You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Брюсселдин каары жана Россияга жардам берген үчүнчү өлкөлөр
Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын он биринчи пакетин макулдашып бүттү. Евробиримдик элчилери макулдашкан чаралар жума күнү толук жарыяланат.
Бул пакеттин негизги максаттарынын бири азыркы санкцияларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу айланып өтүү менен күрөшүү болуп саналат. Биринчи кезекте Россияга астыртан көмөктөшүп жаткан өлкөлөр бутага алынат. Эми алардын өздөрүнө керектүү товарларды жана кош маанидеги технологияларды алууга тыюу салынышы мүмкүн.
Европа биримдиги ошондой эле эми Россиянын аскердик аракетине жардам берген товарларды экспорттоого чектөөнү күчөтөт. Андан сырткары, россиялык мунай жана мунай продуктуларын сатып алууга салынган чектөөдөн буйтап жаткандарга Евробиримдиктин портторуна кирүүгө тыюу салынат.
Дагы көп адамдарга жана юридикалык жактарга санкция салынат, анын ичинде украин балдарын Россияга мыйзамсыз депортация кылуу менен байланышкандардын баары бар.
Евробиримдик элчилери ошондой эле Россия көзөмөлдөгөн беш телекомпаниянын лицензиясын токтоткон чечимди узартууну макулдашты.
Борбор Азия өлкөлөрүнө да доомат бар
Украинадагы согуштун айынан Батыш менен Россия эрегишип, Москвага масштабдуу эл аралык санкциялар салынды. Эми Россиянын согуштук машинасына жардам берип жаткан үчүнчү өлкөлөргө санкция салынган жатат.
Батыштын санкциялары Кыргызстандын Россия менен байланышкан соода-экономикалык долбоорлоруна жеткени жөнүндө кабарлар келүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун акчалары Бельгиянын финансылык уюмдарында тоңдурулуп коюлгандыктан, Бельгияга Кыргызстандан дароо үч министр - экономика, финансы жана юстиция министри 18-июнда эле жөнөп кеткенин жергиликтүү агенттиктер жазды.
Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Борбор Азия өлкөлөрүнө товар ташуу көп эселеп өскөнү белгилүү. Ал арада Брюссель Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу санкция салынган товарлар Россияга өтүп кетип жатканына кабатыр экенин билдирген.
Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан жазында чаап келип, бир катар тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап кеткен.
Анын соңунан Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.
Евробиримдик Россияга жардам берип аткан үчүнчү өлкөлөргө дагы санкция саларын Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө да учкай айта кеткен.
Кыргыз бийликтери өз кезегинде Кыргызстан транзиттик мамлекет экенин жана эл аралык сооданын эрежеси менен иштеп жатканын жүйө кылууда. Садыр Жапаров Евробиримдикти кабатыр кылган маселе боюнча диалогду улантууга даяр экенин ошол саммитте билдирген.
Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн башкы саясий, аскердик жана экономикалык союздашы болгон Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле убакта Батыш менен болгон мамиленин да бузулушун каалабайт.
Евробиримдиктин Борбор Азияда чоң кызыкчылыгы бар, анткени Борбор Азиянын стратегиялык географиялык орду бар жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташтыкта орчундуу роль ойнойт, чоң энергетикалык ресурстары бар. Ошондой эле Афганистандагы окуялардын контекстинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда бул региондун мааниси чоң.
2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алган. Анда бул региондун Евробиримдик үчүн стратегиялык маанисине басым жасалган. (КС)