Бир долларга жүз рубль. Орус валютасы эмне себептен арзандоодо?

Сүрөттүн булагы, PETER KOVALEV/TASS
Бул жума рублдун төмөндөшү менен башталды: өткөн аптада доллардын курсу 100 рублден, ал эми евро 110 рублден ашты. Мунун баары орус Борбордук Банкынын рублдун кунун түшүрбөй кармап туруу аракетине карабастан болду. Борбордук банк өтө жумшак саясаты үчүн буга чейин Кремлдин сынына кабылган. Рубль эмне болот жана ал дагы канчага чейин төмөндөйт?
Рубль бир нече ай катары менен төмөндөп жатат. Дүйшөмбү күнү ал дагы бир “психологиялык чекти” жаңылап өттү: күндүзү 1 доллар 101 рубль турса, 1 евро 111 рублга барабар болду.
Орус аналитиктери этияттык менен тарыхый рекорд жөнүндө жаза башташты: “улуттук валютанын алсыздануусунун оор тенденциясы, чындыгында, 14 айдан бери токтой элек”. Буга чейин да валюта кескин төмөндөп кеткени менен, ал кыска мөөнөттүү гана болгон.
Августтун башынан бери доллар менен евро рублга карата он пайызга жакын бекемделди. Бирок бул узак мөөнөттүү тенденция. Жыл башынан бери рубль негизи арзандады: январдын башына салыштырмалуу доллар 40%, евро 45%га жакын күчтөндү. Bloomberg рублди өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен эң начар валюта деп атоодо.
Орус бийликтери мындай абалга ким күнөөлүү экенин издей башташты. “Рублдун алсырашынын жана инфляциянын тездешинин негизги булагы — жумшак акча-кредит саясаты”, — деп жазган президенттин жардамчысы Максим Орешкин ТАСС мамлекеттик агенттигинин сайтында жарыяланган макаласында. Согушка чейин эле Орешкинди маалымат каражаттары президент Владимир Путиндин жакын адамы деп аташкан. Азыр ал Путиндин эң ишенимдүү экономисттеринин бири.
Өзүнүн баракчасында чиновник Борбордук банкта кырдаалды нормалдаштыруу үчүн бардык инструменттер бар деп жазган. “Рублдун күчтүү болушу орус экономикасынын кызыкчылыгында”, - деп ишендирди ал.
Борбордук банк болсо каржылык туруктуулукка коркунуч жок экенин айтууда.
Рубль эмнеге төмөндөп жатат?
Кремлдин сыны адилетсиз болуп калгандай. Орешкин рублдун алсыздыгын өтө жумшак акча-кредит саясаты менен түшүндүрөт: насыя берүү тездик менен өсүп жатат, экономикада көптөгөн эркин рублдер бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Блумбергдин айтымында, жылдын башында бийликтер Борбордук банкка такыр башкача билдирүү менен кысым көрсөтүшкөн: алар, журналисттердин айтымында, оптимисттик божомолдорду жана жумшак акча-кредит саясатын күтүшкөн.
Азыр абал башкача — экономика чындап эле өсүүдө. Орешкин ТАССта абал оң тарапка өзгөрүп жатканын сүрөттөйт: “Өткөн жылдагы башкы өзгөрүү — жаңы технологиялык чечимдерди түзүүгө, илимий базаны жана кадрларды даярдоого ишканалардын салымдарынын көбөйүшү болду. Бул тенденциялар өкмөт жана аймактык бийлик тарабынан активдүү колдоого алынууда”.
Мунун себептеринин бири бюджеттеги ири чыгымдар болду - Орешкиндин айтымында, алар макроэкономикалык туруктуулук үчүн тобокелчиликти алып келбейт. Борбордук банк буга чейин эле дал ушул бюджеттик чыгымдардын айынан экономиканын кызып кетүү коркунучтары жөнүндө айта баштаган.
Экономисттер рублдун төмөндөшүнүн себептеринин бири акча-кредиттик гана эмес, бюджеттик саясаттын да жумшактыгы болгонун айтышат – чындыгында экономикада рубль өтө көп. Экономист Дмитрий Полевой, мисалы, арзан пайыздагы насыялардын көбү бюджеттен эле берилип жатат деп кошумчалайт.
Рубль азырынча чоң суроо-талапка ээ эмес. Импорттук чыгымдарды жабуу үчүн чет элдик валюта керек. Көптөгөн компаниялар жана үй-бүлөлөр дагы эле акчаларын чет элдик валютада сактоону артык көрүшөт – ошентип алар өз аманаттарын рублдин өзгөрүүсүнөн гана эмес, саясий тобокелчиликтерден да коргошот. Талдоочулар июлдун башында рублдун алсызданышын жарым-жартылай Евгений Пригожиндин козголоңуна байланыштырышты.
Дагы бир фактор - өз кирешелерин чет өлкөлүк эсептерде сактоого уруксат алышкан экспорттоочулар. Талдоочулар, алар бул акчаны рублга которууга шашылбай жатканын белгилешүүдө.
Ал эми экономикада рубль көп болгону менен, чет элдик валюта жетишсиз. Анын негизги булагы азыр олуттуу төмөндөп кеткен мунай жана газ экспортунан түшкөн киреше болуп саналат.
Чет элдик валютанын чектелген саны, арзан кредиттер, бюджеттин көп чыгымдалышы жана рублга болгон суроо-талаптын аздыгы - мунун баары биригип экономикада абдан жумшак шарттарды түзүп, анын айынан рублдин куну түшүп жатат.
Борбордук банк рублга жардам берүүгө аракет кылып жатабы?
Өткөн аптада Борбордук банк рублди колдоо аракетин жасады: жөнгө салуучу бюджет эрежеси боюнча жылдын аягына чейин чет элдик валютаны сатып алууну тоңдурду.
Буга чейин Борбордук банк рынокто операциялардын эки параллелдүү түрүн жүргүзгөн: бюджеттик башкаруунун алкагында, ошондой эле Улуттук жыргалчылык фондунун инвестициясынын алкагында Каржы министрлиги үчүн валюта сатып алган же саткан.
Сатып алуулардын экинчи түрү июлдун орто ченинде, рублдун тез төмөндөшүнүн кийинки мезгилинде пайда болгон. Банктык операциялардын бул түрү үчүн Борбордук банк күн сайын 2,3 миллиард рублдик акча сатып жатат. Ал эми бул рублду колдогон чакан гана фактор.
Бирок операциялардын биринчи түрү боюнча маселе бар. Согушка чейинки бюджеттик башкаруу - маанилүү механизм болгон. Ал негизинен эки ролду аткарган. Биринчиден, резервдерди толуктоого жардам берген. Экинчиден, рублду мунайдын баасына көз карандысыз болгон: эгерде алар төмөндөп кетсе, анын артынан рубль да түшүп кеткен эмес, тескерисинче болуп турган. Согуш маалында бюджеттик эреже алгач тоңдурулуп, кийин башкача иштей баштаган.
Азыр ал бюджеттин рублдук кирешесине байланып калды, эми кирешелер канчалык жогору болсо, рубль ошончолук алсыз. Август айында Финансы министрлиги чет элдик валютаны сатып ала башташы керек болчу - бул рублду дагы алсыратышы керек эле. Бул өз кезегинде бюджеттин чыгашасын ого бетер көбөйтүп, кийин Финансы министрлиги көбүрөөк валюталарды сатып ала баштамак. Экономисттер муну рублдун өткөн аптада төмөндөшүнүн бир себеби катары аташкан.
Борбордук банк иш жүзүндө бул катаны жойду жана Каржы министрлигине жана өкмөткө бюджеттик эреженин ишин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берди - жылдын аягына чейин Борбордук банк чет элдик валютаны гана сатат.
Кошумчалай кетсек, Борбордук банк чендерди көтөрүү циклин баштады, бул кандай болгон күндө да белгилүү бир суммадагы рублду рыноктон чыгарып, бир канча убакыт өткөндөн кийин рублдун бекемделишине алып келет.
Мындан ары эмне болот?
Экономисттер август айында рубль олку-солку болушу мүмкүн экенин көптөн бери эскертип келишет. Анын негизги себеби, рынокто оюнчулар да, акча да өтө аз. Соода көлөмү жалпысынан согуш башталгандан кийин азайган - чет элдиктер рыноктон жөн эле чыгып кетишкен. Ал эми август айында салт боюнча, өлкөдө калган инвесторлор эс алууга кетишет.
Рынокто акча жана оюнчулар канчалык аз болсо, валюта тышкы окуяларга же кандайдыр бир финансылык агымдарга, мисалы, кээ бир транзакцияларга ошончолук катуу реакция кылат.
Күзүндө рублдин туруксуздугу азайышы керек: инвесторлор эс алуудан кайтып келишет, Борбордук банк чендерди көтөрүүнү улантат - мунун таасири белгилүү бир убакыттын өтүшү менен байкалат. Ага кошумча, акыркы маалыматтарга караганда, июль айында бюджеттин чыгашалары да кыскарган.
БКС финансылык тобу рублдин курсун бекемдөөгө алып келиши мүмкүн болгон Борбордук банктын чараларынын тизмесин түздү. Алардын арасында, мисалы, экспорттоочулар үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизип, ал менен түшкөн кирешени өлкөнүн ичинде кармап турууга мажбурласа болмок.
Кырдаалды Максим Орешкин гана ушундай баалаган жок – эксперттер да көбүнчө рублди азыр өтө арзан деп эсептешет.
“USD/RUB’дун кийинки кыршылыгы 106 рублдин астындагы горизонталдуу деңгээл болуп саналат. Ал эми негизи, доллар 90дон жогору көрүнгөн эмес”, деп жазат БКС.
“Экспортерлордон чет өлкөлүк валютаны көп санда сатууну талап кылган салык төлөмдөрүнүн чоң көлөмүн эске алсак, айдын аягына карай, 95 рубль бир долларга барабар болуп, кыйла калыбына келет деп күтүп жатабыз,” - деп болжолдойт Сбербанк. Банктын узак мөөнөттүү прогнозуна ылайык жылдын аягына барып бир доллар 85 рублди түзүп калышы керек.












