Би-Би-Си 100 Айым долбоору 2024: тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган 2024-жылдагы эң таасирдүү жана үлгүлүү 100 айымдын тизмесин жарыялады.
Алардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот, актриса Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.
2024-жылы аялдар Газадагы, Ливандагы, Украинадагы жана Судандагы куралдуу кагылышууларга жана гуманитардык кризистерге күбө болушту. Мындан сырткары дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө өткөн шайлоолордон улам пайда болгон коомдук бөлүнүүлөрдүн дагы терс таасирин сезишти. Алар оор шарттарга карабай өздөрүнүн майтарылгыс эркин, кайратын көрсөтүп, багынышкан жок.
Би-Би-Синин 100 Айым долбоору быйылкы жыл аялдар үчүн оңой болбогонун моюнга алат жана өзгөрүп жаткан дүйнөгө кайраттуулугу менен жаңыланууларды сунуштап жаткан аялдарды терең урматтайт. Тизмеде климаттык кризистин таасирин изилдөө жана анын кесепеттери менен күрөшүү үчүн өз коомчулугуна жардам берип жаткан активисттердин эмгеги баса белгиленди.
Айымдардын аты-жөнү белгилүү бир тартипте көрсөтүлгөн жок. Сиз ар бир кирген сайын алардын катарлары алмашып турат.
Маданият жана билим берүү

Жоана Бахамон, Колумбия
Коомдук ишмер
Колумбиядагы түрмөгө болгон сапар актриса Жоана Бахамонго катуу таасир калтырып, жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн. Бул окуя анын "жашоону кайрадан баштагандарга" колдоо көрсөтүүнүн үстүндө иштей башташына себеп болгон.
2012-жылы ал Колумбиянын абактарында отургандарга жана эркиндикке чыккандарга колдоо көрсөткөн Fundación Acción Interna коммерциялык эмес уюмун негиздеп, актёрдук карьерасын түрмө реформасы үчүн күрөшүүгө алмаштырган.
Фонддун билдирүүсүнө караганда, алар өлкө боюнча 150 миңден ашуун адамга жана 132 абакка колдоо көрсөткөн.
Коомдук ишмер 2022-жылы кабыл алынган "Жоана Бахамондун" мыйзам долбоору катары белгилүү "Экинчи мүмкүнчүлүктөр" жөнүндө мыйзамды демилгелеген. Бул мыйзам абактан чыккан адамдардын ишке орношуусуна жана кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт, жумуш берүүчүлөргө экономикалык стимул берет.
Өжөрлүк кыйынчылыктан кийин кайра туруп, алдыга жылуу менен эле чектелбейт. Өжөрлүк ошол кыйынчылыкты өсүү үчүн мүмкүнчүлүккө айландыруудагы чечкиндүүлүктү да камтыйт.
Жоана Бахамон

Плестия Алакад, Палестина аймактары
Журналист жана акын
Плестия Алакад 22 жашында университетти жаңы эле аяктагандан көп өтпөй Газада согуш башталган. Согуштун алгачкы күндөрүндө ал Израилдин Газаны бомбалап жаткан учурун өзүнүн батиринен видеого тартып алып жарыялаган.
Анын видеосу кыска убакта бүт дүйнөгө тарап, Instagram баракчасына төрт миллион катталуучу алып келген. Алакад азыр баракчасы аркылуу Газа тууралуу жаңылыктарды, ырларды жана күнүмдүк турмуштун үзүндүлөрүн бөлүшүп турат. Анын өзү күбө болгон жана аймактагы абалды сүрөттөгөн "Газанын көздөрү" аттуу эскерүү китеби жакында жарык көрөт.
Алакадга One Young World уюмунун 2024-жылдагы "Жылдын журналисти" наамы берилген. Ал палестин элинин мамлекеттүүлүккө болгон укугун таанууну жактап Дүйнөлүк өкмөт саммити сыяктуу эл аралык ири иш-чараларда сүйлөп келет.
Ал 2023-жылдын ноябрында Газадан чыгып кеткен. Учурда Ливандын Бейрут шаарында медиа изилдөө боюнча билимин жогорулатуу үчүн магистратурага тапшырган.

Хамида Аман, Ооганстан
Медиа жана билим берүү тармагындагы ишкер
Ооган кыздарынын орто билим алуу үчүн мектепке баруусуна талибдердин тыюу салуу чечими кыздар үчүн абдан чоң көйгөй болуп калды. Мунун баарын көргөн ишкер Хамида Аман мектептен тышкары калган окуучуларга акысыз мультимедиалык сабактарды сунуштаган онлайн платформа ачууну чечкен. Ал "Бегум академиясы" деп аталат.
Өткөн жылы бул билим берүү платформасы дари жана пушту тилдеринде 7-класстан 12-класска чейинки мектеп программасын камтыган 8500дөн ашык видеоматериал даярдап, жарыялаган.
Аман быйыл март айында билим берүүгө багытталган Begum TV каналын ишке киргизген. Телеканал "Бегум академиясынын" курстарын спутник аркылуу көрсөтөт.
Бул кызмат 2021-жылы талибдер бийликке келгенден кийин аялдар үчүн түзүлгөн Radio Begum долбоорун улай ишке ашырылды.

Светлана Анохина, Орусия
Адам укуктары боюнча активист
Светлана Анохина көп жылдан бери Түндүк Кавказда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан запкы көргөн жана куугунтукка кабылган адамдардын качуусуна жардам берип келет. Негизинен мусулмандар басымдуулук кылган бул аймак Чыгыш Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан.
Башка ыктыярчылар менен бирге ал 2020-жылы "Марем" долбоорун ишке ашырган. Демилге Дагестан, Чеченстан жана Түндүк Кавказдын башка аймактарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарды эвакуациялоо жана убактылуу баш калка таап берүүнү көздөйт. Долбоор аларга юридикалык жана психологиялык колдоо да көрсөтүп келет.
Анохина 2021-жылы Чеченстандын жана Дагестандын коопсуздук күчтөрү "Марем" долбоору уюштурган аялдар баш калкалоочу жайга тинтүү жүргүзгөндөн кийин Орусиядан кетүүнү чечкен.
Өткөн жылы орус бийлиги ага каршы Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн беделин түшүрдү деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Кристина Асси, Ливан
Фотожурналист
Фотожурналист Кристина Ассинин 1990-жылдардагы балалык кези жарандык согуштан кийинки туруксуз абалга жана оор күндөргө туш келген. Мунун өзү аны чыр-чатактарды документтештирүүгө жана согуштун айтылбаган окуяларын чагылдырууга болгон кызыгуусун күчөттү.
Асси 2023-жылдын октябрь айында Израилдин Ливандын түштүгүнө жасаган аба чабуулу учурунда оор жаракат алып, анын жашоосунда трагедиялуу түрдө өзгөрүү болгон.
Кол салуудан журналист кесиптеши Иссам Абдулла каза болуп, дагы беш кесиптеши түрдүү жаракаттарды алышкан. Кийин дарыгерлер Ассинин бутун кесип салууга аргасыз болушкан.
Кристина Асси туш болгон каргаша ага журналисттердин коопсуздугу тууралуу дайыма коңгуроо кагып турууга түрттү. Ал 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада отунун эстафетасына катышып, муну кызмат учурунда каза болгон бардык журналисттерге арнады.

Эужения Бонетти, Италия
Кечил
Эужения Бонетти жүздөн ашык баш калкалоочу жайларда иштеген. Ал адам сатуунун курмандыгы болгон жана сексуалдык кулчулукка кабылган иммигрант аялдарды колдоо үчүн Африкада кечилдер менен бирге атайын тармак түзгөн.
Бонетти Римде сойкулукка тартылган аялдарга жардам берүү үчүн көптөгөн уйкусуз түндү өткөрдү. Ал адам сатууну токтотуу боюнча маалымдуулукту арттырган "Кулчулукка жол жок" уюмунун президенти болгон.
Бонетти Кенияда 24 жылдан ашык миссионер болду. Ал көптөгөн өлкөнүн жогорку кызмат адамдарына кулчулукка бөгөт коюу чараларын иштеп чыгууну үйрөтүүгө жардам берди.
Өргүүгө кетер алдында Рим папасы андан 2019-жылкы Крест жолу жөрөлгөсү өтүп жатканда насаат жазып калтырууну суранган. Крест жолу бул католиктердин Колизейде жыл сайын "Ыйык Жума" күнүн белгилөө үчүн өткөрүлгөн жөрөлгөсү.

Кристина Ривера Гарса, Мексика/АКШ
Жазуучу
Белгилүү жазуучу Кристина Ривера Гарсанын китептери көптөгөн сыйлыкка татыган. 2024-жылы ал "Лилиананын жеңилбес жазы" (El invencible verano de Liliana) деген китеби үчүн Пулитцер сыйлыгын алды. Чыгарма фемицид проблемасын (аялдарды жыныстык негиз менен атайлап өлтүрүү) ачык чагылдырат.
Кристинанын эжеси 90-жылдары мурдагы жигитинин колунан ажал тапкан. Кылмышкер эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Бул каргашалуу окуя жазуучунун чыгармасында кенен чагылдырылат. Автор жакын адамын жоготуудан кайгыга батып, аялдарга карата зомбулуктун көрсөткүчү жогору өлкөлөрдүн бири болгон Мексикада адилеттүүлүктү издөөгө бел байлаган.
Жазуучу мындан тышкары Хьюстон университетинде испан тилинде чыгарма жазуу боюнча PhD программасынын негиздөөчүсү жана төрайымы.
Тил менен кылдат жана үзгүлтүксүз иштөө керек. Ошондо гана ал ар бир окуяга карата аялдардын көз карашын жеткирип бере алат. Бул албетте биздин чыдамкайлыктын жана өжөрлүктүн маңызы болуп калышы мүмкүн.
Кристина Ривера Гарса

Линда Дрөфн Гуннарсдоттир, Исландия
Активист
Линда Дрөфн Гуннарсдоттир Исландияда үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы көрүп, үйлөрүн таштап, убактылуу баш калкалоочу жайда жашоого аргасыз болгон аялдарга жардам берет.
Исландия көбүнчө "аялдар үчүн эң жакшы жер" катары эсептелгени менен өлкөдө гендердик зомбулуктун көрсөткүчү азайбай келет.
Ал азыр Исландиядагы аялдар үчүн биринчи баш калкалоочу жай боло турган имаратты куруунун үстүндө иштеп жатат.
Гуннарсдоттир айымдын айтымында, жыйырма жыл мурун жата турган жай издеп келген аялдардын 64% кайра өздөрүнүн зордукчул күйөөлөрүнө кайтышкан, бирок азыр колдоо жана тейлөө жакшырып, бул көрсөткүч 11% төмөндөдү.

Шин Деви, Мьянма
Кинорежиссёр
Бир кезде сыйлыкка татыган даректүү тасманын кинорежиссёру Шин Девинин баштыгынан дрон табылгандан кийин камакка алынган.
Девиге Мьянмада террористтер менен кызматташкан деген айып коюлуп, жабык сотто адвокаттын кызматын колдонуу укугу берилбей, өмүр бою эркинен ажыратылды.
Кинорежиссёр 1988-жылдан бери аскердик башкарууга каршы чыгып келет. Ал буга чейин демонстрацияга катышкандыгы үчүн бир-эки ирет камалып да чыккан.
Шин бир катар кыска метраждуу даректүү тасмаларды тарткан. Алардын көбү эл аралык мактоолорго татыган. Арасында 2007-жылы миңдеген буддист монах жана хунта катышкан нааразылык акциялары тууралуу даректүү тасма дагы бар.

Шэрон Клейнбаум, АКШ
Раввин (жөөттөрдүн дин кызматкери)
Нью-Йорктогу жөөт коомчулугунун пионери, раввин Шэрон Клейнбаум отуз жыл бою ЛГБТК+ жамаатынын укуктары менен диндин ортосундагы мамилени өзгөртүүгө аракет кылып келет.
1992-жылы шаардагы Бейт Симчат Тора коомчулугунун биринчи аял раввини болуп дайындалган. Андан соң ал жамаатты отуз эки жылдын ичиндеги өйдө-ылдый учурларда, анын ичинде 1990-жылдардагы СПИД кризиси учурунда да жетектеген.
Ал жөөт коомчулугунун катарын кеңейтүү үчү ага транс жана бинардык эмес адамдарды кошкон. Ал топ азыр ЛГБТК+ менен араздашпаган АКШдагы эң чоң жамаат.
Ушул жылы пенсияга чыккан Клейнбаум социалдык адилеттүүлүк боюнча долбоорлордун алдыңкы демилгечиси. Ал Жо Байден тарабынан АКШдагы Эл аралык диний эркиндик комитетинин мүчөлүгүнө дайындалган.
Кубаныч — саясий жана руханий каршылык көрсөтүүнүн бирден бир ыкмасы.
Шэрон Клейнбаум

Лесли Локко, Гана/Улуу Британия
Архитектор
Лесли Локконун "архитектураны демократиялаштыруу" аттуу эмгеги 2024-жылы Улуу Британиядагы Архитекторлордун королдук институтунун алтын медалына татыды. Бул архитектура тармагындагы эң жогорку сыйлык. Лесли Локко 1848-жылы институт негизделгенден бери бул сыйлыкты алган алгачкы кара терилүү аял болуп калды.
Ал акыркы жыйырма жылдан бери коомдогу азчылыктардын архитектура тармагына кирүүсүнө колдоо көрсөтүп келет.
Ошондой эле ал Венеция архитектурасы көргөзмөсүндө кураторлук кылган биринчи африка тектүү аял болду. Көргөзмөдө ал декарбонизация жана деколонизация темаларына өзгөчө көңүл бурду.
Лесли айым Аккра шаарында жайгашкан "Африка келечеги" институтунун негиздөөчүсү. Аталган институт архитектура, иденттүүлүк жана расалар арасындагы байланыштарды изилдейт.
Өжөрлүк – жада калса каршы чыгуулардан да оор болгон кайдыгерлик менен бет келишкен учурда дагы беттеген багытыңдан кайтпоо жөндөмү.
Лесли Локко

Оливия МакВей, Улуу Британия
Визажист
Оливия Маквейге чач түшүү диагнозу коюлгандан кийин ал парик дүйнөсүн изилдей баштаган. Жаңы стилдерди, альтернативдүү чач жасалгаларын байкаштырып көргөндөн кийин алопецияга кабылган аялдарды шыктандыруу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн онлайн платформа түзгөн.
Учурда жарым миллионго жакын катталуучусу бар Маквей алопеция жана аялдардын ден-соолугу тууралуу коомчулуктун пикирин өзгөртүп, парик кийүүнү нормалдуу көрүнүш катары жайылтууда.
Түндүк ирландиялык макияж чебери, блогер Маквейдин чачы өспүрүм кезинде эле түшө баштаган.
Учурда ал алопеция менен жабыркаган айымдарды чогултуп, парик жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрүп, алардын өздөрүнө болгон ишенимин бекемдөөсү үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшө турган коопсуз аянтчаны түзүүгө жетишти.
Өжөрлүк – аялдар кийген таажы. Биз ар кандай кырдаалда чөйрөгө ыңгайлашып, өзгөрүп, өнүгүүнү үйрөнө алабыз.
Оливия МакВей

Су Мин, Кытай
Саякатчы
Су Мин элүү жашында күйөөсүнүн зомбулугунан качып кутулган айым. Ал Кытайды өз алдынча кыдыруу үчүн болгону алачыгы менен пенсиясын колуна алып, унаасын айдап жолго чыккан.
Сапарга чыккан 2020-жылдан бери ал 20 провинциянын жүздөн ашык шаарларын кыдырып чыкты.
Су Мин өзүнүн сапарынын бардык этаптары жөнүндө кеңири баяндап турганы үчүн анын башынан өткөргөн окуялары коомдук сайттарда кызуу талкууланат. Анын мындай аракеттери коомдо көп учурда "улуу эжелер" деп сыпатталып келген орто жаштагы айымдарды эрдикке шыктандырат.
Ушул тапта анын социалдык тармактардагы баракчаларына 6 миллиондон ашык киши катталган. Су Миндин жашоосунун негизинде ушул жылы жарык көргөн Rolling Stone Like тасмасы тартылды.

Хелен Молино, Улуу Британия
Укук коргоочу, адвокат
2021-жылга чейин Уэльсте түпкүлүктүү эл болгон валлий улутундагы аялдарга арналган эстеликтер болгон эмес.
Адвокат Хелен Молино валлий аялдарынын салымын жана жетишкендиктерин калың элге жеткирүү үчүн Monumental Welsh Women деген коммерциялык эмес уюмду негиздеген.
Молино жана анын кесиптештери аялдарды эскерүү жана алардын тарыхын унутпоо үчүн жалпысынан беш айымдын айкелин тургузууну пландаштырган. Талапкерлер Уэльс эли менен кеңешкенден кийин тандалган.
Уюм тарабынан ушул тапта төрт айкел тургузулду. Уэльстен чыккан биринчи кара терилүү мектеп директору Бетти Кэмпбеллдин урматына арналган айкел Кардифф шаарына тургузулду. Эволюциялык антропология боюнча китептердин автору Элейн Моргандын эстелиги Маунтин-Эш аймагына орнотулду. "Крэногвен" деген каймана ат менен таанылган акын Сара Жейн Ристин эстелиги Ллангранног аймагына, ал эми шайлоочулардын укугу үчүн күрөшкөн активист Леди Рондданын айкели Ньюпорт шаарына тургузулган.

Хинда Абди Мохамуд, Сомали
Журналист
Жаш кезинен эле жазганды жакшы көргөн Хинда Абди Сомалидеги кичи мекени Харгейса шаарындагы Жигжига аймагында зомбулуктан качкан адамдар тууралуу окуяларды күндөлүгүнө түшүрүп турчу.
Ал азыр Сомалидеги аялдардан гана турган эң алгачкы жана жалгыз Bilan басылмасында башкы редактор болуп иштейт.
Аталган команда жумуш учурунда олуттуу деңгээлдеги сексизм жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. Сомалилик аялдар жумуш учурунда мындай терс мамилелерге көп туш болот. Бул маселе жакында эле БУУнун жыйынында да көтөрүлдү.
Bilan басылмасы ВИЧ менен жабыркаганын жашырып жашаган сомалиликтер, кордолгон жетим балдар жана коом тарабынан кодуланган альбиностор сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырып, журналисттер үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөрдүн бириндеги социалдык маселелерди ачыкка чыгарууну көздөйт.

Ясмин Мьялли, Палестина аймагы
Дизайнер
Мода дизайнери Ясмин Мьялли эмгектерин жаратууда палестиналыктардын жашоосунан жана салттарынан эргүү алат.
Мьялли Американын түштүгүндө чоңойгон, кийин оккупацияланган Батыш Жээктеги Рамалла шаарына көчүп келип, 2020-жылы Nöl Collective брендин негиздеген.
Анын мода бренди үй-бүлөлүк тигүү цехтер, табигый боёкторду жеткирүүчү жергиликтүү дүкөндөр жана кийимдерди жамаатташып тиккен аялдар кооперативдери менен өнөктөш.Тигүүчүлөр, саймачылар жана оймочу ууз аялдар палестиналыктардын кол өнөрчүлүк маданиятына таазим кылып, салттуу ыкмаларды колдонушат.
Мьялли палестиналыктар туш болгон окуяларды өзүнүн кийимдери аркылуу көрсөтүп келет. Ал ошондой эле дүйнө жүзүндөгү аялдар туш болгон көчөдө жемелөө маселесине да көңүл бурган. Ал "not your habibti" (сеники эмес кымбаттуум) деген жазууну күрмөлөргө жана футболкаларга түшүрүп, аялдардын эркиндигин жана өздөрүн сыйлоо талабын көтөргөн.

Рокси Мөррей, Улуу Британия
Укук коргоочу
Рокси Мөррей склероз менен жабыркайт. Ал пансексуал (сексуалдык ориентациясы ар башка типтеги адамдарга тартылуу) катары башынан өткөргөн тажрыйбасы жөнүндө ачык айтып чыккан. Рокси Мөррей өнөкөт оорулары бар адамдарга күч берип, алардын медициналык, кайрымдуулук жана корпоративдик тармактарда дискриминацияга туш болушуна каршы турат.
Мөррей мода тармагындагы тажрыйбасына таянып, адамдарга стилин сактап, мобилдүүлүккө өтүүгө жардам берет. Ал азчылык жана этникалык ар түрдүү топтордун арасындагы майыптыгы бар адамдардын бийликтин көз жаздымында калбашы үчүн күрөшүп келет.
Ал The Sick and Sickening подкастынын негиздөөчүсү. Бул подкастта ал оору менен жашоо, оору менен күрөшүү деген маселелерден тартып, дене жана жыныстык тарбия тууралуу ар кандай окуялары менен ачык бөлүшөт.
Өжөрлүк жеке дагы, коомдук дагы түшүнүк болуп саналат. Бул мен сыяктуу адамдарды кодулаган системага каршы туруудагы негизги күч.
Рокси Мөррей

Мария Тереза Орта, Португалия
Акын
Жазуучу жана журналист Мария Тереза Хорта Португалиядагы белгилүү феминисттердин бири жана көптөгөн сыйлыктарга татыган китептердин автору. Дүйнө коомчулугуна ал "Жаңы португал каттары" (Novas Cartas Portuguesas) китебинин авторлошу катары таанылган.
Роман, поэзия жана эротикадан турган бул чыгармалардын жыйнагына 1972-жылы Португалиянын авторитардык өкмөтү тарабынан тыюу салынган. Ал эми Орта жана башка авторлор адепсиздик жана "сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу" айыбы менен соттолгон.
"Үч Мария" деп аталган бул окуя массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууланып, бүткүл дүйнө боюнча нааразылык акцияларын жараткан.
Алардын соту 1974-жылдагы "жоогазын революциясынан" кийин авторитардык режимдин кулашы менен аяктаган. Быйыл бул тарыхый окуянын 50 жылдыгы белгиленет.

Шахрнуш Парсипур, Иран/АКШ
Жазуучу жана котормочу
Шахрнуш Парсипур ирандык белгилүү жазуучулардын бири. Чыгармаларында аялдардын сексуалдык зомбулукка туш болушу, патриархалдык коомго каршы күрөшкө чыгуу сыяктуу тыюу салынган темаларды жазат.
Анын чыгармачылык жолу Ирандын Улуттук телерадиосунда продюсер жана фантастикалык жанрды жазган жазуучу катары башталган. 1979-жылдагы революциянын алдында эки акын активисттин өлүм жазасына тартылышына нааразылык билдирип, кызматтан кеткен. Анын мындай тилектештиги жазуучунун алгач ирет түрмөгө камалышына себеп болгон.
Парсипур "Эркексиз аялдар" романында кыздык белгиге болгон карама-каршы мамилелерди ачык айтканы үчүн кайрадан түрмөгө түшкөн. Кийинчерээк анын бул романынын негизинде чет өлкөдө көркөм тасма тартылган.
Парсипур айрым эмгектерине анын түрмөдө өткөргөн күндөрүн да камтыган. Ал 1994-жылдан бери АКШда бозгунда жашайт.

Идания Дель Рио, Куба
Мода индустриясы боюнча ишкер
Clandestina өзүнүн кийимдерин дүйнөлүк рынокко интернет аркылуу саткан биринчи көз карандысыз кубалык мода бренди. Графикалык дизайнер Идания Дель Рио анын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Бул компания президент Рауль Кастро көз карандысыз бизнестин жана сооданын эрежелерин жеңилдеткен учурда түзүлгөн.
Гаванада жайгашкан, негизинен аял дизайнерлерден турган топ тарабынан өндүрүлгөн продукциялар Кубанын маданиятын даңазалоо менен алардын чыгармачыл дараметин таанытууга багытталган. Дель Рио компаниясынын өндүрүш процессине upcycling (эски материалдарды кайра иштетүү) ыкмасын киргизип, туруктуу практикаларды колдоого алат.
Дель Рио Гавана Дизайн институтун (ISDI) бүтүргөн. Бизнес баштаганга чейин галереялар, театрлар жана фестивалдар үчүн плакаттарды жасачу.

Жаңылсынзат Турганбаева, Кыргызстан
Жаратман айым
Жаңылсынзат Турганбаева кыргыз улуттук маданиятын, элдик мурастарын аздектеп, ага өзгөчө мамиле кылат.
Ал Бишкекте этно-музейди негиздеп, өнүктүрүп, музей фондун байытып келе жатат. Бул музейде кыргыздар кылымдап колдонуп келген таберик буюмдар, улуттук уникалдуу экспонаттар коюлган. Маданий жай тынымсыз иштеп келет, анын көрүүчүлөрүнүн саны арбын.
Анын ишмердигинин бир өңүтү кыргыз адабиятын, анын ичинде “Манас” эпосун сактоого жана жайылтууга багытталган. Эпостун өзөктүү идеясы кыргыздын кырк уруусунун башын бириктирүү. Эпос улуттук баатырдын улуу баянын камтыйт.
ЮНЕСКОнун тизмесине кирген эпостун вариантынын көлөмү 500 000 саптан ашат жана дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос болуп эсептелет (Гомердин "Одиссеясынан" жыйырма эсе узун). Турганбаева манасчыларга колдоо көрсөтүп, эпосту элге жеткирүүгө умтулуп келет. Манас айтуу өнөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүп, даңазалап жүрөт.

Суан Фъонг, Вьетнам
Кинорежиссёр, жазуучу
Токсон беш жаштагы жазуучу жана режиссёр Суан Фъонг бир кылымдык өмүрүндө түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, өрнөктүү өмүр сүрдү.
Ал Вьетнамдагы эки согушка күбө болуп, андан аман калган. Болгону 16 жашка толгон кезинде Вьетнамдын Франциядан көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө катышкан.
Дарыгер адистигине ээ болгондон кийин клиниканын башчысы, аскердик кабарчысы жана Вьетнам телевидениесинде кинорежиссёр болуп эмгектенген. Ошондой эле ал Сайгондун кулашы сыяктуу тарыхый учурларга күбө болгон.
Ал 62 жашка чыкканда ардактуу эс алууга кеткендин ордуна Хошимин шаарына биринчилерден болуп Lotus Gallery аттуу жеке сүрөт галерияны негиздеген. Анын ачылып калышына Вьетнамдын искусствосун дүйнөгө таанытуу каалоосу түрткү болгон. Фъонг жергиликтүү сүрөтчүлөрдү канатына калкалап, алардын атак даңкка жетишине жардам берген.

Анат Хоффман, Израил
Дин активисти
Анат Хоффман ондогон жылдан бери аялдардын иудаизмде бирдей сыйынуу укугун камсыз кылуу боюнча үгүт жүргүзүп келет.
Ал Иерусалимдин Эски шаарындагы Батыш дубалынын жанында жөөт аялдары үчүн бирдей сыйынуу укугу үчүн күрөшкөн "Аялдар дубалынын" негиздөөчүсү. Анат Хоффман жылдар бою Тооратты жамаат менен окууга тыюу салган эрежелерге каршы күрөшүп келген.
Хоффман ошондой эле 20 жыл бою теңдикти жана социалдык адилеттүүлүктү жайылтуу үчүн иштеген Реформа кыймылын укуктук жактан колдоп келген Израилдин диний актив борборунун аткаруучу директору болуп эмгектенген.
Ал буга чейин Куддус шаардык кеңешинде иштеген. Кеңештин мүчөсү катары ультраортодокс (диний түшүнүктөн улам заманбап өзгөрүүлөргө каршы болуу) саясатына каршы чыккан.

Пужа Шарма, Индия
Салттык ырым-жырымдарды аткаруучу
Пужа Шарма акыркы үч жылдан бери Дели шаарында жакындары алып кетпеген сөөктөрдү акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн аткарып келет.
Бул жөрөлгөлөрдү жасоого анын башынан өткөн азаптуу окуясы себеп болгон. Киши колдуу болгон агасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына эч ким келбей койгондуктан, ал жөрөлгөлөрдү өзү жасаганга аргасыз болгон.
Шарма индуизм дининин эрежелери боюнча эркектер гана аткарыш керек болгон жөрөлгөнү аткарганы үчүн дин кызматчыларынын жана коомчулуктун каршылыгына дуушар болгон.
Мындай каршылыктарга карабастан ал 4000ден ашык ар кандай ишенимдеги жана диндеги кишилердин сөөгүн акыркы сапарга узатып, өзүнүн ишин социалдык медиада бөлүшүп, ар бир адам акыркы сапарга татыктуу узатылышы керек деген идеяны жайылтып келет.

Трейси Эмин, Улуу Британия
Сүрөтчү
Трейси Эмин 90-жылдары өзүнүн "Менин керебетим" жана "Алачык" сыяктуу чуулу эмгектери аркылуу таанымал болгон. Бул сүрөттөр адамдарды өзүнүн сексуалдык тажрыйбалары тууралуу ой жүгүртүүгө түртөт.
Ошондон бери ал искусство дүйнөсүндө таанымал инсанга айланып, жеке сырларына жана автобиографиялык стилине негизделген эмгектери менен белгилүү болуп калды.
"Менин керебетим" Лондондо биринчи жолу көрсөтмөгө коюлуп, медиада кызуу талкуу жаратканына 25 жыл болду. Кезинде британ искусствосунун "тентек кызы" (enfant terrible) катары сыпатталган Эмин быйыл визуалдык искусствого кошкон салымы үчүн Король Чарльз тарабынан "Леди" наамы менен сыйланды.
Сүрөтчү Улуу Британиянын Маргейт шаарында жаңы таланттарды колдоо үчүн Трейси Эмин фондун негиздеген.
Биз аял катары алыбыздын жетишинче кайраттуу болушубуз керек деп эсептейм. Менин оюмча, азыркы учур бардык аялдар биригип, өздөрүнүн укуктары үчүн күрөшүүсү зарыл болгон убакыт.
Трейси Эмин

Маргарита Барриентос, Аргентина
Активист
Калкынын 53% кедейлер түзгөн Аргентинада Маргарита Барриентос ачкачылыкка каршы күрөшкөн каармандыгы менен белгилүү. Ал ишин 15 киши үчүн ашкана уюштуруудан баштаган. Азыркы күндө ашканалары 5000 ашык адамды тамак-аш менен камсыздап жатат.
Барриентос өлкөдөгү эң жакыр аймактардын биринде төрөлгөн. Жаштайынан тартып көптөгөн кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Ал 1996-жылы "Лос Пилетонес" аттуу ашкананы негиздеген. Бул ашкана азыркы учурда карамагында бала бакча, ден-соолук борбору, тигүү цехи жана китепканасы бар чоң фондго айланды.
Маргаританын коом үчүн кылган иштерин көптөгөн аргентиналык бизнесмен жана атактуу кишилер колдоого алып келет. Белгилүү футболчу Лионель Месси жакында эле Маргаританын фондуна өз кол тамгасы коюлган, аукционго чыккан футболкасын белек кылды.

Махедер Хайлеселассие, Эфиопия
Сүрөтчү
Эфиопиялык сүрөтчү Махедер Хайлеселассие талаалар кагырап, дарыялар какшып жаткан аймакта иштеп, кургакчылыктан улам үй-бүлөлөр кыздарын жашы жете электе эле турмушка берүүгө мажбур болуп жатканын ал өзүнүн эмгектери аркылуу чагылдырган. Ал бул сүрөтү менен 2023-жылы Contemporary African Photography Prize сыйлыгын жеңип алды.
Укук коргоочу уюмдардын божомолунда, 2050-жылга чейин климаттык кризистин кесепетинен жашы жете элек курагында турмушка чыгууга мажбур болгон кыздардын саны кыйла көбөйөт.
Махедер Хейлеселассие сүрөт тартууга эргүүнү тарыхтан, өзү күнүгө баарлашкан кишилерден жана албетте ички сезимдеринен алат.
Анын эмгектери көптөгөн белгилүү сынактарда көрсөтүлүп келди, быйыл болсо African Biennale of Photography көргөзмөсүнө чыкты.

Дилором Юлдашева, Өзбекстан
Тигүүчү жана ишкер
Эки жыл мурунку оруп-жыйноо мезгилинде Дилором Юлдашева кырсыкка кабылып, эки бутунан ажырап калган. Бирок бул каргаша анын чоң максаттарын биротоло токтотуп коё алган жок.
Юлдашева өзбек кыз-келиндерине жаңы кесиптерди үйрөтүү аркылуу жардам бергиси келип, өзүнүн жеке кийим тигүүчү цехин ачкан.
Ал ишкердиктин сырларын жана ресурстарды башкаруунун негиздерин үйрөнүп, кырктан ашык аялды ишкерликке тартты. Бир нече айдын ичинде эле анын компаниясында сезилерлик өсүү болуп, жумушчулар жана мектеп окуучулары үчүн атайын форма тигүү боюнча келишимдерди түзүүгө жетишти.
Ошентип Дилоромдун бизнеси өзүнүн эле эмес, башка ондогон аялдын киреше булагы болуп калды.

Харбия ал-Химиарий, Йемен
Маданий мурастарды сактоо боюнча инженер
Йеменде көп жылдык согуштан улам тарыхый мааниге ээ болгон көптөгөн имарат кыйрап калгандыктан, инженер Харбия Аль-Химиарий аларга жаңы жашоо тартуулоо миссиясын баштады.
БУУнун маданий агенттиги ЮНЕСКО жана башка уюмдар менен өнөктөш болуп, ал Эски Санадагы жана өлкө боюнча ондогон тарыхый курулуштарды жана эстеликтерди калыбына келтирди. ЮНЕСКО зыянга учураган 16 000ден ашык объектини изилдеген.
Анын мурастарды сактоо жаатындагы иши тарыхый жайларды сактап калууга эле эмес, көптөгөн адамдын жашоо сапатын жакшыртты.
Аль Химиарий муну менен бирге жергиликтүү тургундарга салттуу архитектураны үйрөтүп, жаш кыздарды бул тармакка кызыктырып келет.
Оюн-зоок жана спорт

Ребекка Андраде, Бразилия
Спортчу
Ребекка Андраде Бразилиянын атынан олимп оюндарына катышып, эң көп медаль уткан спортчу. Олимп оюндарынан тышкары анын дүйнөлүк чемпионаттарда уткан медалдары арбын.
Ал 2024-жылы Парижде өткөн олимп оюндарында дүйнө чемпиону Симоне Бэйлсти жеңип, алтын тагынды. Медаль тапшыруу аземинде америкалык гимнасттар Бэйлс жана Жордан Чайлз бразилиялык Ребеккага таазим кылышты, бул көрүнүштү көпчүлүгү кайталап, быйылкы олимпиаданын символуна айланды.
Жети бир тууганы менен чогуу өскөн Ребекка он жашына чейин өзү жашаган жакыр райондон машыгуу үчүн Сан-Паулу шаарынын четине күн сайын каттоого аргасыз эле. Анын жалгыз бой энеси кызынын машыгуусуна төлөө үчүн үйлөрдү тазалап иштеген.
Анын жылдыз болуп чыга келишинин артында көптөгөн оор жаракат менен кыйын күндөр турат. Ал психикалык саламаттыкка көңүл буруу жөнүндө ачык айтып келген.
Тайманбас болуу башыбызга түшкөн маселелерди кантип чечкенибизге байланыштуу. Тайманбастык кырдаал оор болсо да командага жардам берүү менен жагдайдын жакшы жагын көрө билүү.
Ребекка Андраде

Наоми Ватанабэ, Жапония
Куудул
Жапониядагы эң белгилүү блогерлердин бири Наоми Ватанабэ өз өлкөсүндө жаңы муундун арасындагы аял куудулдар үчүн жол ачып берди.
Ал эркектер үстөмдүк кылган жапон комедиясында тоскоолдуктарды жоюп, башкы каармандын ролун ойноо жана популярдуу скетч-шоуларды жаратуу менен өзгөчөлөнгөн.
Ватанабэ ошондой эле Жапонияда тышкы келбет же тулку бойго байланышкан стереотиптерди өзгөртүүгө салым кошуп, "толук жана сүйкүмдүү" дегенди билдирген pochakawaii кыймылын жетектейт. Ал чоң өлчөмдөгү кийимдерди сунуштаган Жапониянын алгачкы бренддеринин бирин негиздеген.
Жапониянын теле жана кино тармагында чоң ийгиликке жетишкенден кийин ал дүйнөлүк комедия сахнасын багындыруу үчүн АКШга жол тартты.
Мен кантип өжөр жана чыдамкай бойдон калдым? Мен дайыма "макул мен сага жакпаймын, мага бир жыл бер, балким мен сенин оюңду өзгөртө алам" деген ойду карманам. Бул менин ар дайымкы көз карашым.
Наоми Ватанабэ

Ким Йежи, Түштүк Корея
Спортчу
Быйыл Ким Йежи ашып-ташкан харизмасы жана спорттогу ийгиликтери менен дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурду.
Ким Йежи быйылкы олимп оюндарында кыз-келиндер арасында пневматикалык тапанчадан 10 метрге атуу боюнча күмүш медалга ээ болду. Андан бир нече ай мурун аялдар арасындагы 25 метрден тапанча атуу боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылаган.
Олимпиада учурунда анын видеосу социалдык тармактарга тарап кетти. Ал чеберчилиги эле эмес, укмуштуудай салкын кандуу жүрүм-туруму, былк этпеген концентрациясы жана таамай атууга жардам берүү үчүн тагынган көз айнеги менен илимий-фантастикадагы образдай эле элди арбап алды.
Ким Йежи эне болуунун жоопкерчилиги жөнүндө айтып, алты жашар кызына кам көрүү үчүн спорттон тыныгуу алды.
Спорт аркылуу биз өжөрлүктү, командада иштөөнү жана чечкиндүүлүктү көрсөтөбүз. Бул баалуулуктар оюн талаасы менен чектелбей, масштабдуу коомдук өзгөрүүлөргө да дем берет.
Ким Йежи

Хадика Киани, Пакистан
Ырчы
Пакистандын белгилүү аткаруучуларынын бири Хадика Киани ырчылык таланты менен гана эмес, гуманитардык иштерге кошкон салымы менен да таанымал.
Ырчы 90-жылдары атактуулукка жетип, Түштүк Азиянын поп-музыкасынын көрүнүктүү жылдызына айланган. Ал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын ыктыярдуу элчиси болууга да жетишкен.
Киани 2022-жылы Пакистанга ири апаат алып келген суу ташкындан жабыркаган Белужистан жана Түштүк Пенджаб аймактарынын элине жардам берүү үчүн Vaseela-e-Raah долбоорун негиздеген.
Ал коомчулукту жер которгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө үндөгөн. Буга чейин долбоордун алкагында жабыркаган аймактарга 370 турак үй жана башка инфраструктуралык объектилер курулганы жарыяланган.

Фирда Марсия Курния, Индонезия
Музыкант
Гендердик жана диний нормаларга каршы чыгууда тайманбаган Фирда Марсия Курния толугу менен хиджаб кийген аялдардан турган Voice of Baceprot музыкалык тобунда башкы ырчы жана гитарист.
Индонезиядагы кеңири таралган сундан жана англис тилдеринде ырдап, чыгармаларында коомдогу патриархалдык системага нааразычылыгын билдирип турат.
Музыкалык топтун heavy metal стилинде ырдоо чечими консервативдүү мусулмандардын кескин сынына кабылган. Ошентсе да бул топ тоскоолдуктарды жеңип өтө алды.
Музыкалык топ Батыш Ява провинциясындагы Гарут айылындагы мектепте түзүлгөн. Он жылдын ичинде узун жолду басып өттү. Ушул жылы алар Гластонбериде концерт коюшуп, музыкалык фестивалдын 54 жылдык тарыхындагы алгачкы индонезиялык топ болуп калды.

Жоан Челимо Мелли, Кения/Румыния
Жөө күлүк
Жоан Челимо узак аралыкка чуркоодо өзүнүн чеберчилиги менен белгилүү болгон Кениядан чыккан румыниялык жөө күлүк. Ал быйылкы Европа чемпионатындагы жарым марафондо күмүш медал тагынды.
Челимо спорттон тышкары гендердик зомбулукка каршы күрөшкөн активист. Ал мурда гендердик зомбулукту башынан өткөргөндүктөн, спортчу айымдар көп кабылган коркунучтарды баса белгилөө үчүн өзүнүн жеке тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүп келет.
2021-жылы кесиптеши, спортчу жана дүйнөлүк рекордсмен Агнес Тироп айым өлтүрүлгөндөн кийин Челимо кениялык спортчуларды чогултуп, Tirop’s Angels деп аталган уюмду негиздеген. Бул уюм ар түрдүү иш-чаралар аркылуу гендердик зомбулукка каршы иш жүргүзүп келет.
Быйыл Кенияда Париж олимпиадасына катышкан жөө күлүк Ребекка Чептегей мурдагы жигити тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, өлкөдө аялдар кабылган зомбулук фактыларына чара көрүү чакырыктары кайрадан күч алды.
Чыныгы өзгөрүү – кайгы биздин жашообуздун аягы эмес, чоңураак нерсенин башаты экенин түшүнгөндө гана башталат деп ишенем.
Жоан Челимо Мелли

Инна Моджа, Мали
Сүрөтчү, музыкант жана активист
Климатты коргоо жаатында адис, музыкант жана кинорежиссер Инна Моджа көптөгөн акцияларга катышкан. Мисалы ал өз өлкөсүндө аялдарды "сүннөткө отургузууга" каршы күрөшүп келет.
Инна Моджа Африкадагы чөлдөрдүн кеңейүүсүн көзөмөлгө алуу жана деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү боюнча иштерди чагылдырган "Улуу жашыл дубал" даректүү тасмасын даярдап, роль жараткан.
Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча БУУ Конвенциясынын элчиси катары Моджа климаттын өзгөрүшүнөн жапа чеккен жамааттардын үнүн жеткиргиси келет.
Ал ошондой эле инновациялык технологияларды жана оюндарды айкалыштырган Code Green коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Өжөрлүк – бул аялдардын жана кыздардын дүйнөнү өзгөртүүчү чечимдерди жетектөө жөндөмүн өнүктүрүү.
Инна Моджа

Габи Морено, Гватемала
Музыкант
Гватемаладан чыккан ырчы жана акын Габи Морено буга чейин Латын Америкасында жакшы таанымал болгон, бирок анын аудиториясы 2024-жылы эң жакшы латына мерикалык поп-альбом үчүн "Грэмми" сыйлыгын алгандан кийин бир топ кеңейди.
Ал эки тилде ыр жазат. Чыгармалары соул жана латын америкалык фольклордун мотивдерин камтып, ырчынын бай жана маданий мурасын чагылдырат.
Морено ошондой эле Гватемаладан чыккан ЮНИСЕФтин алгачкы элчиси. Ал балдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барууда.
Габи Морено жакында Гватемалада балдардын сапаттуу билимге жетүүсүн жогорулатуу акциясын баштады. Айрым маалыматтарга караганда, өлкөдө болжол менен 2,7 миллионго жакын улан-кыз мектепке барбайт.

Ноэлла Вияала Нвадеи, Гана
Ырчы, аткаруучу
Ырчы жана акын Ноэлла Вияала Нвадеи Wiyaala деген ысым менен кеңири белгилүү. Анын сахнадагы аты сисала тилинде аткаруучу дегенди билдирет.
Модага жана уникалдуу стилге болгон өзгөчө табити менен айырмаланган Нвадеи айым кичи мекени түндүк Гананын салттуу маданиятын чагылдырган сахналык кийимдерди жана аксессуарларды жасайт.
Анын көптөгөн ырларында африкалык аялдардын эксплуатацияланышы ачык баяндалат. Вияала секелек кыздарды никеге тургузууга каршы күрөшүү үчүн БУУ жана Гананын бийлиги менен тыгыз кызматташкан.
Ал мындан тышкары өзүнүн туулган жери Фунси шаарында жумуш орундарын түзүү жана чыгармачылыкты өнүктүрүү максатында ресторан, коомдук радио жана искусство борборун ачкан.

Трейси Отто, АКШ
Жаачы
2019-жылы Трейси Отто үйдө отурган жеринде ага мурдагы жигити кол салып, окуядан улам сол көзүнөн айрылган. Андан кийин көкүрөгүнөн ылдый шал болуп калган. Мурда фитнес-модель болууну максат кылган Отто кайрадан активдүү жашоого кайтууга бел байлады.
Мурда бир дагы жолу жаа атып көрбөгөн Отто 2021-жылдын март айында спорттун бул түрү менен алектенип көрүүнү чечет. Анын биринчи эле аткан жебеси бутага таамай тийип, жаа атууга кызыгуусу ойгонгон.
Отто быйыл Парижде биринчи жолу паралимпиада оюндарына катышты. Манжалары толук иштебегендиктен жебени ал тиштери менен тартат.
Отто беш жылга жакын убакыттан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо үчүн өзүнүн тажрыйбасын колдонуп келет.

Винеш Пхогат, Индия
Балбан
Үч жолу олимпиада оюндарына катышкан Винеш Пхогат Индиянын эң көп медаль тагынган күрөшчүлөрүнүн бири. Ал дүйнө чемпиондугунда, шериктештик оюндарында жана Азия оюндарында медаль алган. Пхогат спортто аялдарга карата гендердик стереотиптерди катуу сындайт.
Бул жылы Пхогат олимпиаданын финалына чыккан Индиянын биринчи балбан айымы болду. Бирок таразага түшүү процедурасынан өтпөй калып, мелдештен четтетилди. Андан кийин ал спортту калтырып, саясатка кадам таштады.
Пхогат гендердик стереотиптер тууралуу өз көз карашын ачык билдирип келет. Ал Индия күрөшчүлөр федерациясынын башчысына каршы көп убакытка созулган нааразылык акциялардын башында турду. Федерация башчысы спортчу айымдарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн деп айыпталган, бирок ал бул айыптарды четке каккан.
Нааразылык акция учурунда полиция Пхогатты жана башкаларды кармагандан кийин бул окуя медиада кызуу талкуу жараткан.
Өжөрлүктүн чыныгы мааниси оор жумуш күнүнөн кийин бар күчүңдү жыйнап, өзүңө боорукерлик менен мамиле кылууда.
Винеш Пхогат

Рэй, Улуу Британия
Ырчы, акын
Ырчы, акын Рэй быйылкы Brit Awards сыйлыгында тарыхта калды. Ал өзү ат салышып жаткан жети сыйлыктын алтоосун жеңип, "жылдын эң мыкты ырынын автору" наамы ыйгарылган биринчи аял болуп калды.
Рэй 2021-жылы социалдык тармактарга жазган постунда өзүнүн альбомун чыгаруу үчүн Polydor үн жаздыруу студиясы менен жети жыл бою күрөшүп келгенин маалымдады.
Ал 2023-жылы көз карандысыз ырчы катары My 21st Century Blues аттуу дебюттук студиялык альбомун тартуулады. Альбом сынчылар тарабынан жакшы кабыл алынып, Рэй коммерциялык ийгиликке жетишкен.
Ал музыка индустриясында да, сыртта да дуушар болгон кыйынчылыктары, анын ичинде зордуктоо, баңгизатты кыянаттык менен пайдалануу жана дене дисморфиясы жөнүндө ачык айтып, ыр жазгандарга адилеттүү эмгек акы төлөөгө чакырды.

Хенд Сабри, Тунис
Актриса
Актриса Хенд Сабри араб киносундагы эң атактуу аялдардын бири. Ал 1994-жылы чыккан The "Хан сарайдагы жымжырттык" (Silences of the Palace) деген феминисттик тасмада рол жараткандан кийин таанымал болгон. Фильм Тунис айымдары кабылган сексуалдык жана социалдык эксплуатацияны чагылдырган.
2019-жылы ал Венеция кинофестивалында калыстардын катарында отурду. Хенд Сабри аталган фестивалда жюриге мүчө болгон биринчи араб аял болуп калды.
Бул жылы ал "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн жана 2024-жылдын "Эң мыкты даректүү тасмасы" сыйлыгына татыган "Ольфанын кыздары" (Olfa's Daughters) тасмасында башкы ролду жаратты.
Ноябрь айында Сабри курчоого алуу жана ачарчылыкка кептөө Газада согуш куралы катары колдонулуп жатканына нааразылык билдирип, БУУнун ыктыярдуу элчиси кызматынан баш тартты.
Кеп аман калууга аракет кылуу жөнүндө эле эмес, кайра жаралуу жана күрөшүү аркылуу максатты табуу, кайгыны аракетке айландыруу жөнүндө болуп жатат.
Хенд Сабри

Илаха Сорур, Ооганстан
Ырчы жана композитор
Ооганстанда аялдардын үнү коомдук турмуштан өчүп бараткан учурда ырчы Илаха Сорур "Naan, Kar, Azadi!" (Нан, Эмгек, Эркиндик!) деген ыр жазып, аялдарга карата басымга каршылык көрсөтүп, өжөр болууга чакырык таштады.
Бул ыр алгачкы жолу ушул жылдын октябрь айында Албанияда өткөн "Бүткүл ооган аялдары саммитинде" аткарылды.
Кино, театр жана музыка жаатындагы карьерасында сыйлык алган Илаха өзүнүн платформасын аялдардын укуктары үчүн күрөшкө арнайт.
Хазар этникалык элинен чыккан Сорур 2009-жылы Afghan Star таланттар шоу-конкурсуна катышкандан кийин таанымал болгон. Бирок ал музыка чөйрөсүндө карьера кура баштаганда катуу сынга жана каршылыктарга кабылып, 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.

Шэрон Стоун, АКШ
Актриса
Голливуд жылдызы Шэрон Стоун акыркы отуз жылдын ичинде экранда эле эмес, чыныгы турмушта да жарык из калтырды.
Актриса 1990-жылдардын башында хит болгон "Негизги инстинкт" тасмасы менен атактуулукка жетип, "Баарын эсте" жана "Казино" сыяктуу блокбастерлерде роль жараткан. Бул үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болуп, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Стоун өзүнүн актёрдук карьерасынан сырткары көптөгөн кайрымдуулук иштерге да катышып келет. Анын ВИЧке кабылгандарды колдоо боюнча иш-аракети бааланып, ага жыл сайын Нобелдин "Тынчтык" сыйлыгынын лауреаттары тарабынан өткөрүлчүү "Тынчтык Самити" сыйлыгын ыйгарышкан.
Ушул жылдын башында анын кинематографиядагы жетишкендиктери "Алтын глобус" - "Дүйнөлүк икона" эл аралык сыйлыгы менен белгиленди.
Биз муңаюуну же кубанууну өзүбүз тандайбыз. Менин оюмча сен ар дайым кубанууну...терезенин жанында турганда асманды кароону тандашың керек.
Шэрон Стоун

Мэдисон Тевлин, Канада
Актриса жана модель
Мэдисон Тевлиндин быйыл "Менин колумдан келет" деген өнөктүктөгү видеосу бүт дүйнөгө тарап, даун синдрому бар адамдарга карата айтылган туура эмес түшүнүктөрдү четке сүрдү.
Бул маалыматтык үгүт иши 150 миллиондон ашуун көрүүчү топтоп, бир катар сыйлыктарга татыды. Көрнөк-жарнак индустриясында эң абройлуу деп эсептелген "Канн арстандары" фестивалында "Алтын арстан" сыйлыгын жеңип алды.
Актриса жана модель Тевлин айым Нью-Йорктогу мода жумалыгына чакырылып, Клинтон Глобалдык Демилгесинде (Clinton Global Initiative) биригүү тууралуу сүйлөп, адамдарды бир максатка, бир багытка үндөгөн жигердүү аракеттери үчүн Куинси Жонс сыйлыгын алды.
Ал сыйлыкка көрсөтүлгөн "Мени ким деп ойлойсуз?" аталышындагы ток-шоунун жана "21 суроо" деп аталган подкасттын алып баруучусу.
Өжөрлүк – бул сынга кабылып, көз жаздымда калып же бааланбай жаткан учурда дагы багынып бербөө. Өжөрлүк өз пикириңди коргоп, өзүңө жана коомго болгон ишенимден баш тартпоо.
Мэдисон Тевлин

Эллисон Феликс, АКШ
Жөө күлүк
Эллисон Феликс дүйнө чемпионатынын 20, олимпиаданын 11 медалын алууга жетишкен. Ал жеңил атлеттер арасында тарыхтагы эң көп медаль тагынган спортчу болуп калды.
Эллисон кош бойлуу кезинде преэклампсия менен ооруп, кызын ай-күнүнөн мурда төрөөгө аргасыз болгон. Ошондон кийин ал кош бойлуу аялдардын укуктарын жактап, алардын жигердүү коргоочусуна айланды. Учурда ал АКШдагы кара терилүү энелердин саламаттыгына кам көрүү үчүн филантроп Мелинда Френч Гейтстен 20 миллион доллар грант алган.
Эллисон Феликс өзү чоң спортту таштаганына карабастан, 2024-жылы Париждеги олимпиада шаарчасында тарыхтагы алгачкы бала бакчанын ачылышына чоң салым кошту.
Бул жылы ал Эл аралык олимпиада комитетинин атлеттер комиссиясына мүчө болуп шайланып жана спорттогу аялдар үчүн өзүнүн спорттук-менеджерлик компаниясын негиздеди.
Өжөрлүк – кыйын кырдаалды татыктуу жеңүү үчүн күч топтоо, ар кандай ийгиликсиз учурларды алдыга умтулуу үчүн күч катары колдоно билүү.
Эллисон Феликс

Закия Худадади, Ооганстан
Спортчу
Закия Худадади быйыл Парижде өткөн паралимпиада оюндарында качкындар командасынын атынан медаль тагынган алгачкы спортчу катары тарыхта калды.
Тубаса майып, бир билеги жок спортчу 11 жашында Ооганстандын Герат шаарындагы жашыруун спорт залда таэквондо менен машыга баштаган.
Алгач Токиодогу паралимпиадага барууга ниеттенген, бирок 2021-жылы талибдердин бийликке келиши анын аталган оюндарга катышуу ниетине балта чапкан.
Эл аралык паралимпиадалык комитеттин кийлигишүүсү жана Франция өкмөтүнүн колдоосу менен Закия Худадади Ооганстандан эвакуацияланып, талибдер бийликти алгандан кийин эл аралык мелдештерге катышкан биринчи оогандык спортчу айым болуп калды.
Менин олимпиадада медаль алганга чейинки сапарым ооган аялдарынын, качкын аялдардын жана ар бир аялдын өжөрлүгүнүн күчүн айтып турат. Багынбай, алдыга умтулуу менен аялдардын колунан келбей турган эч бир нерсе жок экенин далилдейбиз.
Закия Худадади

Чжиин (Тания) Цзэн, Чили
Стол тенниси боюнча спортчу
Кытайлык жана чилилик стол теннисчи Чжиин Тания Цзэн 58 жашында Парижде өткөн олимпиада оюндарына катышты.
Бирок ал олимпиадага чейин узун жолду басып өткөн: апасы машыктыруучу болгондуктан 12 жашында профессионал оюнчу боло алган. Алгач Кытайдын улуттук командасына ойноп, бирок кийин Чилиге көчүп барган. Ишкерликке өтүп кеткени үчүн 30 жыл спортту таштап салган.
Чжиин Covid-19 пандемиясы учурунда колуна ракетка алып, тенниске кайра кайтып келген.
Ал 2023-жылы Чилидеги аялдар арасындагы теннисчилердин ичинен эң жогорку рейтингге жеткен. Чжиин айым олимпиада оюндарына катышып өзүнүн кыялын ишке ашырганга чейин Түштүк Америка чемпионатында жана Панамерика оюндарында Чилинин намысын коргогон.

Хлоя Чжао, Улуу Британия
Кинорежиссер
Кинорежиссер жана сценарист Хлоя Чжао "Оскардын" мыкты режиссер сыйлыгына татыган тарыхтагы эң биринчи азиялык аял.
Чжао Пекинде туулуп, кийин Улуу Британияга жана АКШга жер которгон. Ал өзүн көчмөн айым деп эсептейт. "Оскар" сыйлыгына татыган "Көчмөндүн журту" көркөм тасмасында көчмөн турмушта жашаган аялдын жашоосу чагылдырылган.
Чжао өзүнүн алгачкы тасмасы менен Американын түпкүлүктүү элинин жашоосун сүрөттөп берген. Кийин Марвел франшизасындагы ар кандай актерлордон турган тасмаларга режиссерлук кылган. Чжао өз эмгектери аркылуу адамдарды эмне байланыштырып турарын ачып берүүгө далалат кылат.
Бул жылы ал Шекспирдин доорун чагылдырган Мэгги О'Фарреллдин белгилүү "Хамнет" романы боюнча кинотасма тартты. Фильм экранга 2025-жылы чыгары күтүлүүдө.
Эгер биз өзүбүз иштеген тармакка өзгөртүү киргизбесек, так эле эркектер сыяктуу алардагы баалуулуктарга умтулууга аракет кылып калабыз. Бирок мен биздин дараметибиз башкада деп айтат элем.
Хлоя Чжао
Саясат жана активизм

Энн Чумапорн (Вааддао), Таиланд
ЛГБТК+ жамаатынын укуктары үчүн күрөшкөн активист
Таиланд парламенти быйыл бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамды кабыл алып, Түштүк Азияда гендерлик азчылыктарды расмий тааныган биринчи өлкө болду. Энн Чумапорн үчүн бул чоң жеңиш болду.
Ал бул мыйзам долбоорун парламенттен өткөрүүдө чоң роль ойногон, анткени Энн айым Өкүлдөр палатасында жана Сенатта юридикалык көзөмөл боюнча комиссар болуп иштейт.
Энн Bangkok Pride компаниясынын негиздөөчүсү жана Таиланддын түштүгүндөгү айылдан келген активист. Ал көп убакыттан бери адам укуктары жана ЛГБТК+ жамаатынын укуктарын коргоо үчүн күрөшүп келет.
2020-жылы ал Таиландда өткөн жаштардын нааразылык акцияларына демократияны жактаган Феминисттик боштондук фронт кыймылынын лидери катары катышкан. Ага мындай жигердүү аракеттери үчүн сегиз ирет саясий айып тагылган.

Хала Алкариб, Судан
Активист
Хала Алкариб SIHA уюмунун аймактык директору, активист жана жазуучу. Аймактагы кеңири жайылган гендердик зомбулукка көңүл бурдурууга багытталган долбоорлордун жетекчиси.
2023-жылдын апрель айында Суданда согуш башталгандан бери SIHA согуш учурундагы сексуалдык зомбулукка көзөмөл жүргүзүп, жапа чеккен кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп келет.
2024-жылдын октябрь айындагы Бириккен улуттар уюмунун отчетунда бул "трагедиянын масштабы үрөй учурат" деп бааланып, аскерлешкен ыкчам жооп кайтаруу күчтөрүнө (RSF) "оор кылмыштарды" жасаганы үчүн айып тагылган. Бирок RSF бул айыптарды четке какты.
Отчетто 2024-жылдын июль айына карата конфликттен улам жыныстык зомбулукка дуушар болгондордун саны кеминде 400 адам деп көрсөтүлгөн, бирок чыныгы сандар мындан да көп болушу мүмкүн.

Кеми Баденок, Улуу Британия
Консервативдик партиянын лидери
Кеми Баденок ноябрь айында Консервативдик партиянын жаңы лидери болуп шайланды. Ал Улуу Британиянын ири саясий партиясын жетектеген биринчи кара терилүү аял болуп калды.
Учурда ал Түндүк-Батыш Эссекс округунан парламентке мүчө. Бул убакытка чейин соода министри, аялдар жана теңчилик боюнча министр болуп эмгектенген.
Баденок Лондондо нигериялык мигранттардын үй-бүлөсүндө туулган. Балалык кези Нигериянын Лагос шаарында жана АКШда өткөн. Ал Нигериядагы саясий жана экономикалык абалдын начарлашынан улам Улуу Британияга 16 жашында кайтып келип, компьютердик инженерия жана укук боюнча билим алган.
Саясатка келгенге чейин жеке менчик Coutts банкынын директорунун орун басары жана The Spectator журналынын санарип директору болуп эмгектенген.

Махранг Балоч, Пакистан
Дарыгер жана саясий ишмер
Белужистан провинциясында адамдардын дайынсыз жоголушуна бийликтин катышы бар деген жоромолдон улам Пакистан боюнча демонстрацияга чыккан жүздөгөн аялдын арасында Махранг Балоч да бар болчу.
Анын атасы 2009-жылы коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган деп айтылат. Эки жылдан кийин анын сөөгү табылган. Анда кыйноонун белгилери болгон. Ошондон бери Махранг адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келет.
Махранг 2023-жылдын аягында дайынсыз кеткен жакындары тууралуу маалымат талап кылгандар менен Пакистандын борбору Исламабадга чейин жөө жүрүшкө чыккан. Анда жүздөгөн аял 1600 чакырымды басып өткөн. Махранг жүрүш учурунда эки жолу камакка алынган.
Көп жылдан бери улутчул демонстрациялардын чордонуна айланган Белужистан провинциясындагы митингчилер, алардын жакындары операция учурунда Пакистандын коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынып, өлтүрүлгөн деген божомол бар. Исламабаддын расмийлери бул айыптоолорду четке кагып келет.
Дарыгер Махранг ошондон бери адам укуктары боюнча Baloch Yakjehti (Unity) Committee BYC деп аталган уюмдун белгилүү активисти болуп калды. Анын адам укуктарын коргоого кошкон салымы бааланып, Time журналы "2024-жылдын 100 жаңы лидери" тизмесине киргизген.

Лурдес Баррето, Бразилия
Активист
Лурдес Баррето көптөгөн акциялардын демилгечиси. Ал өз өмүрүн Бразилиядагы интимдик кызмат көрсөткөн аялдардын укуктарын жакшыртуу үчүн күрөшүүгө арнаган.
Барретонун жигердүү аракеттери Амазон аймагындагы Белен шаарында башталган. 1980-жылдары Латын Америкасындагы интимдик кызмат көрсөткөн аялдардын алгачкы кыймылы болгон Brazilian Network of Prostitutes уюмун негиздегендердин бири.
Учурда сексен жаштан ашып калган Баррето ондогон жыл бою стереотиптик көз караштарга каршы күрөшүп келди.
Ал өлкөдө ВИЧ инфекциясын алдын алуу саясатын иштеп чыгууда маанилүү роль ойноду. Алтын казган жамааттар арасында ВИЧтин жайылышын алдын алуу үчүн акция жүргүзгөн. 2023-жылы ал өзүнүн автобиографиясын жарыялады.
Биздин баштан өткөн окуялар унутта калбай, татыктуу баалансын. Биз аялдар бул дүйнөдө кыялдануу, ийгиликке жетүү, ойлонуу, коомду өзгөртүү үчүн жетишерлик күчүкө ээбиз.
Лурдес Баррето

Розмари Вайдлер-Валти, Швейцария
Мугалим жана климат боюнча активист
Розмари Вайдлер-Валти Климатты коргоо боюнча улгайган аялдар уюмунун (KlimaSeniorinnen) тең төрайымы. Ал адам укуктары боюнча Швейцария өкмөтүн Европа сотуна берип, тогуз жылдык соттошуудан кийин тарыхта биринчи жолу талаштуу климаттык иште жеңишке жетти.
Бала бакчанын тарбиячысы Вайдлер-Вальти 2000 айым менен чогуу климат көйгөйүн көтөргөн. Ал Швейцария өкмөтүнүн аптап күчөгөн учурлардагы жетишсиз аракеттеринин айынан аялдар жаш курагына жана жынысына байланыштуу ден-соолуктарынан зыян тартып жатканын айтып чыккан.
Апрель айында сот зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын кыскартуу боюнча өкмөттүн аракеттерин жетишсиз деп тапкан.
Швейцариянын парламенти соттун чечимин четке какканы менен бул иш келечекте климат боюнча соттук иштерге башат болуп берери анык.

Жина Модарес Горжи, Иран
Аялдардын укугу үчүн күрөшкөн активист
Күрд журналисти жана активисти Жина Модарес Горжи 2019-жылы Zhivano деген аялдар ассоциациясын негиздеген. Аталган уюм билим берүү, нааразылык акцияларын жана аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү аракеттерин колдойт.
Модарес Горжи Иранда "Аял, Жашоо, Эркиндик" деген нааразылык кыймылы башталгандан кийин эки жолу абакка кесилген. Сот адегенде аны "режимге каршы үгүттөө" сыяктуу бир катар айыптар менен 21 жылга эркинен ажыраткан. Учурда ал эки жыл төрт айга кыскартылган жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Ал Ирандагы аялдарды басмырлап, укугун чектеген мыйзамдарды жумшартууга коомчулуктун колдоосун чогултуу үчүн "бир миллион кол топто" өнөктүгүнө активдүү катышкан.
Модарес Горжи күрд аялдарынын альбомун түзүп, кыз-келиндер үчүн подкаст ачып, күрд аялдарын шыктандырган балдар китебин жазган.

Аманда Журавски, АКШ
Репродуктивдик укук боюнча активист
Аманда Журавски 2022-жылдын август айында боюнан козголуп, ичинен суу кеткенин байкаган. Дарыгерлер ага түйүлдүктү аман сактап калуу мүмкүн эмес экенин айтышкан.
Журавски Техас штатынын тургуну болот. Дарыгерлер анын бойдон алдыруу укугун орундатуудан баш тартышкан. Анткени АКШнын Жогорку Соту эки ай мурун Техас штатында аборт жасатууга укук берген Roe v Wade чечимин жокко чыгарган. Техас бийлиги аялдын өмүрүнө коркунуч жаралганда гана буга уруксат берилсин деген эреже кабыл алган. Үч күндөн кийин Журавски нес болуп, өмүрү коркунучка кептелгенде гана аборт жасатууга уруксат берилген.
Журавски 2023-жылдын март айында өзү сыяктуу окуяны баштан өткөргөн 19 аял менен бирге мамлекетке каршы доо арыз менен кайрылды. Алардын бул аракети Roe v Wade чечими жокко чыгышына каршылык билдирген биринчи доо арыз болчу. Бирок Техас штатынын соту алардын талабын орундатпай, арызды четке каккан.
Бирок активист айым Америкада репродуктивдүү укуктарды калыбына келтирүү жана коргоо үчүн күрөштү уланта берерин айткан.

Эйнав Зангаукер, Израил
Активист
Активист жана жалгыз бой эне Эйнав Зангаукердин 24 жаштагы уулу ХАМАС Израилге кол салган 7-октябрь күнү туткунга алынган. Анын уулунун өнөктөшү Илана дагы башка жактан уурдалып, кийин туткундарды айырбаштоонун арты менен бошотулган.
Ошондон бери ал барымтадагы кырдаал тууралуу тынымсыз маалымат берип, бийликти чара көрүүгө чакырып, апта сайын демонстрацияларды уюштуруп, элди ага катышууга үндөп келди.
Зангаукер мурда премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун башкаруучу партиясына добуш берген. Бирок өкмөт башчы туткундарды куткаруунун жолун таба албаганы үчүн ал Израил өкмөтүн катуу сындаган активистке айланды.
Ал Израилдин премьер-министрине кайрылып, барымтадагыларды бошотуу үчүн ок атышууну токтотуу келишимин талап кылып келет.

Герлин М. Йозеф, Гаити
Укук коргоочу
Герлин М. Йозеф Америкада саясат менен расанын ортосундагы байланыштын үстүндө иштейт жана иммигранттардын укуктарын коргойт.
Ал афроамерикалык кишилердин укуктарына басым жасаган Haitian Bridge Alliance уюмунун негиздөөчүсү.
Анын жетекчилиги астында Haitian Bridge Alliance уюму быйыл Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында Огайо штатынын Спрингфилд шаарында сүйлөгөн сөзүндө гаитилик иммигранттар "үй жаныбарларын жеп жатат" деген негизсиз билдирүүсүнө каршы сотко азыр жазды.
Йозеф көптөн бери гаитиликтердин депортацияланышын катуу сындап келген. Анын уюму жакында эле Байдендин администрациясына кайрылып, кылмыштуу топтордун зомбулугунан качып, АКШга баш паанек издеп келген качкындарды өлкөдөн депортациялап салууну токтотууга чакырды.

Даниэль Кантор, Израил/Палестина аймактары
Маданий активист
Даниэль Кантор коронавирус пандемиясы учурунда негизделген “Тилектештик маданияты” (Culture of Solidarity) аттуу ири долбоордун башында тургандардын бири. Долбоор аркылуу Палестин аймактарындагы жана Израилдеги жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп турган.
Даниэль Кантор долбоордун дагы бир негиздөөчүсү Алма Бек менен бирге жолугушуулардын, талкуулардын, маданий иш-чаралардын жана семинарлардын альтернативдүү борборуна айланган "Тилектештик үйүндө" Палестин аймактарындагы жана Израилдеги адам укуктарынын бузулушу боюнча көйгөйлөрдү талкуулашат.
Ал жакында эле Spreads аттуу китеп жазып, анын сүрөтүн жарыялады. Китепте Израил менен Палестина аймактарындагы жамааттардын иденттүүлүгү жана саясатындагы өзгөчөлүктөр тамак-аш маданияты аркылуу изилденет.
Кантор тынчтыкты жактаган "Аялдар коомчулугунун тынчтыгы" акциясынын мүчөлөрү менен бирге Жакынкы Чыгышта ок атышууну тезинен токтотууну жана узак мөөнөттүү тынчтык келишимин түзүүнү талап кылган демонстрацияларга катышып келет.
Аялдар өзүндөгү табигый боорукердикти сезип, башка адамдардын ичинде эмне болуп жатканын түшүнгөндө гана адилетсиздикти таанып, жаркын келечекке болгон жолду жаңыча элестете алат.
Даниэль Кантор

Сьюзан Коллинз, АКШ
Сенатор
Сьюзан Коллинз АКШ Сенатына Мэн штатынан беш жолу катары менен шайланган. Ал Республикалык партиядагы башка аялдарга караганда бул кызматта узагыраак иштеген.
Ал маанилүү мыйзамдарды кабыл алуу үчүн партиялар аралык иштерге көп катышкан. Мындан тышкары, менопауза жана орто жаштагы аялдардын ден-соолугун коргоо боюнча мыйзамды даярдоого жооптуу болгон алты сенатордун бири болчу. Бул мыйзам менопауза учурунда аялдарга медициналык жардамды жакшыртууну көздөйт. Аталган мыйзамдын арты менен кийинки беш жыл ичинде аялдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамга тиешелүү изилдөөлөргө жана коомчулуктун менопауза жөнүндө билимин жогорулатууга 275 миллион доллар бөлүнөт.
Коллинз ошондой эле альцгеймер оорусуна каршы күрөшүү боюнча улуттук долбоор мыйзамынын автору. Бул мыйзам аталган оорунун алдын алуу жана дарылоо боюнча улуттук планды координациялоого багытталган. Коллинз айым долбоордун 2035-жылга чейин каржыланышы үчүн аракеттенип, демилгеге тийиштүү медициналык жардам ала албаган калктын калың катмары, анын ичинде даун синдрому менен жабыркаган адамдарды да камтуунун үстүндө иштеп жатат.

Рут Лопес, Сальвадор
Укук коргоочу
Рут Лопес мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн чыныгы жактоочусу. Ал Борбордук Америка боюнча демократияны өнүктүрүүгө багытталган Cristosal уюмунун башкы юридикалык директору кызматын аркалайт.
Ал Сальвадордогу коррупцияга каршы күрөшүү, шайлоо мыйзамдарын жана адам укуктарын коргоо боюнча иштерге басым жасап келет.
Лопес Сальвадор өкмөтүн жана мамлекеттик мекемелерин активдүү сындайт. Ал коомчулук тарабынан көзөмөлдөнүшү керек болгон саясий ачыктыкты жана бийликтин отчеттуулугун коомдук сайттар аркылуу талап кылып келет.
Жакында эле анын ишмердүүлүгүнүн актуалдуулугу кайрадан жогорулады, анткени быйыл жыл башында Сальвадордун президенти Наиб Букеле экинчи мөөнөткө кайра шайланды. Кылмыштуулукка каршы күрөшкөнү үчүн бедели кескин жогорулаган Букеле өзүн "дүйнөдөгү эң мыкты диктатормун" деп атаган.

Хана-Равити Майпи-Кларк, Жаңы Зеландия
Саясатчы
Жыйырма эки жаштагы Хана-Равити Майпи-Кларк Жаңы Зеландиянын парламентине "Маори" партиясынан шайланган эң жаш аял.
Ал эл алдында сүйлөп жатып, маорилердин салтанаттуу бийи болгон хаканы аткарып, коомчулукту түпкүлүктүү маори элинин үнүн угууга чакырды. Ал парламентте түпкүлүктүү элдин өкүлдөрүнүн көбүрөөк болушун жактайт. Жакында ал талаштуу мыйзам долбооруна каршылык ирээтинде парламенттик жыйынды токтотуп, хака жөрөлгөсүн баштаган.
Майпи-Кларк маорилердин укуктары менен маданиятын коргоого жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө өзгөчө басым жасайт. Ал 17 жашында Маори ай календары жөнүндө алгачкы китебин чыгарган.
Бул жылы ага маори жаштарынын саясаттагы таасирин арттыруу аракети үчүн "Дүйнөнүн мыкты жаш саясатчысы" деген беделдүү сыйлык ыйгарылды.
Аялдар жергиликтүү саясатта болобу, улуттук же глобалдык деңгээлде болобу, аларга орун жок деген жерлердин эшигин тээп кириши керек.
Хана-Равити Майпи-Кларк

Латиша МакКрадден, Ирландия
Ирландия саякатчылар кыймылынын активисти
Латиша МакКрадден болгону 20 жашта. Бирок ал өзүн ирландиялык саякатчылар коомчулугунун ишенимдүү коргоочусу катары көрсөтө алды.
Кыймылдын мүчөсү катары ал Ирландиядагы этникалык азчылыктарга карата тыюуларды жеңүүнү каалайт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы тарткан адам катары бар күчүн аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга жумшагысы келет.
МакКрадден учурда Голуэй университетинин юридикалык факультетинин студенти. Ал Ирландиялык саякатчылар кыймылынын улуттук жаштар форумунун, Ирландиянын улуттук аялдар кеңешинин жана Минсерс уайден саякатчыларды колдоо тобунун мүчөсү.
Ал 2029-жылы өтө турган жергиликтүү шайлоого катышып, Ирландиянын келечегине салым кошууну максат кылууда.

Кэтрин Мартинес, Венесуэла
Адам укуктары боюнча юрист
Венесуэланын Каракас шаарындагы Хосе Мануэль де Лос Риос атындагы балдар ооруканасында дарыланып жаткан жаш бейтаптардын көпчүлүгү аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн келишет.
Кэтрин Мартинес негиздеген Prepara Familia өкмөттүк эмес уюму мындай балдарды кийим-кече, медициналык каражаттар, тамак-аш менен камсыздап, психологиялык колдоо көрсөтөт.
Мартинес жана анын командасы ооруканадагы укуктары бузулган балдардын жана аларды караган аялдардын иштерин кылдаттык менен изилдеп, жабыркагандар үчүн компенсация талап кылуунун үстүндө иш алып барышат.
Венесуэлада азык-түлүктүн жетишсиздигинен жапа чеккендер көп болгонуна байланыштуу Prepara Familia уюму балдарга жана кош бойлуу аялдарга витаминдер менен пайдалуу азык-түлүктөрдү акысыз таратууга багытталган борбор ачкан.

Энни Синандуку Мванге, Конго Демократиялык Республикасы
Шахтер
Конгонун тоо-кен тармагында иштеген Энни Синандуку Мванге шахтадагы гендердик теңсиздик жана сексуалдык зомбулук менен күрөшүү кыймылын жетектейт. Бул тармактагы жумушчулардын жарымын аялдар түзөт.
Ал Renafem аялдардын улуттук тоо-кен тармагынын лидери катары өзүн "жетекчи апа" деп атайт. Ал кызмат абалына таянган эркек жетекчилердин кыз-келиндерге сексуалдык ыдык көрсөтүүсүн алдын алуу үчүн көбүнчө аялдарды жетекчилик кызматтарга дайындайт.
Мванге аялдардын жашоо шартын жакшыртууга инвестиция салуу менен жумушка тартылган жашы жетелек балдардын санын азайтууну көздөйт. Анткени электр унаалар сыяктуу таза энергетикалык продуктылар үчүн зарыл болгон кобальтка жана башка минералдарга дүйнөдө суроо-талап өсүүдө.

Надиа Мурад, Ирак
Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты
Надиа Мурад сексуалдык зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын коргогон алдыңкы жактоочулардын бири, адам укуктары боюнча активист жана Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты. Ал 2014-жылы Ирактагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун езиддерге каршы геноцидинен аман калган.
Надиа өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ тарабынан уурдалып, зордук-зомбулук менен коштолгон сексуалдык кулчулукту башынан өткөргөн. Бирок үч айдан кийин туткундан качып чыккан. Ал башынан өткөргөн азаптуу күндөрүн тайманбай туруп айтып берүү менен согушта кордолгон аялдардын үнүн дүйнө коомчулугуна жеткирди. Сексуалдык зомбулук куралдуу кагылышуулардын ажырагыс бөлүгү болуп калганын кеңири түшүндүрдү.
Ал адам укуктарын коргоо боюнча юрист Амал Клуни менен кызматташып, ИМди жоопкерчиликке тартуу, жабыркагандарга компенсация талап кылуу жана жапа чеккен коомду калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн "Надианын демилгеси" аттуу фондду негиздеген.
Езиддер кыргынына 10 жыл өтсө дагы Надиа дүйнө жүзү боюнча тайманбастыктын жана чыдамкайлыктын символу болуп келет.
Теңдик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштө мен атап жүргөн "жан дүйнөнүн куралдарына" таянышыбыз керек. Алар чындык, үмүт жана боорукердик.
Надиа Мурад

Каша Жаклин Набагесера, Уганда
Гендердик азчылыктардын укуктары үчүн күрөшкөн активист
Угандада гомосексуализм мыйзамсыз деп эсептелет жана мындай жүрүм-турум үчүн абакка отургузуу жазасы каралган. ЛГБТК+ жамаатынын жактоочусу Каша Набагесера мындай мыйзамдарды өзгөртүү үчүн күрөшүп келет.
Ал өзүн салттык орентацияда эмес экенин ачык билдирип, бүткүл Африкадагы гендердик азчылыктарды кодулоого каршы иш-чараларды өткөрүп, коомчулуктун прикирине чоң таасир эте алган.
Набагесера Уганда өкмөтүн жана басылмаларды ЛГБТК+ коомчулугуна каршы үгүт кылганы үчүн сотко берген. Ал Угандадагы гомосексуализмге каршы мыйзамдар үчүн бийлик менен эки жолу соттошкон. Учурда ал 2023-жылы чыгарылган мыйзамга каршы ишин улантууда.
Каша Жаклин Набагесера Угандадагы Нкумба университетинин бизнес бөлүмүн бүтүргөн жана Стэнфорд университетинин стипендиясын утуп алган. Мындан тышкары БУУ, Европарламент жана Африка Комиссиясы сыяктуу жогорку деңгээлдеги форумдарда гендердик азчылыктарды колдоо демилгелерине салым кошуп келет.

Жизель Пеликот, Франция
Зордуктоодон аман калган аял
Анонимдүүлүк укугу бар болсо да, өз окуясын дүйнөгө ачык жарялоо менен Жизель Пеликот кайраттуулуктун жана тайманбастыктын символу болуп калды.
Анын мурдагы күйөөсү чогуу жашап жүргөн учурда Жизелге кыйнап маңзат берип, аны эсин жоготкон абалда зордуктап жургөнүн мойнуна алды. Ал аз келгенсип күйөсү Жизелди ондогон чоочун эркектерге салып берип, аларды видеого тартып турган.
Мыйзам боюнча, Пеликот өзүнүн аты-жөнүн, жүзүн жашырууга укуктуу болчу, бирок анын ордуна соттун ачык өтүшүн жана кылмышкерлерди уяткаруу үчүн видеолордун көрсөтүлүшүн суранган. Бул ишке катышы бар элүүдөй эркектин айрымдары аны зордуктаганын мойнуна алышкан, бирок көпчүлүгү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди эле жасашканын айтышкан.
Сот процесси акыркы этабына жетип калганда дүйнө жүзүндөгү аялдар бул француз аялга суктанышууда. Пеликот өзүнүн соттук иши француз мыйзамдарын өзгөртүп, коомдун зордуктоо жана макулдукка болгон көз карашын өзгөртөт деп үмүттөнөт.

Аруна Рой, Индия
Коомдук активист
Индиядагы жакыр кишилердин укуктары үчүн күрөшкөн Аруна Рой жергиликтүү эл менен түздөн-түз иштешүү үчүн мамлекеттик кызматтагы жумушун дагы таштаган.
Ал адилеттүү эмгек акы алууга үгүттөгөн Mazdoor Kisan Shakti Sangathan (MKSS) коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул уюм 2005-жылы жарандарга өкмөттөн отчет талап кылууга мүмкүндүк берген маанилүү мыйзамдын кабыл алынышына чоң салым кошкон.
Кырк жылдан ашык убакыттан бери Аруна Рой көптөгөн демилгенин башында туруп келди. Үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар сыйлыкка ээ болду. Анын ичинде "Азиянын Нобель сыйлыгы" деп аталган Рамон Магсайсай сыйлыгын да алган.
Ал Индия аялдарынын улуттук федерациясынын президенти. Быйыл The Personal is Political аттуу мемуарын басып чыгарды.
Биз көп учурда чоң кыялдар менен алек болуп жатып, жаныбыздагылардын кыялдарын байкабай калабыз.
Аруна Рой

Анжела Рэйнер, Улуу Британия
Улуу Британиянын вице-премьер-министри
Анжела Рэйнер Улуу Британиянын саясий чөйрөсүндө эң жогорку кызматтардын бирин ээлеп, 2024-жылдын июль айындагы жалпы шайлоодон кийин вице-премьер-министр болуп дайындалды.
Рэйнер Стокпортто (Улуу Манчестер) туулуп өскөн. Ал кичинекей кезинен психикалык оору менен жабыркаган апасына кам көргөн. Он алты жашында кош бойлуу болуп калгандыктан мектепти таштоого аргасыз болгон. Жергиликтүү кеңештин социалдык колдоо бөлүмүндө иштеп, карьерасынын өсүшү менен профсоюз активисти болуп, кийин профсоюзду жетектеп калган.
Рэйнер биринчи жолу 2015-жылы Аштон-андер-Лайн округунан Лейбористтик партиянын атынан парламентке депутат болуп шайланган. Ал аталган округдун тарыхында депутаттыкка шайланган эң биринчи аял болуп калды. Кийинчерээк ал аялдардын укуктары жана теңчилик боюнча кыска убакыт көмүскө министр болуп иштеп, башка кызматтарды да аркалаган.
Учурда Рэйнер айым турак-жай курулушу, коомдук жана жергиликтүү башкаруу боюнча мамлекеттик катчы болуп эмгектенип жатат. (Вице-премьер-министрлик кызматына акы төлөнбөйт. Салт боюнча ага дайындалган адам айлык төлөнүүчү кабинеттик кызматты да аркалайт).

Юми Сузуки, Жапония
Жабырлануучу
Юми Сузуки тубаса церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн. Ал жаштайынан эле көптөгөн кемсинтүүгө дуушар болду. Он эки жашында гистерэктомия (эмчек безин алып салуу) операциясын баштан өткөргөн.
1948-жылдан 1996-жылга чейин Жапонияда евгеникалык мыйзам күчүндө болгон. Аталган мыйзам тукум кууган оорусу бар же акыл-эси жана физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мажбурлоо жолу менен тукум улоо укугун чектеген. Мында калктын генетикалык сапатын жакшыртабыз деген жүйө менен көйгөйү бар делген адамдарга операция жасоодо анын же жакындарынын макулдугу талап кылынган эмес.
Сузуки башка 38 доогер менен бирге өкмөттү сотко берип, көп жылдык тирештен кийин утуп алган. Июль айында Жапониянын жогорку соту бул практиканы конституцияга каршы деп таап, өкмөттү жабырлануучуларга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бийлик жабырлануучулардын макулдугусуз 16500 стерилизация (жугуштуу ооруларды зыянсыз кылууну көздөп, вирус бар органды алып таштоо) жасалганын моюнга алууга аргасыз болгон.

Хуан Цзе, Тайвань
Саясатчы
Гендердик теңчиликтин жактоочусу катары белгилүү болгон Хуан Цзе ушул жылдын январь айында парламентке шайланып, LGBTQ+ кыймылынын Тайвандагы алгачкы мыйзам чыгаруучу өкүлү болуп тарыхта калды.
Ал өзүнүн саясий карьерасында ири реформаларды ишке ашырды. Тактап айтканда жалгыз бой аялдардын жана бир жыныстагы түгөй болгон аялдардын тукумсуздукка каршы дарылануу укугун камсыз кылууга жана аз камсыз болгон, майыптыгы бар аялдар үчүн гигиеналык каражаттарды каржылоого өкмөттү көндүрө алды.
2023-жылы эл алдына чыгып, өзү кабылган басым тууралуу ачык айткан. Ал Deepfake (видеодогу адамдын жүзүн өзгөрткөн технология) порнографиясынын жабырлануучусу катары интернеттеги сексуалдык зомбулук менен күрөшүү үчүн учурдагы мыйзамдарды күчөтүүнү жактайт.
Чыныгы өжөрлүк ар түрдүүлүктү кабыл алууда жатат. Канчалык көп көш карашты кабыл ала алсак, ошончолук күчтүү боло алабыз. Бул айрыкча бир кезде алсыз деп эсептелген аялдарга жана LGBTQ+ кыймылынын өкүлдөрүнө тиешелүү.
Хуан Цзе

Лилия Чанышева, Орусия
Саясий ишмер
2024-жылдын август айында эл аралык туткундарды алмашуу программасынын алкагында абактан бошотулган 26 адамдын бири Лилия Чанышева болду. Саясий ишмер бошотулгандан соң дароо Орусиядан чыгып кетти.
Чанышева кезинде маркум оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Башкортстандагы иш-аракеттерин жетектеген. Ал жемкорлукту иликтеп, адилеттүү шайлоолор, сөз эркиндиги үчүн жүргүзүлгөн иштерге активдүү катышкан.
Лилия айым ийгиликтүү финансист. Ал маркум саясатчы Навальный менен кызматташканга чейин Москвада эл аралык компаниялар үчүн салык боюнча консультацияларды берип келген.
Ал 2021-жылы экстремизм боюнча айыпталып, тогуз жарым жылга эркинен ажыратылган. Эки жыл үч ай абакта отургандан кийин бошотулду.

Нежла Ышык, Түркия
Айыл башчы жана токойчу
Жакында Түркияда өткөн жергиликтүү шайлоодо фермер Нежла Ышык өлкөнүн батышындагы Икизкөй аймагынын башчысы болуп шайланды. Ал акыркы беш жылдан бери токойлордун кыйылышына каршы күрөшүп келет.
Икизкөйдү курчап турган Акбелен токою көмүр казуу долбоорунан улам коркунучка кептелген. Ышык баш болгон айылдагы бир нече аял кен казуу үчүн токойлорду кыюуга каршы болушуп, сотко кайрылышкан.
Алардын акциясы учурунда полиция менен токойду коргогон демонстранттардын ортосунда катуу кагылышууларга себеп болду. Бирок Ышык жана башка айыл тургундары коркунучтарга жана кыйынчылыктарга моюн берген жок. Аларга уруксатсыз токойго киргени үчүн айып пул салынса да, көшөргөн чыдамкайлык менен чечкиндүү турушту. Кийинчерээк айып пул жокко чыгарылган.
Аялдар үйдө, талаада, көчөдө, күрөштө... алар дүйнөгө көрк берип, аны сактап калаары талашсыз.
Нежла Ышык

Фэн Юань, Кытай
Укук коргоочу
Кытайдагы аялдардын укуктарын көп жылдан бери коргоп келген Фэн Юань 2014-жылы түзүлгөн Equality Beijing уюмунун негиздөөчүсү. Ал жетектеген уюм аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик зомбулук менен күрөшүү үчүн укуктук реформанын үстүндө иш алып барат.
Акыркы жылдары ал MeToo кыймылы аркылуу Кытайдагы сексуалдык зомбулукка кабылгандарга колдоо көрсөтүп келет. Жумуш учурунда жетекчилери тарабынан ыдык көрсөтүүгө туш болуп калуунун алдын алуу боюнча Фэн Юань кыз-келиндерге тренингдерди да өткөрүп турат.
Ал 1986-жылдан 2006-жылга чейин аялдардын маселелерин чагылдырган журналист болуп иштеген.
Фэн 1990-жылдардын ортосунан тартып аялдардын көйгөйлөрү, ЖМК, ВИЧ/СПИД жуктуруп алган адамдарды колдоо жана жаштардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган ар кандай өкмөттүк эмес демилгелерди ишке ашырууга жардам берип келет. Ал Кытайда жана башка өлкөлөрдө жарыяланган материалдарга автор жана редактор болгон.

Фовзия аль-Отейби, Сауд Арабия/Улуу Британия
Аялдардын укугу үчүн күрөшкөн активист
Фовзия аль-Отейби өзүнүн үнүн коомчулукка жеткирүү үчүн социалдык тармактарды колдонот. Ал көптөн бери Сауд Арабияда эркектерге баш ийүү системасын жоюуну жактап келет.
Бирок ал полиция тарабынан суракка чакырылгандан кийин өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкен.
Анын сиңдиси Манахел ал-Отейби да аялдардын укугу үчүн күрөшүп келген. Бирок жыл башында камакка алынып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочу уюмдардын айтымында, ага жылаң баш сүрөттөрү жана коомдук медиа аркылуу аялдардын укуктарын колдогон билдирүүлөрү үчүн айып тагылган.
Аль-Отейби эжесин бошотуу үчүн тынымсыз акция жүргүзүп, күрөшүүнү улантып келет. Соңку кездери Сауд Арабияда оппозицияга каршы куугунтуктардын алкагында көптөгөн адам коомдук медиадагы билдирүүлөрү үчүн камакка алынды.
Илим, саламаттыкты сактоо жана технологиялар

Ширин Абед, Палестина аймагы
Балдар дарыгери
Израилдин Газа секторундагы күн сайын уланып жаткан аба чабуулдары жана ресурстардын жетишсиздиги Ширин Абеддин жаңы төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү аракетин токтото алган жок.
Ал 2023-жылы Израил менен Газа ортосундагы согуш башталгандан кийин үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Себеби анын батири дагы бомбалоого кабылган. Ымыркайлар боюнча адис ошол кыйынчылыктарга дагы карабай жакын аймактардагы жер которгондордун лагерлеринде жаш балдарга кам көрүүсүн уланта берген.
Абед акыркы кызматта Аль-Шифа медициналык комплексинин төрөт борборунун директору болуп эмгектенген. Ал Газанын негизги ооруканаларында ымыркайлар менен иштеген көп жылдык тажрыйбасына таянуу менен дарыгерлерди окута баштаган. Дарыгер өтө чектелген ресурстар менен өмүрдү сактап калуучу дарылоонун протоколун түзүп, аны медиктерге үйрөткөн.
Аймактагы оор абал аны ушул жылдын башында эки кызы менен Газадан качууга аргасыз кылды. Ошентсе да Абед Газадагы дарыгерлерге алыстан туруп жардам берүүнү улантып келет.

Сафа Али, Судан
Акушер-гинеколог
Суданда былтыр Сафа Али иштеген оорукананын жанында айыгышкан куралдуу салгылашуулар башталган. Тынымсыз атышууларга карабастан Сафа жана анын кесиптештери оорукананы таштап кетишкен жок.
Сафа Али гинекология жана акушердик боюнча консультант. Өлкөнүн армиясы менен "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" кагылышуусу учурунда ыктыярчыларды жана кош бойлуу аялдарды коопсуз жайга көчүрүүгө жардам берген.
Учурда ал "Аль-Сауди" төрөт үйүндө аялдарды кесарево жолу менен төрөтүп, куралдуу жаңжалга карабай кыз-келиндердин ден соолугун чыңдоого бар күчүн жумшап келет.
Ал мындан тышкары врачтардын жетишсиздигин жоюуга салым кошуу үчүн акушердик кесипти жаңы бүтүргөн жыйырмага жакын дарыгер кыздарды окутууда.
Мен аялдардын өжөрлүгү дарылоого, адилеттүүлүккө жана эч нерседен коркпой жашай турган келечекке кепилдик боло алат деп ишенем. Бул караңгылык каптаган учурларда дагы үмүт өчпөй турганын эсиме салып келет.
Сафа Али

Энас Аль-Гоул, Палестина аймагы
Айыл чарба инженери
Согуштан улам Газа тилкесинде суу тартыштыгы жаралганда Энас Аль-Гоул бул көйгөйдү чечүүнүн ылайыктуу жолун издеген.
Айыл чарба инженери жыгач, айнек жана брезент сыяктуу кайра иштетилген материалдарды колдонуп, деңиз суусун ичүүгө жарактуу сууга айландырган. Суунун тузун кетирген түзүлүштү иштеп чыгууда күн энергиясы да колдонулган.
Энас Аль-Гоул ойлоп тапкан жабдык Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнис шаарына жакын жердеги качкындар лагеринде жашаган көптөгөн адамдын өмүрүн сактап калды. Анткени 2023-жылдын октябрынан тартып Израилдин чабулдарынан улам Газада суу жана акыр-чикир түтүктөрү талкаланып, керектен чыккан.
Билими менен жөндөмүн жер которгон палестиналык качкындарга жардам берүүгө арнаган Аль-Гоул күн энергиясы менен иштеген меш жасаган. Колдонуудан чыккан материалдарды кайра иштетип, төшөнчү, баштык сыяктуу керектүү буюмдарды жасоону үйрөнгөн.

Шилшила Ачаря, Непал
Ишкер
Шилшила Ачаря Непалдагы желимди кайра иштетүүчү эң ири компаниянын ээси. Анын таштандыны иштетүүчү "Авини Венчурс" ишканасы аз камсыз болгон адамдарды жумуш менен камсыздайт. Аталган мекеме экологиялык таза чөйрө үчүн умтулган кыз-келиндердин санын көбөйтүү жолдорун издеп келет.
Ачаря 2014-жылы желим баштыктарды колдонбоого чакырган "Жок рахмат, менин баштыгым бар" акциясынын башында тургандардын бири.
Климат жана таштандыны иштетүү жаатында билим берген Ачаря жыл сайын Гималай тоолорунда саякатчылар калтырып кеткен эбегейсиз таштандыларды чогултуу үчүн масштабдуу тазалоо иштерин жүргүзүп турат. Мисалы, алар 2019-жылдан бери 119 тоннага жакын таштанды чогултушту.
Таштандынын бир бөлүгү жергиликтүү кол өнөрчү айымдар тарабынан себет, килем жана зер буюмдарды жасоого колдонулат. Бул буюмдарды сатуудан түшкөн киреше жергиликтүү калктын турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүп келет.

Рикта Ахтер Бану, Бангладеш
Медайым жана мектептин негиздөөчүсү
Рикта Ахтер Бану Бангладештин түндүгүндөгү алыскы аймакта жашаган медайым. Бул аймакта аутизм менен жабыркаган же майыптыгы бар балдар үй-бүлөгө кудайдын берген каргышы катары эсептелет.
Анын аутизм жана церебралдык шал оорусу менен ооруган кызын жергиликтүү мектеп кабыл албай койгондо, өзүнүн жерин сатып, анын ордуна мектеп салган.
Рикта Ахтер Банунун мектебинде азыр 300 бала билим алууда. Анын мектеби коомчулуктун майыптарга болгон көз карашынын оң жакка өзгөрүшүнө түрткү болду.
Мектеп алгач аутист же майыптыгы бар балдар үчүн курулганына карабай, азыр анда ар кандай психикалык жана физикалык жактан кемчилиги бар балдар билим алат.

Брижит Батист, Колумбия
Эколог
Трансгендер Брижит Батист эколог катары биологиялык ар түрдүүлүк менен гендердик иденттүүлүктүн ортосундагы жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдейт.
Ал ландшафтты жана түрлөрдү түшүнүүгө өзгөчө көз караш менен карап, экосистеманы жакшыраак коргоо үчүн "табият" деген түшүнүктү кеңейткиси келет. 2018-жылы TEDx талкуу аянтчасында Колумбиянын улуттук дарагы катары саналган Киндио пальмасын организм катары мисал келтирип, дарак куурап калганча "жынысын" өзгөртүп тураары илимде катталганын айтып берген.
Батист белгилүү окумуштуу. Ал он жыл бою Александр фон Гумбольдт институтунун директору болуп эмгектенди. Учурда Боготадагы туруктуу ишкердикке адистешкен EAN университетинин президенти.
Ал ошондой эле ЛГБТК+ өкүлдөрүнүн жогорку билимге ээ болуусуна шарт түзүп, колдоо көрсөтүү үчүн каржылоону көбөйтүү керектигин айтып чыккан.

Сара Беркай, Улуу Британия/Эритрея
DIY Дизайнери
Суданда төрөлүп, Лондондо чоңойгон эритреялык Сара Беркай үй-бүлөсүндө биринчилерден болуп университетке барып, ал жерде балдардын өнүгүүсү боюнча билим алган.
Беркай балдар үчүн "өзүң жаса" илимий комплекттерин иштеп чыккан жана балдарды оюнчук дизайнери болууга үндөгөн Ambessa Play социалдык ишканасынын негиздөөчүсү.
Беркайдын эмгектери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектепке барбаган балдарга оюн аркылуу билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал бул идеяны 2019-жылы Эфиопия менен Эритреядагы жер которгон балдар үчүн уюштурулган илим, технология, инженерия жана математика боюнча семинар учурунда ойлоп тапкан.
Анын инновациялык идеялары көптөгөн сыйлыктарга жана мактоолорго татыган. Forbes журналынын "30 - 30" социалдык таасир берүүчү тизмесине кирүү менен анын ысымы дагы да таанылган.
Өжөрлүк чыныгы турмуштагы оптимизм — бул сүйүү тамырлаган жаркын келечекке бекем берилгендик.
Сара Беркай

Габриэла Салас Кабрера, Мексика
Программист жана дата аналитик
Ацтек элинин түпкү нахуатль тили Габриэла Салас Кабрера кийлигишкенге чейин Google котормо платформасында жеткиликтүү эмес эле.
Ал Google менен биргеликте нахуатль жана Мексикадагы башка тектүү элдердин тилин Google котормого киргизүү үчүн бир катар лингвистикалык долбоорлордун үстүндө иштеген. Нахуатль котормочу ушул жылдын башында Google которомо платформасына кошулду.
Кабреранын бул эмгеги жасалма интеллектти колдонуу аркылуу унутулуп бара жаткан тилдердин жайылуусуна жана этникалык элдердин ичиндеги кыз-келиндердин технологияга кызыгуусуна шарт түзөт.
Ал объектиге багытталган программалоо жана жасалма интеллект боюнча адистешкен. Учурда Испаниянын Мадрид шаарындагы политехникалык университетте data science боюнча билимин тереңдетүүдө.
Аялдардагы өжөрлүк — бул түбөлүк от, ал ооруну максатка айлантып, алдыга бараткан ар бир адамга жарык берет.
Габриэла Салас Кабрера

Каталин Карико, Венгрия
Нобель сыйлыгынын лауреаты
Белгилүү биохимик Каталин Кариконун модификацияланган матрицалык РНК (мРНК) боюнча изилдөөлөрү BioNTech/Pfizer жана Moderna компаниялары тарабынан COVID-19 вакциналарын ойлоп табуу үчүн колдонулган.
Анын бул изилдөөсү өзүнө жана кесиптеши Дрю Вайсманга физиология жана медицина тармагында Нобель сыйлыгын алып келди. Сыйлык алардын "адамзаттын ден соолугуна болгон эң коркунучтуу учурда вакциналарды жасап чыгууга" кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
мРНК адамдын организминдеги белокторду синтездөөдө маанилүү орунду ээлейт. Ал ДНКда коддолгон маалыматты клетка ичиндеги рибосомаларга жеткирип, аминокислоталардан белокторду синтездейт. Бул өтө назик материал болгондуктан аны изилдөө кыйын, бирок Карико бул изилдөөнүн медицинага чоң салым кошоруна ишенген.
Пандемиядан мурда аталган технология эксперименталдык деп эсептелген, бирок ал азыр дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамды COVID-19дан коргоо үчүн пайдаланылды.
Башкалардан талап кылуунун эмес, ар дайым өзүңүз жайсай алган нерсенин үстүндө иштеңиз. Эгер кулап калган болсоңуз, андан сабак алыңыз. Бутуңузга туруңуз дагы, ошол эле кайрат менен уланта бериңиз.
Каталин Карико

Жоржина Лонг, Австралия
Дарыгер
Жоржина Лонг таргеттик терапия жана иммундук-онкология жолу менен дарылоо аркылуу адамдарды өнөкөт оорулардан айыктырууну көздөйт.
Лонг Австралиядагы Меланома институтунун директору болуп иштейт. Ал 2024-жылы рактан айыктыруунун дүйнөдөгү алгачкы ыкмасын иштеп чыгууга авторлош болгондон кийин таанымал болгон. Бул ыкма анын кесиптеши жана досу Ричард Скольерди толугу менен айыктырууга жардам берди. Ричардга баш мээнин өтө агрессивдүү рагы диагнозу коюлганына карабастан, толук сакайып чыккан.
Лонг жана анын командасы, ошондой эле бейтаптын өзү шишикти алып салуу үчүн операциядан мурун дарылардын айкалышы колдонулганда иммунотерапия жакшы натыйжа берерин аныкташкан.
Алардын жетишкендиги меланоманы изилдөөгө арналган көп жылдык эмгектерге негизделген. Бул ыкма теринин рагы диагнозу коюлган миңдеген бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди.
Келечектеги лидерлер боорукердикти жана жалпы адамдык баалуулуктарды карманганы оң. Адамдар эскирген системалардан баш тартып, көйгөйлөрдү инновациялык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк издеши керек.
Жоржина Лонг

Саша Луччони, Канада
IT адиси
Жасалма интеллекттин (AI) ыкчам өнүгүшүнө ыңгайлашкан дүйнөдө жогорку технологиялардын зыяндуу газдарды бөлүп чыгаруусу көп учурда көңүл сыртында калып келет.
AI боюнча алдыңкы адистердин бири Саша Луччиони программисттерге кодду иштетүү аркылуу зыяндуу газдардын көлөмүн аныктоого мүмкүн болгон жабдууну иштеп чыгууга салым кошкон. Бул тиркеме 1,3 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн.
Луччиони Hugging Face компаниясынын климат боюнча жетекчиси. Аталган компания ачык булактар аркылуу жасалма интеллект моделдери менен иштеп, "сапаттуу машиналык үйрөнүүнү элге жеткирүү" максатын көздөйт.
Саша Луччони AI туруктуулугун жакшыртууга өзгөчө басым жасайт. Ал жасалма интеллект боюнча ар түрдүү стартаптардын климатка тийгизген таасирин салыштыра ала турган "энергия жылдыздары рейтинги" системасын иштеп чыгууну ниет кылууда.

Кауна Малгви, Нигерия
Контент модераторлор бирикмесинин лидери
Кауна Малгви технология жана жасалма интеллект (AI) жаатында эмгек укуктарын коргогон активист. Клиникалык психолог катары ал Нигериядагы контент модераторлор уюмун (Content Moderation) жетектеп, жасалма интеллект системаларын үйрөтүүдөгү көзгө көрүнбөгөн эмгек тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга аракет кылат.
Ал Facebook тармагынын тышкы контент модератору болуп иштеп жүргөндө зордуктоо, өз жанын кыюу жана балдарга карата зордук-зомбулук фактылары камтылган видеолорду көрүүгө аргасыз болчу. Мунун баары акыры анын уйкусуздук жана паранойя оорусуна кабылышына себепчи болду.
Ал Meta компаниясын сотко берген мурдагы 184 модератордун бири. Алар Кениядагы Meta үчүн иштеген компаниядагы начар шарттар тууралу айтып чыккандан кийин жумуштан мыйзамсыз алынганын билдиришкен.
Малгви Европарламентте 184 контент модератордун укуктарын коргоп, көрсөтмө берген.
Аялдар технологиялык прогрессти жана менталдык саламаттыкты баалаган бирдиктүү көз карашты жайылтып, чачыранды дүйнөнү өзгөртүүгө чакырык таштай алат.
Кауна Малгви

Ольга Олефиренко, Украина
Фермер
Ольга Олефиренконун атасы 2015-жылы каза болгон. Көзү өткөн атасынын кыялын орундатуу үчүн мал-чарба түзүүнү чечкен. Ал мал сатып алып, иштей баштаган. Көп өтпөй каржылык кыйнчылыктардан улам, малынын баарын сатууга аргасыз болгон.
Бирок атасынын тилегин орундатуу кыялы аны тынч койгон эмес. Ольганын атасы Донбасста аскер-деңиз флотунун атайын күчтөрүнүн командири болуп жүрүп, согуш талаасында курман болгон.
Өткөн жылы ал Украинанын ардагерлер фондунан каражат алуу үчүн бизнес-план түзүп, мээнетинин акыбети кайтты.
Ал чарба ишин кайрадан баштап, демилгелүү шыктандыруучу лидер катары таанылды. Ольга модернизацияга, айыл-чарба технологияларын колдонууга жана жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоого басым жасайт.

Снеха Реванур, АКШ
Жасалма интеллект боюнча эксперт
Снеха Реванур жыйырма жашта болгонуна карабай көп адамдан алдыга озуп чыкты. Ал отуз өлкөдө 1300дөн ашуун мүчөсү бар Encode Justice — коопсуз жана адилеттүү жасалма интеллект үчүн глобалдык жаштар кыймылынын негиздөөчүсү.
Реванурдун иши жаңы технологиялардан келип чыккан коркунучтарды азайтууга жана жаштардын сынчыл ой-жүгүртүүсүн калыптандыра турган маанилүү сүйлөшүүлөргө тартууга багытталган.
Ал Стэнфорд университетинин студенти. Ошондой эле AI жана санариптик саясат борборунун жайкы практиканты.
Анын ысымы жакында эле Times журналына жарыяланган AI тармагындагы эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошулду. Ал тизмедеги эң жаш эксперт.
Азыр бизде жасалма интеллект революциялык чекке жеткиче анын коркунучтарын алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мен үчүн өжөрлүк тарыхка таянуу менен келечекти көрө билүү.
Снеха Реванур

Ольга Рудниева, Украина
Superhumans Centre клиникасынын негиздөчүсү
Орусия Украинага басып киргенден тартып Ольга Рудниева согушта жарадар болгондорго жардам берүү үчүн бир нерсе кылышым керек деген чечимге келген.
Согуш талаасында буту-колунан ажыраган адамдарды кабыл алып, алар Рудниева үчүн бардык жардамга татыктуу "чыныгы адамдар" болчу.
Ал Львовдо өзү негиздеген Superhumans trauma клиникасында директор болуп иштейт. Аталган мекеме бейтаптарды протездер менен камсыздайт. Жакында эле клиникада реабилитациялык борбор ишке кирди.
Клиника ачылган биринчи күндөн тартып эки жылдын ичинде 1000ден ашык бейтапка жардам көрсөтүлдү.
Өжөрлүк – күн сайын эрте менен сиренанын үнүнөн ойгонуп, өлкө үчүн күрөштү улантуу. Бул эмнеге мен дебей, эмне үчүн деген суроонун маанисин түшүнүү. Өжөрлүк – кыйын шарттарда көп ишти бүтүрүүнүн жолдорун табуу.
Ольга Рудниева

Самия, Сирия
Психолог-консультант
Консультант-психолог Самия көптөгөн жылга созулган куралдуу кагылыштарда жабыркаган сириялыктарга колдоо көрсөтүп келет. Би-Би-Си анын жеке коопсуздугуна кабатырланып, аты-жөнүн ачык жарыялаган жок.
Узакка созулган жарандык согуш жүз миңдеген сириялыктын өмүрүн алды. Аман калгандардын көбү кейиштүү шарттарда күн кечирип келишет. Алар депрессияга батуу, тынчсыздануу сыяктуу психикалык оорулар менен жабыркашат.
Эл аралык куткаруу комитети (IRC) жетектеген ооруканада иштеген Самия Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагеринде жер которгон адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө моралдык колдоо көрсөтүп келет.
Самия чектелген мүмкүнчүлүктөргө карабастан каармандык менен бейтаптардын психикалык саламаттыгын жакшыртууга жана кризистик кырдаалдарда маалымдуулукту жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштеп келет.

Сильвана Сантос, Бразилия
Биолог
Биолог Сильвана Сантос өзүнүн генетика жаатындагы жаңы ачылышын күтүлбөгөн жерден жолдуу болуп калуу катары сүрөттөйт. Бир күнү ал өзү жашаган көчөдө белгисиз оорудан жапа чеккен үй-бүлөгө жолугуп калат.
Бул жолугушуу Сильвана Сантоско SPOAN синдромун (спастикалык параплегия, оптикалык атрофия жана невропатия) аныктоого түрткү болгон. SPOAN синдрому Бразилиянын түндүк-чыгышындагы көптөгөн адамды акырындык менен шал оорусуна алып барат.
Ал Серинья-дос Пинтос аймагында изилдөөсүн баштаган 20 жылдын ичинде бул синдромдон жапа чеккен адамдарга диагноз коюу үчүн көп аракет жумшаган.
Ал Бразилиянын алыскы айылдарында жакын туугандардын баш кошуп алуусунун жана сейрек кездешүүчү генетикалык оорулардын пайда болушу ортосундагы байланышты изилдеп жатат.
Биз канткенде өжөрлүктүн күчүн көрсөтө алабыз? Албетте жашоонун агымы бир калыпта эмес экенин түшүнүү аркылуу. Абдан катаал кургакчылыкта жөн гана жан сактоого аракет кылабыз. Жамгыр жааган мезгилде гүлдөп, мөмө беребиз.
Сильвана Сантос

Пак Субин, Түштүк Корея
Stair Crusher Club долбоорунун негиздөөчүсү
Пак Субин майыптыгы бар адамдардын арабасын колдонгондуктан көптөгөн жерге жетүүгө шарт жок экенин түшүнгөн. Мурдагы IT-долбоор менеджери катары ал тажрыйбасына таянып, бул көйгөйдү чечүүгө киришкен.
Пак айым Түштүк Кореядагы майыптар арабасы үчүн шарттар каралбаган жерлер жөнүндө маалымат чогулткан коммерциялык эмес Stair Crusher Club долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Долбоор арабада жүргөн адамдар үчүн шарттары бар аймактардын картасын түзүүнүн үстүндө иштейт.
Ушул убакытка чейин 2000ден ашуун адам Stair Crusher Club долбооруна салым кошуп, өлкө боюнча 14 000 жердин майыптыгы бар адамдарга ылайыктуулугу текшерилген.

Аденике Титилоп Оладосу, Нигерия
Климатты коргоо боюнча активист
Нигериялык экофеминист Аденике Титилоп Оладосу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн аялдардын жана жаштардын демилгеси болгон I Lead Climate Action уюмун негиздеген.
Ал Чад көлүнө таасир эткен экологиялык кризис жөнүндө тынбай коңгуроо кагып келет. Анткени бул көлдү туш тарабынан төрт өлкө — Нигерия, Нигер, Чад жана Камерун курчап турат. Көлдүн деңгээли ылдыйлаган сайын аймактык кагылышуулар да күчөп баратат.
Активисттин жумушу экологиялык жана социалдык, айрыкча африкалык аялдар туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ал кургакчылыктан улам азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралган аймактарда дыйканчылык кылуунун жаңыча жолдорун үйрөтүп келет.
Оладосу 2019-жылдан бери БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияларына такай катышып жатат. Ал саясатчыларга кайрылып, Африкадагы климаттык аракеттерге артыкчылык берүүгө үндөп турат.
Климаттык кризисти чечүү биздин өжөрлүгүбүзгө байланыштуу. Мында жеңиштен башка тандообуз жок. Бул кризистен чыгуу үчүн технологияга жана инновацияга олуттуу инвестиция салуубуз керек.
Аденике Титилоп Оладосу

Сунита Уилямс, АКШ
Космонавт
НАСАнын астронавты Сунита Уилямс 5-июнда Boeing Starliner космос кемесине отурганда Эл аралык космос станциясындагы (ЭКС) миссиясы сегиз гана күнгө созулат деп ойлогон.
Бирок спутник космосто жүргөндө бортто техникалык бир катар көйгөйлөр пайда болду. Мунун айынан Сунита Уилямс кесиптеши Барри Уилмор менен 2025-жылдын февралында гана жерге кайтып келишерин билдиришти.
Аскер-деңиз флотунун тик учагынын ардагер учкучу, космоско эң көп чыккан рекордчу Уилямс айым 2007-жылы марафонду космос мейкиндигинде чуркаган биринчи адам болуп калды.
Учурда Жерден 400 км бийиктикте, үй-бүлөсүнөн жана досторунан алыс болгонуна карабастан, космосто узак мөөнөткө калары тууралуу кабарды кайрат жана оптимизм менен кабыл алып, космос станциясы анын "бактылуу жери" болуп калганын жашырбайт.

Наоми Чанда, Замбия
Фермер жана мугалим
Наоми Чанда айыл чарба жаатында гид болуп иштеп, жерди кор кылбай туура иштетүүнү жана сактоонун жолдорун элге үйрөтүп келет.
Ал климатка аяр мамиле кылган көндүмдөргө басым жасайт. Мисалы, сууну аз талап кылган тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүүгө, кыска мөөнөттө бышкан өсүмдүктөрдү өстүрүүгө үндөйт. Бул иштерге аялдары тартып, климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууну көздөйт.
Кыздардын билим алуусуна багытталган Camfed бейөкмөт уюму менен бирге Чанда 150 кыз-келинди айыл чарбадагы жаңы ыкмалар аркылуу Замбиянын түндүк-чыгышындагы катаал климаттык кризиске туруштук берүүгө үйрөттү. Өлкөнүн бул аймагында узакка созулган кургакчылык жана сезондук кескин өзгөрүүлөр майда чарбаларга олуттуу сокку урууда.

Нур Эмам, Египет
Технологиялык ишкер
Нур Эмам аялдарга репродуктивдүү ден соолуктун негиздерин үйрөтөт. Ал Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы аялдар үчүн жабык тема болуп келген этек кир гигиенасы, репродуктивдүү ден соолук жана сексуалдык маалымдуулук сыяктуу маселелерге адистешкен.
Эмам Каирдеги клиника жана интернет аркылуу кызмат көрсөткөн fem-tech технологиялары жаатында иш алып барган Motherbeing компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору. Компаниянын максаты-заманбап технологиянын жардамы менен аялдардын медициналык жардам алуу укугун арттыруу.
Ал ошондой эле кыз-келиндердин контрацепция жөнүндө ишенимдүү маалыматка ээ болушуна жана эч уялбай сезимтал көйгөйлөрүн чечүүдө жардам берүү максатын көздөйт.

Роза Васкес Эспиноза, Перу
Химик жана биолог
Роза Васкес Эспинозанын илимпоз болуп калышына чоң энесинин табыпчылык касиети себеп болгон. Ал азыр Амазонканын калың токоюндагы биотүрдүүлүктү коргоо үчүн заманбап илим менен салттуу түшүнүктөрдү айкалыштыруунун үстүндө иштеп келет.
Ал Amazon Research International уюмунун негиздөөчүсү катары жергиликтүү тургундар менен биргеликте Амазондун адам буту баспаган чытырман токойлорундагы биотүрдүүлүктү изилдейт.
Эспиноза көбүнчө планетанын алыскы экосистемаларына саякат кылат. Ал Амазонкадагы кайнаган дарыя деп аталган суудан жаңы бактерияларды тапкан. Мындан тышкары ал Перудагы уусуз аарылардан алынган балдын химиялык курамын изилдеген топту жетектейт.
Эспиноза Түштүк Американын эң ири түпкүлүктүү элинин бири болгон Ашанинка уруусунун атынан дүйнө коомчулугуна атайын өкүл болуп шайланган.
100 айым деген эмне?
Би-Би-Си 100 Айым долбоору жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 таасирдүү жана башкаларга дем берген аялдардын ысымдарын жарыялайт. Биз алардын жашоосу тууралуу даректүү тасмаларды, репортаждарды жана интервьюларды, башкача айтканда аялдар ортого койгон окуяларды жаратабыз жана алар Би-Би-Синин бардык платформаларында жарыяланып, көрсөтүлөт.
Би-Би-Си 100 Айымынын Instagram жана Facebook баракчаларына катталыңыз. #BBC100Women аркылуу талкууларга кошулуңуз.
100 аял кантип тандалды?
Би-Би-Синин 100 Айым долбоорунун командасы изилдөөнүн натыйжасында чогулткан ысымдардын жана Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматтарынын, ошондой эле BBC Media Action'дун сунуштарынын негизинде айымдардын тизмесин түзгөн.
Биз акыркы 12 айдын ичинде башкы жаңылыктарды жараткан же маанилүү окуяларга таасир эткен талапкерлерди чогулттук. Ошондой эле шыктандыруучу окуялары бар, маанилүү ийгиликтерге жетишкен же өз коомуна жаңылык жаратпай туруп деле таасир эткен талапкерлерди изилдедик.
Ошондой эле быйылкы жылдын тандоосу климаттын өзгөрүшү жана анын дүйнө жүзүндөгү аялдар менен кыздарга ар кандай таасир этип жатканына да негизделди. Андыктан климат жаатында эмгектенген жана айлана-чөйрө менен иш алып барган лидерлер тандалып алынды.
Биз саясий жана коомдук чөйрөдөгү добуштарды алып чыктык, ар кандай карама каршылыктуу пикирлерди жараткан темалардын тегерегинде ысымдарды изилдедик жана өзгөрүү жараткан айымдарды көрсөттүк.
100 Айымдын тизмесине бардык аймактын өкүлдөрүн киргизүү аракети көрүлдү жана калыстык принциптери менен түзүлдү. Бардык айымдар тизмеге кирүүгө өз макулдугун беришти.


Би-Би-Си 100 Айым порталы
Ракка каршы күрөшкөн айым: эмчек өзүмдүкүндөй болуп калды десе, төбөм көккө жетти
Аялдан чыккан “Ак илбирс”. Эвересттен да катаал тоону багынткан кыргыз кызы