Дары-дармек мафиясына каршы УКМКнын күрөшү

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМК Дары-дармек департаментинин директору А.А жеке менчик компаниядан пара алып жаткен жеринен кармалганын билдирди. Шектүү дары-дармекти каттоону мөөнөтүнөн эрте бүтүрүп берүү үчүн туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп айыпталууда.

"А. А. департаменттин жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, баюу максатында фармацевтик компанияларга сертификат берип же оңунан чечим чыгарып берүү үчүн акча алып жүргөн”, - деп айтылат бул тууралуу атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Былтыр октябрда ушул эле департаменттин директорунун орун басары жана башкарма жетекчиси дары-дармектерди мыйзамсыз каттаган деген шек менен кармалган. Бирок ал иштин жыйынтыгы эмне менен бүттү, белгисиз.

Пара жана процентке отургузуу

Дары-дармек департаментиндеги корупциялык ызы-чуулар 2014-жылдан бери талаш-талкууларга жем болуп келет. Бирок бул тармактык коррупциянын алкагында кармап-камоолор соңку эки жылда күчөдү. Бирок алардын аягы эмне болуп бүтүп жатканы азырынча толук белгисиз.

Былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту фармкомпанияда иш алып барган бир кылмыш фигурантына карата өкүм чыгарган. Ал адам тергөө менен кызматташып, Дары-дармек департаментинин кызматкерлеринин тилин табуу үчүн 300дөн 3 миң 200 долларга чейин акча бөлүнүп турганын айтып берген. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер бейтаптарга кайсы бир дарыларды сунуштап, анысы үчүн ошол дарылардын наркынынын 10% алып турушканы да ачыкталган.

Тергөө менен кызматташкан ал адамга сот жазасын жумшартып, 260 миң сом гана айып пул салып, коё берген. Ал эми калган кылмыш иштеринин канчоосу сотко өттү, эмне өкүм чыкканы бүдөмүк.

"Дары-дармек тармагында коррупция көп экенин баары билет. Сертификат, дары-дармекти каттоо, жеке менчик клиникаларга лизенция берүү, гумжардам ушуну баары аталган департамент аркылуу жүрөт. Андыктан анын ишмердигин текшерүү керек. Бирок ушул департаменттин жетекчилерин улам эле кармай беришеби? Кармашат деле, анан иш эмне болуп бүткөнү белгисиз болуп калып жатат. Жыйынтыгы жок, система өзгөрбөй эле, коррупция кала берүүдө. Ал түгүл жемкорлук далилденсе деле, акталып кетип жатышпайбы. Эгер кылмыш жок болсо, мындай кармап-камоолорду токтотуш керек, эгер кылмыш орун алса анын жазасы болуш керек да. Пиар үчүн эле мындай кармап анан коё берүүлөрдү токтотуш керек”,- дейт далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова.

"Элдин жон терисин сыйрып жатышат"

Кыргызстанда дары бизнеси кирешелүү тармактардын бири.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаменти ири фармацевтикалык компаниялар менен коюн-колтук алышып, ортодо акча өөнөп жатышканы тууралуу буга чейин Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлгөн. Депутаттар мунун айынан дарыканалар сапатсыз дары-дармекке толуп, өлкө казынасы миллиондогон сом чыгым тартып жатышканын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге да айтышкан.

“УКМК фарм мафияны толук көзөмөлгө ала баштадык. Кыргызстанда чоң бир мафия компания чет мамлекеттерде фарм заводдор менен контракт түзүп, башкаларга мүмкүнчүлүк беришпейт экен. Өздөрү алып келип анан кымбат сатышат. Бааларды Түркиядагы баалар менен салыштырсак, 5-10 эсе кымбат болуп кетет экен. Булар элдин жон терисин сыйрып атышкан. Биз жанагы департаменттин бир-эки жана башка фармкомпаниялардын бир нече кызматкерлерин СИЗОго отургуздук. Биз адистерин эле кармадык, бул жерде директорлору бар, эгер алар токтпосо аларга да жетебиз”, -деген эле анда Ташиев.

Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялар элди арзан дары менен камсыз кылат деген шарт менен 2003-жылы бардык бажы төлөмдөрдөн жана кошумча нарк салыгынан бошотулган. Бирок талаш-тартыштардан кийин бул төлөмдөр кайра кирген. Бирок анда деле дарылардын көп түрүнө салыктык жеңилдиктер калып кеткен.

Серепчилер дары-дармектармагы Кыргызстандагы эң чар-жайыт тармактардын бири экенин белгилешет.

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кезинде аны ирээтке келтирүүнү демилгелегендердин бири:

" 2012-жылы Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дары-дармек тармагын анализдеп, дээрлик бардык мамлекеттерде эле баш-аламандык экенин аныктаган. Кыргызстанда ошол кезде контрафакт дары-дармектердин көлөмү 80-100 миллиард сомго жетерин аныктаган. Бирок бажы аркылуу берилген расмий статистика боюнча ал 7 миллиард сомдон ашкан эмес. Ортодогу сумма көмүскөдө болуп жатпайбы. Эгемендиктин алгачкы жылдары мамлекет бул тармакты колдон чыгарып, жеке менчикке өтүп кеткен".

Батыралиев дары-дармекти ташып келүүнү мамлекет толук өзүнө алмайын мындай көрүнүштү жоюу кыйын дейт.

Фарма-мафия жана кызыкчылыктар кагылышы

Расмий маалымат боюнча сырттан дары ташып келүү үчүн Кыргызстанда үч жүздөй компания каттоодон өткөн. Бирок иш жүзүндө анын 15-20 чактысы гана үзгүлтүксүз иш алып барат. Бул компаниялардын артында дары бизнесине таасир эте алган өкмөт мүчөлөрү, ошол эле парламент депутаттары турат.

“Бул жакка чоң эле адамдамдар кошулган. Биз баарыбыз эле билебиз. Чоңураак чиновниктердин сөзсүз түрдө фарм компаниялары бар. Биздин рынокто күчтүү 10-15 компания бар эле. Алар рынокту бөлүп алышкан. Бирөөсү реганеттерди алып келсе, бирөөсу кымбат онкологиялык жана трансплантацияга ылайык дары-дармектерди ташыйт. Дагы бири антибиотиктер менен алек. Бизде өкмөт бат алмашат, министрлер да улам жаңырып турат. Биз байкасак оорукана жана поликлиникалар мындай кардрдык алмашуулардан кийин аптекаларда алмаштырат. Ар бир өкмөт өз компанияларын тендерин катыштырганшга аракет кылып, рынокту өзгөртчү. Бул жерде коррупциялык кызыкчылыктар бар деген ойдобуз, бирок түз далилдер бизде жок”, - дейт медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев.

Кыргызстанда фарм бизнеске тиешеси бар өкмөт, парламент өкүлдөрүнүн ысымдары байма-бай айтылып келет. Бирок алардын көбү бизнес ээси жолдош-жубайы же туугандары экенин айтып, бизнесине жоопкерчилик алышпайт. Ал тапта фармакологиялык тармактагы коррупция күч алып, ал барып отуруп эле карапайым калктын чөнтөгүн жукартып жатат.