"Суу аз, кыш оор болот". Быйыл жарык өчөбү?
Өлкөнүн энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл суу аз экенин, кыш оор болорун эскертти. Бул тармакта иштеген адистер өтө суук маалда жарыктын өчүрүлөрүн, эл муну туура түшүнүшү керектигин билдиришүүдө.

Сүрөттүн булагы, Official
Башкы энергетиктин видео маеги бир нече күн мурун "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде жарыяланган. Министр мындай кубулуш төрт-беш жылда бир кайталанып турарын, 2009-жылы суу аз болгонуна байланыштуу түнкү саат 12.00дөн таңкы саат 6.00гө чейин жарыкты өчүрүү тажрыйбасы колдонулганын эске салды.
"Быйыл кыш өтө оор болот. Себеби, былтыркыга салыштырмалуу Токтогул ГЭСинде суу 1 млрд 600 млн. куб метрге аз. Былтыр 12 млрд. 400 млн куб метр суу топтолгондо аябай аз дегенбиз. Уктабай чыкканбыз. Быйыл андан да аз. Бул электр кубаты 1 млрд 600 млн киловатт-саат аз өндүрүлөт дегенди билдирет. Бул эми жаратылыш. Эч нерсе кыла албайт экенбиз. Былтыр жаан-чачын 107% түзсө, быйыл 92% гана болду", – деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Министр журналисттин быйыл өчүрүүлөр болобу деген суроосуна түз жооп берген жок. Болгону элди жарыкты үнөмдөөгө чакырды.
"Жарык өчпөйт"
Бул арада социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кыш оор болот деп элди алдын ала дүрбөтүүдө деп министрге нааразы болушууда.
Энергетика министрлигин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова максат калкты дүрбөтүү эмес, элге бардык маалыматты эрте жана ачык түрдө жеткирүү болгонун билдирди:
"Кээде "алдын ала эскерткен жоксуңар" деген сөздөр айтылып калат эмеспи. Ошондуктан биз бардык маалыматты ачык берип жатабыз. Азырынча кезек-кезек менен өчүрүү болот деген сөз да, план да жок. Ошол эле маалда жарык өчөт же өчпөйт деп да айта албайбыз. Кайсы учурда өчүшү мүмкүн? Бир райондо электр энергиясы көбүрөөк колдонулуп кеткен болсо, ошол жердеги трансформаторго күч келет. Ал абдан кымбат. Ал күйүп кетсе, жаңысын чет өлкөдөн алып келгенге эле айлап убакыт кетет. Ошондуктан мунун алдын алуу үчүн линияларды ысып кеткен трансформатордон башкасына которуу маалында электр кубаты үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Бирок азырынча график менен жарыкты өчүрөбүз деген маселе жок".
Энергетика министрлиги суу аз болсо да кышка даярдык былтыркыга караганда жакшы экенин, Токтогул ГЭСинин төртүнчү, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты реконструкцияланып, көмөк чордондор жаңыланып, СИП өткөргүчтөр тартылып, акылдуу эсептегичтер орнотулуп, калкты үзгүлтүксүз электр кубаты менен камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө.
"Жарык өчөт"
Энергетика министрлигинин алдындагы энергетика боюнча илимий-техникалык борбордун улук илимий кызматкери, эксперт Мырзатай Султаналиев болсо кандай даярдык болбосун, баары суудан көз каранды экенин белгилеп, электр жарыгы кышында маал-маалы менен өчөрүн, калк буга даяр болушу керектигин айтат:

Сүрөттүн булагы, © Sputnik / Асель Сыдыкова
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз бир жылда 14 млрд. киловатт-сааттан ашык электр энергиясын өндүрө албайбыз. Өлкө болсо жылына 18 млрд. киловатт-сааттан ашык электр энергиясын колдонот. Демек, жетпегенин башка өлкөлөрдөн – Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнсандан сатып алабыз. Бирок кышында жетиштүү деңгээлде электр энергиясын сырттан импорттоого мүмкүнчүлүк жок. Кыш суук болгондо бул өлкөлөрдүн өзүндө да электр кубатына тартыштык пайда болот. Ошондуктан алар бизге бербейт. Быйыл өтө суук маалда график менен жарыкты өчүрүүгө туура келет. Өчүрүү болот, айла жок. Эл муну туура түшүнүп, жарыкты үнөмдүү пайдаланышы керек".
Расмий маалыматтар боюнча былтыр республика боюнча жалпы керектөө 18, 3 млрд. киловатт-саатты түзгөн. Анын ичинен эң чоң үлүшү ГЭСтерге туура келет – 12, 77 млрд киловатт-саат. Жылуулук электр борбору 1,76 млрд киловатт-саат электр кубатын чыгарган. Жеке чакан ГЭСтер, күн электр станцияларынын үлүшү өтө төмөн.
Кыргызстан коншу өлкөлөрдөн былтыр 3 629,7 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.
Бийлик калктын санынын өсүшү, кошумча ишканалардын ишке кириши менен электр энергиясына болгон суроо талап көбөйүп жатканын билдирип, быйыл керектөө дээрлик 19 млрд киловатт-саатка жетерин, дээрлик төрт млрд киловатт-сааттан ашык электр энергиясын тыштан импорттоо керектигин айтып келе жатат.
Быйыл 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери 2026-жылдын жаз мезгилине чейин электр энергиясын жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бирок Кыргызстан кайсы өлкөдөн канча көлөмдө жана кандай баа менен электр кубатын сатып алары айтыла элек. Энергетика министрлиги так сан октябрдагы жолугушуу учурунда белгилүү болорун кабарлады.
Буга карабай энергетика министри күн менен шамаалдан электр кубатын иштеп чыгуучу станцияларды, чакан ГЭСтерди көбөйтүп, ири ГЭСтердин кубаттуулугун арттырып, эки жылда энергетикалык кризистен толук чыгабыз деп үмүт артып жатат.
Өлкөдө 2023-жылы 1-августта энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.








