Мөңгү эрип кетип, Швейцария менен Италия чек арасын кайра тактамай болду

Alex Boyd, BBC News

Маттерхорн чокусу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маттерхорн чокусу

Швейцария жана Италия эки мамлекеттин Альпыдагы чек ара тилкесин жылдырууга аргасыз болду. Себеби климаттын өзгөрүүсүнөн улам бул аймакта чек ара сызыгы өткөн жерлерде мөңгүлөр эрип, тоо кыркаларынын формасы өзгөрүүдө.

Өзгөрүнүн таасири тийген аймактын бир бөлүгү Европадагы эң бийик чокулардын бири Маттерхорндун тик жантайыңкы беттеине туура келет. Бул жерде эң белгилүү тоо лыжа базасы да жайгашкан.

Аталган эки мамлекеттин чек арасынын бир топ бөлүгү ак мөңгүлүү тоо кыркалары же ак кар баскан тилкелерде кесилишет. Бирок соңку жылдары мөңгүлөрдүн аянтынын кескин кыскаруусу чек аранын табигый чегин ары бери жылыштырууда. Бул өзгөрүүлөр кадимкидей географиялык айырманы пайда кылганы байкалууда.

Швецария жана италиялык тараптын чек араны жылдыруу боюнча жумушчу топторунун эки тараптуу макулдашуусу 2023-жылдын май айында даярдалган.

Чек ара сызыгын өзгөртүү боюнча Швейцария өткөн аптада расмий макулдугун берди. Италия бул ишти аягына чыгара элек.

Өткөн жылдын сентябрь айында жарыяланган соңку ченөөлөрдүн көрсөткүчү боюнча, Швейцария жалпы көлөмүн алганда 2023-жылы мөңгүлөрүнүн 4 пайызынан кол жууган. Бул жогорку чеги эмес, 2022-жылы мөңгүлөр мындан бир жарым эсе көбүрөөк жоголгон (6%).

Мөңгүлөрдү байкоого алган Glamos швецариялык тармагы жыл сайын атайын баяндамасын жарыялап турат. Ага караганда 2022-жылдагы рекорддук жоготуу аптаптуу жайдын, жаан-чачындын аздыгы жана кардын жука жааганы менен түшүндүрүлөт.

27-сентябрда Швейцария чек араны кайра кароо эки тараптын тең экономикалык кызыкчылыктарына төп келет, анткени тигил же бул конкреттүү жаратылыш аймагын камсыздоого ким жоопкерчилик алат деген маселени макулдашып, такташып алууга өбөлгө түзүп берет.

Климаттын ысышы боюнча Париж келишиминде көрсөтүлгөн ченди сактап турган күндө да мөңгүлөр жоголуу коркунучунда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Климаттын ысышы боюнча Париж келишиминде көрсөтүлгөн ченди сактап турган күндө да мөңгүлөр жоголуу коркунучунда

Окумуштуулар эгерде планетада мындан да жылуу боло турган болсо бүт дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн эриши ого бетер тездейт деп эскертишүүдө.

Өткөн жылы Glamos швецариянын кээ бир мөңгүлөрү ушунчалык тез эрип жаткандыктан аларды сактап калуу дээрлик мүмкүн болбой бара жатканын эскерткен. Париж келишиминде белгиленген 1.5 градустан ашырбай кармап туруу деген көрсөткүч сакталган күндө дагы эч кандлай кепилдик жок.

Көйгөйдү изилдөө боюнча моделдештирүү Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын толук токтотмоюн чоң мөңгүлөр (Алечс чегининен ары карай Альп тоо кыркасында жайгашкан) мөңгүлөр толугу менен жок болушу мүмкүн экенин көрсөттүү.

Өткөн жылдын июль айында Маттерхорн чокусунан алыс эмес жерде кишинин сөөктөрү табылган. Ал 1986-жылы дайынсыз жоголгон германиялык альпинист экени атайын тест аркылуу тастыкталды.

Сүрөттүн булагы, Swiss Police/Canton Valais

Швейцариядагы эрип бара жаткан мөңгүлөрдөн соңку жылдары далай нерсе табылды.

Өткөн жылдын июль айында Маттерхорн чокусунан алыс эмес жерде кишинин сөөктөрү табылган. Ал 1986-жылы дайынсыз жоголгон германиялык альпинист экени атайын тест аркылуу тастыкталды. Теодуль мөңгүсүн көздөй бара жаткан альпинисттердин тобу муз алдынан булайып чыгып калган тоо-ташка кийчү бут кийимди жана аскага чыгуучу "тырмакты" байкашкан.

2022-жылы болсо Алечск мөнгүсүнөн учактын сыныктары чыккан. Ал 1968-жылы кыйраган учак болуп чыкты.

2014-жылы жүк ташыган тик учактын учкучу мөңгүдөгү кызыктай такты байкаган. Кийинчерээк ошол жерден дайынсыз жоголгон британиялык альпинист Жонотан Конвиллдин сөөгүн табышты.

Мөгүлөрдүн жок болуусу Кыргызстан үчүн да абдан чоң көйгөй

Ала-Арчанын Ак-Сайы. Сүрөттүн автордук укугу корголгон

Сүрөттүн булагы, Nursultan Attokurov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ала-Арчанын Ак-Сайы. Сүрөттүн автордук укугу корголгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2018-жылы Би-Би-Синин ошол кездеги веб-редактору Айбек Абдылдаев менен кабарчы Руфат Эргешов дал ушул темада кеңири баян, материалдардын топтомун даярдашкан. Биз анын кыскартылган бөлүгүн сунуштайбыз.

Кыргызстанда коомчулук социалдык, экономикалык көйгөйлөр менен алпурушуп жүрүп, климаттык өзгөрүүлөргө чоң деле маани бербейт. Бирок, акыркы жылдары изилдөөчүлөр мөңгүлөрдүн абалына байланыштуу кооптуу коңгуроо кага баштагандан бери глобалдык жылуулуктун эпкини сезиле баштагансыды.

Мөңгүлөр бат ээрип жаткандыктан, суулардын деңгээли көбөйгөн. Бирок, бул белгилүү бир чекке барганда тескерисинче натыйжа берет дейт Рысбек Сатылканов:

"Мөңгүлөр катуу ээрип, аянты азайып жатат. Ошол эле учурда суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Эгерде 1970-жылдары Кыргызстандагы жалпы суулардын көлөмү 47 км3 түзсө, бүгүнкү күндө 52 км3 чейин жетти. Суулар дагы көбөйүшү мүмкүн. Бирок, мөңгүлөр ээрип олтуруп, белгилүү бир чекке келгенде суу азайып баштайт. Биздин максат - ошол качан болоорун болжолдоп эсептеп чыгуу. Мунун кесепети кандай болот? Кандай кырдаал түзүлөт? Ошолорго алдын ала болжолдуу маалымат берүү. Суунун көбөйүп, азайышы боюнча биз туура маалымат берсек, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы өтө маанилүү. Суу азайса, чөлкөмдө кооптуу кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн".

Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында. Совет мезгилинде атайын каталог түзүлүп, Кыргызстандагы ири мөңгүлөрдүн санын 6771 деп көрсөтүшкөн. Бирок, соңку 50 жыл ичинде каталог жаңыланган эмес.

Окумуштуулардын ырастоосунда, мөңгүлөрдүн ээриши Тянь-Шань тоо-кыркаларында 10 метрге чейин жетет. Ал эми өндүрүш аймагына айланган Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалын окумуштуулар мында да оор деп белгилеп жүрүшөт.

"Мөңгүлөрдүн эрүү темпи абдан бат болуп жаткан - Ашуу-Төр, Чоң-Котур мөңгүсү. Бул жерде табигый жүрүп жатат. Анткени күнгөй бетте жайгашкан. Ал эми Кумтөр кенинине жакын жердеги Лысый мөңгүсүнө өндүрүштүн таасири бар. Кумтөрдөн чыккан чаң ушул мөңгүгө түшүп, үстү карайып турат. Давыдовдун үстүңкү бөлүгү гана калган. Ортоңку жана ылдыйкы бөлүгүндө карьер бар. Бул жердеги мөңгүнү көчүрүп, консервация кылышкан. Кумтөрдүн эң негизги таасири Лысый жана Сары-Төргө тийип жатат",-деп түшүндүрдү Рысбек Сатылканов.