Согуштун контекстиндеги саммит
Кубат Чекиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити башталууда. Россиянын президенти Путин Украинада согуш башталгандан кийин биринчи жолу Кыргызстанга келди.
Бул саммит Украинадагы согуш курчуган учурда, андан улам Россиянын экономикасы болуп көрбөгөндөй санцияларга кабылган убакта өтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Россиянын экономикасы согушка ориентация алып, Европа анын газы менен мунайынан баш тартып жатканда, бул биримдиктеги башка өлкөлөрдүн экономикалык саясатында да өзгөрүүлөрдү талап кылууда.
“Согуш башталгандан бери көп өлкөлөрдүн Россия менен мамилеси чыңалууга туш болууда. Согуштун уланып, анын кесепеттери ого бетер тереңдеп жаткандыктан, бул сыяктуу жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Россиянын кризистик кырдаалын кайсы бир деңгээлде жөнгө салуу, мүмкүн болушунча Россияга жандаш болгон уюмдар, тараптар менен Россияга карата коюлган санкциялардын шартында экономикалык кыйынчылыктарды чечүүнүн жолдорун карашат”,-дейт саясат иликтөөчү Эмил Жураев.
Россиянын экономикасына салынган оор санкциялардын капшабы Москва менен бир уюмда болгон өлкөлөрдүн да жашоосуна тийүүдө.
"Сөз жок, ЕАЭБдин өнүгүүсүндөгү азыркы этап кризистик абалда. Бирок кандай гана кризис болбосун бир каалга жабылса, экинчиси ачылат эмеспи. Тилекке каршы, санкцияга кабылган орусиялык компаниялар менен байланышкан өндүрүштүк кооперациялардын долбоорлору жабылууда. Казакстан үчүн бул багыт абдан сезимтал. Себеби кээ бир байланыштар советтер доорунан бери келе жаткан жана санкциялар башталганга чейин айтарлык деңгээлде ийгиликтүү эле. Россиялык банктар мурдагыдай жигердүү эмес. Казакстандан орусиялык банктардын туундусу деп саналган үч банктын экөө кетти",- дейт Сергей Домнин, экономикалык серепчи, "Курсив" басылмасынын башкы редактору.
Негизинен Батыштын санкциялары Россия менен Беларуска салынды, ошондуктан мындай шартта бул биримдиктеги калган өлкөлөрдүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн сакталып турганы да өзүнчө маанилүү маселе.
"Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын транзиттик өлкөлөр катары ролу жөнүндө айтсак, алар ЕАЭБдин өндүрүш тармагында минималдуу үлүшкө ээ, бирок ал өсүп жатат. Анткени Россия жана Беларусь үчүн транзиттик өлкөлөр аркылуу, биз аркылуу негизги товарлар өтөт. Ошого жараша бул экономикалык биримдик башкача болору анык. Кантип? Муну айтуу кыйын. Албетте, аны өтө оор күндөр күтүп турат жана ЕАЭБ Кытай менен дагы тыгыз кызматташышы ыктымал. Ошондой эле, жакынкы келечекте юань (Кытайдын валютасы - Би-Би-Си) союз өлкөлөрүнүн тышкы операцияларынын негизги валютасы болуп калышы мүмкүндүгүн четке кага албайбыз”,-дейт Бишкектеги саясий эксперт Денис Бердаков.
Газ союзун түзүү демилгеси

Сүрөттүн булагы, AFP
Жакында эле Путин Казакстан, Өзбекстан менен бирге газ боюнча үчилтик союз түзүү демилгесин көтөрдү. Өзбекстан ЕАЭБге кирбегендиктен, Мирзиёев келбей калганы жарыяланды.
“Бул жөнүндө маанилүү сөз болушу мүмкүн эмес. Буга да байланышы болсо керек. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келбей калды. Акыркы кезге чейин келет деп күтүлүп жаткан. Россиянын газ боюнча үчилтик союз куруу сунушу биринчиден Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу союз түзөлү деген демилгеге жооп катарында көтөрүлгөн болчу.. Мен жаңылбасам, бул Астана тараптан да, Ташкент тараптан анчалык жактырылбаган демилге болуп кабыл алынды,-дейт Эмил Жураев.
"Алсыраган потенциал"
Бир эле убакта Борбор Азияда Россия менен катар Кытайдын, Түркиянын дагы активдүүлүгү артып баратат. Ошондуктан Путин үчүн бул региондогу атаандаштык шартында Москванын үстөмдүк таасирин сактап калуу милдети турат.
“Бул региондогу лидерлер менен байланыштарынын бат-бат болуп жатканынын бир себеби, албетте, Россиянын геосаясий таасиринин азайышы, анын өзү баштаган согуштагы потенциалынын алсырап жатышы”,-дейт Эмил Жураев.
Протоколдук жыйындардан сырткары президенттен өздөрүнчө дагы жолугуп көзмө көз сүйлөшөт эмеспи. Россиянын лидери экономикалык союздаш өлкөлөрдүн башчылары менен көшөгө артында дагы ар кандай маселелерди сүйлөшүшү мүмкүн.
"Жыргап кеткен жокпуз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын өзүндө ЕАЭБге киргенден жети жылдын ичиндеги өзгөрүүлөргө көңүлү толгондор аз.
Алардын бири экономист Руслан Акматбек:
"Биздин эң чоң жаңылыштыгыбыз эмне болду? Биз ЕАЭБге кирерибиз менен жыргап кетебиз деп ойлогонбуз. Чоң базар ачылат, анан мигранттар бир өлкөдөгүдөй эле бир облустан башка облуска өтүп иштеп, укмуш өсүп-өнүгүп кетебиз дегенбиз. Бирок киргенден кийин бир нерсени түшүндүк, маселе интеграциялык процессте эмес, маселе өзүбүздө экен. Жети жылдан бери биз кандай баштасак, ошондой эле кетип жатабыз. Мисалы, көп эле буйрутмалар түшөт, биз дагы эле көлөм жагынан, стандарт жагынан, лабораториялык талаптар жагынан, көп нерседен жооп бере албайбыз, тилекке каршы. Экинчиден, биз өзүбүз ага даяр эмес экенибизди көрдүк. Үчүнчүдөн, азыр учурда бирдеме экспорттосок эле ошол эле коңшу Россия, Казакстанстандын мисалы, улуттук кызыкчылыгы буга дал келбесе, чектеп коюп жатат, эч кандай маселе жок эле тыюуларды салып коюуда".








