Аялдан чыккан “Ак илбирс”. Эвересттен да катаал тоону багынткан кыргыз кызы
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Күлүмсүрөгөн назик аял кофесин ууртап, маңдайымда олтурду. Кеңсе кызматкери, болгондо да эсеп-кысап оюнан чыкпаган бухгалтер. Сыртынан караган киши бул айым дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгууга камынып жатат десе ишенбейт. Иш жүзүндө эки жыл мурун эле Эверестке мүмкүн болушунча жакын барып, Манаслу чокусуна чыгып, Кыргызстандагы эң бийик кырларга эбак изин калтырган.
Альпинисттер арасында кыргыз тоолору тууралуу кызык кеп болорун кулагым чалып жүрөт. Эверестти багынткам деген дүйнөлүк чыгаан альпинисттер дагы Жеңиш чокусуна чыккам деген альпинистке таң кала карап, суктанат деп келишет. Ошентип бул чоку татаалдыгы, катаалдыгы менен дүйнөнүн мен-мен деген альпинисттеринин жүрөгүнүн үшүн алып келет.
Көрсө физикалык географиянын чени менен алганда Жеңиш чокусу (7439 м) Эвересттен (8848,86) да түндүктө жайгашып, бийиктиги жагынан 1409 метрге жапыз болгону менен катаалдыгы жагынан Эвересттен да ашып түшөт делет.
Себеби Жеңиш жер шарынын эң түндүгүндөгү эң бийик чоку, андан бийиги жок. Түндүктү карай жылган сайын аба ырайы да ошончо катаал болорун эске алганда бул Эверестти багындаргам деген альпинисттер үчүн да зор сыноо бойдон кала берет. Анын бир далили – жылына Эверестке жүздөгөн альпинист чыкса, Жеңишке саналуу эле альпинист чыкса чыкты, болбосо аягы өлүм-житим менен аяктап, далайы жолдон кайтат.
Ошондон улам Жеңиш альпинисттерге жеңилбей келет. Бул чоку дал ушундай катаалдыгы менен альпинисттердин бийик кыялы, арзуусу, кол жетпес бийиги бойдон калууда. Ушунча сыноосун эске алып, “Ак илбирс” наамы үчүн бул чокуну эң негизги көрсөткүч катары тизмеге киргизишкен. Демек, менин маңдайымда ак кар, көк муз баскан тоолордун чыныгы ээси илбирстин атынан наам алган “Ак илбирс” олтурду. Ал Асел Байбагышева.
"Ак илбирс" наамы Кыргызстандагы эң бийик үч чокуга чыккандарга гана ыйгарылат.
1. Жеңиш чокусу (7439 м)
2. Жел-Айдар (Ленин)чокусу (7134 м)
3. Кан-Теңири чокусу (7010 м)

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Асел Байбагышева Жеңиш чокусуна чыккан эң алгачкы кыргыз аялы. Керек болсо кыргыз альпинизмине жаңы дем, жаңы багыт берген кыргыздын атактуу уулдары Кадыр Сайдилкан да, Эдуард Кубатов да азырынча бул чокуга чыга элек. Ал тоо алардын кыялы. Ошондон улам Кадыр Сайдилкан “Аселде шарт болгондо Эверестке Эдуард экөөбүздөн биринчи эле чыгып кетмек” деп баалаганы көп нерседен кабар берип турат.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргыз альпинист аялдарынын карлыгачы болгон “Ак илбирс” айым, эми жер шаарынын эң бийик чокусу Эверестке камынып жаткан чагы. Кезинде Манаслу экспедициясын демилгелеп, аны менен чогуу дал ошол чокуга чыккан Кадыр Сайдилкан Аселдин чыдамкайлыгына, тоо ташта кийиктей жүргөн шамдагайлыгына, майышпас эркине карап Эверестке чыгуусуна дем берип, колдоп, тарыхий жүрүшкө камынышууда.
Тарыхый дегенибиз – Асел Эверестке бет алган алгачкы кыргыз айымы катары кыргызстандык кыз-келиндерге өрнөк болуп, аларды улуу максаттарга, бийик-бийик кыялдарга жетелегиси келет. Ал турмушта зомбулукка кабылып, өтө оор абалда калган кыз-келиндерге дем берүү үчүн баратат.
Дагы бир миссиясы – эрип бара жаткан мөңгүлөрдү сактап калуу идеясынын жарчысы. Кыргызстан 90 пайызга жакыны тоолордон туруп, ошол тоолору мөлтүрөгөн мөңгүлөрдүн, өмүрдүн өзүндөй баалуу, алтындан алда канча кымбат таза суунун булагы экенин эске алсак бул идея адамзат үчүн баалуу. Ошондон улам тоого чыккан сайын керек болсо жеген момпосуйдун кабыганан өйдө чогултуп түшөм деп кеп баштады альпинист айым.
Асел Байбагышева чыккан чокулар
- Жел Айдар чокусу. 7134 метр. 2019-жыл (Классика), 2021-жыл (Аркина багыты), 2022-жылы эки жолу чыккан.
- Кан-Теңири чокусу 7010 метр. 2021-жыл түштүк тарабынан, 2023-2024-жылдары түндүк тарабынан
- Жеңиш чокусу 7439 метр. 2024-жыл, Мердзмарашвили маршруту
- Манаслу чокусу 8163 метр (Непал). 2022-жыл, октябрь айы
- Эльбрус чокусу 5642 метр (Кабардино-Балкария). 2019-жыл, май айы
- Белуха чокусу 4506 метр (Алтай, Орусия). 2021-жыл.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
“Кесибим боюнча бухгалтермин. Азыркы ишим да ошондой, эсеп-кысап. Чоң теннис ойносом деп абдан кыялданчумун. Ошол мезгилде бутумдун булчуңдарын машыктырышым керек экен деп ойлоп калдым. Анан жөнөкөй эле велосипед сатып алып, ар кандай чакан саамалыктарда башкалар менен аралашып тебе баштадым. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде эле велочулар Ала-Арчага барып, чокуларды көздөй чыгып көрбөйлүбү деп калышты. Уюшуп алып бардык, Рацекке түнөп, эртеси Мугалим чокусуна чыктык. 31-июль эле. Эч нерсени ойлобой эле жеңил куртка, кадимки эле бут кийимдер менен чыгып кетиптирбиз. Ал чокунун бийиктиги 4500 метрдей эле.
Үшүп-тоңгонума карабай ушундай да бийик чыкса болобу деп аябай таң калып, суктанып келдим. Бардыгы ошондон башталды. Тоодон түшкөндө эле интернеттен машыктыруучу издей баштадым. Дене-тарбия академиясында аскага чыгуу залы бар, ошол жерде аптасына үч күн машыкмай. Көп өтпөй эле декабрь айында чакан мелдеш болуп калды. Анда Мугалим чокусуна, муздарга чыкмакпыз. Бутка кийген “мышык” дегенди ошондо биринчи жолу көрдүм. Чокуга экинчи болуп чыктым, ошол бойдон чокуларга байландым да калдым. Ошентип 46 жашымда менин жаңы жашоом башталды”- дейт Асел Байбагышева.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Тоолордун укмуштуудай көркөмдүгү, андагы керемет сезим, тазалык альпинисттин көкүрөгүнө бекем орноп калган экен. Басса-турса тоолор, тоонун абасы, бийиктиги оюнан кетпей, улам кийинки чокуга ашыгып турат.
“Бир аз убакыт өткөн соң Жеңиш чокусун уга баштадым. Барып келейин десем машыктыруучум “ага азыркы даярдыгың жарабайт, машыгуу керек” деди. Ошого карабай жок дегенде көрүп келейин дедим. Баштапкы лагерлерине барып, өз көзүм менен көрүп кайттым.
Альпинизмге чейинки жана азыркы жашоомдо асман менен жердей айырма. Кадимкидей экиге бөлүнүп калган. Саякаттар, жаңы танышуулар, жаңы чөйрө. Альпинизмдин аркасы менен Гималайга чейин бардым, машыгуум башталган учурда бул оюма да келбептир. Азыр эстесем 8000 метрлик тоого барам, чыгам деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Генетикалык жактан жөндөм бар экенин да кийин гана түшүндүм.
Кээде альпинизмди мындан да эрте баштасам кандай болмок деп калам. Бирок ал кезде балдарым кичинекей, жумуш, көртирлик моюнумда эле. Мени альпинизмге ички кыялдар жетелеп келди деп ойлойм.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Альпинист чокуга кеткен бойдон кайтпай калышы толук мүмкүн. Канчалык бийиктеген сайын ошончолук тобокели күч. Кетээрде үйдөгүлөргө айтып, моралдык жактан даярданып анан аттанмай. Ушундай болот деп санаага батып алмай жок, бирок тээ түпкүрдө ошондой бир коркунуч дайыма катылуу бойдон жата берет. Ошондуктан баарын камдап, сыр сөздүн баарын дайындап коюп анан кетмей. Жумуштагыларга болсо кагаздардын баарын көрсөтүп, түшүндүрүп анан жөнөйм. Себеби кандай болорун ким билет...”,- дейт альпинист айым.
Альпинисттерди сыртынан билген көп киши кудайдын азабын тартып эмне кылышат деп таң калышат. Алардын өзү менен өзү күрөшүүсү, ар бир клеткасына чейинки сыноосу бизге түшүнүксүз. Дал ошондой ички татаал күрөш, умтулуу - альпинисттердин табияты.
“Максат. Максаттан кайтуу кыйын, максат үчүн жашайбыз. Муну түшүндүрүү кыйын. Күнүгө жумушка баратып, эмне болуп кетет деп коркуп, барбай койсоң болот. Бирок качанкыга чейин коркосуң? Ошонун баарын таразалайсың. Кыл чокуга чыккан учурда тоолорго ушундай ыраазы болосуң, сөз жок. Улуу тоолор коюнун ачты деп төбөң көккө жетет. Тоо жөн эле таш, топурактын жыйындысы эмес, ал жандуу. Ага чыгып түшкөн сайын кымындай да зыяным тийбесе экен деп жеген момпосуюңдун кабыгынан бери чогултуп кетмей. Ар биринде мен чыга аламбы, колумдан келеби деп организмиңди сынамай. Аң-сезимде ушундай күрөш жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Кыргыз аялдарынын ичинен Жеңиш чокусуна чыккан кыргызстандык биринчи аял болуп калдым. Буга чейин Жеңиш чокусуна чыгабыз деп эки жолу барганым менен ишке ашкан эмес. Адегенде 2021-жылы кыргыз командасы камынганбыз. Алты киши бармакпыз. Машыктыруучубуз келип, бирок, ал ооруп калып токтогонбуз. Ошого карабай мен тоонун 4900 метрине чейин чыгып, тоо менен таанышып, түштүм. Болбой калды деп кейиген да жокмун. Кийин 2023-жылы аябай машыгып, аклиматизация жеңил болсун деп Кан-Теңири чокусуна чыгып, укмуштай, мыкты даярдык менен келгем.
6400 метрде эки түнөдүк. 2023-жылы да чыга албай кайттым. Аябай көңүлүм чөгүп, кыйналып келдим. Ошол эле жылы сентябрда бурят альпинисттер кийинки жайда Жеңиш чокусуна чыгабыз деп жарнама беришиптир. Алар негизинен Тажикстандын 7000 метрлик чокуларында иштеген альпинисттер.
Мен бул кабарды билээрим менен эле кардар катары эмес, команданын мүчөсү катары аларга кошулдум. Ошону менен даярданып, быйыл жөнөдүм. 7000 метрликке коштоочусу жок, акчасы жок спорттук режимде чыгам деп өзүмө өзүм убада бергем. Ал топтогулар алдыга кетип, лагерлерди жайгаштырып, аркан тартып чыгат. Мындай айтканда жол баштоочулар. Мен дал ошондой топ менен Кан-Теңириге түндүк жагынан аркан тартып, чатырын тигишип чыккам”,- дейт Асел.

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov
Бир кадам таштасаң Кытай, бир кадам таштасаң Кыргызстан
Ошондон кийин баш аягы 17 киши чогулуп калдык. Адегенде буюм-тайымыбызды 4200 метрдеги лагерге таштап, артка кеттик. Эки күндөн кийин жүрүшүбүздү баштап, ошол лагерге түнөдүк. Аба-ырайы кандай болот деп эле күндүн көзүн карамай. Жеңишти көздөй баратканыбызда таңга маал укмуштай шамал болду. Астыңдан басып кеткен кишини да көрө албайсың, бурганак, алай-дүлөй.
Басып баратып 4-5 мүнөт эс алып алайын деп токтосоң тим эле уйкусурап, көз илинет. Көрсө далай киши ушинтип үргүлөгөн бойдон учуп кетет окшойт деп ойлоп калдым. Тим эле кирпик жабышат. Ал жер болсо уктамак турсун жүрөгүң оозуңа тыгыла турган жер. Бир капталыңды карасаң Кытай, бир капталыңды карасаң Кыргызстан. Бычактын мизиндей жерлер бар. Түнкүсүн басканыбызда тээ ылдыйда Кытай тарап жаркырап эле турду. Айыл барбы же шаар барбы такыр билбей койдум.
Алты лагер коюп, ошону менен араң чыгып бардык. Биз ушундай таң калдык, бул балким биринчи жолу болуп жаткандыр. Таңды тынч өткөрүп алсак эле күндүз аба-ырайы ушунчалык жакшы болуп берди. Таң калдык аябай. Болушунча жыла бердик. Атайын пландап койгондой 8-августта Альпинизм күнүндө Жеңиш чокусуна чыктык.
Ага чейин барганымда күндүн көзү көрүнбөй, баргандар кайрылып келбей, далай киши ошол жерде каза тапканын өз көзүм менен көрүп келгем. Бул жөнүндө Жеңишке чыгам дегендердин жыйынтыгы кандай болгонун статитика өзү деле тастыктап турат Бул чоку ушунчалык кооз, чыкканыңда укмуштуудай болуп Кан-Теңири чокусу көз алдыңда тартылат.

Мен ар бир ийгилигимди экологияга, кыргыз аялдарына арнайм. Азыр Эверестке камынып жатам. Бул мүмкүнчүлүк үчүн абдан-абдан ыраазымын. Дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгам деген ой Эвересттин базалык лагерине жетип, Кхумбу мөңгүсү тараптан Эверестти көргөндө кылт этти. Чоң кыялым ошентип башталган.
Мени кыргыз кызы деп сыйлашып, Манаслу чокусуна чыккан биринчи кыргыз жараны болсун деп атайын жол бошотуп берип, ошол жерде күткөн сапарлаштарыма абдан ыраазымын.
Эми минтип ошондогу кыялыма бет алып отурам. Мага бул сунуш түшкөнүнө эреркеп турам. Мен болушунча даярданам",- деп сөзүн жыйынтыктады альпинист.
Кезинде альпинизмдеги эң бийик наамды алуу үчүн дал ушул Жеңиш чокусуна да чыгуу керек болгон. Ошонун айынан далай альпинист каза тапкан, дайынсыз жоголгон. Ушул себептен улам бул тоону ал тизмеден алып, Жеңишке чыкпаса деле "Снежный Барс" наамын берели деп чечишкен экен. Кийин Жеңиш чокусу кайрадан тизмеге кошулган. Себеби бул чокусуз аталган наамды алгандар тездик менен көбөйгөн.
Мөңгү тууралуу
Асел Байбагышева сүрөп келе жаткан мөңгүлөрдү сактоо идеясы эмне үчүн өтө маанилүү?
Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында. Совет мезгилинде атайын каталог түзүлүп, Кыргызстандагы ири мөңгүлөрдүн санын 6771 деп көрсөтүшкөн.
"1960-жылдан бери мөңгү 500 метрге чейин артка чегинип, аянты кыскарып кеткен. Биз орточо эсептеп чыктык, жыл сайын 8-9 метрге чейин кыскарып жатыптыр. Буга чейин чоң көлдү көрбөдүкпү, ал эми бул көлмө болсо соңку 5 жыл ичинде эле пайда болду. Мөңгү ээрип, андан жарака пайда болуп, ошол аркылуу көлмө жаралды",- деген эле мөңгүгө байкоо салып жаткан УИАнын илимий кызматкери Бакыт Эрменбаев.







