Кыргыз айымы Нобель жана Оскардын лауреаттарына катарлаша тизмеге кирди

Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов, Би-Би-Си

Жаңылсынзат Турганбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңылсынзат Турганбаева

Би-Би-Си 100 Айым долбоорун жарыялады. Долбоор жыл сайын дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдарды тандап, алардын ишмердигин чагылдырып келет. Быйылкы тизмеге кирген айымдар да абдан кызыктуу каармандар. Нобель сыйлыгынын, Оскардын лауреаттарынан тартып, космосто эң биринчи болуп марафон чуркаган астронавт айым да бар. Айтмакчы, дал ошол айым так ушул мүнөттөрдө Жер шарынан 400 миң км аралыкта космосто учуп жүрөт.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, астронавт Сунита Уильямс, кинорежиссер, Оскар сыйлыгынын ээси Хлоя Чжао
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нобель сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, астронавт Сунита Уильямс, кинорежиссер, Оскар сыйлыгынын ээси Хлоя Чжао

100 Айым тууралуу маалымат кырктан ашуун тилге которулуп, жарыяланат жана аялзатына дем берүүнү көздөйт.

Тандалган айымдардын катарына маданий баалуулуктарга өзгөчө мамилеси менен кыргызстандык Жаңылсынзат Турганбаева дагы кошулду.

Жаратман айым "Манас" эпосуна жана этномузейге багытталган иши менен долбоорго кирди. Тандоо тобу көчмөн элдин көөнөрбөс маданиятына көңүл бурду. Айтмакчы, Жаңылсынзат Турганбаева кыргызстандык айымдардан жалгыз талапкер эмес, ал бир нече лидер, жаратман айымдын ичинен тандалганын кошумчалай кетүү керек.

Би-Би-Си жаратман айым менен кенен маек курду.

Жаңылсынзат Турганбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңылсынзат Турганбаева

Би-Би-Си: Сөздү "Манастан" баштасак деп турабыз. Сиз Чуңкурчакта манасчыга деп ак өргөө көтөртүп, манас айттырып, каалоочулардын баарына каалгасын ачып койдуңуз эле. Угуучу, көрүүчүлөргө аралаша олтуруп, окуянын жүрүшүнө жараша көзүңүзгө жаш алган учурларыңыз болгонун маектериңизден көрдүм. Ошонун баарын көрүп, көкүрөгүңүз менен туйгандан кийин Манас дүйнөсүнө кандай баа бересиз?

Ж. Турганбаева: Абдан терең суроо бердиң. Чын эле Манас дүйнөсүнө тереңдеп кирген сайын өтө кызыктуу, адам дароо эле толук аңдай албагандай сырлары бар деп келебиз. Манас дүйнөсү укмуштай камкордукка алынбаса дагы кантип ушул күнгө чейин жетти деп таң калып жүрөм. Демек, Манас менен сыймыктанабыз деп коюп эле жүрө бербей аны тамырына чейин чечмелеп түшүнүүбүз керек. Манасчы сааттап айтып, кызуусуна киргенде такыр башка адамга айланат эмеспи. Мен муну манасчы менен маңдайлаша олтуруп укканда түшүндүм. Табыкемдин [Таабалды Эгембердиев] да ошондой оюу, кыялы бар болчу.

Супара-Чуңкурчакта манасчыга арнап өзүнчө өргөө тигип берем, ошол өргөөдө күнү-түнү манас айтылып турса деген тилеги бар эле. Тилекке каршы үлгүрө албай калды. Жанында жүрүп, ой толгоосун угуп калган соң жөн жата албайт экенсиң. Зор мүдөсүн орундатайын дедим.

"Манасчылардын арасынан Замирбек Баялиев так айтат. Сөздөрүн угуп түшүнсө болот, окуяларынын тизмеги да ирээттүү" деп Табыкемдин айтканы бар эле. Ошентип атайын ак өргөө тиктик, ал жерге шатыра-шатман кылып конок кабыл алган жокпуз. Бери дегенде беш жыл бою ишемби, жекшемби күндөрү келип, Замирбек Баялиев дайыма манас айтып жатты. Конокторубуздан бул үчүн эч кандай акы албайбыз. Мунубуз улуттук баатырыбызга, улуу мураска болгон кызматыбыз болсун дедик.

Таш үйлөрдүн бириндеги манас айтуу. Манасчы Замирбек Баялиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таш үйлөрдүн бириндеги манас айтуу. Манасчы Замирбек Баялиев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адатта тээ алыскы сахнада олтурган манасчыны гана көрүп келебиз. Төрт-беш мүнөт айткандарына көнүп калганбыз. Манасчы кызымак турсун баштай электе убактысы бүтөт. Ошентип манасчыларды артист катары эле карагандар көп болду. Байыртан манасчыларыбыз эл аралап, эл менен тизе тийиштире олтуруп чай кайнам, эт бышым, таңдан кечке деп айткан экен. Канчалык жакын олтуруп, жан дүйнөсүн козгоп айтып берсе ал элдин жүрөгүнө, аң-сезиминин түпкүрүнө жетет тура. Аны боюна сиңирген киши тирүү турганда манас да кошо жашаганы ошол окшойт.

Би-Би-Си: Окуяларына сүңгүп кетип, өзүңүз күбө болгонго чейин кандай көз карашта элеңиз?

Ж. Турганбаева: Ооба, туура айтасың, тарыхчы катары жалпы маалыматтын негизинде гана билчүмүн. "Ии, биздин дүйнөдө эң көлөмдүү эпосубуз бар" деген менен чектелчү элем. Качан гана конок менен кошо кирип угуп калган учурларымда түшүндүм. Манас атабыздын Каныкейге айткан керээзи, Каныкей энебиздин төркүнүнө качканы, ал жерде Семетейдин он эки жашка чейин жүргөнү, ошол жерде Семетей атасы Манас, энеси Каныкей экенин билбей чоңойгонун айтса жөн эле уга албайсың... Айтып берип жатып азыр да ошол абалга кирип, толкунданып жатам. Адамдын аябай ыйлагысы келет экен. Конок менен кошо кирем, анан эле ыйлап чыгам. Ошонтип төрт-беш жолу кирдим, ыйладым. Кийин карасам, Манас айтылып жатат, ыйым токтоп калгансыды. Ошондо чын эле бук болгон адамдын бугун чыгарып, жан дүйнөсүн тазалай турган касиети бар турбайбы деп түшүндүм. Адамдын жан дүйнөсү ооруп турганда эч нерсе жардам бере албай калат. Манас укканда ошондой буктун баары чыгып, ый кетип жеңилдедим деп ишеним менен айта алам.

"Аалыбектин үйү". Кыргызстанга келген чет элдик туристтерди табият жана көөнө маданият арбап турат. Сүрөттүн автордук укугу корголгон.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аалыбектин үйү".Кыргызстанга келген чет элдик туристтерди табият жана көөнө маданият арбап турат. Сүрөттүн автордук укугу корголгон.

Би-Би-Си: Манасты биричи жолу угуп, биринчи ирет көрүп жаткан чет өлкөлүктөрдүн реакциялары кандай болот?

Ж. Турганбаева: Манас дүйнөсү үчүн тилдин деле кереги жок окшойт. Манасчылардын таланты, өзгөчөлүгү, уникалдуулуугу ушул экен. Тил билбесе дагы жанында отурган адамдарга кандайдыр бир толкундар аркылуу өзү эмнени айтып жатканын жеткизет өңдүү. Баары таасирленишет экен, көбүнчөсү ыйлап чыкканын көрөбүз.

Кандай таасир болду, эмнени сездиңиз деп сурайбыз. Эгерде Чоң Казат айтылса "согуш жөнүндө болду окшойт, аттын дүбүртүн уккандай болдум, кандайдыр бир ассоциациялар болду" деп түшүндүрүп беришет. Куштарланып, "силерде ушундай Манас бар турбайбы, сыймыктангыла, коргогула, ушуларды сактагыла" деп кеңештерин айтып кетишет. Манаста 130дай улуттун аты аталат десек арасында менин да улутум барбы деп сурашат, издешет. Жети атаңыз тааныбаган киши улуттук эпосубуздан өздөрүн издеп, табылып калаар бекен деп кызыгып жатса кандай сонун?!

Би-Би-Си

"Жазылбай калган китеп Табыкемдин эле эмес, менин да кыялым бойдон калды..."

Би-Би-Си: Таабалды Эгембердиевдин көп кыялынын бири манас айттыруу, өргөөлөрдү көтөрүү, бешик үлгүсүндө үйлөрдү салуу жана башка эле. Бирок эң негизги кыялы - мыкты китеп жазуу болгон. Ошол ою ишке ашпай калды. Эгерде үлгүрсө ал кандай китеп болмок болду экен?

Ж. Турганбаева: Менин оюмча, ал китеби бир жагынан Шайлообек Дүйшеев агайдын "Агындыларына" бир аз окшошсо керек. Кыргыздын жашоо образын реалдуу чагылдырган китеп болмок. Жашоодо ар ким өз кызыкчылыгына карап "тарых" жаза берген мисалдар көп. Табыкем сандаган китеп окуп, сын көз караш менен караганды билген, талдай алган.

"Мунун жакшы жагы бул, жаман жагы бул, келечекке керектүүсү бул, мунусуна башыңарды оорутуп отурбай унутуп салгыла" деп анализ жүргүзө алганы менен өзгөчө эле. Ошонун баарын жуурулуштурганда кийинки муунга багыт берүүчү сонун китеп болмок деп ойлойм.

Табыкем тарыхты, философияны түшүнгөн, ошол эле учурда экономиканы, бизнести, курулушту, архитектураны билген. Ушунун баарын ошол китебинде айкалыштырмак болушу керек. Бирок ал илимий татаал тил менен эмес, өтө жатык тилде жазылып, көп адамдын аң-сезимин өзгөртмөк.

Би-Би-Си: Өмүрүнүн соңку күндөрүндө да сиз катарлаш, маңдайлаш жанында болдуңуз. Агабыз ошол күндөрү дагы китебин жазууга үлгүрбөй калдым деп өкүт кылса керек?

Ж. Турганбаева: Болду. "Көп убакытты бизнеске кетирип коюптурмун. Бизнес менен китеп жазуу мени бири-биринен кызганып туруп алды. Ошол учурда майын чыгаруу үчүн тигинисин же мунусун тандашым керек эле. Мына эми ушул күндөн баштап китеп жазайын", - деп жаза баштаган. Бир-эки бетин чиймелеген эле.

Бирок тилекке каршы, бүтпөй калды. Ушуну эмне кылсам дагы аягына чыгарам дедим. Ошол үчүн өзү мурда жазып кеткен макалаларын, ой-толгоолорун, жөн эле чиймелегендеринин баарын чогултуп, бир китеп кылууга туура келди.

Таабалды Эгембердиев жылдап камынган китебинин баштапкы бир жарым барагын жазып эле токтотууга аргасыз болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таабалды Эгембердиев жылдап камынган китебинин баштапкы бир жарым барагын жазып эле токтотууга аргасыз болгон

Таштандыдан табылган алтын...

Би-Би-Си: Табылды ага менен он бир жыл мурунку маегимде кызыктуу бир окуяны айтып берди эле. Бир күнү эч кимге кереги жок болуп калган китептерди дөбөдөй кылып үйүп салып, ыргытканы жаткан жерге туш келген экен. Ошолорду ыргыттырбай алып калып окуй баштадым дейт. Бул окуяны сизчелик эч ким терең билбесе керек.

Ж. Турганбаева: Анда 28 жашта экен, ошого чейин эле кыргыз адабиятын бүт толугу менен окуп коюптур. Ыргытылчу китептердин арасында илимий китептен баштап, психология, философия, техника, медицина баары бар экен. Элден обочолонуп, сүңгүп кирип алып орусча китептерди башаламан эле окуй бердим дейт. Үйүлгөн китепти каза берип, кандай окуш керек, кайсынысын окуш керек, кандай китепти окуп кереги жоктугун үйрөнүптүр. Ошонусу үчүн өзүнө-өзү абдан ыраазы болчу.

Бир күнү эле колума Белинский деген китеп тийди дейт. Ошондо анан көзүм ачылды, тандай баштадым дечү.

Бирок ага чейин туш келди эле окуй берип, сөзгө чечен, чебер болуп чыкты. Анысы жакшы, бирок "көп убакыт өткөзүп коюптурмун. Анын ордуна бул-бул китептерди окуп алсам болмок экен" деп калчу.

Мисалы, "Агындыларда" автордун башынан өткөн окуялары жазылган. Табыкемдин айырмасы баланча китепти окусаңар бул жерде мындай болмок, ал жерде тигиндей болмок деп ар бир автордун ой толгоосун жазмак. Ошончо көп китеп окуп чыккан соң диний китептерди да окуп коюш керек дечү эле. Жаш кезде куранды окудум, эки-үч жолу аракет кылдым. Бирок деңгээлим жеткен жок. Канча бир жыл өткөндөн кийин окусам кадимкидей түшүнүп калыптырмын, ошондо анан башынан аягына чейин окуп чыктым деп эстечү. Куран китепти окуп коё турган китеп деп сунуштап калчу. Бирок өзү өтө радикалдуу динчил адам болгон эмес, дин жок деле кудай менен түз байланышта болуп жашаса болот, деген чечим менен жашап өттү.

Би-Би-Си: Ошончо китепти окуган, кийин акчага мамилени үйрөнгөн, дүйнө кыдырган адамдын аң-сезими, дүйнө таанымы, интеллектуалдык деңгээли такыр башка да. Маектеш катары теңтайлаша сүйлөшүү үчүн, кызыктуу аңгемелеш болуу үчүн сиз эмне кылчу элеңиз?

Ж. Турганбаева: Чынын айтсам Табыкемчелик көп китеп окуган жокмун. Табыкемдин жакшы угуучусу болуп бердим. Табыкем өзү бир нерсе билсе, тим эле ичине батпай, күнү-түнү сүйлөп бергенди жакшы көрчү. Жөн эле м-мм деп угуп отура бербей, каршы пикирлерди жаратып, кандайдыр бир суроолорду берип коюп, кээ бирде китептеги ойлор боюнча талаш-тартышка түшүп кетчү элек. Китеп жаатында мамилебиз ушундай эле. Мен көбүнчө окуя кууп, башы мындай болду, аягы эмне болор экен дейм. А тиги киши болсо, беш китепти бирдей жайып алчу. Философия, дин, адабият, дүйнөлүк классика, юмор дегендей баары катарлаш ачылып турчу. Анан каалаган жеринен ачып окуп отура берээр эле. Көбүнчө ошентип окучу.

Анан мага айтчу: "Жаңыл мен китеп окуп жатканда окуя куубайм. Ошол жазуучу кайсы ойду, кандай стилде жазды. Кайсы сөз менен берди, канчалык деңгээлде адамдарга жөнөкөй түшүндүрө алды, мен ошонусун байкап окуйм дечү".

Таабалды Эгембердиев: Адабият китептин саны эмес, сапаты менен аныкталаарын эске алсак, көп жазмакердин китеби чыкпай калганы Рамис акын айткандай кыргыз адабияты үчүн чоң салым

Би-Би-Си: Китеп жазып жаттым эле, китеп бастырып жаттым эле деп көп киши каражат сурап келет деди эле. Китепке болгон мамилеси, критерийлери такыр башка болгонун эске алсак, китеп жазып жатам дегендин баарына эле ичи чыга бербесе керек? Соңку бир нече жылда чыккан саналуу эле китепке кызыккандай. Алардын бири Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылары" болду.

Ж. Турганбаева: "Кыргыз жазуучулары жазган китептеринде көбүнчө бир ойду алып алат дагы ошол оюнун тегерегинде эле көп сөз кылып, өзүнүн акылдуу экенин билгизейин деп эле болбогон нерсенин баарын жаза берет. Анан аягында эмне айтарын өзү да билбей калганын кашкайтып көрсөтүп салган китептер толтура.

"Агындыларда" болсо турмуш кандай болсо ошондой жазган. "Ий, муну жазып койсом эл эмне дейт", дебей чагылдырган. "Агындылар" чоң ачылыш жасап жиберген китеп деп айта албайм, бирок ар бир кыргыз окуганда, өзүнүн жашоосун көрөт. А өзүнүн жашоосун көргөн киши түрдүү эмоцияга батат, ойлонот. Демек ал адам адам экенин сезди. Закымдаган жашоодо өзүнө кайрылып, өзүнүн өткөнүн эстейт" дечү.

Ошондон улам ал китеп чыкканда бул ыракаттанууну 5000 сомго сен эч жерден таппайсың. Кел 5000 сомго сатып ал деп, Шайлообек агайдын китептерин 5000 сомго саттырган. Тааныш-билиштин баарына "киного кирсең дагы мындай ыракат албайсың, ушул китепти оку" деп жүрдү.

"Музейдин экспонаттарын кармап эле эмес, жыттап көргүдөй кылдык"

Музейдин ички көрүнүшүнөн бир элес
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Музейдин ички көрүнүшүнөн бир элес

Би-Би-Си: "Мен чыгармамды ылай менен, таш менен жаздым" дегени бар эмеспи. Ошонун элементтери бул музейден да даана байкалат. Эч кандай шаан-шөкөтү жок кадимки ылай менен шыбалган кызыктуу жайга айланды.

Ж. Турганбаева: Этно-комплекстин курулушу башталганда эле ушул жерде бир музей болот деген. Бир күнү эле суу тегирмен салып жатып, ошол жерден бир така таап алды. "Муну катып кой, бул жакшы жышаан, музейибиздин биринчи экспонаты ушул така болот", деген. Аны бекемдеп катып койгом. Тилекке каршы, өзү көзү өтүп кеткенден кийин ошол таканы колума алганда аябай бир ойго баттым, эскердим.

Табыкем ушундай жакшы жашап өтүптүр, аны эстегенде дайыма аябай жыргап, күлөм. Ошол учурда мага така берип жатканда эле кыялындагы музей курулуп калгандай кудуңдаган эле. Ошол дем берет да.

Музей курула баштаганда өзү жөнүндө айткыбыз келди, өзү чогулткан буюмдун баарын койдук, ар бир буюмга өз колу тийген. Тебелендиде калган кол эмгектер, курактар, эски кара мылтыктардын баарын ар кайсы жерден чогулттук. Каралбай калды дегенде да абдан кымбат сатып алган буюм-тайымдар болду. Анын баары көөнөрбөс маданиятка болгон сый-урмат эле.

Адатта экспонатка тийбеш керек. Биз бул музейде аны да такыр башкача кылдык. Айнекке же кутуга салып салбай келген кишинин баары кармалап, кааласа жыттап көргүдөй, сезгидей шарт болсун деген философияны кармандык.

Антпесе канча музей көрдүк, көбү сыртынан эле карагандыктан эсте калбай калат экен.

Жаңылсынзат Турганбаева: Кыргыз эт менен кымыз, айрандан башканы билбейт деген суу кечпейт

Музейдеги жаргылчак. Азыр да ун, талкан тартып алууга болот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Музейдеги жаргылчак. Азыр да ун, талкан тартып алууга болот

Би-Би-Си: Сиздин ишмердүүлүгүңүздүн дагы бир бөлүгү улуттук ашканага арналган десек болот. Жармага гана жарайт деген талканды сиз десертке айланттыңыз. Бул иш кантип башталган?

Ж. Турганбаева: Ашырып айткандай сезилиши мүмкүн, бирок чынында адамзаттын жан сактоосунун эң маанилүү бөлүгү бул туура тамактануу. Бир күнү Табыкеме керемет ой келиптир. Илгертен эле кошконмай жасалчу эле, ошону жасасак жакшы болмок. Чет өлкөлөргө барганда конокторго белек катары сунмакпыз, ооз тийгизмекпиз деп күйүп-быша берчү. Бирок жасайын-жасайын деп такыр мүмкүнчүлүгү болбой жатты.

Көзү өтүп кеткенден кийин ушул кыялын дагы эстедим. Элестетип көрсөм, чын эле абдан сонун белек экен. Барасың өзүңдүн кыргыз элиңдин кылымдар бою багып келе жаткан даамын ооз тийгизесиң, белек катары дагы бересиң. Ошентип талкандан шоколад даярдоо ишибиз башталган.

Жаңылсынзат Турганбаева: Мыкты идеяны акча менен өлчөө мүмкүн эмес...

Би-Би-Си: Мисалы, сизге ким бирөө жолугуп, "Табыкенин бир укмуш идеясы бар ал ийне-жибине чейин мага айтып берген. Мен ошол идеяны сатам" десе, кандай мамиле кылмаксыз?

Ж. Турганбаева: Мен мындай көрүнүшкө далай бет келдим. Табыкем өтүп кеткенден кийин эле "мына, мен ушуну айткам, мен ушуну жаса дегем. Бул менин идеям эле, анан Табыкем минтти, тигинтти" деп көп киши айтты.

Бир чети Табыкемди эскертип жатат деп кубанам. Экинчи четинен менде табигый чыпка бар. Табыкем унчукпай эле жашай берген адам болсо, балким билбей калмакмын. Бирок ал ичиндегини мага айта берген, айта берген, өзү кандай жашагысы келет, эмне жагат, эмне жакпайт, бүт айта берген. Ошондуктан угуп туруп, кээ бири Табыкемдин сөзүнө окшоп кетсе, "мм, туура айтып жатат" деп коём. Табыкемдикине окшошпогон эле сөздөрдү Табыкем айткан, Табыкем экөөбүздүн ортодо ошондой сөз болгон десе жөн гана угуп коём. Бирок кайсынысы жөн эле ойдон чыгарылып жатканын, кайсынысы чындап Табыкемдики экенин бат эле сезем.

100 Айым долбоору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 100 Айым долбоору

Би-Би-Си: Би-Би-Синин 100 Айым долбоорунун тизмесине кошулдуңуз. Бул жаңылык улуттук маданиятка ого бетер берилип кызмат кылууңузга бир аз болсо да эргүү бере алат болду бекен?

Ж. Турганбаева: Албетте! Кыргыз уул-кыздары аралашкан кандай гана ийгиликтүү иш көрсөм эле Манастын тукуму ушундай болушу керек деп кубанып келем. Ар бир кыргыз Манасыбыз бар деп ичибизге чоң ишенимди киргизип алсак, биз көп чоң-чоң ийгиликтерге жетишебиз. Бул дагы менин ички чоң ишенимим.

Менде Табыкемдин духу бар, Манас атабызды дайыма эстейм. Пайда көздөбөй улуттук дөөлөттөрүбүзгө колдон келген салымымды кошоюн деп жасаган аракет ушинтип күтүүсүз бааланганына кубанычтамын. Ушунча аркеттен соң демек туура жолдо экенмин, кыргыз үчүн дагы да колдон келишинче аракетти уланта берем деп дем-күч алдым.