Трамп Израил менен ХАМАС тынчтык планынын биринчи этабына макул болгонун билдирди

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын Египеттеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында анын Газа секторуна байланыштуу тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабын баштоого макул болушканын билдирди.
"Израил менен ХАМАС биздин тынчтык планыбыздын биринчи этабына кол коюшканын чоң сыймыктануу менен жарыялайм. Бул бардык барымтадагылар жакынкы күндөрү бошотулат дегенди билдирет. Израил узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкка багытталган алгачкы кадам катары өз аскерлерин макулдашылган чекке чейин чыгарат", – деп жазды Трамп Truth Social тармагындагы баракчасына.
"Бул араб жана мусулман дүйнөсү, Израил, биздин бардык коңшуларыбыз, АКШ үчүн УЛУУ күн. Тарыхый жана болуп көрбөгөндөй окуяны ишке ашыруу үчүн биз менен иштешкен Катар, Египет жана Түркиянын ортомчуларына ыраазычылык билдиребиз", - деп кошумчалады Трамп.
Шаршембиде сүйлөшүүлөргө Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер да катышкан. Катар премьер-министри менен Түркиянын чалгын кызматынын башчысы да ал жерде болгон.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху туткунунда калган израилдиктер жакын арада мекенине кайтып келиши керек деди.
"Кудайдын жардамы менен бардык барымтадагыларды кайтарып алабыз",- деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк тараткан дагы бир билдирүүсүндө Нетаньяху Газа келишиминин биринчи этабын бекитүү үчүн Израилдин министрлер кабинетин жыйынга чогултууну убада кылды.
Израил өкмөтүнүн жыйыны бейшембиде өтөт деп күтүлүүдө. Ак үй болсо барымтадагыларды бошотуу дүйшөмбүдө башталышы мүмкүн экенин билдирди.
Арачылар Израил менен ХАМАС Газага гуманитардык жардам киргизүү тууралуу да макулдашканын жарыялашты.
"Ортомчулар бүгүн кечинде Газадагы ок атышпоо келишиминин биринчи этабын ишке ашыруу үчүн бардык жоболор жана механизмдер боюнча макулдашканын жарыялашты. Бул согушту токтотууга, израилдик барымтадагылар менен абактагы палестиналыктардын бошотулушуна, гуманитардык жардамдын агымына алып келет",- деп айтылат Катардын Тышкы иштер министрлигинин X коомдук сайтындагы билдирүүсүндө.
ХАМАС өкүлдөрү да тараптар согушту токтотуу боюнча келишимдин алгачкы баскычына жетишкенин ырастап, Трампты Израилди аны толук аткарууга мажбурлоого чакырды.
Биринчи этаптын алкагында согушкерлер барымтадагы аман калган 20 адамды бошотот,- деп билдирди AFP агенттиги палестиналык булакка шилтеме берип.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Том Бейтман, Би-Би-Синин АКШ Мамлекеттик департаментиндеги кабарчысы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Израил менен ХАМАС ортомчулардын жардамы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Вашингтондо бир катар чыңалуу жараткан окуялардан кийин президент Трамп өзүнүн билдирүүсүн жасады.
Трамп бүгүн кечинде (шаршемби күнү) Ак үйдө ушул дем алыш күндөрү Египетке учууну пландап жатканын жарыялады, анын администрациясынын өкүлдөрү кийинчерээк ал жума күнү учушу мүмкүн экенин кабарлады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эңкейип, Трамптын кулагына бир нерселерди шыбырап, колуна кагаз карматкандан кийин президент макулдашуу аяктоо алдында турганын айтты.
Келишим боюнча бардык тирүү туткундар абактагы палестиналыктарга алмаштырылат деп күтүлүүдө. Ошондой эле Израил аскерлерин макулдашылган линияга чейин чыгарат жана алмашуу жакынкы күндөрү болот деп айтылууда.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюм Газага гуманитардык жардамды көбөйтүп, шаарды калыбына келтирүү аракетин күчөтөрүн билдирди.
Ал тараптарды израилдик барымтадагыларды бошотуу, ок атышууну биротоло токтотуу жана Газага гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берүү сыяктуу келишимдин шарттарын сактоого чакырды.
"Азап-тозок эми токтошу керек",- деди Антониу Гутерриш.
Палестинанын жогорку даражалуу расмий өкүлү BBCге билдиргендей, ок атышууну токтотуу Израил өкмөтү келишимди расмий жактыргандан кийин дароо күчүнө кирет.
Израил биринчи беш күндүн ичинде Газага күн сайын 400 жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берет, кийин алардын саны көбөйөт.
Бул окуялар ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун экинчи жылдыгына туш келди. Анда 1200дөн ашуун израилдик каза болуп, дагы 250дөн ашуун киши барымтага алынган эле.
Эскерүүдөн бир күн мурун, Трамп Египеттеги сүйлөшүүлөрдө ХАМАС айрым маанилүү маселелерде жеңилдикке барганын айткан.
"Иш жакшы жүрүп жатат, мен келишимге жетебиз деп ишенем", – деген эле ал 6-октябрдын кечинде.







