Газада ХАМАСка каршы демонстрация өттү

Рушди Абуалуф, Алекс Бойд

Би-Би-Си

Газа тилкеси

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газа тилкеси

25-март күнү Газа секторунда жүздөгөн киши ХАМАС тобунун бийлигине каршы нааразылыкка чыкты. Бейт-Лахия шаарындагы демонстрацияны көрсөткөн видеону сектордун түндүк тарабындагы ХАМАСка каршы маанайдагы топтор коомдук сайттарга жарыялашты.

Видеодо көрүнгөндөй шаар көчөлөрүн аралап келе жаткандар "ХАМАС, жогол, кет, жогол", "ХАМАСтын бийлиги жогол!", "Мусулман-агайындар жогол" деп кыйкырып жатышкандарын көрүүгө болот.

ХАМАСтын согушкерлери демонстранттарды ок атуучу куралдар жана союлдар менен күчкө салып, кууп таратты.

ХАМАСтын өкүлдөрү 25-марттын кечинде болуп өткөн демонстрация боюнча үн катышкан жок. Топтун тарапташтары демонстрациянын катышуучуларын коомдук сайттар аркылуу айыптап, аларды саткындар деп аташты.

Демонстрациялар эртеси күнү да өттү. 26-мартта "Ислам жихады" тобунун согушкерлери Израилдин аймагына ракеталарды коё бергенден кийин башталды. Изарил армиясы ага жооп кылып, Бейт-Лахинин бир топ районундагы тургундарга коопсуз жерлерге чыгып кетүү буйругун берди. Ушундан улам кескин нааразы болгондор чыкты.

"Биз ким бирөө үчүн, кайсы гана партия же чет мамлекет үчүн өлүп калууну каалабайбыз",- деди демонстрациянын катышуучусу Мохаммед Диаб. Анын агасы бир жыл мурун Израилдин аба чабуулдарынан каза тапкан эле. Мохаммеддин үйү кыйрап калган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"ХАМАС бийликти таштап, урандылардын алдында зарлагандардын үнүн угушу керек, ал эң эле акыйкат үн",- дейт Мохаммед.

ХАМАС тобу 2007-жылдан бери Газаны толугу менен башкарып келет. Бир жыл мурун алар палестиналык автономияда шайлоону жеңип чыгып, андан кийин Газадан атаандаштарын сүрүп чыгышкан.

Согуш башталгандан тарта ХАМАСтын дарегине ачык сындар көчөдө дагы, коомдук сайттарда дагы айтылып келе жатат.

Топтун мурдагыдай эле ишенимдүү мүчөлөрүнүн катары калың. Ошондон улам тарапташтарынын жана каршылаштарынын эсеби кандай өзгөрдү деген бааны бериш өтө эле татаал.

"Кечирип койгула, бирок, ХАМАС эмнеге таянып жатат? Алар бүт дүйнө жүзү жөн гана цифра катары кабыл алып жаткан биздин каныбызга таянып жатышат. Керек болсо ХАМАС өзү дагы бизди сандар катары гана эсептеп коёт. Дегеле бизден кетишсинчи, биздин жараттарыбызды дарылап алышыбызга мүмкүндүк беришсинчи",- деп жазды Facebook баракчасына Газадан Мохаммед Аль-Наджар.

Газада согушка чейин ХАМАСтын каршылаштары болгон, бирок алар өз коопсуздуктарынан коркуп, дээрлик үн катышкан эмес.

Израил Газада ХАМАСка каршы чабуулдарын 18-мартта кайрадан жандандырган. Бул эки айга жакын убакытка созулган жарашуу келишиминен кийинки чабуулдар болуп калды.

Израилдин кайра жанданган чабуулдары

Израилдик аскерлер 18-мартка караган түнү өлкө жетекчилигинин буйругу боюнча ХАМАС тобунун Газада жайгашкан объекттерине сокку ура баштаган. Газа бийлиги аткылоолордун кесепетинен үч жүздөн ашуун киши курман болгонун билдирген. Каза тапкандардын арасында аялдар, жаш балдар басымдуулук кылат деп кабарланууда.

"ЦАХАЛ жана Шин-Беттин саясий эшалонунун чечимине ылайык, учурда ХАМАС террористтик уюмуна тиешелүү террористтердин объекттерине массалык чабуул урулууда",- деп айтылган Израилдин Коргонуу армиясы менен Шин-Бет коопсуздук кызматынын биргелешкен билдирүүсүндө.

Израилдин премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүндө Биньямин Нетаньяху жана Коргоо министри Исраэль Кац ХАМАСка каршы "чечкиндүү чараларды кабыл алуу" тапшырмасын бергени айтылган эле.

"Бул ХАМАС бир эмес, бир нече жолу биздин туткундарды бошотуудан баш тартып, ошондой эле АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф тарабынан түшкөн бардык сунуштарды четке каккандан кийин болуп отурат. Саясий жетекчилик тарабынан аныкталып, максатка толук жетүү үчүн ХАМАС террористтик уюмунун Газада жайгашкан бардык буталарына ЦАХАЛ чабуул коюп жатат. Мунун баары биздин туткундардын аман калгандарын дагы, көзү өткөндөрүн дагы өткөрүп алуу үчүн жасалып жатат",- деп билдирген Нетаньяхунун кеңсеси.

ХАМАСтын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири Израил 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишимин бир тараптуу бузуп жатат, деп Reuters агенттигине билдирген. Кийинчерээк аталган топтун өкүлү Израил өз туткундарын курмандыкка чалып, согуштук аракеттерди жандантып, тынчтык келишимин бузуп жатат деп айыптаган.