Ага-ини Байрактар: компаниянын таржымалы, Эрдоган менен кудалашуу
- Жафер Умеров & Татьяна Януцевич, Би-Би-Си

Байрактар учкучсуз учактары Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта украинанын каршылык көрсөтүүсүнүн символу болуп калды. Ал тургай "Байрактар" деген сөздүн өзү белгилүү маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бүгүнкү күндө бул дрондордун жаралышынын артында эки бир тууган Халүк жана Селчук Байрактар турат. Бир туугандар сейрек интервью беришет, бирок алар Би-Би-Синин кабарчылары Жафер Умеров жана Татьяна Януцевич менен сүйлөшүүгө макул болушту.
Биздин кабарчылар бир тууган Байрактар менен Стамбулдун алыскы аймагындагы ишканасында жолукту. Аймак жана имараттын өзү дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү согуштун жүрүшүн өзгөрткөн аскердик учкучсуз учактарды чыгарган компанияны эмес, Батыш университетинин кампусун элестетет.
Ишкананын кире беришинде кызматкерлер үчүн Осмон империясынын тарыхы боюнча китептер топтому, анын жанында намазды туура окуу боюнча китептер коюлган. Өз-өзүнчө иш бөлмөлөр аз жана ачык аянтчалар көп. Бул жерде иштеген кызматкерлер да университеттегидей маанай калтырат. Бир туугандардын айтымында алардын орточо жашы - 29-30 жаш.
Экинчи кабатта катары менен үч бөлмө - бир туугандардын ар бирине бирден бөлмө бар.
Биздин интервью Байрактардын улуулары менен макулдашылды, белгилүү болгондой, алардын иниси Ахмет эл адамы эмес жана басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учкучсуз учактар (дрон) менен алектенбейт.
Анын ачык турган иш бөлмөсүндөгү дубалдан чоң түрк желегин жана Осмон империясынын гербин көрүүгө болот.
Кеңселер үй-бүлөдө чоң мааниге ээ болгон консервативдүү Түркияда экенибизди эске салгандай, улуулата жайгашкан.
Биринчи кеңсе бир туугандардын улуусу - Халүктуку. Ал компанияда СЕО башкы директор кызматын ээлейт.
Анын бөлмөсү жарык, дубалда янтарьдан жасалган украин кепесинин сүрөтү илинип турат. Иш столунда жумшак оюнчук – “Bayraktar TB2” учкучсуз учагын көрүүгө болот.
Биринчи эле ал 2020-жылы Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин колунан алган Мамлекеттик “Ардак” орденин сыймыктануу менен көрсөттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Халүк да, компаниянын техникалык директору жана “Bayraktar" дронунун архитектору" деп эсептелген Селчук да өткөн жылы каза болгон атасы Өздемир Байрактарды көп эскерди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрдогандын күйөө баласы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2016-жылы Байрактардын үй-бүлөсү Түркиянын президенти Эрдоган менен туугандашкан: Селчук Эрдогандын кызы Сүмейе менен баш кошкон.
Халүк анын авиацияга болгон сүйүүсүн үйрөнчүк-учкуч болгон атасы ойготконун айтат. Өздемир Байрактар 1984-жылы унаалардын запастык бөлүктөрүн чыгаруучу компанияны түптөгөн.
Өндүрүштөн тышкары саясатка активдүү аралашып, анын аркасында Түркиянын азыркы президенти (анда президент эмес болчу) Режеп Тайып Эрдоган менен таанышкан.
Экөө тең 1998-жылы тыюу салынган исламчыл “Жыргалчылык партиясынын” мүчөлөрү болушкан. Бийлик партияны республиканын биринчи президенти Кемал Ататүрк тарабынан түптөлгөн азыркы Түркиянын светтик баалуулуктарына шек келтирет деп эсептеген. Ошондуктан партия “Адилеттик жана өнүгүү партиясы” деген ат менен кайра каттоодон өтүп, азыр Түркиянын башкаруучу партиясына айланды.
Ал эми 2016-жылы жакын көз караштагы эки саясатчы расмий түрдө тууган болушкан: Селчук Байрактар Эрдогандын кызы Сүмейеге баш кошкон. Бул Түркияда өлкө башчысы менен байланыш үй-бүлөлүк бизнестин гүлдөшүнө негиз болду деген сынга алып келди.

Селчук бул сынга макул эмес...
“Биз 2000-жылдары учкучсуз учактарды чыгарууну баштаганбыз жана кандайдыр бир мааниде атам, агам, апам жана мен өзүм да буга өмүрүбүздү арнадык”, - дейт ал. Эрдогандын кызы менен үйлөнүү үлпөт тою 2016-жылы болгонун жана ага чейин эле биринчи “Mini” жана “Bayraktar TB1” иштелип чыкканын Селчук эске салды.
Селчук үйлөнгөндөн кийин саясий сындар көп болгонун, бирок жашоосунда көп деле өзгөрүү болбогонун белгиледи.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES
Бир туугандардын айтымында, Байрактардын үй-бүлөсү дайыма "өндүрүштө" жашашкан жана алар бала кезинен бери заводдо иштөөгө көнүшкөн. Алар мектепте окуп жүргөндө эле станокторду программалоого жардам берип келишкен.
Бир тууган Байрактар бизнестеги ийгилигине түрк президенти Эрдоган менен туугандык байланышы негиз болгон деген сынды четке кагышат.
Селчук ал кезде өлкөнүн эң абройлуу лицейлеринин бири Стамбулдагы Роберт Америка колледжинде окуп жаткан.
Эки бир тууган тең жогорку билимди Түркияда жана Америка Кошмо Штаттарында алышкан, Селчук дрондорду чыгаруу адистигине ээ болгон.
Окуу жайын бүтүргөндөн кийин “өз өлкөсүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн” мекенине кайтып келип, атасынын “Baykar” компаниясында иштей башташкан.
“Авиациянын туу көтөрүүчүлөрү” жана “тең укуктуу дүйнө”

Бир туугандар учкучсуз учактарды өндүрүү кичинекей инженерлер тобу менен башталып, компанияга жеке каражат гана жумшалганын айтышат.
Алардын ийгилигинин негизги компоненттеринин бири согуштук аракеттердин чыныгы катышуучулары болгон түрк аскерлери менен тынымсыз баарлашуусу болуп саналат. Бул алардын айтымында, учкучсуз учактарды армиянын талаптарына жана муктаждыктарына ылайык жаңылоого жардам берет.
Аскердик учкучсуз учактарга эмне үчүн фамилиясынын аталышы берилген деген суроого бир туугандар Байрактар түркчө “туу көтөрүүчү” дегенди түшүндүрөт, деп жооп беришти. Ошон үчүн алар бул ысым алардын дрондору үчүн эң сонун ысым деп ойлошкон.
“Биз парадигманын алмашуусу болуп жаткан авиация тармагында туу көтөрүүчү болгубуз келди”, - дейт Селчук.
Халүк “Байрактардын” жеке алар үчүн орду кандай?, деген суроого дрондор адилеттүү жана тең укуктуу дүйнөнүн түзүлүшүнө салым кошуусун каалайм, деп жооп берди.
Бул жерде биз “Bayraktar ТВ2” дрондору украин армиясы тарабынан орус аскерлерине каршы активдүү колдонулуп жаткан, Украинадагы согуш темасына акырындык менен өттүк.
Бул учкучсуз учактар Орусиянын бронетехникасын жок кылган видеолор дүйнө жүзүнө тарады. Ал эми украиндер үчүн түрк дрондору Орусиянын агрессиясына каршылык көрсөтүүнүн бир символу болуп калды. Алар жөнүндө ырлар жазылып, украиндер балдарына жана үй жаныбарларына ушундай ысымдары ыйгарып, бара-бара “Байрактар” деген сөз өлкөнүн популярдуу маданиятында жана дүйнө жүзүндөгү украин диаспорасында өз ордун ээледи.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Селчук Байрактар Орусиянын Украинага басып киришин “адилетсиз жана мыйзамсыз согуш” деп атады. Бир туугандар Украинаны ачык колдоп, украин аскерлерине учкучсуз учактарды бир нече жолу белекке беришкен жана ыктыярчылар чогулткан акча украиналык качкындардын муктаждыктарына жумшалган.
“Байрактардын” украиндер үчүн кандайдыр бир эркиндиктин символуна айланганына кандай сезимде экенин сураганда Халүк, алар иштеп чыккан технологиялардын Украинаны эгемендүүлүк үчүн күрөштө колдогону менен сыймыктанарын белгиледи.
Ал Украина эркин дүйнө үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады. Ал эми Селчук Орусиянын Украинага басып киришин “адилетсиз жана мыйзамсыз согуш” деп атады жана украин элиy эр жүрөк деп атады.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES
Бир тууган Байрактар Украинага кантип жардам беришет?
“Baykar’дын” Украина менен кызматташтыгы Орусиянын Украинага кол салуусунан мурда эле башталган. Орусия Крымды аннексиялап, “ДЭР” жана “ЛЭРге” аскердик колдоо көрсөтө баштагандан кийин Киев коргонуунун ар кандай жолдорун издей баштаган.
Халүктун айтымында украин бийлиги дрондорду сурап көптөгөн өлкөлөргө кайрылган, бирок келишимге Түркия гана макул болгон.
Украинада “Байрактар” системалары 2018-жылдан бери колдонулуп келет деген ишкер: “Ошол эле учурда Украина менен коргонуу өнөр жайында абдан маанилүү долбоорлорго кол коюлду, бул ар кандай технологиялык тармактарда кызматташуубузду өнүктүрөт”, - деп билдирди.
Ошондой эле ишкердин айтымында компаниянын адистери көптөгөн украиналык аскер кызматкерлерин “Байрактар TB2” дрондорун башкарууга үйрөтүшкөн жана жакында Орусиянын кол салуусунан улам бир туугандар менен дос болуп калган украин армиясынын офицери, учкучсуз учактын оператору жаракаттан улам каза болгон.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына “Байкардын” өкүлдөрү катышып, бир туугандар анын үй-бүлөсүнө жардам берүү ниетин билдирди.
Халүк Байрактар компаниянын Украина менен кызматташтыгына эч нерсе көлөкө түшүрбөй турганын жана бул жерде акча башкы нерсе эмес деп ишендирүүдө.
"Согуш башталганда биз он жүк ташуучу унаада азык-түлүк, балдардын тамак-ашы жана гигиеналык буюмдар менен гуманитардык жардам жөнөттук. Украина - биз менен тыгыз мамиледе болгон өлкө. Биз украиналыктардын кайгысын тең бөлүшөбүз жана алардын өз жерин ийгиликтүү коргогондугун жана баатырдык күрөшүн баалайбыз”, - дейт Халүк.
Мунун баары жакшы угулганы менен Украина жөн эле “Байкар” курал-жарак саткан базар экенин белгилеген сынчылар да бар. Бир туугандар буга эмне деп жооп беришет?
Халүк коммерциялык кызыкчылыктардын бар экенин жашырбайт. Бирок согуш башталгандан бери компания Украина менен кызматташууга көп күч жумшады. “Биз үчүн эки тарапка тең пайда алып келе турган бекем мамилелерди түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү приоритет болуп саналат”, - дейт ал.
Ал, Орусиянын Украинага кол салуусу менен “Байрактар” дрондоруна болгон кызыгуу жана сатуулар да өскөнүн ырастады. Украинадагы согушка чейин дрондор Тоолуу Карабактагы Азербайжан Армения согушунда, Сирия менен Ливиядагы согушта ийгиликтүү колдонулган жана көбүнчө жаңжалдын экинчи тарабында Орусия болгон.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES
"Эң башкысы акча эмес"...
Бул жерде Орусиядан реакция болдубу? - деген суроо өзүнөн-өзү туулат.
"Биз технологияларды өнүктүргөн компаниябыз, - дейт Халүк. “Биздин өзүбүздүн максаттарыбыз бар. Биз өлкөбүздүн, ошондой эле стратегиялык кызматташтыгы бар мамлекеттердин өнүгүшүнө салым кошууга аракет кылып жатабыз. Бул технологияларды өзүбүз колдонбойбуз. Биз аларды иштеп чыгабыз жана башкалардын пайдалануусу үчүн өткөрүп беребиз”, - дейт ал.
Ал, мисалы, Украинада учкучсуз учактарды украин аскерлери колдоноорун жана аларды качан колдонууну алар чечерин эске салды.
“Баары башка өнүмдөр сыяктуу эле. Албетте, тилекке каршы, орусиялык маалымат каражаттарынан жалааларды көрүп жатабыз, анткени биздин системалар абадан коргонуу жана брондолгон машиналарын жок кылып жатат. Бирок, биз деген технология менен камсыз кылуучу компаниябыз да”, - дейт ал. А алардын кандай колдонулушу башка адамдардын чечими.
Ошол эле учурда ал “Байрактар” учкучсуз учактары “Украинанын эгемендүүлүк үчүн күрөшүнө салым кошуп жатканын жана бул салымдын эң жакшы болушу үчүн аракет кылып жатканын” жашырбайт.
“А эгер Москва чоң суммадагы акча сунуштаса, аларга да сатасыздарбы?”, - деген суроо узаттык.
"Биз үчүн акча приоритет эмес. Акча жана материалдык ресурстар биздин бизнесибизде эч качан максат болгон эмес, - деп ишендирди Халүк Байрактар.
"Украина менен биздин достугубуз жана кызматташтыгыбыз көп жылдардан бери уланып келет. Чынын айтсам, мындай кырдаалда аларга [Москвага учкучсуз учактарды] берүү мүмкүн эмес. Ушул мезгилде биздин бардык колдообуз толугу менен Украина тарапта. Себеби бизде абдан күчтүү байланыш бар жана Украина абдан адилетсиз, агрессивдүү жана акылга сыйбаган кол салууга кабылды. Ошондуктан Украина менен кызматташуубузга эч нерсе көлөкө түшүрбөйт, кандай гана сумма сунушталбасын, бул маселе боюнча биздин позициябыз белгилүү”, - дейт ал.
Интервьюну Түркиянын президенти Эрдоган өз партиясынын жыйынында Владимир Путин Байрактар менен кызматташууну кааларын айткан күнү өткөрдүк.
Басма сөз кызматы Халүккө интервьюсунда Путиндин фамилиясын колдонбоону, болгону "Орусия" деп айтууну сунуштады. Ал эми Селчук бул мамлекеттик деңгээлдеги маселе экенине шилтеме жасап, такыр комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок, Халүктүн сөзүнөн көрүнүп тургандай, бир туугандар менен Россиянын ортосунда эч кандай кызматташтык болбойт. Мындай көрүнүш жок эле дегенде орус аскерлери Украинага толук түрдө басып кирген убакта күчүндө калчудай.
Аскердик дрондорду кимге жеткирүүнү ким чечет деген суроого Халүк бул компаниянын да, түрк мамлекетинин да чечими деп жооп берди. Анткен менен акыркы сөздү тышкы саясий кызыкчылыктарын эске алуу менен Анкара айтат көрүнөт.
Москва Ирандын “Shahed 129” учкучсуз учагына кызыгуу көрсөткөнү белгилүү. Селчук ирандык учкучсуз учактардын өзгөчөлүктөрүн билбестигин айтты. Бирок "Байрактар" өз классынын эң мыктысы экенин кошумчалады. “Дүйнө жүзүндө согуш учурунда өзүн мынчалык жакшы көрсөткөн башка бир дагы учкучсуз учуучу аппарат жок”,- деп баса белгиледи ал.
“Байрактардын” согуштагы ролу
Павел Аксенов, Би-Би-Синин аскердик байкоочусу:
“Baykar Bayraktar TB2” - бул рынокто жогорку тактико-техникалык мүнөздөмөгө ээ бир нече дрондор бар экенине карабай, орто бийиктиктеги узакка чыдамдуу учкучсуз учуучу учактар ( medium-altitude long-endurance UAV же жөн эле MALE UAV) арасында аскердик рынокто чыныгы медиа жылдыз.
Анткени, анын “өмүр баяны” абдан ийгиликтүү болду. Бул дрон бир эле учурда бир нече кагылышууларда колдонулган жана ал жерде дээрлик эч кандай каршылыксыз иштеген. Украинага чейин деле “Байрактарды” Азербайжан армиясы Тоолуу Карабах аймагында, Түркия 2020-жылдын февраль айында Сириядагы “Жазгы калкан”операциясы учурунда жана ага чейин Ливияда бул учкучсуз учактар Хафтардын армиясына каршы колдонулган.
Украинага чейин "Байрактар" чалгындоо системаларынын ролун гана аткарбастан, дээрлик "күнөскана" шарттарында - жакшы курулган абадан коргонуу системасы жок эле бутага сокку урган.
Жетиштүү бийиктикте болгон учкучсуз учактын соккулары көп учурда укмуштуудай болгон – өзүнүн камерасы тарабынан тартылган кадрлардан башкарылуучу бомбалар душмандын аскерлери эч кандай күмөн санабай турган объекттерге кантип түшкөнүн көрүүгө болот.
Бирок бул жердеги буталарга сокку уруу жөндөмү “Байрактар” Украинада абадан коргонууга активдүү каршылык көрсөтүүдө колдонула баштаары менен актуалдуулугун жоготту. Ошондон кийин дрондор өз классы үчүн салттуу функцияларды аткара башташты – байкоо жүргүзүү, бута белгилөө, чалгындоо.
Бул таасирдүүлүгү азыраак иш, бирок пайдалуулугу андан кем эмес. Бул класстагы түзүлүштөр сокку уруучу учактарды алмаштыра албайт. Алар мисалы, бомбалоочу учактар, чабуулчу учактар же тик учактар катары колдонулушу мүмкүн эмес. Алардын пайдасы пилоттоштурулган аппараттарга караганда азыраак, анткени алар жайыраак жана аялуураак.
Бул дрондор жөн гана адамдарды алмаштырган кээ бир авиациялык класстын өнүгүшү эмес. 1990-жылдардын аягында пайда болгон MALE, учуучу аппараттардын жаңы классын өздөрү жаратып, алар үчүн аларды колдонуу тактикасы түзүлгөндөй.
Алардын узак убакыт бою абада болуу жана байкоо жана оперативдүү-тактикалык аба чалгындоо иштерин жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү кыйын.
“Байрактар TB2” - өз классындагы жалгыз дрон эмес. Мисалы, Кытай өзүнүн “Wing Loong” учкучсуз учактарын жасап, Египет, Казакстан, БАЭ жана башка өлкөлөргө экспорттойт. Бул класстагы эң атактуу учкучсуз учактардын бири - Түркия баш болгон көптөгөн өлкөлөргө сатылган Израилдин “IAI Heron” дрону.
Ошондой эле америкалык “MQ-9 Reaper” бар, ал өз классындагы эң эффективдүү машиналардын бири катары белгилүү жана 1990-жылдардан бери учуп келе жаткан легендарлуу “MQ-1 Predator’дун” мураскери.
"Байрактар" – кандайдыр бир өзгөчө ийгиликтүү өзгөчөлүк эмес, жөн гана бул абдан ийгиликтүү дрон көп жагынан керектүү учурда керектүү жерде болгон.
Роб Ли, Вашингтондогу тышкы саясат институтунун улук илимий кызматкери:
“Байрактар” Украинада көбүнчө жардамчы ролду ойноду.
Согуштун алгачкы жумаларында биз орус аскерлеринин колонналары абадан коргонуусу жок [Украина жолдору менен] ойлонбой жылып баратканда, орус аскер техникасына кол салууларды көрдүк. Жана бул маанилүү болчу.
Бирок кийинчерээк, орустар акыры “кандай керек болсо,тошондой” күрөшө баштаганда, март айынан баштап, биз Украинанын учкучсуз учактары Змеиный аралын кошпогондо, орусиялык аскердик техникага сокку узатканын көрбөй калдык.
Донбасста "Байрактарды" активдүү колдонуу байкалган жок. Ал жакта орустардын андан күчтүү абадан коргонуу күчтөрү бар, ошондуктан бул дрондор жогорку чечүүчү оптиканын аркасында алыскы аралыктан бутага алуу милдетин аткарышат. Видео тасмаларга карай турган болсок, он чакты “Байрактар” атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн, бирок муну так айтуу мүмкүн эмес.
Дрон чечүүчү курал болуп эсептелбейт, ал белгилүү бир шарттарда пайдалуу болушу мүмкүн. Мисалы, душмандын дрондорду зыянсыздандыруучу күчтүү абадан коргонуу же электрондук согуштук мүмкүнчүлүктөрү жок болгондо.
Тоолуу Карабактагы согушта алар чечүүчү ролду ойношту, анткени Азербайжан абада артыкчылыкка ээ болчу. Бирок Украинада абал башкача, бул жерде ачык-айкын артыкчылык жок. Бир согушта маанилүү болгон нерсе экинчи согушта көп маанилүү эмес болушу мүмкүн.
Жана башка дрондор...
“Baykar” компаниясы дагы бир дронду - “Акынжыны” да иштеп чыгууда. Анда Украинада жасалган турбиналар колдонулат.
"Акынжы" – кыймылдаткычтары Украинада жасалган жаңы дрон модели
Селчук алар жогорку класс экенин - чоңураак жана батыраактыгын ырастайт. Бирок, анда украин турбиналары колдонулганына карабастан, Украинада азырынча жок. Алар Украинага жеткирилеби деген суроого эки бир тууган тең украин тарап азырынча мындай өтүнүч менен кайрыла элек деп жооп беришти.
Ошол эле учурда бир туугандар түрктөрдүн биринчи үн ылдамдыгы жок учкучсуз учагы “Кызыл алманы” иштеп чыгууда жана “Байрактар ТВ3” аттуу жаңы согуштук учкучсуз учактын үстүндө иштеп жатышат.
Эки учкучсуз учак тең тик учак көтөрүүчү док-кемелерге учуп, коно алат. “Кызыл алмада” да украиналык турбиналар колдонулат.
Бирок кызматташуу муну менен эле токтоп калбайт. Халүк Украинанын аймагында учкучсуз согушкерлерди толук чыгарууну жана украин жаштары үчүн илиммй борборлорду ачууну пландап жатканын белгиледи.
Бир туугандар дрондорду иштеп чыгуу жана өндүрүү борборун түзүү үчүн жер сатып алышканын, бирок согуштан улам иш токтоп калганын кошумчалашты.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












