Талибандын лидерлери жаңы өкмөт курууну талкуулашууда
Талибандын лидерлери жаңы өкмөт курууну талкуулашууда
Кандагарда Талибандын лидерлери жаңы өкмөт куруу маселесин талкуулоо үчүн жолугушууда. Анын курамы жакынкы күндөрү жарыяланышы күтүлүүдө.
Hindustan Times жазгандай, жаңы өкмөттөгү бийлик үчүн Талибандын согушту эң мыкты жүргүзгөн бөлүктөрү деп эсептелген “Хаккани желеси” тобунун лидерлери менен Талибандын негиздөөчүсү молдо Омордун уулу молдо Мухаммед Якуб күрөшүүдө.
Молдо Якубду колдогон күчтөр Талибандын Ооганстанда негизги таянычы болгон Кандагарды, ал эми “Хаккани желеси” Кабулду көзөмөлдөйт.
Талибандын расмий өкүлдөрү БИ-БИ-СИге билдиргендей, жаңы өкмөткө акыркы 20 жылдан бери кызмат кылган адамдар кирбейт. Анда аялдар болот, бирок алар министрлик кызматтарды ээлешпейт.
Ошондой эле талибдер Кабул аэропорту жакынкы эки күндө ачылат деп убада кылышты. (CS)
“Акыркы көч” тасмасынын бет ачары болуп өттү

Кечээ, 1-сентябрь күнү Бишкек шаарында режиссёрлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун “Акыркы көч” тасмасынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага маданият министри Кайрат Иманалиев, кинодепартаменттин жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана башка өнөр адамдары катышышты.
Тасма жашы өтүп калган атактуу жазуучунун соңку күндөрүн баяндайт. Анда ал өзүнө окшогон чыгармачыл адамдын өмүрүн ктукарып калууга аракет жасайт. Бирок көр турмуштун артынан түшкөн башка жакындары анын мүдөөсүнүн түпкүрүн түшүнө алышпайт.
Фильм ак-кара түстө тартылган жана символикалар менен терең ойлор берилген. Авторлор тасма аркылуу чыгармачыл адамдардын бүгүнкү абалы, алардын көйгөйүн бергенге аракет кылышкан.
“Акыркы көч” кыргыз киносунун куржунуна бир топ эл аралык сынактардан баш байге алып келүүгө жетишти. Ошондой эле Таллиндеги “А” категориясына кирген фестивалдын башкы конкурсуна катышкан.
Эске салсак, Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун режиссёрдук тандеминен жаралган “Атанын керээзи” картинасы абройлуу Монреаль кинофестивалында “Алтын зенит” сыйлыгын алып, кыргыз кинематографиясынын тарыхында дебюттук тасмалардын ичинен алгачкы “А” класстагы сынактын жеңүүчүсү катары калган. Ошондой эле, бул тасма 30дан ашуун эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. (MD)
Москвада “Манас” жаңырууда

Сүрөттүн булагы, FB/Soltobek Boltobekov
Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында манас айууда. Ал 5 күн, 5 түн манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат.
Манасчы буга чейин Бишкекте 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айткан.
Гиннес рекорддор китебинин уюштуруучулары менен иш жүргүзүп жаткан Солтобек Болотбековдун айтуусунда, бул жолу Дүйнөлүк рекорддор китебинин уюштуруучуларынын талабы менен манасчы 31-августтан тарта Москвада өзүнүн өнөрүн тартуулап жаткан чагы. (MD)
Канаданын шаарларында коронавирустан эмдөөгө макул болбогон жарандар каршылык акциясына чыгышты.

Ванкувердеги жыйынга беш миң адам чогулду. Бул жактын бийликтери 31-октябрга чейин саламаттык сактоонун бардык кызматкерлери милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек деген талап коюшкан.
Андан тышкары, региондо ковид паспорттору киргизиле баштады. Мындай паспорту жок адамдар ресторанга, спортзалга, кинотеатрга жана массалык иш чараларга бара алышпайт.
Каршылык акциялары Камплус, Викторияжана Нанаймо шаарларында да болду. Каршылык жыйынга чыккандар бийлик алардын укук менен эркиндиктердин Канада хартиясындагы жана жергиликтүү мыйзамдарда каралган укуктарын бузуп жатканын айтышууда. Кээ бирлери бийликтин аракеттери нацисттик Германиядагы расалык сегрегация менен салыштырууда. (KC)
Facebook Афганистандан адамдарды чыгарып кетүүгө жардам бергенин айтты

Сүрөттүн булагы, МЕХИКО ШААР БИЙЛИГИ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Facebook компаниясынан Би-Би-Сиге билдиришкендей, алар Талибан өлкөдөгү бийликке келгенден кийин 175 кишини Афганистандан чыгарып кетүүгө салым кошкон.
Компаниядан айтышкандай, айрым кызматкерлер дагы Мехико шаарына учкан рейсте болушкан.
Мексиканын өкмөтү учакта активисттер менен көз карандысыз журналисттер үй-бүлө мүчөлөрү менен, анын ичинде 75 жаш бала болгонун ырастады.
Эл аралык компаниялар менен уюмдар Афганистандан чыгып кетүүнү улантышкан.
“Facebook компаниясынын кызматкерлери менен жакын өнөктөштөрүн Афганистандан чыгарууда көмөктөшүү процессинде биз олуттуу коркунучка кептелген журналисттер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн алып кетүү иш-аракетине кошулдук”, - деди Facebook компаниясынын өкүлү Би-Би-Сиге.
“Мексика бийлик өкүлдөрүнүн аркасы менен жана БАЭнин конуудагы баштапкы колдоосу менен журналисттерди Мехикодо тосуп алышты”, - деди компаниядан.
Афганистандагы коопсуздук кырдаалына байланыштуу компания мындан бөлөк маалымат берүүдөн баш тартты. (EA)
Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт адам каза тапты
Алардын экөө Бишкектен, калганы Чүй жана Баткен облусунун тургундары экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги тактады.
Пандемия башталганы өлкөдө аталган вирустан 2 мин 536 адам каза тапты.
Учурда Кыргызстан боюнча 1 миң 864 адам бул илдеттен даарыланып жатат. Алардын 910 үй шартында, 954 ооруканаларда даарыланып жатат. Илдет менен күрөшүп жаткан 84 адамдын абалы өтө оор экени айтылып жатат. (EK)












