"Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын кимдер кандай окутуп жатат?

Жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстандын мектептерине "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы киргизилди. Ал негизинен "диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн" киргизилгени айтылган. Бул сабак үчүн окутуу материалдар 2015-жылдан бери иштелип келген. 

"Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы быйыл 9-класстын окуучуларына бериле баштады, ал эми кийинки жылдан баштап 7-8-класстын окуучулары да окуй башташат. Кызыгы, мугалимдер бул предмет боюнча бааларды койбойт. 

Бишкектеги №24 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Гүлзат Туралиеванын классында ар кайсы конфессиянын өкүлдөрү окушат.

“Бул сабакка кызыгуу өтө чоң. Анткени биз заманбап информацияга таянып бул сабакты өтүп жатабыз, ошондуктан балдардын кызыгуусу өтө чоң. Алардын берген суроолору ар кандай. Мисалы жаштар диндердин тарыхына сөзсүз түрдө кызыгат, анткени ар бир адам динин туура кабыл алыш керек. Ар бир адамдын ички дүйнөсү болот. Жаштарыбыз ички дүйнөсүн, ички маданиятын, руханий маданиятын сөзсүз түрдө туура алып жүрүшү керек. Анткени туура алып жүрүүнүн негизинде биздин келечектеги мекенибиз ошол жаштарыбызга муктаж болот".

Бул сабак мектепке биринчи жолу кирип жаткандыктан мугалимдер аны окутканда тигил же бул динге үндөгөндөн сак, этият болушу керек. Анткени, бул өтө талылуу, сезимтал маселе.

“Сөзсүз түрдө биз биринчи кезекте бир гана маалымат беребиз, мен маалымат гана беремин. Бөлөк эч кандай көз карашымды айта албаймын, айтпаймын, айтканга укугум да жок” - дейт Гүлзат Туралиева.

Бул сабакты жогорку теологиялык билими бар, педагогикалык даярдыктан өткөн адистер же тарых мугалимдери окута алат. Ошондой эле мугалим педагогикалык, психологиялык кесипкөйлүк курстан өтүүсү кажет.

Бир жылдын ичинде окуучуларга ислам, христианство жана буддизм сыяктуу дүйнөлүк диндер тууралуу маалымат берилет.

УКМК менен ИИМ да өз “салымын кошот” - күч органдары потенциалдуу мугалимдерди текшерүүдөн өткөрөт жана окуучуларга берилчү китептердин үстүнөн экспертиза жүргүзөт. "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын окуткан мугалимдер эч кайсы диний агымдар менен байланышы болбошу керек.

Бул сабакта эч кандай үгүт болбошу керек

Билим берүү министрлиги азыркы учурда 2500дөн ашуун мугалим "Диндердин өнүгүү тарыхын" окутууга укук алганын айтат. Алар августта эки жуманын ичинде “квалификацияны жогорулатуу курсунан” өтүшкөн. 

“Предметтин 7-8-9 класстар үчүн билим берүү стандарты иштелип чыкты. Кыргыз билим берүү академиясынын кеңеши тарабынан жактырылды жана окуу программасына киргизилди. Предметтик стандартка ылайык, окуучулардын билимин диагноздук жана формативдик баалоодо тишелүү ыкмалар колдонулат. Мындайча айтканда журналга баа коюлбайт. Мугалимдер да окуучулардын ишенимдерин баалоого укуктары жок экенин билиши керек” - дейт Амангелди Сыдыбаев, министрликтин адиси.

Эксперт Жолдош Турдубаев, жаш балдарга дин тууралуу түшүнүк жана анын маданият, илим менен өз ара мамилеси кандай болушу керектигин мектептен баштап түшүндүрүү туура деп эсептейт. Эксперт президент Садыр Жапаров жарлыгында динге тартуу эмес, дин менен тааныштыруу, айрыкча ислам дининин Ханафи мазхабына (башкача айтканда, укуктук мектебине) көңүл буруу көрсөтүлгөнүн эскертти. Ханафи мазхабы негизинен Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жа Пакистанда таратылган.

Ошол эле учурда Турдубаев бул предмет жаңыдан кирип жаткандыктан кемчиликтери да жок эмес дейт.

"Тилекке каршы, кемчиликтер да бар. Буга автордук топко диний чөйрөдөгү адамдардын кирип калганы таасир эткен окшойт. Намаз окуу керек дегендей үгүт маанидеги сөздөр кирип кеткен. Бул сабакта эч кандай үгүт да болбошу керек, дин жөнүндө тескери көз караш да таңуулабашы керек. Нейтралдуу, калыс көз карашта, илимий негизде дин жөнүндө маалымат берген оң. Ар нерсенин чеги болот, аша чаппаш керек. Ким динди тутат, кандай тутат, кааласа тутпай эле коёбу - ар бир адамдын өзүнүн ыктыяры, бул Конституцияда жазылган, эл аралык укуктук ченемдерде да бар.”

Турдубаев “биринчи куймак бөлтөктүү”, окутуу материалдары кийин да иштелип, мындай кемчиликтер жоюлат дейт. Мындан сырткары эксперт "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметинде бир гана дүйнөлүк диндер менен чектелбестен, кыргыз коомуна тиешеси рухий маданият тууралуу маалымат берүү керек деп эсептейт.

“Негизи исламга чейинки рухий мейкиндик жөнүндө да сөзсүз түрдө айтылышы керек. Анын ичинен теңирчилик жөнүндө. Теңирчилик менен исламдын бири-бирине дал келген, бири-бирин жокко чыгарбаган, толуктаган жактары бар - ошолорду сөзсүз айтыш керек. Биздин кээ бир молдолор теңирчиликти жокко чыгарып, исламга каршы, таптакыр элдешкис көрүнүш катары каралаган сөздөр болуп атат - ошону токтотуш керек”.

Маектеш эксперт ошондой эле окуучуларга "Диндердин өнүгүү тарыхын" окутуу менен чектелбестен, мамлекеттин деңгээлиндеги диний саясатты телевидение, интернет аркылуу алгылыктуу, акылга сыярлык түшүндүрүү, дааваттын мазмунун көзөмөлгө алуу керек дейт. (ЕВ)