепилдиги берилди»,-деп кошумчалады Лукашенконун басма сөз кызматы.
Ишембиде кечинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге бул планды түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Пригожинге кылмыш иши кыскартылат, ал өзү болсо «Беларуска кетет». Козголоңго катышкан согушкерлер куугунтукка алынбайт, алардын күжүрмөн эмгектери эске алынат, ал эми колоннага катышпаган жоокерлер Коргоо министрлиги менен контрактыга кол коюшат.
Песков ошондой эле Лукашенко сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну өзү сунуш кылганын, анткени Пригожин менен 20 жылдан ашууну тааныш экенин да айтты.
Бир суткада болгон окуялар
Жума күнү Пригожин Коргоо министрлигинин жетекчилигин «Вагнер» менчик аскер компаниясынын позициясын аткылады деп айыптап, Москваны көздөй «адилет жүрүшүн» баштагандан кийин куралдуу козголоңго чакыруулар жөнүндө кылмыш иши козголду.
«Вагнердин» кожоюну жалданма согушкерлердин лагерлерине сокку жасалып, көп адам курман болду деп билдирди. Ал эми телеграм каналдарда аткылоо болгон жерден тартылды деген видео чыкты. Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү маалыматтык чагымчылык деп атады.
Пригожин андан кийин өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу дагы бир билдирүү жасап, өлкөнүн аскердик жетекчилиги жүргүзүп жаткан «ээнбаштык» токтотулушу керек деп айтты.
«Биз 25 миңбиз, биз эмне үчүн өлкөдө ээнбаштык чектен ашып кеткенин чечишкени баратабыз [...] Каалагандар баары кошулгула. Бул наадандыкты токтотуш керек», — деп билдирүү менен "каршылык көрсөткөндүн баарын жок кылууга" убада берди.
Россиянын атайын кызматтары кызматкерлерин бүт көтөрүп, чек арага чектеш региондордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ал эми жалданма согушкерлер колоннасы Украинанын оккупацияланган аймагынан Ростов областын көздөй бет алып, ишембиде эртең менен Ростов-на-Дону шаарынын борборуна кирип, түштүк аскер округунун штабын ээлеп алды.
Анын короосунда туруп Пригожин дагы бир видео кайрылуу жасап, шаардын аскердик объектилерине, аэродромго көзөмөл орнотконун, россиялык аскерлердин ишине эч кандай тоскоолдук кылышпаганын билдирди.
Ошондон кийин дагы бир видео чыкты. Анда Пригожин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана Генштабдын башчысынын орун басары Владимир Алексеевдин жанында отурат.
«Биз бул жакка келдик. Биз генштабдын начальниги [Валерий Герасимов] жана [коргоо министри] Шойгуну талап кылабыз", - деди Пригожин аскер мекемесинин жетекчилерине.
Ишембиде эртең менен саат ондо президент Владимир Путин видео кайрылуу жасап, «куралдуу козголоң уюштурган» вагнерчилерди "катаң чечкиндүү чаралардын" жардамы менен «жок кылууну» буйруганын билдирди.
Андан кийин Россиянын региондорунда, анын ичинде Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканы, ал эм жалданма аскерлердин колоннасы баш калааны көздөй бет алганы тууралуу кабарлар келе баштады.
Ростов-на-Дону шаарына чечендердин "Ахмат" спецназы жиберилип, Москвада контртеррордук операция режими, дүйшөмбү күн болсо эс алуу күнү катары жарыяланды. (КС)