"Медицинадагы коррупция". Акылбек Жапаровдун эскертүүсү
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Оштогу төрөт үйүнө качырып кирип, коррупциянын бетин ачууга аракет кылып милицияга кармалган блоггердин окуясынан кийин медицинадагы коррупция темасы кайрадан талкуунун чордонуна чыкты.
Коррупция менен күрөштүн экинчи этабы башталганын айткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге улай эле жакында Акылбек Жапаров медицина тармагындагы жемкорлукту да желкеден алууга күч жетерин эскерткен эле.
“Медицинадагы коррупцияны биз токтотушубуз керек. Мага жеткен маалыматтар боюнча кесарево жолу менен төрөгөндөрдөн 10-30 миң сомго чейин алынары тууралуу маалыматтар бар. Дагы бир жолу айтып коеюн, коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталды. Менин орун басарым Камчыбек Кыдыршаевичтин колу бир күнү аларга да жетет. Өзүңүздөр да үй-бүлөңүздөрдү капа кылып, бизди да капа кылбай, милдеттериңизди так аткаргыла деп суранып кетет элем”,-деп өкмөт башчы дарыгерлерге алардын кесиптик майрамында эскертүү берген эле.
Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барктабасова медицина кызматкерлерине карата мындай дооматка коомдук сайт аркылуу дароо жооп берди. Эксперт өкмөт башчы медиктерге мындай айып коердон мурун алардын айлык акыларын көтөрүп, мурда убада бергендей 50 миң сомго жеткириши керектигин эскертти.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
“Бул сураныч деле эмес, реалдуулук ушундай. Башка дүйнө жүзүндө догдурлардын айлыктары чоң экенин биздин өкмөт түшүнбөдү. Такыр эле аңдабай атканына биздин медиктер күнөөлүү эмес да. Бизде медициналык кызматкерлер алган эмгек акысы боюнча эң төмөнкү позицияларда турат. Мындан тышкары, врачтардын жүгүн жеңилдетиш керек. СССРден бери бекитилген норма жаңыланбай догдурлар 2-6 эсе көп иштеп атышат. Алар жаны желимден эмес да, уктабай, эс албай, ичпей-жебей иштегидей. Мындан тышкары, ковид маалында убадаланган компенсациялар боюнча өкмөт карызынан кутулсун. Силердин жаныңарды сактап калган медиктерге ушундай мамиле кылгаңыңар уят. Мамлекет догдурлар алдында карыз”.
Барктабасова ошондой эле коомдук сайттагы өз баракчасында эле акча төлөгөн мамлекеттик медицина киргизүү сунушун берди.
Ошол эле маалда медицина тармагында жемкорлук бар экени байма-бай көтөрүлүп келет. Соңку эле чуулгандуу мисал: мартта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча врачтын аракетинен коррупциялык элементтер аныкталган. Башкы дарыгер Улуттук госпиталдын башка кызматкерлеринен акча талап кылганы боюнча 20дан ашуун факты катталганы айтылууда.
Ошол эле убакта өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун бул билдирүүсүн талдаганда, врачтарга байланыштуу дагы бир окуяны эстей кетпесе болбойт.
Январда ушул эле Улуттук госпиталга караштуу балдар ооруканасынын бакандай беш кызматкери кармалган. Алар кызматын аткаруу маалында шаалакалык кылган деп шектелип, тергөө жүргөн. Анда журналисттер догдурлардын айынан каза тапты деген бала өкмөт башчынын агасы Нурлан Жапаровдун небереси экенин жазып чыгышкан.
Кендирди кескен айлык
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстан боюнча жүз миңдей медицина кызматкерлери бар жана алардын айлык акысы төрт миң сомдон башталат. Ортоңку звенодогу медицина кызматкерлеринин айлыгы беш миң, ал эми жогорку категориядагы кызматкерлердики алы-жети миң сомдон башталат. Мунун үстүнө мурда “кошумча индикатор” деп эмгек маянасына дагы акча кошулчу. Мындан тышкары, профсоюз, соцфонд деп кошулуп отуруп айлыктары 17-25 миң сомго барчу.
Былтыр президент Садыр Жапаров медицина тармагындагы кызматкерлердин айлыгын 100% көтөргөн. Бирок “кошумча индикатор” дегени алынып калган. Ортодогу инфляция, баалардын жогорулашы медициналык кызматкерлердин көтөрүлгөн айлык акысынын наркын жеп койгонсуду. Медиктер өздөрү эмгек акы эле эмес, медицина тармагындагы туташ көйгөйлөрдү жоюу үчүн ири реформалар керек экенин айтышат.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Саламаттык сактоо министрлигинде реформа жасоо аракети болуп, бирок ал нааразылык менен коштолгон эле. Мурдагы министри Алымкадыр Бейшеналиев анда бир катар ооруканаларды жоюуп, айрымдарын кайра бириктирген. Көп медициналык мекемелер анда түзүмүн өзгөртүшкөн. Ооруканаларды узак жылдан бери жетектеп келген башкы дарыгерлер, директорлор алмашып, бул иш ар кандай чыр-чатактар менен коштолгону эсте. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев реформа жасап жатканын жүйө келтиргени менен, эксперттер анын аракетин волюнтаризм деп да баалаган.

Сүрөттүн булагы, Cabar Asia
“Реформа-реформа дейбиз. Бирок медицина тармагына келип жаткан жетекчилер реформа деп эмнеге барып жатат? Келет деле больница-поликлиниканы кошуп же кайра жоюп, жетекчисин алмаштырып, өз кадрларын коюп, ошондой реформа болуп атат. Ал эми ички реформалар бир да жүргөн жок. Мисалы, ковиддин убагында билинбедиби, биздин мамлекеттик лабораториялар, мамлекеттик инфраструктура жок экен да. Жөнөкөй эле томография үч эле жерде бар экен да. Мына бүгүнкү күнү гранттар эсебинен ар бир поликлиникага коюлду”, -дейт эксперт Айбар Султангазиев.
Эксперт реформаны алды менен аймактардагы ооруканаларды куруп, жер-жерлерде жергиликтүү поликлиникаларды күчтөөдөн башташ керек дейт. Болбосо, борборго агылган бейтаптар көп болуп, Бишкектеги ооруканаларга күч келүүдө. Мындан тышкары, жаңы ооруканалар салынып, четтен медициналык билим алууга квота киргизилип, мамлекет жаш догдурларды колдоого алышы керек.
Дары-дармек мафиясы
Быйыл майда УКМК Дары-дармек департаментинин директору А.А жеке менчик компаниядан пара алып жаткен жеринен кармалганын билдирди. Шектүү дары-дармекти каттоону мөөнөтүнөн эрте бүтүрүп берүү үчүн туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп айыпталууда.
"А. А. департаменттин жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, байлык топтоо же пайда көрүү максатында фармацевтик компанияларга сертификат берип же оңунан чечим чыгарып берүү үчүн акча алып жүргөн”, - деп айтылат бул тууралуу атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Шектүү адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.
Дары-дармек департаментиндеги коррупциялык ызы-чуулар 2014-жылдан бери талаш-талкууларга жем болуп келет. Бирок бул тармактагы коррупцияга каршы иштердин алкагында кармап-камоолор соңку эки жылда күчөдү. Бирок алардын аягы эмне болуп бүтүп жатканы азырынча толук белгисиз.
Былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту фармкомпанияда иш алып барган бир кылмыш фигурантына карата өкүм чыгарган. Ал адам тергөө менен кызматташып, Дары-дармек департаментинин кызматкерлеринин тилин табуу үчүн 300дөн 3 миң 200 долларга чейин акча бөлүнүп турганын айтып берген. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер бейтаптарга кайсы бир дарыларды сунуштап, анысы үчүн ошол дарылардын наркынынын 10% алып турушканы да ачыкталган.
Тергөө менен кызматташкан ал адамга сот жазасын жумшартып, 260 миң сом гана айып пул салып, коё берген. Ал эми калган кылмыш иштеринин канчоосу сотко өттү, эмне өкүм чыкканы бүдөмүк.
Айлык менен социалдык колдоонун аздыгынан Кыргызстанда врачтар көмүскө акча аларын баары билишет. Бирок бул дары-дармек жаатындагы коррупциянын чеңгелине да тең келбейт.
Расмий маалымат боюнча сырттан дары ташып келүү үчүн Кыргызстанда үч жүздөй компания каттоодон өткөн. Бирок иш жүзүндө анын 15-20 чактысы гана үзгүлтүксүз иштейт.
“Бул жакка чоң эле адамдар кошулган. Биз баарыбыз эле билебиз. Чоңураак чиновниктердин сөзсүз түрдө фарм компаниялары бар. Биздин рынокто күчтүү 10-15 компания бар эле. Алар рынокту бөлүп алышкан. Бирөөсү реганеттерди алып келсе, бирөөсү кымбат онкологиялык жана трансплантацияга ылайык дары-дармектерди ташыйт. Дагы бири антибиотиктер менен алек. Бизде өкмөт бат алмашат, министрлер да улам жаңырып турат. Биз байкасак оорукана жана поликлиникалар мындай кадрдык алмашуулардан кийин аптекаларда алмаштырат. Ар бир өкмөт өз компанияларын тендерин катыштырганга аракет кылып, рынокту өзгөртчү. Бул жерде коррупциялык кызыкчылыктар бар деген ойдобуз, бирок түз далилдер бизде жок”, - дейт медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев.
Кыргызстанда фарм бизнеске тиешеси бар өкмөт, парламент өкүлдөрүнүн ысымдары байма-бай айтылып келет. Бирок алардын көбү бизнес ээси жолдош-жубайы же туугандары экенин айтып, бизнесине жоопкерчилик алышпайт. Ал тапта фармакологиялык тармактагы коррупция күч алып, ал барып отуруп эле карапайым калктын чөнтөгүн жукартып жатат.








