Демократиядан - авторитаризмге. Кыргызстанда адам укугунун абалы

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2023-жылы Кыргызстанда бийликке каяша айтып чыккан жарандык активисттер, оппозициядагы саясатчылар камалган учурлар көп болду. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалын эл аралык уюмдар да сынга алууда. Расмий бийлик өз кезегинде адам укуктарын сыйлаган жана күчтүү демократиялык башкарууга багыт алган өлкө экенин айтып келатат.

Human Rights Watch Жоробековдун таламын талашты

Human Rights Watch уюму тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун камалышын сынга алды.

Уюм мындай мамилени анын сөз эркиндигине жана тынчтык чогулушка чыгууга болгон укугун бузгандык деп баалады.

"Каршы пикирин билдирип, тынчтык митингин өткөрүүгө үндөгөндүгү үчүн ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Кыргыз бийлиги аны айыптоону токтотуп, боштондукка чыгарууга тийиш”,- деди Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Афтандил Жоробеков 7-декабрь күнү кечинде кармалды. Милиция кызматкерлери анын үйүн тинтип, техникаларын алып кетти. Ага "Бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу”, “Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык жасоо" деген айып коюлуп жатат.

Мунун баары активист өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына тууга байланыштуу бийликке сын айткан видеосун жарыялагандан кийин болду. Анда Жоробеков тууну сактап калуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айтып, каалоочуларды тынчтык жыйынына келүүгө чакырган.

8-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны эки айга камакка алды. Эгер анын күнөөсү далилденсе, сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жоробековдун адвокаты болсо ага коюлуп жаткан айыптоолорду абсурд деп атады.

Human Rights Watch уюму Жоробековдун камакка алынышы Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап бара жаткан учурга туш келгенин билдирди.

Парламентте адам укуктарын, анын ичинде сөз жана чогулуу эркиндигин кескин чектеген бир нече мыйзам долбоорлору каралып жатканын эске салды.

Сентябрдын соңунда Жогорку Кеңеш төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов “Кыргызстанын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштаган.

Демилгечилер азыркы туу күн карамага окшош экенин айтып, желектин айрым элементтерин өзгөртүү сунушун киргизген. Алардын долбоору коомдо сынга кабылып, бөлүнүп-жарылууга алып келди.

Парламент 20-декабрда долбоорду талкуулабай туруп, экинчи жана үчүнчү окуудан шыр кабыл алып, президент дагы эки күндө дароо кол койду.

CIVICUS Monitor: Кыргызстанды сындаган отчет

Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы дагы жакында эле адам укуктарына байланыштуу Кыргызстанды сындаган отчет жарыялады.

People Power Under Attack (PPUA) 2023 деп аталган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.

Кезинде Борбор Азия чөлкөмүндө эң демократиялуу өлкө катары таанылган Кыргызстан 100 баллдан 40 балл алды.

“Жети өлкөнүн бешөө эң начар эки категорияга өттү. Бангладеш менен Венесуэла жабык деп бааланууда, ал эми Кыргызстандын, Сенегалдын жана Шри-Ланканын статусу төмөндөп, жарандык эркиндиги кысымга алынган өлкөлөргө кирди. Бул мамлекеттерде жарандык коом үчүн шарт барган сайын төмөндөп жатат”,- деп жазылат анда.

Отчётто Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү репрессияланган же жабык деп классификацияланды. Жалпылап алганда Европа өлкөлөрүнүн дагы рейтинги начарлап кеткени көрсөтүлдү.

“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда. Дүйнө коомчулугунун жана жарандык коомдун кескин каршы болгонуна карабастан, Россиянын "чет элдик агенттер" мыйзамдарына окшош долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл алуу алдында турат”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын дагы отчётунда.

"Чет элдик өкүл"

2022-жылы депутат Надира Нарматова сунуштаган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору бүгүнкү күнгө чейин коомдун кызуу талкуусунда.

Ал эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылып, өлкөнүн адам укуктарына байланыштуу рейтингин төмөндөткөн документтердин бири болуп калды.

Айрым адистер жаңы мыйзам кабыл алынса, мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документ талап кыла алат деп жатат.

Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик жооптуу кызматкерлер катышып турат. Мындан тышкары, каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот.

Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Эң талаштуу жери кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси болууда.

Эгер коммерциялык эмес уюмдар көрсөтүлгөн талапты бузган учурда акчалай айып пул салуу жана 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу жаза каралып жатат.

25-октябрда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун карап, биринчи окуудан жактырды.

Ал ортодо медиа коомчулук жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Германиянын элчиликтерине жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу жасап, аталган долбоорду демилгелеген депутаттарга виза берүүдө чектөө киргизүүнү сунуштады.

Демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова болсо долбоор өлкө коопсуздугун коргоо максатында иштелип чыкты деген жүйөнү айтып жатат.

“Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчётто ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Андан сырткары, алардын ишине мамлекет тарабынан көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”,- деди депутат.

Парламентте дагы мыйзамдын долбооруна каршы болуп, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө керек деген депутаттар дагы жок эмес.

Кезинде аталган мыйзам долбооруна Нарматова менен кошо демилгечи болгон бир топ депутат кийинчерээк ар кандай жүйө менен демилгечилердин катарынан чыгып кеткен.

Сынчылар мыйзамдын долбоору Орусиянын “Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамынын көчүрмөсү экенин дагы айтып келишет.

Октябрдын башында БУУнун атайын баяндамачылары кыргыз бийлигин "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, аны чакыртып алууга үндөдү.

Алар сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келе турганын эскертти.

“Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бардык бирикмелердин ишмердүүлүгүнүн чектелишине таасирин тийгизет, алардын адам укуктарын коргоо, социалдык кызмат көрсөтүү жөндөмүн чектейт”,- деди алар.

Көп өтпөй Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани дагы кыргыз парламентин аталган мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Ушундай эле сын-пикир Европа парламенти, АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары, андан тышкары Human Rights Watch сыяктуу бир катар эле аралык уюмдар тарабынан айтылды.

Кыргыз бийлиги аталган мыйзам долбоорун колдой турганы анык болуп калды. Жакында өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров мындай деди:

“Бул жерде алардын акчасын талашып, кыйнап жаткан жокпуз. Ачык гана көргөз деп жатабыз. Буга чейин эч ким ачык көрсөтпөй иштеп келди. Жүз миңдеген, миллиондогон доллар, евролорду алат, андан эч болбосо бир тыйын салыкка, социалдык фондго төлөбөйт. Бүт өзүнүн жеке менчик, үй-бүлөлүк керектөөсүнө жумшайт”,- деди Жапаров.

Анын мындай сөзүнөн кийин бул мыйзамдын долбоору дагы желек демилгесиндей болуп жаңы жылга чейин шашылыш кабыл алынганы калды деп жоромолдогондор арбыды.

“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору

2023-жылы талашка түшкөн дагы бир маселе “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору болду.

Ага каршы чыгып, сындагандар аталган долбоор менен медиага жана онлайн платформага ашыкча мамлекеттик көзөмөл киргизилип жатканын белгилешет.

Андан улам бийликке сын айткандарды куугунтуктоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу айтылат.

Өлкөдөгү журналисттер коомчулугу дагы бул долбоор сөз эркиндигин чектейт деп тынчсызданып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон.

Бул долбоор кабыл алына электе эле бийликтин мыйзамсыз иштерин сындаган журналисттерге кысым болуп жатат деген кабатыр билдирүүлөр болуп жатат.

Бир жыл мурда УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин үй-бүлөсүнүн, баласынын отун бизнесиндеги иштерин иликтеген журналист Болот Темировду паспортту мыйзамсыз алган деп сот өлкөдөн чыгарып жиберди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын беделине шек келтирген маалыматтарды жарыялап жатат деген негизде “Клооп” интернет басылмасын жоюу боюнча шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Сунушталып жаткан жаңы долбоор боюнча интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынат. ЖМК ээси деген институт киргизилет.

Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызмат деп айтылат. Андыктан ЖМК ээсинин редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ЖМК уставында да бекитилет.

“Кемпир-Абад иши”

“Кемпир Абад иши" деп белгилүү болгон чыр окуядагы массалык камоого бир жылдан ашты.

Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгып, отузга жакын журналист, блогер, укук коргоочу жана коомдук ишмерлер кармалган, алардын айрымдары дале камакта.

CIVICUS Monitor платформасы отчётунда бийликке каршы сын айткандардын арасынан саясий негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын саны дагы көбөйдү деп жазды.

Бул кылмыш иш эгемен кыргыз саясатындагы эң чуулгандуу жана кармалган адамдардын саны боюнча эң резонанстуу иш болуп жатат.

Айыпталуучулар сот эмдигиче алардын айыбын угузбай жатканына нааразы.

“Кемпир-Абад боюнча иш баштала элек. Жарым жыл болуп калды, ошондон бери алардын айыбы угузулбай жатат. Ушуга чейин болгону баш коргоо чарасын өзгөртүү сыяктуу жагдайлар гана каралып келди. Сот камактагылардын мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узартып койду”,- деди Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев.

Сот отурумдары болсо жабык эшик артында, камактагылардын катышуусу жок өтүп жатты.

Үй камагында отурган активист Рита Карасартова – бул адам укугун одоно бузгандык дейт. Камакта отурган киши ага байланыштуу чыгып жаткан чечимди билиши керек экенин айтты.

Эгер айыпталуучу сот залында соттун тескөөсүнө баш ийбеген учурда залдан чыгарып жиберүүгө мыйзам жол берет. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы айыпталуучулар 27-сентябрда өткөн отурумда бир нече жолу тартип бузушкандын жүйө келтирди.

Тергөө тарабынан аталган ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отуруму жабык өтүп келет. Бирок буга айыпталуучулар макул эмес. Отурумдун жабык өтүп жатканына байланыштуу коомчулукта дагы бир-топ суроо жаралып жатат.

Кармалгандардын баардыгына “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Бийликти басып алууга даярдануу” деген эки негизги берене боюнча кылмыш иши козголгон. Айрымдары дагы башка беренелер боюнча айыпталууда.

Кемпир-Абад боюнча камоолордун аягы кары-картаңдарга чейин жетти.

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанованын "Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып менен кармалышы коомдо кызуу талкууга жем таштады. 2023-жылдын 17-октябрында анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты.

16-декабрда курултайда Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын бири кайсы бир мамлекеттин элчисинен акча алганын айтты. Бирок ал каражат кимге берилгени жана кайсыл өлкөнүн элчилиги буга аралашканы тууралуу ачыктаган жок.

Буга нааразы болгон айыпталуучулар “Кемпир-Абад иши” боюнча алардын чет өлкөдөн акча алгандыгын далилдөөчү маалыматтарды талап кылып президентке кайрылуу жолдошту.

“Эгерде мындай материалдар бар болсо, аны жазык ишине киргизип, айыпталуучуларды, алардын жактоочуларын жана сотту тааныштырууну талап кылабыз. Эгер бул жагдайлар тастыкталбаса, президентке жалган маалымат берген адамдар жоопкерчиликке тартылсын, ачык сот отурумун өткөрүү маселеси оң жагына чечилсин”,- деп жазылат алардын кайрылуусунда.

Айыпталуучулардын бири Клара Сооронкулова президенттин курултайда берген маалыматы чындыкка жатпайт деди.

“Президент айткан жагдайлар тыкыр жана ар тараптуу иликтөөнү, тийиштүү саясий-укуктук баа берүүнү талап кылат. Кеп биздин мамлекеттин ички иштерине одоно кийлигишүү, мамлекеттик эгемендүүлүккө кол салуу, башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында диверсиялык иштерди жүргүзүү жөнүндө болуп жатат. Мындай болушу мүмкүн эмес. Буга чейин деле жомок кылып токуп келишкен. Бул болбогон кеп”,- деди Сооронкулова.

Ал ортодо бул иш боюнча айыпталып жаткан саясатчы Бектур Асанов жыгылып, моюн омурткаларын жабыркатып алганы, абалы жакшы эмес экени тууралуу маалымат тарады.

Жубайы Алтын Эркебаеванын айтымында, башы дагы жарылган жана операцияга муктаж.

“Эки-үч жумадан бери ооруну басаңдатчу дары менен жүрөт. Томаграфияга түшүп, нейрохирургдан кеңеш алды. Ал дагы операция жасалышы керек деди. Бирок кагаз иштери бүтпөй, чыгарбай жатышат”,- деди ал.

Ошондой эле жубайы, жолдошу менен байланышканга мүмкүнчүлүк болбой жатканын, адвокаттар аркылуу гана маалымат алып жатканын айтты.

“Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Саламаттык сактоо министрлигине арыз менен кайрылдым. Үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп беришсе жакшы болмок. Иш мыйзамсыз козголгонун баарыбыз белебиз”,- деди ал.

Арыздардын көбү ИИМдин ишине тийиштүү

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында, Бектур Асановго кыйноо болгон эмес. Бирок ден-соолугуна байланыштуу арыз даттануулар бар.

“Эгер кимдир бирөөнө убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө ырайымсыз мамиле деп сыпатталат. Учурда иш жүрүп жатат, аяктаган соң жообун айтабыз”,- деди ал.

Рысбеков жылдагыга салыштырмалуу быйыл кыйноого кабылгандардын саны төмөн экенин кошумчалады. Бирок бул абалдын жакшырып кеткенин кабар билдирбейт турганын айтты.

“Он бир ай аралыгында аталган борбор 700дөн ашуун алдын-алуу текшерүү иштерин жүргүздү. Кыйноо боюнча жалпы 100дөн ашуун арыз түштү. 39 арыз кыйноо боюнча, 25 арыз катаал мамиле боюнча, 13 арыз кармоо шарттары боюнча, 32 арыз башка таризде келип түштү. 114 акты түзүлүп, жыйынтыгында иштен алынып, кызматынан төмөндөтүлгөндөр болду. Мониторинг учурунда ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигине таандык алты тоскоолдук катталды. Ал боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат. Алар биздин кызматкерлер барган кезде тоскоолдук кылышты. Мындай мамилени жаап-жашыруу иштери жүрүп жатат деп кабыл алабыз”,- деди ал.

Адам укугунун сакталышы боюнча иш алып барган адистер Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кармоо шарттарынын начарлыгы, кыйноолордун токтобой жатканы тууралуу байма-бай айтып келишет.

Рысбеков дагы өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайлардын, түрмөлөрдүн көбү совет доорунда салынып, эскилиги жеткенин ырастайт.

“Айрымдарын жаңыртып, айрымдарын колдонууну токтотуу керек. Маселен, Бишкек шаарындагы ИИМге таандык убактылуу камоочу жай он жыл мурун эле жараксыз деп табылган. Ал ошол жерде кармалып жаткан кишилер үчүн гана эмес, иштеп жаткан кызматкерлерге дагы коркунуч туудурат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп жатат”,- деди ал.

Ошондой эле быйыл Жазаларды аткаруу тутумунан кыйноо боюнча арыз каттала элек экенин, келип түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгү ИИМдин ишине тийиштүү болуп жатканын маалымдады.

"Бийликти басып алат деп..."

Июндун башында бийликти басып алууга даярдык көргөн деп отуздан ашуун адамдын УКМКга жеткирилиши дагы эң чоң окуялардын бири болуп калды.

Атайын кызмат сурактан кийин беш адамга оор айып менен кылмыш ишин козгоду. Бул ишке дагы жашыруун деген гриф коюлгандыктан расмий органдар толук маалымат берген жок.

Алардын арасында “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова, “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков жана Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев бар.

Учурда кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылып, бири дале абакта отурат.

УКМК аларга “бийликти күч менен басып алуу үчүн көмүскө даярдык көрүшкөн” деген айып тагууда.

Далил катары айрым бир видео, аудио материалдар тарады. Тергөөнүн версиясында шектүүлөр жыл бою өлкөнүн ар кайсы аймагынан бийликке нааразы болгон жүздөн ашык адамды өз катарына тартканы айтылат.

УКМКнын маалыматында уюштуруу иштерин каржылоо жана сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан каражат алышмак болгону кабарланды.

Бирок кимден же кайдан, канча каражат алынмактыгы тууралуу ачык маалымат таратылган жок.

Күзгү саяcий сезон

Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаров кармалып, эки айга камакка алынышы менен Кыргызстанда “күзгү саясий сезон” ачылды. Ал укук коргоо органдары тарабынан "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча кылмышка шектелүүдө.

Мадумаров парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери болгон себептүү анын тарапташтары дароо эле саясий куугунтук тууралуу билдирүүлөрдү таркатты.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши элге, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, бийликтин аракетин кылмыштуу деп атады жана акыйкат үчүн көгөрүп күрөшөрүн билдирди.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өз кезегинде "кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерин жасаса, аларга аёо болбойт" деп эскертти.

Мадумаров кармалгандан кийин ИИМ "Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деген билдирүү таратты.

Оппозиционер саясатчынын адвокатынын айтымында, кеп Адахан Мадумаров 2009-жылы коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол коюп берген кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө деген талаштуу 275 метр жерди Тажикстандан ижарага алуу жөнүндө протокол боюнча болууда.

Адахан Мадумаров өзүнүн кармалган себебин "баягы эле жомок, Баткен" деп эч кенебеген түрүн көрсөтүүдө.

Олжобай Шакирдин камалышы

УКМКнын укуругу удаалаш эле жазуучу, журналист Олжобай Шакирге дагы жетти. Ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты 49 жылга Өзбекстанга ижарага бергенге каршы элди тынчтык митингиге үндөгөндүгү үчүн августтун этегинде “Массалык башаламандыкты уюштуруу” деген айып менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Олжобай Шакир “социалдык баракчалар аркылуу чагымчыл маанидеги маалыматтарды таратып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, массалык башаламандыкка чакырды”, - деп билдирди УКМК .

Жазуучунун адвокаты Бакыт Автандил “УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузууга барды”, - деп айтты.

Конституциялык Соттун чечимин эми кайра кароого болот

Адам укугу тармагындагы жылдын дагы бир урунттуу окуясы “Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын кабыл алынганы болду.

Аталган мыйзамдын долбоору дагы Жогорку Кеңеште талкуусуз каралып, ага 3-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзамга ылайык, эми Конституциялык Соттун чечимдерин кайра кароого болот. Ал үчүн президент жана Конституциялык соттун төрагасы гана арызды бере алат. Буга чейин Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналып, даттанууга жатпайт делип келген.

Бул мыйзамдын долбоору президент тарабынан сунушталып жатканда, жарандык коом жана парламент депутаттарынын катуу сынына кабылды.

Депутат Дастан Бекешев аталган документке караманча-каршы болуп чыкты. Ал аны долбоор кабыл алынса, президенттик администрациянын ыйгарым укуктары эбегейсиз кеңейиши мүмкүн деп түшүндүрдү.

“Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоору кабыл алынса, Конституциялык сотту такыр эле жоюп салуу керек. Юриспруденцияда “моралдык укуктар”, “элдин аң-сезими” деген сөздөр болбойт. Булар философиялык аныктамалар”,- деди ал.

Конституциялык сот быйыл 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын караган.

Ага ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укук барген чечим чыгарды.

Анын мындай чечими убагында парламент төрагасы Нурлан Шакиев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан сынга кабылды.

Мындан көп өтпөй президент өзү сунуштап, Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлө баштады.

Ар бир үчүнчү респонденттин укугу бузулган

Өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн негизги органдардын бири Акыйкатчы институту дагы жыл ичинде аларга келип түшкөн арыздардын көбү сот жана укук коргоо органдары менен байланыштуу деп билдирди.

“2023-жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институтуна он миңден ашуун кайрылуу келип түштү. Ар бир арыз боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мыйзам жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүп, кайрылган жарандын укуктарынын сакталышына аракет жасап келет”,- деди Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев Би-Би-Сиге.

Айтымында, быйыл ноябрда адам укуктарынын жалпы абалы боюнча атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, ага республика боюнча 2 872 адам катышты.

“Ушундай эле сурамжылоо 2021-жылы дагы жүргүзүлгөн. Ошол жылга салыштырмалуу өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жакшы. 2021-жылы респонденттердин 58 пайызы гана адам укуктары сакталып жатат деп жооп берсе, быйыл 70 пайыз кишиден ушундай жооп алдык. Бирок сурамжылоого катышкан ар бир үчүнчү респондент укугум кандайдыр бир учурларда бузулду деп жооп берди. Бул адам укуктарын коргоо жаатында дагы көп жумуш аткарылууга тийиш экенинен кабар берет”,- деди ал.

"Кыргызстан - адам укугун сыйлаган өлкө"

10-декабрда адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктап жатып президент Садыр Жапаров ар бир жарандын укуктары менен эркиндигин урматтоону бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

Мамлекет башчы Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган өлкө катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.

“Бул маанилүү документтин принциптери биздин Конституцияда жана негизги мыйзамдарда бекем орун алып, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого умтулуубузду айгинелеп турат. Бул принциптердин жашообуздагы маани-маңызын жакшылап аңдап-түшүнүүбүз зарыл. Ар бир жаран өз укугу корголгонун, мамлекеттин адам укуктарын сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет”,- деди ал.

Буга чейин 2-мартта БУУнун Адам укуктары кеңешинин 52-сессиясында сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан 30 жылдан бери күчтүү демократиялык башкаруу формасын курууну, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү, улуттук мыйзамдарды эл аралык укуктук нормаларга шайкеш келтирүүнү, сот жана укук коргоо системасын реформалоону, шайлоо системасын жакшыртууну улантып келе жатканын айткан эле.

Супер президенттик башкаруу

Адам укуктары боюнча адис Таттыбүбү Эргешбаева мунун баары азыркы бийлик тандаган диктатурага багытталган башкаруу системасы менен байланыштуу дейт.

Ал Кыргызстандын конституциялык климаты эл аралык уюмдар тарабынан Тажикстан менен Түркмөнстанга салыштырылып бааланып жатканын айтты.

“Эл аралык институттардын берген баасы боюнча Кыргызстандагы укуктук чөйрө Өзбекстан менен Казакстандан дагы төмөндөп жатат. Биз алардан дайыма алдыда жүрчүбүз. Авторитаризм күчөгөн өлкөлөрдө бир мамлекеттик институттун ролу чоң болот. Эл аралык уюмдар Кыргызстан демократиядан авторитаризмге, укуктук өлкөдөн - укугу чектелген мамлекеттин катарына кирип жатканын ачык айтып жатат”,- деди ал.

Эргешбаеванын айтымында, адам эркиндиги боюнча Кыргызстандын аброюнун төмөндөөсү жакшылыкка алып келбейт.

Өлкөнүн эл аралык келишимдерге катышуусун чектеп, чет жактан грант, насыя алуусуна терс таасир берет.

“Бул өлкө супер президенттик башкаруу системасына өткөндүгүнүн натыйжасы. Биз мамлекетти күч менен башкаруу формасын баш мыйзам менен бекитип алганбыз”,- деп кошумчалады юрист.

Бычакка сап оппозиция жок

Дагы бир жарандык активист Адил Турдукулов соңку жылдары өлкөдө адам укуктарынын корголушу кескин төмөндөп кеткенин айтат.

Анын баамында, саясий куугунтук жана сөз эркиндигине болгон басым күчөп жатат. Ал иликтөө жүргүзүп, бийликке сын айткан журналисттердин, “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” жана “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна каршы болгон активисттердин айрымдары камакта отурганын мисалга тартты. УКМК тарабынан тууну өзгөртүүгө каршы чыккандар биринин артынан экинчиси суракка тартылып жатканын эске салды.

“Укуктук негизде баа берилбестен, саясий куугунтук гана уланып жатат. Эл аралык уюмдардын чыгарып жаткан тыянагы туура. Бирок биз аларды эле карап отура бербей, өзүбүз дагы жыйынтык чыгарганды үйрөнүшүбүз керек. Сөзсүз чет элдик уюм айтмайынча аңдабай отура берген адат калыптанды, бул туура эмес. Дагы бир жагдай чет элдик уюмдар бизди ар дайым Борбор Азия алкагында гана карап келет. Бирок сөз эркиндиги, адам укугу керек болсо Европа өлкөлөрүнө салыштырылып каралышы керек”,- деди Турдукулов.

Активист сөз эркиндиги төмөндөп, жарандык коомдун укуктары корголбой жаткандыгынын дагы бир себеби бычакка сап оппозициянын жоктугу дейт.