Брюсселди кабатыр кылган Бишкек

Элеонора Сагындык кызы, Руфат Эргешов, Би-Би-Си, Бишкек

Дэвид О'Салливан, Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү.

Евробиримдиктен Кыргызстанга ташылып жаткан айрым товарларды Россия Украинадагы согушка курал катары колдонуп жатышы мүмкүн. Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү Дэвид О'Салливан бул тууралуу кабатырлануусун Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Согушка колдонулуучу товарлар

Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Бирок, Евробиримдик оор санкцияларга тушуккан Россияга Кыргызстан көмүскө жол менен товар ташып жатабы деп шектенүүдө.

Соңку кезде Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын 770 түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар.

“Бул жерде сөз алдыңкы технология жабдыктары жана эки башка максатта колдонулушу мүмкүн товарлар тууралуу болуп жатат. Мисалы, смартфон, видеокамера жана таатал технологиясы бар жабдыктар. Буларды баары согушта колдонулушу мүмкүн”, - Дэвид О'Салливан, Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү.

Евробиримдиктин өкүлү экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Россияга сатылуусуна жол бербөө үчүн кыргыз бийлигинен так маалымат алуу маанилүү экенин айтты.

“Кыргызстандын Россия менен тыгыз соода-экономикалык алакасы бар экенин билебиз. Биз ал кызматташтыкка кедергибизди тийгизгибиз келбейт. Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы мамилени бекемдеп, жакшырткыбыз гана келет. Соода агымы боюнча так маалымат үчүн диалог керек”.

Ал кыргыз президентинин администрациясынан аны кабыл алган расмий адамдар болгонун да ачыктай кетти. Демек, кыргыз бийлиги Брюсселди кабатыр кылып жаткан проблемаларды билет жана анын берген жообу канааттандырбаган үчүн азыркы билдирүүлөр болуп жатат деп түшүнүү керек.

"Батыштын каарына калчудайбыз"

саясий эксперт Сейтек Качкынбай

Кыргызстан эл аралык коомчулуктан обочодо калган Россияга былтыр эң көп экспорт жасап, эки-өлкөнүн соода жүгүртүүсү рекорддук 2,9 миллиард долларга жетти.

Буга чейин жергиликтүү журналисттер ал жакка технологиялык товарлар, автоунаалар жана алардын тетиктери ташылып жатканын да жазып чыгышкан.

“Кыргыз өкмөтүнүн алдында азыр дилемма турат. Азыркы учурда шанстан пайдаланып Россия менен экономикасы жанданып жаткан плюс болуп жатат. Бирок бул Украинаны кайгысы менен келип жаткан жакшылык болуп жатат. Бирок алыскы перспективаны ойлосок, Батыштын каарына калчудай болуп атабыз, санкциялар менен”,- дейт саясий эксперт Сейтек Качкынбай.

Ошентип, Украинага кол салгандан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынан обочолонуп калган Кремль өзүнө көз каранды мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өткөнү байкалат. Бирок анын Кыргызстан үчүн куну кандай болот?

Санкциялар санаасы

Айбек Сарыгул

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Соодада достук жок” дейт эмеспи. Санкциялар киргизилгенден кийин Россиянын бир топ фирмалары Кыргызстанда өзүнүн агенттиктерин, филиалдарын ачышты. Барган сайын Кыргызстанда россиялык компаниялар көбөйүп баратат. Эми алардан биздин өлкөгө канча пайда болуп жатат деген маселе бар. Бирок ушу тапта экспорттон пайда түшпөсө дагы валюта жагынан болуп жатат. Экспорт үчүн акча доллар менен Кыргызстанга которулуп келип жатса жакшы, дүйнөлүк соодада орду чоңойуп атса да жакшы дечи. Бирок келечекте кыргыз компаниялары чектөөгө кабылып калышы мүмкүн да”,- дейт ишкер Айбек Сарыгул.

Ортодон пайда табам деп Кыргызстан катаал санкцияларга өзү да кабылышы мүмкүндүгүн жарандык активисттер эскертип келе жатышат.

Бишкектеги АКШ элчиси 24.kg маалымат агенттигине маек берип жатып, журналисттин бул тууралуу суроосуна жооп берген эле.

“АКШ бул санкциялар Россиянын Украинага болгон агрессиясын чектейт деп терең ишенерин баса белгилегим келет. Биз кыргыз өкмөтүн бул санкцияларды болушунча эске алууга чакырабыз. Анткени ал Россиянын Украинага кол салуусунан улам келип чыккан доо кетүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн болгон аракеттердин бир бөлүгү”,- деди февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

Соңку жылы Росссиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Кыргызстан менен товар жүгүртүүсү кескин көбөйгөнүн белгилей кетели. Мисалы, 2022-жылдын январь-августунда кыргыз-орус соода алакасы 2 миллиард доллардан ашкан. Мунун ичинде импорт да, экспорт да өскөн. Бул Россия Кытайдан Кыргызстан аркылуу товарларды көбүрөөк сатып ала баштагынан кабар берет, дешет серепчилер.

Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын февралдагы отчетунда Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдиктен көбүрөөк товар импорттой баштаганына тынчсыздануу бар экенин белгилеген.

Евробиримдик бул өлкөлөр Россияга Батыш салган санкцияларды кыйгап өтүү үчүн жардамдашып жатышы мүмкүн деп шектенип, иликтөөлөрдү жүргүзгөнү жатат.